Аймак

Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына карата: CЫР САКТАЛГАН СҮРӨТ…

Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына карата:  CЫР САКТАЛГАН СҮРӨТ…

 2,549 Бардыгы /

Кырдаалга байланыштуу дүйнөнү дүрбөлөңгө салган оорунун кесепетинен аралыктан билим алуунуу бактылуу пайдаланууга мажбур болдук. Улуу Ата Мекендик согуштун 75 жылдыгына карата айылыбыздагы кан майданды кечип келген ардагерлер жөнүндө маалымат топтоого кириштим.

Эң алгач чоң атам Мойдунов Нажимидиндин сүрөттөрүн издедим. Эскилиги жеткен, бир кылымга жакын тарыхты ичине камтыган, союз маалынан калган чемоданды алып ичиндеги эски сүрөттөргө үңүлдүм. Ар бир сүрөттө мен билбей калган баалуулуктар, мен андан-мындан кулагым чалып, угуп калсам да ички дүйнөм менен сезбей жүргөн тарыхтар жатыптыр…

Согуштун жүзүн көз алдымдан өткөрүп, кандуу майданда күн кечирген чоң атамдын элестерин көрүп, ошондогу аталардын күч-кайратынын курчтугуна жан дилим менен баа берип олтурдум.

Анан эле топ сүрөттөрдүн арасынан бир сүрөт көзүмө чалына түштү. Карасам-таятам. Шыңга бою келишкен, көз карашы курч киши экен. Сүрөттө сегиз киши колдоруна гүл кармап түшүшүптүр. Кийингендерине карасам, тим эле бир кызматтын активдериндей таза, тыкан жана салабаттуу экен.

Булар эмнеге гүл көтөрүп түштү экен?- ойлор келди. Ушул эски сүрөттүн артын карасам жазуу турат…

Эстелик

1950жылдын 25-май күнү.

Ала-Бука райисполкомунун председатели Ходжиев

Ала-Бука райуполминэк начальнигиги Исаев

Ала-Бука орто мектебинин директору Молдобаев

Ала-Бука районунун военкому капитаны Ордобаев

Ала-Бука районунун воен-т мл. лейтенант Подмаров

Ала-Бука райОНО Атабеков Корчу жана Базаркулов

деген ысымдарды жазып коюптур.

Карап отуруп, таятам кезинде мектептерде мугалим, директор болуп, анан райондо башкарма болуп эмгектенип, аз өмүрүндө согушка катышып, желкесинен ок жеп, мекенине кайра келген экен. Кайтып келгенден кийин согушка катышкан айылыбыздын ар бир жаранын жана согушка барып, баатырларча курман болгон жоокерлердин тизмесин өз колу менен жазып чыгыптыр. Бул тарых эмей эмне?

Таятам Атабеков Корчу 1925-жылы Кыргыз ССРинин Ала-Бука районун Көк-Серек айылында төрөлгөн.1941-жылы Жалал-Абад педагогикалык окуу жайында (училищасында) окуган. 

1943-1944- жылдары эл катары согуш талаасында салгылашкан. Атасы Атабек да согуш ардагери болгон. 1944-жылдын 12-апрелинде согуш майданында душмандардын огу оң далысынын аймагын тешип өткөн. Ошонун натыйжасында 2-даражадагы майыптыкты алган. Кайра кайтып келген соң өз ишин уланткан.

Ала-Бука районунун Тенги айыл аймагында башталгыч класстарга сабак берген. Билим деңгээлин жогорулатуу максатында 1949-1951- жылдары Жалал-Абад мамлекеттик мугалимдер институтуна сырттан окуу бөлүмүнө тапшырып, кыргыз тили  жана  адабияты факультетин ийгиликтүү аяктаган. 1949-жылдын 21-июнунан тартып  Жалал-Абад  областынын Ала-Бука районунун Ак-Башат айылынын мектебинде мугалим болуп иштейт. Ал эми 1951-1952-окуу жылдары Көк-Таш айылындагы жети жылдык окуу мектебинде кыргыз тилжана  адабиятынан сабак берген.

1965-1966 жылдары Тенги айлындагы мектепте директор болуп иштесе,1969-1970 жылдары Бирлешкен айылындагы мектепте директор болуп өз ишин уланткан. Мезгил өтүп, билим сапаты жакшырган сайын өз билимин өркүндөтүүнү да жадында калтырбаган (1969-жылдын 25-августунда Ош областтык мугалимдердин билимин жогорулатуу институнда эки жумалык курсун, 1971-жылы ошол эле института эки жумалык курста билимин тереңдеткен).

Мугалим болуп улам билимин тереңдетип эл агартуу тармагында 26 жылдан ашык, ал эми мектеп администрациясында 20 жылдан ашык иштейт. Ошол эле маалда 8 баланы тарбиялап өстүргөн.

Үйүнөн киши үзүлбөгөн, эл уулунун артында турган күчтүү айым ким болду экен десеңиздер керек. Ал менин таенем Катыча апа. Таенем жүзүндө сулуулугу бар, колунан уузу төгүлгөн чебер, оң колунда бешиги, сол колунда казанында аш кайнаган телегейи тегиз айым эле!

Элдин эсинде сулуу келбети менен эле калайын деген го… «аттиң дүйнө» 41 жашында таятам Бирлешкен айылынан Тенги айылына жумуш ордун которуп көчүп келе жатып жол кырсыгына кабылып, колундагы көкүрөк күчүгү- перзенти менен кошо көз жумган.

Кайран таятам согуштан арттырган оорусуна карабай эмгектенип жүрүп 1976-жылы 51 жаш курагында Ошко билимин жогорулатуу үчүн курска келет. Ошол кездерде кара мүртөз эки кишинин тузагына илинип, алардын колунан каза табат экен …

Эх аттиң! Эл үчүн соккон жүрөк канкорлордун колунан өлгөнү өкүнүчтүү. Душмандардын огунан өлбөй, өз элинин манкурттарынан ажал тапканы жүрөк сыздатат. Ойлонуп, ойлонуп өз элинде жашап жүргөн немецтин фашисттерин элестеттим.

Ушул сүрөт мен үчүн чоң бурулуш болду. Таятам “мугалим да болгом, согушка да катышкам”, деп айткандарын эстедим да, –“Жок, жоок, токтой тур! Таятам жөн гана мугалим эмес, калемин куралга алмашып, өрт кечип келген «мугалим», элдин сабатын ачкан “мугалим”, темирдей тартип маалында Ала-Бука районунун активдери менен иштешкен «мугалим», билими, пикири жогору болгон «мугалим» деген тыянакка келдим.

Рахмат сага сыр катылган сүрөт, менин таятамдын дагы бир асылдыгын эскерткениң жана далилдегендигиң үчүн!

Астра НАЖИМИДИНОВА, Ала-Бука районундагы №36 Т.Мизираимова атындагы жалпы билим берүүчү башталгыч мектебинин мугалими, Корчубек Атабековдун небиреси 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17