Аймак

Масы айыл өкмөтү СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ

 1,719 Бардыгы /

Ноокен районунун Масы айыл өкмөтүнүн администрациясы төмөндөгү ваканттык административдик муниципалдык кызмат орундарын ээлөө үчүн ачык СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ

Социалдык маселелер боюнча башкы адис (1 штаттык бирдик).

Талап кылынуучу документтер:

– жеке арыз, кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча, таржымал (резюме), 3х4 өлчөмдөгү 2 даана сүрөт, паспорт көчүрмөсү, билими тууралуу документтин жана эмгек китепчесинин көчүрмөлөрү (нотариалдык түрдө же болбосо иштеген жеринен кадрлар менен иш алып баруу кызматкери тарабынан күбөлөндүргөн), өмүр баяны (соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен).

Документтерди кабыл алуу жарыя массалык маалымат каражаттарына жарыялангандан кийин 10 (он) жумушчу күндүн ичинде төмөндөгү дарек боюнча жүргүзүлөт. Ноокен району Масы айылы К.Султанов көчөсү №112. Байланыш тел.: 0(3734) 5-04-19, 0(777)-72-15-79.

Толук маалымат www.mkk.gov.kg сайтында жайгаштырылган.

Квалификациялык талаптарга жооп берген талапкерлерге сынак өткөрүлүүчү күндү жана жайды кошумча билдирет.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17