Аймак

ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНДАГЫ ХАТИБИЯТТАРДА УЮШТУРУЛГАН КАЙРЫМДУУЛУК ИШЧАРАСЫ БОЮНЧА ФОТОРЕПОРТАЖ

 9,299 Бардыгы /

Базар-Коргон райхатибиятынын демилгеси менен 550 000сом таратылды

Базар-Коргон райондук хатибияты жергиликтүү эр азаматтардын жана “Итар” кайрымдуулук фонду менен биргеликте атасынан ажыраган 70 жетим балага  беш жүз элүү мин сомдук акчалай жөлөк пул таратышты. Бул демилге райхатиб Тынчтыкбек ажы Шаиков тарабынан демилгеленип бир жылдан бери таратылып келе жатат .

Райондун имамы Тынчтыкбек ажы жардам  берип жаткан демөөрчүлөргө ыраазычылыгын билдирди жана ата-энелерге алардын акысына дайыма дуба кылып турууга  үндөп, үйлөрүндө таалим-тарбия берип турууга чакырып кетти.

Аксы райхатибиятынын демилгеси менен 60 000сом таратылды

Аксы райхатибиятынын демилгеси менен Аксы районуна караштуу Авлетим айыл өкмөтүнүн баш имамы Тургуналиев Өмүрбек молдо жеке өзүнүн демөөрчүлүгү менен II-топтогу майып Орозалиев Нурбекке 35 500 сом акчалай жардам көрсөттү. Буга чейин жогоруда аталган имам муктаж болгон үй-бүлөлөргө көптөгөн кайрымдуулук иштерин жүргүзүп келген.

Ошондой эле Аксы райондук хатибияты «ЭТАР» кайрымдуулук фонду менен биргеликте райондогу муктаж болгон 10 үй бүлөгө 2500 сом акчалай жардам беришти. Райхатиб Абыдкалыков Мырзабек ажы тоголок жетим жана атасынан ажыраган балдарды ыйманга чакырып, жакшы каалоо-тилектерин айтып, турмуштун  оор жана татаал учурларына  бекем болуп өлкөбүздүн мыкты инсандары болушун каалап кетти.

Майлуу-Суу шаархатибиятынын демилгеси менен 24 200сом акчалай жардам көрсөтүлүп, 20 кап көмүр таратылды

Майыптар күнүнө карата эки эже-сиңдилерге 3000 сом акчалай жардам көрсөтүлүп, эки майып үй-бүлөгө 4кг эт берилди.

Ошондой эле башка 2 үй-бүлөгө 20 кап көмүр жана 1500 сомдон акчалай жардам берилди.

“Жеке-Мисте” мечитинин имам-хатиби Э.Аджыхановдун жеке демөөрчүлүгүнүн алкагында жалпы 5000 сомдук бир беш балалуу үй-бүлөгө жана төрт майыпка10кг. этин жана 2000 сом акчалай жардам көрсөттү.

Шаар хатибияты тарабынан жалпы 15 000 сомдук 16 муктаж үй-бүлөгө 1 көрпө жана жаш балдарга ылайык жаңы кийим-кече таркатылды.

Кара-Көл шаархатибиятынын демилгеси менен биргеликте “Мүрөк-К” фонду 50000 сомдук жардамдарды уюштурууда

Кара-Көл шаархатибияты менен биргеликте Кара-Көл шаарында уюшулган «Мүрөк-К» кайрымдуулук фонддун дүкөнү муктаж адамдарга керектүү кийим-кечелер, кышкы бут кийимдер, ошондой эле тамак аш продукциялары: картошка, макарон, куруч, пияз, эт, продукциялары менен толукталып, муктаж болгон үй бүлөлөргө жардамдар уюштурулду.

10 үй бүлөгө 30000 сомдук 750кг. көмүр таратылууда. Мындан тышкары Абу Бакр мечитинен эки эчки союлуп, 8000 сомдук жардамдар берилди.

Эске салсак, хатибияттардагы кайрымдуулук иштер 2016-жылдын 30-июлунда КМДБнын кызматкерлери жана казылар менен болгон жыйында кабыл алынган №26-протоколунун негизинде, №03 30.07.2016-жылдагы №03-Токтомунун 3-пунктуна ылайык Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушевдин  кайрымдуулукту күчөтүү боюнча берген тапшырмасына жана Жалал-Абад облусунун мусулмандар казысы Абдулазиз кары Закировдун “Ыйман, адеп жана маданият” жылына карата кабыл алынган иш мерчемин ишке ашыруу максатында уюштурулууда.

 

Жалал-Абад казыяты – маалымат катчы А.Хаджибеков

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17