Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
- АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
- АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
4,870 Бардыгы / Биз атам, апам, Төкө акем, Жумакыз эжем, мен болуп бир үйдө турчубуз. Төкө акем колхоздун бухгалтериясында иштөөчү. Үйүбүздө ошол убакта кыргыз тилинде чыккан дээрлик бардык китептери боло турган. Мен алты жашта элем. Жумакыз эжем жомок китептердин баарын мага окуп берчү.Төкө акем колхоздун маданий иш-чараларына жигердүү катышкан. Ал гитара, мандалин, балалайканы жана өз колу […]
4,871 Бардыгы / Биз атам, апам, Төкө акем, Жумакыз эжем, мен болуп бир үйдө турчубуз. Төкө акем колхоздун бухгалтериясында иштөөчү. Үйүбүздө ошол убакта кыргыз тилинде чыккан дээрлик бардык китептери боло турган. Мен алты жашта элем. Жумакыз эжем жомок китептердин баарын мага окуп берчү.Төкө акем колхоздун маданий иш-чараларына жигердүү катышкан. Ал гитара, мандалин, балалайканы жана өз колу […]
БОЛБОСУН СОГУШ
08.05.2023 / Автор anarkan_kg4,872 Бардыгы /
Биз атам, апам, Төкө акем, Жумакыз эжем, мен болуп бир үйдө турчубуз. Төкө акем колхоздун бухгалтериясында иштөөчү. Үйүбүздө ошол убакта кыргыз тилинде чыккан дээрлик бардык китептери боло турган. Мен алты жашта элем. Жумакыз эжем жомок китептердин баарын мага окуп берчү.Төкө акем колхоздун маданий иш-чараларына жигердүү катышкан. Ал гитара, мандалин, балалайканы жана өз колу менен өрүктөн чаап алган комузун чертчү. Ошону менен бирге Төкө акем жеткен сүрөтчү болгон. Колунан көп нерсе келчү. Ал оюнчук кеме жасап, анысы көлчүктө 4-5 метрче сүзчү. Идиш кабак жана калтек жип менен телефон жасап курдаштары менен сүйлөшчү. Коргошундан Ленин орденин жасаган, ошол буюуму табарик катары азыр менин колумда. Түнү менен керосин лампанын жарыгы менен кагаз жазчу эле. Атыла турган мылтык жасаганына да мен күбөмүн.
Төкө акем айылдын элинин урматтоосуна ээ болгон чыгаан жигиттеринен эле. Анан согуш башталды, акем 1942-жылы 18-февралда аскерге кетти. Кетип баратып өзүнүн Төлөк деген досу менен сүрөткө түшкөнү белгилүү.
Жазган каттары үзүлбөй келип турду. Бир катында “Мен душмандар менен бетме бет согушуп найзадан жаракат алдым, айыгып калдым, экинчи салгылашууга даярданып жатам” – деп келип,– “Кенжебай иним быйыл окууга барыш керек эле, мектепке барып жатабы”- деп сураганы эсимде. Ошол каты акыркы болчу.
26-сентябрда (1942-ж.) бир тууганым Сталинградды коргоодогу душмандын салгылашуусунда октон курман болгонун, сөөгү Ерзовка кыштагындагы боордоштордун жалпы көрүстөнүнө коюлганын, небере кызым Эльвиранын жана жолдошу Рысбектин аракеттеринин натыйжасында мамлекеттик архивден белгилүү болду. Жакында “Өлбөс полктун” жүрүшүнө көтөрүп чыгыш үчүн Төкөнүн сүрөт фотокомпозициясын уулдарым Эрик менен Эмил жасап беришти. Ар жылы 9-май “Жеңиш” күнүнө карата “Эскерүү” жүрүшүнө катышып турабыз. Ошону мен редакцияга сунуштап жатам.
Мен теңдүүлөр «Согуштун балдары» аталып, ошол азап күндөрүнө күбө болдук. Совет мамлекети экинчи дүйнөлүк согушта 27 миллион жаранын жоготту. Чыңгыз Айтматов өзүнүн көпчүлүк чыгармаларын согуш жана тынчтык маселесине арнап, «Канткенде адам уулу адам болот?» деп дүйнө элине чакырык таштап кетти. Үмүт үзүлбөйт, туура заман келет.
Токсон жаш курагымда азыркы кара күчтөргө каршы эселенген прогрессивдүүлүк күчтөрдүн бар экенине ишенем. Жаркын келечек жаштардын колунда. Замандаштарыма ден соолук жана тынчтык тилейм.
Кенжебай ИСМАЕВ, 90 жашта, Сузак районунун Октябрьск кыштагы
2023–жыл
Автор anarkan_kg
-
22.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН
-
-
-
-
-
23.04.2024 / Автор anarkan_kg РУСЛАН МАМАТОВ ЖОГОРКУ КЕҢЕШ ДЕПУТАТТЫГЫНА ТАЛАПКЕРЛИКТЕН БАШ ТАРТТЫ
-
25.04.2023 / Автор anarkan_kg ФУТБОЛ: “МУРАС ЮНАЙТЕД” “ИЛБИРС” ФУТБОЛДУК КЛУБУН 3:0 ЭСЕБИНДЕ ЖЕҢДИ
-
-
09.05.2023 / Автор anarkan_kg ОШТО “AMANAT CITY RUN” ЭЛ АРАЛЫК ЖАРЫМ МАРАФОНУ ИЙГИЛИКТҮҮ АЯКТАДЫ
Маек
Залкарбек КАРИМОВ: “ӨЗГӨН ШААРЫН КЕҢЕЙТҮҮГӨ ЖЕР ТАРТЫШ!”
Залкарбек КАРИМОВ акыркы жылдарда Ош облусунун Алай районундагы Будалык жана…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.