Аймак

ЖАМУ 750 ҮЙ-БҮЛӨГӨ ЖАРДАМ БЕРДИ

ЖАМУ 750 ҮЙ-БҮЛӨГӨ ЖАРДАМ  БЕРДИ

 1,689 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жетекчиси Кеңешбек Усенов баштаган эмгек жамааты жана студенттер менен биргеликте Жалал-Абад шаарында жашаган 750 муктаж үй-бүлөлөргө азык-түлүк салынган баштыкчаларын таркатып беришти. Бул тууралуу аталган окуу жайдын маалымат кызматы билдирди.

Жалал-Абад шаарындагы Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетишаардык мэрия тарабынан атайын жардамга муктаж 750 жарандардын тизмесин алып, жалпы  700 миң сом өлчөмүндөгү каражатка азык-түлүк сатып алышкан.

ЖАМУнун ректору Кеңешбек Усенов: «Күнүмдүк тамак-ашка колдонуучу азык-түлүктөрдөн картошка, пияз, сабиз, кумшекер, ун, май жана макарон салынган баштыктар колдоого муктаж үй-бүлөлөргө берилди. Бул менен эле чектелип калбайбыз, биримдик жана ынтымак менен ооруну жеңебиз» – деген оюн жарандар менен жолугушуу учурунда билдирди.

Белгилей кетсек, буга чейин Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин эмгек жамааты бир күндүк эмгек акысын COVID -19  вирусу менен күрөшүү фондуна 450 миң сом акчалай каражат бөлүп берген. Андан сырткары чет элдик студенттер тарабынан100 миң сом Жалал-Абад шаардык мэриясынын казынасына жардам катары берилген.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17