Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
2,566 Бардыгы / ЖАЛАЛ-АБАД. 11-апрель күнү Жалал-Абад шаарындагы Т.Тыныбеков атындагы облустук филармонияда дене тарбия жана спорт кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленип, ийгилик жараткан 21 спортчуга жана алардын машыктыруучуларына жалпы суммасы 2 млн. 71875 сомду түзгөн сертификаттар тапшырылды. Жалал-Абад шаардык мэриясынын маалымат борбору билдиргендей, иш-чарага Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Орозбаев баштаган депутаттар спортчулар […]
2,567 Бардыгы / ЖАЛАЛ-АБАД. 11-апрель күнү Жалал-Абад шаарындагы Т.Тыныбеков атындагы облустук филармонияда дене тарбия жана спорт кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленип, ийгилик жараткан 21 спортчуга жана алардын машыктыруучуларына жалпы суммасы 2 млн. 71875 сомду түзгөн сертификаттар тапшырылды. Жалал-Абад шаардык мэриясынын маалымат борбору билдиргендей, иш-чарага Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Орозбаев баштаган депутаттар спортчулар […]
ИЙГИЛИК ЖАРАТКАН СПОРТЧУЛАРГА ЖАНА АЛАРДЫН МАШЫКТЫРУУЧУЛАРЫНА 2 МЛН. 71875 СОМДУ ТҮЗГӨН СЕРТИФИКАТТАР ТАПШЫРЫЛДЫ
11.04.2023 / Автор anarkan_kg

2,568 Бардыгы /
ЖАЛАЛ-АБАД. 11-апрель күнү Жалал-Абад шаарындагы Т.Тыныбеков атындагы облустук филармонияда дене тарбия жана спорт кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленип, ийгилик жараткан 21 спортчуга жана алардын машыктыруучуларына жалпы суммасы 2 млн. 71875 сомду түзгөн сертификаттар тапшырылды.
Жалал-Абад шаардык мэриясынын маалымат борбору билдиргендей, иш-чарага Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Орозбаев баштаган депутаттар спортчулар жана машыктыруучулар катышты. Алгач Жалал-Абад шаарындагы спорттук мекемелер, аларда тарбияланып жаткан спортчулардын ийгилиги жана спорт тармагына жергиликтүү бийликтин, ишкерлердин, мекеме-ишканалардын көрсөтүп жаткан колдоолорун чагылдырган видео-тасма көрсөтүлдү. Андан соң шаар мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Орозбаев дене тарбия жана спорт кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап, 2022-жылы ийгилик жараткан спортчуларга жана алардын машыктыруучуларына жалпы суммасы 2 млн. 71875сомду түзгөн сертификаттар тапшырылды. Ошондой эле спорт тармагынын өнүгүүсүнө зор салым кошуп жаткан инсандарга Ардак грамоталар, алкыш баракчалар жана ыраазычлык каттар тапшырылды.
Спортчуларды колдоо максатында шаардык кеңештин депутаты Эрлан Ахмедов жана “Кыргыз Петролеум компани” нефтини кайра иштетүүчү ишканасынын жетекчиси Байгазы Матисаков тарабынан акча каражаты тапшырылды. Мындан сырткары аталган ишкана 60 спортчуга жана 11 машыктыруучуга атайын спорттук парадга кийилүүчү кийимдерди да тапшырды. Ошондой эле “Бренд Хаус” курулуш компаниясы тарабынан шаарыбыздын 14 жаш курактагы футболчуларына акчалай жардам көрсөтүлдү. Жалал-Абад шаарында 5 мамлекеттик спорт мектептеби бар. Аларда 76 машыктыруучу эмгектенип, 3000ге жакын жаш өспүрүмдөрдү спорттун 18 түрү менен машыктырып келет.
Белгилей кетсек, 2022-жылы Жалал-Абад шаарынын спортчулары 84 республикалык, 37 эл аралык, 9 Азиялык жана 4 Дүйнөлүк мелдешке катышып, 54 алтын, 62 күмүш, 71 коло медаль тагынышкан.
Автор anarkan_kg
-
-
-
22.12.2025 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ЖЫЛ МАЙРАМЫН ТОСУУДАГЫ ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТАҢЫЗДАР!
-
-
12.03.2026 / Автор anarkan_kg МАНАС “ТАЗАЛЫК” МЕКЕМЕСИНЕ ЖАҢЫ ТЕХНИКАЛАР ТАПШЫРЫЛДЫ
-
12.03.2026 / Автор anarkan_kg КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛЫНДА ЗАМАНБАП ООРУКАНАНЫН КУРУЛУШ ИШТЕРИ ЖҮРҮҮДӨ
-
10.10.2025 / Автор anarkan_kg СТУДЕНТТЕР ҮЧҮН МЫЙЗАМ БУЗУУЛАРДЫН АЛДЫН АЛУУ БОЮНЧА ЛЕКЦИЯ ӨТҮЛДҮ
-
29.10.2025 / Автор anarkan_kg БШ БШК: ЭРТЕҢ ТАЛАПКЕРЛЕРДИН АРЫЗДАРЫН КАБЫЛ АЛУУ АЯКТАЙТ
-
22.12.2025 / Автор anarkan_kg ЭНЕРГЕТИКТЕР КҮНҮНӨ КАРАТА МАЙРАМДЫК ИШ-ЧАРА ӨТКӨРҮЛДҮ
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.