Аймак

КӨК-ЖАҢГАК ШААРДЫК МИЛИЦИЯ БӨЛҮМЧӨСҮНҮН АЧЫЛЫШЫНА САЛЫМ КОШКОНДОР СЫЙЛАНДЫ

КӨК-ЖАҢГАК ШААРДЫК МИЛИЦИЯ БӨЛҮМЧӨСҮНҮН АЧЫЛЫШЫНА САЛЫМ КОШКОНДОР СЫЙЛАНДЫ

 273 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Сузак районунун Көк-Жаңгак шаарына милиция бөлүмчөсү өткөн жылдын аягында кайрадан ачылган. Милиция бөлүмчөсүнүн ачылыш аземине Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов жана Жалал-Абад ОИИБдин начальниги Ашим Тагаевдер катышып, салым кошкон жергиликтүү жарандарга сыйлыктар тапшырылаарын убада кылышкан.

Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, анын негизинде Көк-Жаңгак шаарынын мэри Баяман Замирбеков, Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин төрагасы Заирбек Байдавлетов, Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаты, милиция бөлүмчөсүнүн ачылышынын негизги демилгечилеринин бири, ички иштер органдарынын ардагери Кадыржан Усенов ИИМдин “Кыргыз милициясына 95 жыл” юбилейлик медалдары менен сыйланышты. Ошондой эле Көк-Жаңгак шаарынын “Тазалык” ишканасынын жетекчиси Исмаил Абдрасуловго, “Искусство” мектебинин директору Арстан Кунанбаевге, “Шар-Булак” ишканасынын жетекчиси Кубанычбек Киезбаевге Жалал-Абад ОИИБдин ардак грамоталары тапшырылды.

Жалал-Абад ОИИБдин Кадрлар бөлүмүнүн начальниги Төлөнбай Бекенов сыйлыктарды тапшырып жатып, милицияга колдоо көрсөткөндөргө ыраазычылык билдирип, иштерине ийгиликтерди каалады.

Өз кезегинде сыйлык алгандар ИИМдин жана Жалал-Абад ОИИБдин жетекчилигине ыраазы экендиктерин айтышып, Көк-Жаңгак шаардык милиция бөлүмчөсүнө өздөрү көрсөткөн кызматкерди жетекчи кылып дайындап бергенин баса белгилеп өтүштү.

Көк-Жаңгак шаардык милиция бөлүмчөсүнүн начальниги болуп оперативдик кызматтарда эмгектенип келген милициянын подполковниги Рахим Каримов дайындалган. 13 миңден ашуун калк жашаган шаар аймагын азыркы учурда штат боюнча 7 кызматкер тейлейт.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17