Аймак

ЖАЛАЛ-АБАД ОИИБде БИР КАТАР КЫЗМАТКЕРЛЕР СЫЙЛАНЫШТЫ

ЖАЛАЛ-АБАД ОИИБде БИР КАТАР КЫЗМАТКЕРЛЕР СЫЙЛАНЫШТЫ

 870 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Бүгүн 6-июнда Жалал-Абад ОИИБдин имаратында бир катар кызматкерлерге атайын наамдар, медаль жана ардак грамоталар тапшырылды.

Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, Кыргыз Республикасынын ИИМдин буйругу менен Жалал-Абад ОИИБдин маалыматтык технологиялар бөлүмүнүн начальниги Алишер Абдуллаевге милициянын полковниги наамы ыйгарылды. Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматынын улук инспектору, милициянын подполковниги Нурдинбек Жээнтаевге спортто жетишкен ийгиликтери үчүн кыргыз дене тарбия спорттук “Динамо” коомдук бирикмесинин “90 жыл” медалы тапшырылды.

Ошондой эле өздөрүнүн кызматтык милдеттерине карата жоопкерчиликтүү мамиле кылгандыктары, кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө, коомдук коопсуздукту сактоодо кошкон зор салымдары үчүн Жалал-Абад ОИИБдин Криминалистикалык кызматынын бир катар кызматкерлери ардак грамоталар менен сыйланышты.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17