Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
- АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
- АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
1,120 Бардыгы / Бүгүн 10-мартта кыргыз-тажик чек арасында курал колдонулган окуя катталганын Кыргызстандын Чек ара кызматы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, болжол менен саат 10:50дө Тажикстандын чек арачылары Баткен районунун Тескей деп аталган жергесиндеги чек аранын тактала элек тилкесинде кызматын өтөп жатып буга чейинки багытын өзгөртүшкөн жана кыргызстандык чек арачылардан ал жерден кетүүнү талап кылышкан. Окуя болгон […]
1,121 Бардыгы / Бүгүн 10-мартта кыргыз-тажик чек арасында курал колдонулган окуя катталганын Кыргызстандын Чек ара кызматы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, болжол менен саат 10:50дө Тажикстандын чек арачылары Баткен районунун Тескей деп аталган жергесиндеги чек аранын тактала элек тилкесинде кызматын өтөп жатып буга чейинки багытын өзгөртүшкөн жана кыргызстандык чек арачылардан ал жерден кетүүнү талап кылышкан. Окуя болгон […]
ЧЕК АРА КЫЗМАТЫ: КЫРГЫЗ-ТАЖИК ЧЕГИНДЕ КУРАЛ КОЛДОНУЛГАН ОКУЯ КАТТАЛДЫ
10.03.2022 / Автор anarkan_kg1,122 Бардыгы /
Бүгүн 10-мартта кыргыз-тажик чек арасында курал колдонулган окуя катталганын Кыргызстандын Чек ара кызматы билдирди.
Мекеменин маалыматына караганда, болжол менен саат 10:50дө Тажикстандын чек арачылары Баткен районунун Тескей деп аталган жергесиндеги чек аранын тактала элек тилкесинде кызматын өтөп жатып буга чейинки багытын өзгөртүшкөн жана кыргызстандык чек арачылардан ал жерден кетүүнү талап кылышкан.
Окуя болгон жерге тажик чек арачыларына башка да аскерлери жардамга келгени, натыйжада алар көбөйүп, жаңы чектен өтүүгө аракет кылышканы, бирок кыргыз тарап андайга жол бербегени маалым болду.
Кыргыз тараптын маалыматы боюнча, атышуу башталып, 10 мүнөттөй уланган. Кыргыз тараптан жабыркагандар болгон жок.
Эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрү дароо телефон аркылуу сүйлөшүү жүргүзүп, аскерлерди окуя болгон жерден алууну жана кошумча күч-каражат тартпоону макулдашышты. Сүйлөшүү уланууда.
Кыргыз тарап Тескей деген жер чек аранын тактала элек тилкесине кирерин, бирок ал жакты кыргыз жарандары пайдаланып келерин билдирди.
Ал ортодо “Озоди” радиосу Исфарадагы өз булактарына таянып, чек ара окуясынан курман болгондор бар экенин кабарлады. “Окуя нөөмөттөгү тажик чек арачылары алмашып жаткан учурда болду. Нөөмөткө жаңылар келгенде кыргыз чек арачылары аларды кемсинтип, эскертүүсүз эле биз тарапты көздөй ок атышты. Жыйынтыгында бир тажик чек арачысы каза болуп, бир дыйкан жаракат алды”, — деп билдирген булак.
“Озодинин” билдирүүсүндө бул маалыматты Исфара шаардык ооруканасынын дарыгерлери да ырастаганы айтылган. Азырынча Тажикстандын расмий бийлиги чек арадагы курал колдонулган бул окуя боюнча эч кандай билдирүү жасай элек.
Тажикстан менен чек ара сүйлөшүүлөрү 2002-жылы башталган, ортодогу чек ара сызыгынын 60 пайызга жакыны такталган.
2021-жылдын жазында Баткенде, кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта 36 кыргызстандык курман болгон, үйлөр, социалдык объектилер жарактан чыккан. Тажикстан 19 жараны каза болгонун билдирген. Эки өлкө бирин бири айыптап, кылмыш иштерин козгошкон.
Кийин сүйлөшүүлөр уланып, эки тараптуу жыйындарды пландуу негизде өткөрүп туруу макулдашылган.
Быйыл 27-январда Баткендеги кыргыз-тажик чек арасында кайрадан чыр чыгып, ок атышууга чейин жеткен. Кыргызстандан жалпысынан 12 жаран жараат алса, тажик тарап эки жараны набыт болуп, дагы 10 адам жараат алганын билдирген. Бул жолу да тараптар бири-бирин айыптаган билдирүүлөрдү жасаган.
WWW.
Автор anarkan_kg
-
22.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН
-
-
23.08.2023 / Автор anarkan_kg ТОГУЗ-ТОРОДО УНУТТА КАЛЫП БАРА ЖАТКАН УУЗ ЧЕБЕРЧИЛИК ЖАНДАНУУДА
-
26.04.2024 / Автор anarkan_kg ОШТУК МИЛИЦИОНЕР ЗАМАТТА ҮЧ БАЛАГА АТА БОЛДУ
-
-
26.04.2024 / Автор anarkan_kg ӨЗГӨН РАЙОНУН КОРС-ЭТТИ АЙЫЛЫН ДАГЫ СЕЛ КАПТАДЫ
-
03.05.2023 / Автор anarkan_kg МЕКТЕПТЕР АРАЛЫК СПАРТАКИАДА ӨТҮҮДӨ
-
23.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭАУнун 30 ЖЫЛДЫГЫНА АРНАЛГАН МААРЕКЕЛИК ИШ-ЧАРАЛАР
-
Маек
Залкарбек КАРИМОВ: “ӨЗГӨН ШААРЫН КЕҢЕЙТҮҮГӨ ЖЕР ТАРТЫШ!”
Залкарбек КАРИМОВ акыркы жылдарда Ош облусунун Алай районундагы Будалык жана…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.