Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
1,393 Бардыгы / Үстүбүздөгү жылы “Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы” катары жарыяланган. Бирок дагы деле өнүгө элек аймактарыбызда, санариптеше элек айылдар жана колдоого ээ боло албай жүргөн балдар да жок эмес. Ушундай санариптеше элек Сузак районундагы Көк-Арт айыл өкмөтүнө караштуу 1136 калк жашаган Үч-Малай айылында уюлдук байланыш тартпайт. Буга чейин уюлдук компанияларга жана […]
1,394 Бардыгы / Үстүбүздөгү жылы “Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы” катары жарыяланган. Бирок дагы деле өнүгө элек аймактарыбызда, санариптеше элек айылдар жана колдоого ээ боло албай жүргөн балдар да жок эмес. Ушундай санариптеше элек Сузак районундагы Көк-Арт айыл өкмөтүнө караштуу 1136 калк жашаган Үч-Малай айылында уюлдук байланыш тартпайт. Буга чейин уюлдук компанияларга жана […]
САНАРИПТЕШҮҮ ЖЫЛЫНДА САНАРИПТЕШЕ ЭЛЕК АЙЫЛ
25.08.2020 / Автор aymak1,395 Бардыгы /
Үстүбүздөгү жылы “Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы” катары жарыяланган. Бирок дагы деле өнүгө элек аймактарыбызда, санариптеше элек айылдар жана колдоого ээ боло албай жүргөн балдар да жок эмес. Ушундай санариптеше элек Сузак районундагы Көк-Арт айыл өкмөтүнө караштуу 1136 калк жашаган Үч-Малай айылында уюлдук байланыш тартпайт. Буга чейин уюлдук компанияларга жана жергиликтүү бийликке бул маселе тууралуу кайрылганы менен майнап чыккан эмес. Тургундар алдыдагы онлайн сабактарды балдар кантип окуйт деп тынчсызданышууда.
Аталган айылда Шабидин Кенжекулов атындагы №53 орто мектебинде 130га жакын окуучу окуп келет. Айылдын тургуну жана башталгыч класстар мугалими Адилет Жумалиев айтымында телефон байланышы тартпагандыктан айыл эли бир топ кыйналып келишкен.
“Айылда байланыш жок, антена куруп бергиле деп уюлдук компанияларга кайрылганбыз. Бирок натыйжа болбой жатат. Пандемияга байланыштуу сабактар онлайн өтүлөт. Балдар ар кайсы дөңдөргө чыгып, сабак аткарууга мажбур. Буга чейин дагы дөндөргө чыгып сабактарды өтүп жаттык, үйлөрдөн же айылдын ичинен телефон тартпайт. Азыр курукчулукта сабактарды дөңдөрдө өтөбүз, кыш келгенде окуучуларыбыз кар кечип кантип дөңгө чыгат, мына ушул бизге көйгөй болууда”-дейт.
Анын айтымында Билим берүү министрлигине, жергиликтүү айыл өкмөткө да кайрылышкан. Өлкөнү өнүктүрүү жана санариптештирүү жылында аталган айыл дагы деле санариптештире электигин билдирет.
“Биз буга чейин Билим берүү министрлигине да кайрылдык. Бирок алар качан антена орнотуп берери белгисиз. Быйылкы жыл өлкөнү өнүктүрүү жана санариптештирүү жылы болсо деле биздин айылга эч нерсе каралган жок.Айыл өкмөткө кайрылсак чечип беребиз деп коюшкан. Алдыда шайлоо жана башка иштер болуп алардын да чечип берери белгисиз.Балдар адыр-дөңдөрдөн эмес, үйдөн олтуруп билим алса ата-энеси да каралашып, билим алуусу жакшырат эле. Болбосо сабак аткарам деп чыгып кетип, ойноп же телефон чукулап олтургандары деле жок эмес. Мурункуга караганда азыр билим деңгээли түшүп кетти, анткени башта өзүбуз карап окутуп, көзөмөлгө алчубуз”-дейт.
Мегаком уюлдук компаниясына кайрылып, компаниянын талабына ылайык элге ушул байланышка өтүүсү үчүн түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келишүүдө.
“Мегаком компаниясы мамлекеттики болгондуктан үмүт менен кайрылып, антен орнотуп бергиле дедик. Алар жок дегенде айылда 500 дөн ашуун абонент болушу керек деген талабын койду. Учурда айылды аралап, компаниянын кызматкерлери менен мегаком симкарталарын сатып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдөбүз. Ар бир айыл тургунуна барып, бул иштер канчалык маанилүү экендигин жана балдардын билим алуусуна шарт түзүшүбүз керектигин айтып жүрөбүз”-дейт.
Айыл кожолугу азбы-көппү ар бир үй-бүлө мамлекет үчүн маанилүү жана мына ушул балдар да өлкөнүн жараны, алардын билим алуусуна жана жакшы шарттарды түзүүгө мамлекетибиз да милдеттүү деп билдиришет.
Акылай КАРАБАЕВА, “Аймак”
Автор aymak
-
26.01.2024 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
-
27.03.2024 / Автор anarkan_kg Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
-
11.03.2024 / Автор anarkan_kg Ислам ЭРМАМАТОВ: “КАТТА-ТАЛДЫК БАШ-БУЛАККА АЙЛАНДЫ!”
-
-
29.11.2024 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИНЕ КЕЛГЕН ДЕПУТАТТАР
-
29.11.2024 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИНЕ ЖАҢЫ ШАЙЛАНГАН ДЕПУТАТТАР МАНДАТ АЛЫШТЫ
-
-
14.12.2023 / Автор anarkan_kg БАТКЕН ОБЛУСУН КАЛЫБЫНА КЕЛТИРҮҮ ЖАНА ӨНҮКТҮРҮҮ ИШТЕРИ
-
22.12.2023 / Автор anarkan_kg АЛА-БУКАДА АТКЕЗЧИЛИККЕ КӨМӨКТӨШКӨН 8 ЧЕК АРАЧЫ КАРМАЛДЫ
Маек
КЫРГЫЗСТАНДА СӨЗ ЭРКИНДИГИ КОРКУНУЧТА!
Кыргызстандын Түштүк башкалаасында Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарында эмгектенип жатышкан…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.