Аймак

ӨЛКӨДӨ ЖЫЛ БАШЫНАН БЕРИ ҮЙ-БҮЛӨЛҮК ЗОМБУЛУК 65% КӨБӨЙДҮ

ӨЛКӨДӨ ЖЫЛ БАШЫНАН БЕРИ ҮЙ-БҮЛӨЛҮК ЗОМБУЛУК 65% КӨБӨЙДҮ

 1,524 Бардыгы /

2020-жылы январь-март айларында үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу укук коргоо органдары 2319 кайрылуу каттаган. Ички иштер министрлиги билдиргендей, бул 2019-жылдын ушул мезгилине караганда 65% көп. Жабырлануучулардын ичинен 95 пайызы – 21ден 50 жашка чейинки аялдар.

Расмий маалыматтар боюнча соңку үч айда үй-бүлөлүк зомбулуктун кесепетинен сегиз киши өлгөн.

Министрлик билдиргендей, үч айда ден соолукка оор зыян келтирүү боюнча 144, анча оор эмес зыян келтирүү боюнча 105, уруп-согуу боюнча 138 кылмыш иши козголгон. Үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу 2082 факты административдик беренелер, негизинен майда бейбаштык менен тергелген.

Буга чейин Бириккен Улуттар Уюму коронавирус пандемиясы башталгандан бери үй-бүлөлүк зомбулук күчөгөнүн маалымдаган.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17