Аймак

АШПОЗЧУНУН ЖАРДАМЧЫСЫ ЧАТКАЛДАН ТИК УЧАК МЕНЕН ЭВАКУАЦИЯЛАНДЫ

АШПОЗЧУНУН ЖАРДАМЧЫСЫ ЧАТКАЛДАН ТИК УЧАК МЕНЕН ЭВАКУАЦИЯЛАНДЫ

 717 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Чаткал районуна шашылыш түрдө тик учак жөнөтүлдү. Анткени, Жаңы-Базар айылынын тургуну, Чаарат алтын кениндеги ашпозчунун жардамчысы Сапаркүл Умарова тез арада операцияга муктаж экен. Тилекке каршы, тоолуу өрөөнгө кар калың жаагандыктан, автоунаа жолдору таптакыр бөгөлүп, биротоло жабылган.

Вахтанын нөөмөтчү дарыгери Азамат Мамырбаев Сапаркүл Умарованы дыкаат текшерип, киндик чуркусу деген диагнозун коюп, оруулуга тез арада операция керектигин дагы катуу эскерткен.

  • Анткени, пальпация учурунда киндиктин тегерегинде 3*3 сантиметр

өлчөмүндөгү катуу ооруган түзүлүшү табылган. Кийин аныкталгандай, бейтап чуркудан абдан кыйналган экен.Ошентип,бейтаптын абалын жеңилдетүү мүмкүн эмес! Оорулуунун өмүрүнө олуттууу коркунуч жаралгандыктан, шашылыш түрдө операция жасоо абзел эле. Жакынкы айылга чейин бир сааттай жол бар. Бирок, ошол жана кийинки күндөрү Сапаркүл иштеген кенден чыгууга дегеле мүмкүн эмес эле. Анткени, Чаарат кени Чаткал районундагы автоунаа жетүүгө эң кыйын жерлердин бири болуп саналат. Ал аба ырайынын катаал шартында коопсуздук максатында жол жүрүүгө жабылган Кумбел ашуусунан ашкандан кийин жайгашкан. Адатта эч кандай кыйынчылыктар болбойт — коопсуздук көзөмөлгө алынат, жолдор салыштырмалуу кыска мөөнөткө жабылат, тамак-аш жана күйүүчү май менен болгон камсыздоосу узак мөөнөттүү начар аба-ырайын эске алуу менен жүргүзүлөт. Мындан тышкары вахта учурунда дарыгер менен фельдшер бар, алар күн сайын кызматкерлерди текшерип карап турушат. – деди вахтанын нөөмөтчү дарыгери Азамат Мамырбаев. – Дарыгер тез операция жасабаса, Сапаркүлдүн өмүрү чындап коркунучта эле! Ошондуктан, Чаарат алтын кенинин жетекчилиги Бишкектен тик учакты рация аркылуу чакырып, ашпозчунун жардамчысын компаниянын эсебинен гана ооруканага шашылыш түрдө эвакуациялоо керек деген чечимге келди. Кар жааганына карабастан мөөнөтүнөн эрте кар тазалоо иштери башка вахта кызматкерлери үчүн кар көчкү түшүү коркунучун гана пайда кылмак.

Ошентип,  Бишкектен учуп келген тик учак Чаарат кениндеги ашпозчунун жардамчысы Сапаркүл Умарованы кайрадан дароо борборго токтоосуз жеткизип, аны дарыгерлердин консилиуму карап чыккандан кийин диагнозу менен тез арада операция жасоо зарылдыгы тастыкталды. Акырында Сапаргүлгө операция дагы абдан ийгиликтүү жасалды.

— Мени тик учак келип алып кетет деп айтышканда, мен, чынында, тапакыр ишенген эмесмин! Анткени, бул учак абдан эле кымбат! — деди Чаарат кениндеги ашпозчунун жардамчысы Сапаркүл Умарова. — Азыр абалым кыйла эле жакшырды. Буга – операцияга чыдабайм деп каршылык көрсөттүм. Бирок, дарыгерлер мени таптакыр укпай коюшту. Алар мен үчүн ушунчалык кабатыр болгондоруна эми гана абдан кубанычтамын! Азыркы учурда саламатчылыгым, буюрса, жакшы.  Кызматкердин өмүрү баарынан жогору экендигин, компанияга канча чыгым болсо дагы, керектүү учурда тик учак жардамга учуп келээрине эми гана ишендим!

Атаганат, Чаткал районуна караштуу  Жаңы-Базар айылына караштуу Чаарат кенинин жетекчилеринин кызматкерлине мындай камкордугу башкаларга дагы сабак болсо, кана, аттиң?!?

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17