Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
838 Бардыгы / Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы (Омбудсмен) институту жана АКШнын Эл аралык Өнүктүрүү Агенттиги (USAID) «115 шыр байланыш» телефону аркылуу жарандардын акысыз юридикалык жардам алуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү боюнча өнөктөштүгүн жарыялашты. Бул тууралуу КРдин Акыйкатчы (Омбудсмен) институту басма сөз кызматы маалымдады. Эки жылдык өнөктөштүктүн алкагында USAIDдин «Жигердүү жарандар» долбоору Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы институтуна беш ишенимдүү юристти (үчөө Бишкек […]
839 Бардыгы / Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы (Омбудсмен) институту жана АКШнын Эл аралык Өнүктүрүү Агенттиги (USAID) «115 шыр байланыш» телефону аркылуу жарандардын акысыз юридикалык жардам алуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү боюнча өнөктөштүгүн жарыялашты. Бул тууралуу КРдин Акыйкатчы (Омбудсмен) институту басма сөз кызматы маалымдады. Эки жылдык өнөктөштүктүн алкагында USAIDдин «Жигердүү жарандар» долбоору Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы институтуна беш ишенимдүү юристти (үчөө Бишкек […]
«115 ШЫР БАЙЛАНЫШ» ТЕЛЕФОНУ АРКЫЛУУ КЫРГЫЗСТАНДЫН ЖАРАНДАРЫНЫН АКЫСЫЗ ЮРИДИКАЛЫК ЖАРДАМ АЛУУ МҮМКҮНЧҮЛҮГҮ КЕҢЕЙТИЛЕТ
29.04.2021 / Автор anarkan_kg840 Бардыгы /
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы (Омбудсмен) институту жана АКШнын Эл аралык Өнүктүрүү Агенттиги (USAID) «115 шыр байланыш» телефону аркылуу жарандардын акысыз юридикалык жардам алуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү боюнча өнөктөштүгүн жарыялашты. Бул тууралуу КРдин Акыйкатчы (Омбудсмен) институту басма сөз кызматы маалымдады.
Эки жылдык өнөктөштүктүн алкагында USAIDдин «Жигердүү жарандар» долбоору Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы институтуна беш ишенимдүү юристти (үчөө Бишкек шаарында жана экөө Ош шаарында) «115-шыр байланыш» телефону боюнча акысыз юридикалык консультация берүү жана Акыйкатчы институтунун ушул багыттагы ишин күчөтүү үчүн кошумча колдоо көрсөтөт.
«USAID Акыйкатчы институту менен «115 шыр байланыш» телефону аркылуу көрсөтүлгөн юридикалык кызматтардын санын жана сапатын жогорулатуу боюнча кызматташкандыгына сыймыктанат. «Укуктук байланыштын ушул каналын бекемдөө жана жайылтуу боюнча кызматташуу Кыргызстандын ар бир жараны акысыз юридикалык консультация алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу боюнча биргелешкен аракеттерибиздин тарыхында жаңы баракты ачат», – деди Кыргызстандагы USAIDдин башчынын миссиясынын милдетин аткаруучу Алдер Бартлетт айым. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы институту жана USAIDдин «Жигердүү жарандар» долбоору калкка ишеним телефону жөнүндө маалымдуулукту массалык маалымат каражаттары аркылуу жогорулатуу жана кеңири маалыматтык өнөктүк жүргүзүү боюнча тыгыз иш алып барышарын белгилей кетүү керек. Мындан тышкары, долбоор Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлеринин, анын ичинде «115 шыр байланыш» кызматынын операторлорунун потенциалын жогорулатууга багытталган (ссылка: https://youtu.be/XiyymZ47TgQ ).
«Акыйкатчы институтунун укуктук жардам жана акысыз юридикалык консультацияларды берүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү биздин мамлекеттин аймагында адам укуктарын бекемдөөгө жана коргоого гана эмес, өз алдынча Акыйкатчы аппаратынын ишиндеги артыкчылыктуу багыттардын бири болуп саналат. Жарандар тез байланышып кеп-кеңеш алуу үчүн же кандайдыр бир маалыматты натыйжалуу жайылтуу үчүн «115 шыр байланыш» кызматынан тышкары жакында Telegram мессенджеринде «Акыйкатчы-бот 115» баарлашуу-боту иштей баштады», – деп баса белгиледи Токон Мамытов.
Түз байланыш кыргызстандыктарга жер талаштары, жарандык укуктар, укуктук абал жана үй-бүлө маселелери сыяктуу ар кандай укуктук маселелер боюнча акысыз телефондон консультация алууга мүмкүнчүлүк берет. «115-шыр байланыш» кызматы 2015-жылы балдардын укугун коргоо кызматы катары иштей баштаган, бирок учурда адам укуктарын сактоонун бардык аспектилери боюнча юридикалык жардам көрсөтүлө баштады. Жыл сайын ишеним телефонуна Кыргызстандын аймагынан жана чет өлкөлөрдөн 8000ге жакын чалуулар келип түшөт.
CoViD-19 пандемиясы учурунда мындай кызматтын ролу өзгөчө маанилүү болуп калды, анда үй-бүлөлүк зомбулук жана жумуш ордунда адам укуктарын бузуу учурлары боюнча кайрылуулар көбөйгөн.
Автор anarkan_kg
-
-
-
22.12.2025 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ЖЫЛ МАЙРАМЫН ТОСУУДАГЫ ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТАҢЫЗДАР!
-
30.04.2026 / Автор anarkan_kg МАНАС ШААРЫНДАГЫ №12 БАЛДАР БАКЧАСЫНЫН КУРУЛУШУНА СТАРТ БЕРИЛДИ
-
-
30.04.2026 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНДАГЫ ЖОЛ КЫРСЫКТАРЫН АЗАЙТУУ АРАКЕТТЕРИ ТАЛКУУЛАНДЫ
-
26.05.2025 / Автор anarkan_kg БАЗАР-КОРГОН ШААРЫНДА 11-КЛАССТЫ 382 ОКУУЧУ АЯКТАДЫ
-
27.06.2025 / Автор anarkan_kg АЛАЙЛЫК ТОКОЙЧУЛАР 173 МИҢ 429 ГЕКТАР АЯНТТЫ КҮНҮ-ТҮНҮ КАЙТАРЫШАТ
-
23.07.2025 / Автор anarkan_kg ИЙГИЛИК ЖАРАТКАН ОКУУЧУЛАР СЫЙЛАНДЫ
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.