Аймак

ТЫНЧТЫК КОРПУСУНУН ВОЛОНТЕРЛОРУ 2020-ЖЫЛДАН БЕРИ БИРИНЧИ ЖОЛУ КЫРГЫЗСТАНГА КАЙТЫП КЕЛИШТИ

ТЫНЧТЫК КОРПУСУНУН ВОЛОНТЕРЛОРУ 2020-ЖЫЛДАН БЕРИ БИРИНЧИ ЖОЛУ КЫРГЫЗСТАНГА КАЙТЫП КЕЛИШТИ

 1,419 Бардыгы /

БИШКЕК. “Тынчтык корпусунун” 12 волонтеру Кыргыз Республикасына COVID-19 пандемиясына байланыштуу 2020-жылдын март айындагы дүйнө жүзүндөгү эвакуациядан кийин биринчи жолу кайрадан келишти.

Кыргыз Республикасы Европа, Жер Ортолук деңизи жана Азия (ЕМА) аймагындагы волонтерлорду кабыл алган алгачкы өлкө болуп саналат. Алдыдагы эки жылдын ичинде бул волонтерлор Чүй, Нарын, Ысык-Көл жана Талас облустарындагы орто мектептериндеги жергиликтүү англис тили мугалимдеринин дараметин жогорулатуу жана  окуучуларга  англис тилин үйрөтүү менен гана алектенишет. 

Ошентип “Тынчтык корпусунун” волонтерлору негизинен айыл жерлеринде жергиликтүү мугалимдер менен гана ийиндеше иштешет. Англис тилин үйрөнүп жаткан окуучуларды окутуу менен катар, англис тили мугалимдеринин дараметин жогорулатууга, мугалимдердин жана окуучулардын кесиптик билимдерине маалыматтык технологияларды интеграциялоого, окутуунун натыйжалуу ыкмалары жөнүндө маалымат алмашууга, ресурстук окутуу борборлорун түзүүдө, же кеңейтүүдө мектептерге жана жергиликтүү жамааттарга үзгүлтүксүз жардам көрсөтөт. Ошондой эле окуу программаларын жана инновациялык окуу-усулдук материалдарын иштеп чыгууга көмөктөшөт.

-“Тынчтык корпусунун” волонтерлорунун келишине абдан кубанычтабыз! Булар кыргызстандык окуучулардын билим алуусуна дем беришип, өз максаттарына жетүүсүнө жана терең билим алуумун кеңейтүүгө гана жардамдашышат. Мугалимдер жана волонтерлор бирге иштөө менен бири-бири менен ой-пикирлери менен бөлүшүп, кызыктуу сабактарды дагы өткөрүшөт, – деди Соң-Kөл орто мектебинин англис тили мугалими Асель Шаршенбек кызы.

Алгачкы үч ай аралыгында волонтерлор алдыдагы эки жылдык ыктыярчылык кызматына даярданышат. Волонтерлорду кызматка даярдоо курсу кыргыз тилин үйрөнүүнү, англис тилин чет тили катары окутуу методикасы боюнча ыкмаларын өркүндөтүүнү жана жергиликтүү мугалимдер менен биргелешип окутуу ыкмаларын өздөштүрүүнү, ошондой эле маданияттар аралык компетенттүүлүктү жогорулатууну камтыйт. “Тынчтык корпусунун” 12 волонтеру АКШда ирөөдөн өткөн жогорку квалификациялуу жана өнүгүүгө чын дилинен берилген ыктыярчылар. Ошондой эле Американын ар кайсы штаттарынан чогулган 24 жаштан 72 жашка чейинки волонтерлор Американын ар тараптуу экендигин дагы айгинелеп турушат.

1993-жылдан бери “Тынчтык корпусунун” 1250дөн ашуун волонтеру Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте англис тилин чет тили катары окутуу программасынын алкагында иштеп келишкен. “Тынчтык корпусунун” волонтерлору Кыргыз Республикасында 1992-жылы кол коюлган макулдашуусунун жана Кыргыз Өкмөтүнүн атайын чакыруусунун негизинде гана иштешет.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17