Аймак

COVID-19: УЧУРДАГЫ АБАЛ КАНДАЙ?

COVID-19: УЧУРДАГЫ АБАЛ КАНДАЙ?

 1,564 Бардыгы /

Учурда абал бир топ күчөп, атың өчкүр илдеттин кулач жайганы аз келгенсип, пневмония илдети да жүрөктүн үшүн алып турган кез. Пневмония эмнеден пайда болот? Коронавирустун алдын алуу максатында түзүлгөн күндүзгү стационарлар ишин кандай жүргүзүүдө? Облустта абал кандай? деп аталган илдеттер менен күрөшүүгө кандай аракеттер көрүлүп жаткандыгы тууралуу тиешелүү адистерден сурап өттүк.

Парикан ЭШЕНКУЛОВА, Ооруларды алдын алуу жана ден соолукту чыңдоо бөлүмүнүн башчысы:

“КОРОНАВИРУСТУН КЕСЕПЕТИ ПНЕВМОНИЯНЫ ЧАКЫРАТ”

-Ар бир адам өз гигиенасын таза сактап, күчтүү тамактанып, суюктуктарды көп ичүүсү керек. Азыркы учурда шамалдап калдым же бир аз тумоолоп жатам дегендер болууда. Бирок жай мезгилинде сасык тумоо аз эле катталат. Ооруп калышса деле коронавирус деп чыгарат дешип коркуп үйүндө өз алдынча дарылангандар да жок эмес. Бирок адам ооруп калганда дарыгерлерге кайрылса коронавирус же сасык тумоо экенин аныктоо үчүн  дифференциация жасашат. Азыр коронавирус инфекциясынын негизги белгилери көбү эле сасык тумоого окшоп кетет. Бейтап үй-бүлөлүк дарыгерлерге кайрылып, эмне болуп ооруп жатканын айтуусу керек. Бирок жарандар үйдөн чыкпай эле, кандайдыр бир симптомдору болсо 118 номуруна чалса, мобилдик топ барып текшерет. Ал эми статистика боюнча экинчи жолу коронавирус менен ооруп калышы мүмкүн. Кытайда үч жарым миң адам кайра кайталанып ооруптур деген маалыматтар болду. Бул жөн гана божомол, бирок Жалал-Абадда кайрадан ооруп калган факт жок. Андан сырткары буга чейин пневмония мынчалык деңгээлде күчөгөн эмес. Учурда  коронавирустун эле кесепетинен көбөйүүдө. Текшерүүдө ПЦР анализдин жыйынтыгы терс чыкканда “внебольничная пневмония”деп диагноз берилип жаткан. Ал эми азыр буйрук боюнча covid-19 ПЦР терс (отрицательный) деп диагноз коюлууда.  Демек, коронавирустун кесепети пневмонияны чакырат, натыйжада дем алуу органдарын жабыркатат. Пневмония да оор, орточо жана жеңил түрү деп бөлүнөт.

Гүлнара МАМАТАЛИЕВА, Жалал-Абад областтык үй-бүлөлүк медицина борборунун жетекчисинин орун басары:

“СТАЦИОНАРЛАРГА 10 ЖАРЫМ МИҢДЕЙ ЖАРАН КАЙРЫЛДЫ”

Област боюнча эпидемиологиялык абал оор бойдон сакталууда себеби оорулардын саны азайган жок. Ооруканаларда 1044 адам дарыланып, анын ичинен 704ү жамаатка мүнөздүү (внебольничная) пневмония, 361 адам корона вирус менен жатты. Алардан бардыгы болуп 461 адам айыгып чыкты. Бүгүнкү күндө ооруканаларда 540 адам жатат, анын 482 внебольничная пневмония. Эми ооруканада дагы адистердин жетишсиздиги байкалууда. Азыр өзүңөр билгендей бардык район-шаарларда күндүзгү стационарлар ачылды. Ал жерде үй-бүлөлүк медициналык борборлордун кызматкерлери эмгектенип жатат. Күндүзү келип уколун алып, дарыгерге көрүнүп, кеп-кеңешин алып кетишүүдө. Ага бир күндө област боюнча 1900дөй кайрылып,  өз маселесин чечип кетүүдө. Ал эми күндүзгү стационарлар ачылгандан бери жалпысынан 10 жарым миңдей жаран кайрылды.  Жалпы 33 мобилдик топ бар, алар бейтаптар кайрылса үйүнө барып текшерип жүрүшөт. Медицина кызматкерлери жетишсиз, бул турган эле маселе. Бирок ага карабай өзүбүз иштеп келе жатабыз. Өзүбүздөгү ординарлордун айрымдарын ишке тартуудабыз. Аларды колл-центрде болуп, элдерге телефон аркылуу жардам берип жатышат. Бүгүнкү күндө медицина тармагында окуган студенттери ыктыярчы болуп беребиз деп келген жок. Биз дагы окуу жайларга студенттерден бергиле деп кайрылбадык.

Ырысбек ЫЗАБЕКОВ, Жалал-Абад облусундагы өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары:

“ТҮНКҮ СТАЦИОНАРЛАРДЫ АЧУУ БОЮНЧА  СУНУШТАР КАРАЛУУДА”

-Район-шаарларда жалпы 139 күндүзгү стационарлар иштеп жатат. Ушул стационарларда 2265 керебеттик орундар даярдалды. Ар бир стационарларда коюлган керебетке ылайык медицина кызматкерлери коюлууда. Аталган борборлор саат 08:00 баштап 20:00 гө чейин иш жүргүзөт. Ал борборлордо медицина кызматкерлери тобу менен алмашып иштеп жатышат. Алардын тамак-ашын ӨКМдин Жалал-Абаддагы башкармалыгы камсыздап берип жатат. Аны менен бирге ушул жактан колдогон демөөрчүлөрдүн жардамын кабыл алып, керектүү район-шаарларга багыттап жатабыз.  Тогуз-Торо, Токтогул райондору жана Жалал-Абад шаары стационарга жарандарды көп кабыл алышууда. Жалал-Абад жана Сузак боюнча түнкү стационарларды ачуу боюнча  сунуштарды карап жатабыз. Район-шаарлардын жетекчилери менен тыгыз иштешип, жарандарга түшүндүрүү иштери жүрүүдө. Үй-бүлөлүк дарыгерлер топторуна өзүнө караган аймакты көзөмөлгө алуу боюнча да тапшырмалар берилген. Министрлик аркылуу, ЖКнын депутаттары, ишканалар баары биригип 126 дем алдыруучу аппараттарды, андан 65и жеке ишкер жана коомдук уюмдар тарабынан алынып берилген. Өкүлдүн резервдик фондунан 4 аппарат алынып берилди.

Облустук штаттык бирдикте 183 медицина кызматкерлери жетишпейт экен. Учурда медицина кызматкерлери жетишпесе дагы калкты толугу менен камтып жатабыз. Андан сырткары Бишкекке 3 дарыгер, 2 медайым, 3 кенже медайымды жөнөттүк. Алар өздөрүнүн бөлүп койгон жерлеринде иш алып барышууда.

www.

Пневмония (грекче pne’umon – өпкө), өпкөнүн сезгениши – өпкөнүн инфекция пайда кылуучу өз алдынча же башка дарттардын кабылдоосу катары пайда болуучу оорусу. Аны бактерия (пневмококк, стрептококк, стафилококк) жана вирустар (аденовирус, грипп) козгойт. Көбүнчө бактерия, вирустар дем алуу жолдору, кээде лимфа жана кан тамырлар аркылуу кирет. Организмдин начарлашы, суукка урунуу, чарчоо, ичимдик ичүү, тамеки чегүү, жетишсиз тамактануу ж. б. факторлор Пневмониянын пайда болушуна түрткү болот. 

www.

COVID-19 пандемиясы — COVID-19 же жаңы коронавирус (КоВ) — бул 2019-жылы ачылган коронавирустардын ичинен акыркысы тарабынан пайда болгон оору. COVID-19 вирусу оор респиратордук синдромду (ТОРС) жана КДВОнун (курч дем вирустук ооруларынын) айрым типтерин пайда кылуучу вирустар таандык болгон вирустардын түркүмү менен байланышкан жаңы вирустан турат.

Акылай КАРАБАЕВА, “Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17