Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
1,392 Бардыгы / ОШ, Эң кейиштүүсү: таажы дарты ансыз деле араңжан экономикабызды ого бетер талкалады. Узакка созулган карантин (карантүн) эптеп өлбөстүн күнүн көрүп жатышкан жүздөгөн ишкерлерди каржылык туңгуюкка гана кептеп таштады. -Базарда саартан кечке дейре көгөрүп олтуруп соодагерлик кылып, ошону менен үй-бүлөмдү бакчумун. Тилекке каршы, таажы дарты биздин тагдырыбызга оңбогондой балта чапты, – деп көзүнүн жашын […]
1,393 Бардыгы / ОШ, Эң кейиштүүсү: таажы дарты ансыз деле араңжан экономикабызды ого бетер талкалады. Узакка созулган карантин (карантүн) эптеп өлбөстүн күнүн көрүп жатышкан жүздөгөн ишкерлерди каржылык туңгуюкка гана кептеп таштады. -Базарда саартан кечке дейре көгөрүп олтуруп соодагерлик кылып, ошону менен үй-бүлөмдү бакчумун. Тилекке каршы, таажы дарты биздин тагдырыбызга оңбогондой балта чапты, – деп көзүнүн жашын […]
ТААЖЫ ДАРТЫ АРАҢЖАН ЭКОНОМИКАБЫЗДЫ ОГО БЕТЕР ТАЛКАЛАДЫ
21.04.2020 / Автор anarkan_kg

1,394 Бардыгы /
ОШ, Эң кейиштүүсү: таажы дарты ансыз деле араңжан экономикабызды ого бетер талкалады. Узакка созулган карантин (карантүн) эптеп өлбөстүн күнүн көрүп жатышкан жүздөгөн ишкерлерди каржылык туңгуюкка гана кептеп таштады.
-Базарда саартан кечке дейре көгөрүп олтуруп соодагерлик кылып, ошону менен үй-бүлөмдү бакчумун. Тилекке каршы, таажы дарты биздин тагдырыбызга оңбогондой балта чапты, – деп көзүнүн жашын көлдөттү Ош шаарынын борбордук базарынын сатуучусу Канымгүл Тотуева. – Товарларыбыз, продукцияларыбыз моминтип өтпөй эле калды. Анткени, туруктуу кардарларыбыздан кол үздүк. Үстүнө баа деле кошкон жокпуз, бирок баары бир кымбат деп күйдүрүп атышат.
– Көрбөдүңүздөрбү, Ош шаарында коомдук транспорт март айынан баштап токтогон. А таксилер өтө эле кымбат. Аргасыздан базардан бери үйүбүздү карай жөө – жалаңдап келатабыз, айланайын! – деп аябай тызылдады Ош шаарынын тургуну Мунара Болжурова. – Базарларда керектүү нерселер тизилип эле турат. Тилекке каршы, баары тегиз кымбат! Бул бийлик каякты карап олтурат? Ушуларды текшерип, кур дегенде теске салып коюшпайбы?
Велосипед тепкен Аширбек Акзамовду жолдо кепке тарттык: – Үйүбүздө көптөн бери минилбей турган велосипедим моминтип чоң керекке жарады. Аяк – быякка зарыкпастан чапкылап көп жумушумду чекесинен бүтүрүп жатам. Ырас, мендей мүмкүнчүлүк көбүндө жок. Ошондуктан бечаралар жөө – жалаңдашып, баарынын тең шору шорподой гана кайнап жатат.
– Ырас, ушул күндөрдө мекендештерибиз абдан эле оор кыйынчылыкты башынан кечирип жатышат, – деп чындыкты моюндады биринчи вице-премьер министр Кубатбек Боронов, – Ошондуктан кредити барларга үч ай каникул жана жеңилдик жарыяладык. Мындан тышкары бизнес чөйрөсүн туруктуу кубаттоого өлкө бюжетинен 10 миллиард сом ажыратылып жатат. Буга улай мамлекеттик аппарат – аткаминерлер армиясы дээрлик 40 пайызга кыскартылды.
– Президент Сооронбай Жээнбеков өтө чечкиндүүлүк кылып, өлкөгө өзгөчө абал киргизгени абдан туура! – дейт Кыргыз улуттук илимдер академиясынын медициналык проблемалар институтунун директору Рахман Тойчиев. – Анткени, таажы дарты биз эле эмес АКШ, Италия, Испания, Орусия, Түркия өңдөнгөн ири державалар деле туруштук бере алышпай чайналып олтурушат. Андыктан, мекендештерим ушуну абдан туура түшүнүшүп, тагдыр чечүүчү кырдаалда өлкө жетекчисин жапырт колдоого тийиш! Ансыз бул туңгуюктан чыкпай дагы узакка кыйналабыз.
Айтмакчы, үстүбүздөгү жылдын 25 – мартынан тартып Кыргызстандын төрт шаарына жана төрт районуна өзгөчө абал киргизилип, карантин (карантүн) жарыяланган. Мындай катаал тартип эми апрель айынын аягына дейре улантылат.






Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы, Ош шаары
Сүрөттөрдө:
1) Базарда олтурган Канымгүл Тотуева
2) Ош шаарынын тургуну Мунара Болжурова
3) Велосипед минген Аширбек Агзамов
Сүрөттөр автордуку.
Автор anarkan_kg
-
17.04.2026 / Автор anarkan_kg ЖАРАНДЫК КОРГОНУУ КЫЗМАТТАРЫНЫН ДАЯРДЫГЫ ТЕКШЕРИЛДИ
-
17.04.2026 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ОИИБдин БАШЧЫСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ КАРМАЛДЫ
-
17.04.2026 / Автор anarkan_kg «АРИЕТ» БОРБОРУНДА ОКУУЧУЛАРГА ДЕМ БЕРГЕН ЖОЛУГУШУУ КЕЧЕСИ ӨТТҮ
-
11.02.2026 / Автор anarkan_kg КАМЧЫБЕК ТАШИЕВДИН КАЙРЫЛУУСУ ЖАРЫЯЛАНДЫ
-
21.02.2026 / Автор anarkan_kg АБДУПАТА МАТКАЛИКОВ МАНАС ШААРЫНЫН МЭРИ БОЛУП ДАЙЫНДАЛДЫ
-
05.03.2026 / Автор anarkan_kg ӨЗГӨНДӨ ТУРАК ҮЙДҮ ӨРТ ЧАЛЫП, ТӨРТ БАЛАНЫН ӨМҮРҮ КЫЙЫЛДЫ
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.