Аймак

ЭАУда ПРОФЕССОР-ОКУТУУЧУЛАР КУРАМЫНЫН ЖАНА КЫЗМАТКЕРЛЕРДИН СПАРТАКИАДАСЫ ЖАБЫЛДЫ

ЭАУда ПРОФЕССОР-ОКУТУУЧУЛАР КУРАМЫНЫН ЖАНА КЫЗМАТКЕРЛЕРДИН СПАРТАКИАДАСЫ ЖАБЫЛДЫ

 4,714 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. 22-26-январь күндөрү, буга чейин маалымдагандай  К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университетте (ЭАУ, Жалал-Абад ш.) профессор-окутуучулар курамынын жана кызматкерлеринин спартакиадасы өткөрүлүп жатты.

ЭАУнун Кесиптик багыт берүү & коомчулук менен байланыштар кызматы билдиргендей, спартакиада спорттун төмөнкү түрлөрү боюнча өткөрүлдү: волейбол, стритбол, стол тенниси, чатыраш, аркан тартышуу, гиря көтөрүү, эстафета, тогуз коргоол, жеңил атлетика жана бильярд. Акыйкат атаандаштыкта байгелүү орундарга татыктуу командалар жана мыкты спортсмендер аныкталды.

1-орундуАдминистративдик башкаруу аппаратынын курама командасы, 2-орунду Үзгүлтүксүз ачык билим берүү институтунун курама командасы, 3-орунду Гуманитардык-экономикалык колледждин командасы ээледи. Спартакиаданын жабылышы салтанаттуу түрдө болуп, байгелүү орундарга ээ болгон командаларга жана мыкты спортсмендерге сыйлыктар берилди.

“Спартакиаданын катышуучуларына активдүүлүгү жана сергек жашоо ыңгайын алгылыктуу үгүттөөсү үчүн ыраазычылык билдиребиз!”,- дейт ректорат.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17