Аймак
ЖАРЫЯ-ЖАРНАК / РЕКЛАМА
ticket title
«ЖЕР МУНАПЫСЫН ЖҮРГҮЗҮҮНҮН ТАРТИБИ ЖӨНҮНДӨГҮ ЖОБОНУ БЕКИТҮҮ ТУУРАЛУУ” САКАЛДЫ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
Сакалды айыл аймагы ТООРУК АРКЫЛУУ САТУУ ТУУРАЛУУ
МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
АУКЦИОН САКАЛДЫ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
СЫНАК АК-СУУ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
СУЗАК РАЙОНУНУН КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
СУЗАК РАЙОНУНУН КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНДУК САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
ЖАЛАЛ-АБАД АЙМАКТЫК АВТОТРАНСПОРТ БАШКАРМАЛЫГЫ ЭСКЕРТЕТ
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ (II)
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ

АСКАР АКАЕВ ТЕРГӨӨГӨ КӨРСӨТМӨ БЕРҮҮ ҮЧҮН БИШКЕККЕ КЕЛДИ

АСКАР АКАЕВ ТЕРГӨӨГӨ КӨРСӨТМӨ БЕРҮҮ ҮЧҮН БИШКЕККЕ КЕЛДИ

 432 Бардыгы /

Кыргызстандын туңгуч президенти Аскар Акаев Кыргызстанга келди. Бул тууралуу анын жакындары “Азаттыкка” ырасташты.

Аскар Акаев “Кумтөр иши” боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде тергөөгө көрсөтмө берүү үчүн келген. Ал өлкөдө беш-алты күн болору белгилүү болду.

Улуттук коопсуздук комитети бул тууралуу маалымат бере элек.

Акаев ушул жылы 2-августта “Кумтөр иши” боюнча тергөө менен кызматташуу үчүн Кыргызстанга учуп келген. Бишкекте бир апта сурак бергенден кийин Кыргызстандан кайра чыгып кеткен. Ал өзү тергөө менен кызматташуунун алкагында кепилдик менен келгенин жарыялаган.

Атайын кызмат кенге байланыштуу бардык келишимдерден коррупциялык фактылар аныкталганын жана мурдагы аткаминерлерге иш козголгонун кабарлаган.

Өлкөнүн азыркы бийлиги Кумтөр алтын кени боюнча эл аралык соттук териштирүүдө “Центерра Голд Компани” мурдагы мамлекет башчыларын “сатып алганын” далилдөөгө аракет жасай турганын билдирип, буга байланыштуу мурдагы президенттер Аскар Акаевге, Курманбек Бакиевге жана Алмазбек Атамбаевге карата кылмыш иши козголгонун маалымдаган.

Анын ичинде Акаевге 1992-жылы “Кумтөр” долбоору боюнча башкы макулдашууну түзүү, ага 1994-жылы өзгөртүү киргизүү жана 2003-жылы “Камеко” компаниясы менен башкы макулдашууну реструктуризациялоодогу коррупцияга байланыштуу айып тагылган.

Аскар Акаев Кыргызстанды 1990-2005-жылдары башкарган. 2005-жылы Жоогазын революциясында өлкөнү таштап кетип, Орусияда башкалкалап келет.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17