Аймак
ЖАРЫЯ-ЖАРНАК / РЕКЛАМА
ticket title
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
СУЗАК РАЙОНУНУН КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНДУК САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
ЖАЛАЛ-АБАД АЙМАКТЫК АВТОТРАНСПОРТ БАШКАРМАЛЫГЫ ЭСКЕРТЕТ
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ (II)
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
СУЗАК РАЙОНУНУН КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН САКАЛДЫ АЙЫЛ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Кулактандыруу
Жалал-Абад областтык автотранспорт башкармалыгы. ТҮЗӨТҮҮ
НООКЕН РАЙОНУНУН САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
НООКЕН РАЙОНУНУН САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
СУЗАК РАЙОНУНУН КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
Жалал-Абад ОИИБи бош кызмат орундарына СЫНАК жарыялайт
НООКЕН РАЙОНДУК ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮНУН ТОКТОМДОРУ
КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН ТОКТОМДОРУ

АРАВАНДА МЫЙЗАМСЫЗ АКИТАШ ЧЫГАРГАН ЖАЙЛАР АШКЕРЕЛЕНДИ

АРАВАНДА МЫЙЗАМСЫЗ АКИТАШ ЧЫГАРГАН ЖАЙЛАР АШКЕРЕЛЕНДИ

 342 Бардыгы /

ОШ. Араван районунда мыйзамсыз акиташ чыгарып жатышкан жайлар аныкталды. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы Өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу Өкүлүнүн орун басары Данияр Жаныкулов, Араван райондук жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, Ош облустук экология кызматы, Араван райондук салык кызматы жана РЭС жетекчилери менен биргеликте жүргүзүлгөн рейддин жүрүшүндө райондун Алля Анаров атындагы Айыл Өкмөтүнө караган жайытта жарандар тарабынан мыйзамсыз акиташ чыгарып жаткан жайлар акыры аныкталды. Алля Анаров атындагы Айыл Өкмөтүнүн жашоочулары тарабынан 8 от казан курулуп, тиешелүү кызматтардан эч кандай уруксат кагаз албастан, көп жылдан бери мыйзамсыз түрдө акиташ чыгарып келишкен. Мунун натыйжасында экологияга дагы чоң зыян келтирилип, аталган жайга чоң көлөмдөгү таштанды деле топтолгон.

Ошентип, текшерүүнүн жыйынтыгына ылайык мыйзамсыз акиташ чыгарып жатышкан жайлар үстүбүздөгү жылдын 1-декабрынан тартып ишмердүүлүгүн токтотууга милдеттендирилди. Ошондой эле экологияга келтирилген зыяны аныкталып, айып пул дагы салынмакчы. Мындан тышкары буга дейре топтолуп калган таштандыны тазалоо тапшырмасы дагы берилди. Аталган жайда иштеп жатышкан жергиликтүү тургундарга долбоор иштеп чыгып, тийиштүү уруксат кагаздарын алып, мыйзамдүү түрдө ишмердүүлүк жүргүзүү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17