Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
1,043 Бардыгы / Парламент депутаты Жанарбек Акаев Жогорку Кеңештин жыйынында үч медианын сотко берилери замат алардын банк эсептери камакка коюлганын айыптады. – Прокуратуранын өкүлү отурасыз. Матраимовдор үч медианы сотко бериптир. Эми сотко бергенге укугу бар. Өз чындыгын коргосун. Бирок сотко берери менен Свердлов райондук соту басылмалардын банк эсептерин камакка койду. Бул жакшы эмес жол. Эсибизге келели. […]
1,044 Бардыгы / Парламент депутаты Жанарбек Акаев Жогорку Кеңештин жыйынында үч медианын сотко берилери замат алардын банк эсептери камакка коюлганын айыптады. – Прокуратуранын өкүлү отурасыз. Матраимовдор үч медианы сотко бериптир. Эми сотко бергенге укугу бар. Өз чындыгын коргосун. Бирок сотко берери менен Свердлов райондук соту басылмалардын банк эсептерин камакка койду. Бул жакшы эмес жол. Эсибизге келели. […]
Жанарбек АКАЕВ: ҮЧ МЕДИАНЫН ЭСЕБИ КАМАЛГАНЫ ЖАКШЫ ЭМЕС
13.12.2019 / Автор anarkan_kg

1,045 Бардыгы /
Парламент депутаты Жанарбек Акаев Жогорку Кеңештин жыйынында үч медианын сотко берилери замат алардын банк эсептери камакка коюлганын айыптады.
– Прокуратуранын өкүлү отурасыз. Матраимовдор үч медианы сотко бериптир. Эми сотко бергенге укугу бар. Өз чындыгын коргосун. Бирок сотко берери менен Свердлов райондук соту басылмалардын банк эсептерин камакка койду. Бул жакшы эмес жол. Эсибизге келели. Азыр шаардык сот аны жокко чыгарышы керек.
Матраимовдордун үй-бүлөсү «Азаттык» радиосун, кабарчы Али Токтакуновду, «Kloop.kg» жана 24.kg сайттарын сотко берип, жалпы өлчөмү 60 миллион сомдук доо койду. Аталган маалымат каражаттары «Матраимовдордун кадыр-баркына доо кетиргени» белгиленип, моралдык чыгым өндүрүү жөнүндө талап коюлган. Анын негизинде Бишкектин Свердлов райондук соту басылмалардын банк эсептерин камакка койду.
Соттон келген аныктамага ылайык, арыз төмөнкүлөрдүн атынан жазылган:
Искендер Матраимов, Жогорку Кеңештин депутаты;
Райымбек Матраимов, Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары;
Минавар Жумаева, Искендер Матраимовдун аялы;
Уулкан Тургунова, Райымбек Матраимовдун аялы;
«Исмаил Матраимов атындагы фонд» коомдук кайрымдуулук фонду.
Доонун суммасы:
«Азаттык Медиа» мекемесине – 22,5 миллион сом;
Журналист Али Токтакуновго – 10 миллион сом;
24.kg маалымат агенттигине – 15 миллион сом;
«Клооп Медиа» коомдук фондуна – 12,5 миллион сом.
Соттун аныктамасы 10-декабрда чыгып, Кыргызстандагы бардык банктарга жиберилген. «Азаттык Медианы» тейлеген банк 12-декабрда мекеменин эсебиндеги 22,5 миллион сом өлчөмүндөгү каражат камакка коюлганын тастыктады.
Соттун аныктамасында Матраимовдордун арызы эмнеге байланыштуу экени так көрсөтүлгөн эмес. Мурдараак Райымбек Матраимов журналисттер аткезчиликке байланыштуу чыгарган иликтөөлөргө байланыштуу сотко кайрыларын билдирген болчу.
Быйыл 21-ноябрда жана 4-декабрда «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо» жана «Көмүскө акча ташыгандар кербени» деген иликтөө жарыяланган.
Анда көпчүлүккө белгисиз Хабибулла Абдукадыр аттуу үй-бүлөнүн карго компаниясы кыргыз бажысындагы көмүскө схемалар аркылуу ири суммада акчаны адалдаштырып, миллиондогон доллар мыйзамсыз өлкөдөн чыгарылып турганы көрсөтүлгөн. Иликтөө ал иштерге Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун тиешеси бар экенин ашкерелеген.
Журналисттик иликтөөгө байланыштуу 29-ноябрда Райымбек Матраимов УКМКда беш сааттан ашык сурак берген. Иликтөөнүн биринчи бөлүгү ушул жылдын май айында чыккан.
«Азаттыктын» ал иликтөөсүндө 700 млн. доллардын тегерегиндеги каражат кытайлык ишкер Айеркен Саймаити аркылуу бир нече жыл бою күмөндүү жолдор менен Кыргызстандан чыгарылып келгени тууралуу кеп болгон.
Иликтөөлөргө байланыштуу жарандык активисттер 25-ноябрда Бишкекте коррупцияга каршы акция өткөрүшкөн.
WWW.
Автор anarkan_kg
-
-
-
27.04.2026 / Автор anarkan_kg ГЕНДЕРДИК ТЕҢЧИЛИК — УКУКТУК МАДАНИЯТТЫН НЕГИЗИ
-
30.04.2026 / Автор anarkan_kg МАНАС ШААРЫНДАГЫ №12 БАЛДАР БАКЧАСЫНЫН КУРУЛУШУНА СТАРТ БЕРИЛДИ
-
-
30.04.2026 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНДАГЫ ЖОЛ КЫРСЫКТАРЫН АЗАЙТУУ АРАКЕТТЕРИ ТАЛКУУЛАНДЫ
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
-
11.06.2025 / Автор anarkan_kg КЫРГЫЗСТАНДЫН ЧЕК АРАЧЫЛАРЫ ЖАҢЫ БАТИРЛЕРГЕ ЭЭ БОЛУШТУ
-
17.07.2025 / Автор anarkan_kg СУЗАК РАЙОНУНУН БАРПЫ АЙЫЛЫНДА 750 ОРУНДУУ МЕКТЕПТИН КУРУЛУШУ АЯКТООДО
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.