Өлкө аймактары менен кубаттуу
ПАРА АЛЫП ЖАТКАН КЫЗМАТКЕР КАРМАЛДЫ
- ticket title
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
- АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
- АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
1,682 Бардыгы / ОШ. Кыргыз Улуттук маданияты орду толгус жоготууга учурады. 85 жаш курагында живописчи, график, Кыргыз Эл сүрөтчүсү Баатыр Жалиев дүйнө салды. Баатыр Жалиев 1935-жылы Ош облусунун Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айылында туулган. 1964-жылы Фрунзе көркөм сүрөт окуу жайын бүтүргөн. 1968-жылдан бери СССР сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү. Мындан тышкары Баатыр Жалиев 1977–жылдан 1982-жылга чейин Кыргыз Сүрөтчүлөр союзунун Ош облусу бөлүмүнүн төрагасы болуп иштеген. Чыгаан сүрөтчүнүнүн чыгармачылыгы өнөр жай […]
1,683 Бардыгы / ОШ. Кыргыз Улуттук маданияты орду толгус жоготууга учурады. 85 жаш курагында живописчи, график, Кыргыз Эл сүрөтчүсү Баатыр Жалиев дүйнө салды. Баатыр Жалиев 1935-жылы Ош облусунун Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айылында туулган. 1964-жылы Фрунзе көркөм сүрөт окуу жайын бүтүргөн. 1968-жылдан бери СССР сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү. Мындан тышкары Баатыр Жалиев 1977–жылдан 1982-жылга чейин Кыргыз Сүрөтчүлөр союзунун Ош облусу бөлүмүнүн төрагасы болуп иштеген. Чыгаан сүрөтчүнүнүн чыгармачылыгы өнөр жай […]
ЭЛ СҮРӨТЧҮСҮ БААТЫР ЖАЛИЕВ ДҮЙНӨ САЛДЫ
01.06.2020 / Автор aymak1,684 Бардыгы /
ОШ. Кыргыз Улуттук маданияты орду толгус жоготууга учурады. 85 жаш курагында живописчи, график, Кыргыз Эл сүрөтчүсү Баатыр Жалиев дүйнө салды.
Баатыр Жалиев 1935-жылы Ош облусунун Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айылында туулган. 1964-жылы Фрунзе көркөм сүрөт окуу жайын бүтүргөн. 1968-жылдан бери СССР сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү. Мындан тышкары Баатыр Жалиев 1977–жылдан 1982-жылга чейин Кыргыз Сүрөтчүлөр союзунун Ош облусу бөлүмүнүн төрагасы болуп иштеген.
Чыгаан сүрөтчүнүнүн чыгармачылыгы өнөр жай жана айыл чарба темасына арналган. Ал өлкөбүздөгү эпкиндүү курулуштарды, элет жерлериндеги өзгөрүүлөрдү көркөм чагылдырып, мезгилдин кеңири полотносун жараткан. Сүрөтчүнүн «Өнөр жайлуу Ош» (1966), «Ош курулуп жатат» (1972), «Хайдаркан комбинаты» (1974) аттуу чыгармалары Түштүк жергесиндеги кубаттуу ишканаларда иштеп жаткан жумушчуларды, алардын эмгегин, көркөм образын жаратып, кыргыз жумушчуларынын эсте калаарлык галереясын түзгөн. Жанрлуу-портреттүү «Тогуз коргоол» (1974) чыгармасы Баатыр Жалиевдин чыгармачылык чоң жетишкендиги болуп эсептелет.
Айтмакчы, Баатыр Жалиевдин көркөм сүрөттөрү республикалык, Бүткүл Союздук жана Дүйнөлүк ири көргөзмөлөргө катышып, байгелүү орундарга арзыган. Сүрөтчүнүн чыгармалары Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт искусство музейинде жана КМШ өлкөлөрүнүн музейлеринин алтын фондунда дагы сакталып турат. Баатыр Жалиев графика жаатында мыкты картиналардын түрмөгүн жаратты. Сүрөтчүнүн дүйнөтаанымы, көркөм эстетикалык чабыты, терең философиясы анын кыл калеми аркылуу кеңири чагылдырылган. Ал кыргыз интеллигенциясынын эсте калаарлык көркөм образдарын жаратып, улуттук сүрөт өнөрүн абдан бийик деңгээлге көтөргөн.
Атактуу сүрөтчүнүн көп жылдык изденүүсү аркылуу улуттук сүрөт маданиятында “Сизизм” көркөм формасы жана агымы жаралган. Булагымдын негиз салуучусу катары Улуттук Сүрөт өнөрүнө жаңы дем кошуп, өзүнүн сүрөтчүлүк “мектебин” жараткан. Сүрөтчүнүн эмгектери учурда өзүнүн үй-музейинен орун алган. Баатыр Жалиевдин өз демилгеси менен негиздеген үй-музейи 2012-жылдан бери иштеп келет. Баатыр Жалиевдин сүрөтчүлүк таланты жогору бааланып, “Эмгектеги артыкчылык” медалы, Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ардак грамоталары менен сыйланган. Ага Кыргыз Эл сүрөтчүсү ардактуу наамы дагы ыйгарылган.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз
Автор aymak
-
22.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН
-
-
-
-
17.04.2024 / Автор anarkan_kg ОИИБде 2024-ЖЫЛДЫН 1-ЧЕЙРЕГИНИН ЖЫЙЫНТЫГЫ ЧЫГАРЫЛДЫ
-
17.04.2024 / Автор anarkan_kg ПАРА АЛЫП ЖАТКАН КЫЗМАТКЕР КАРМАЛДЫ
-
-
28.04.2023 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА “ЖЫЛДЫН МЫКТЫ МУГАЛИМИ” СЫНАГЫ ӨТТҮ
-
09.05.2023 / Автор anarkan_kg “ӨЛБӨС ПОЛК” ЖҮРҮШҮ ТОГУЗ-ТОРО РАЙОНУ
Маек
Залкарбек КАРИМОВ: “ӨЗГӨН ШААРЫН КЕҢЕЙТҮҮГӨ ЖЕР ТАРТЫШ!”
Залкарбек КАРИМОВ акыркы жылдарда Ош облусунун Алай районундагы Будалык жана…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.