Өлкө аймактары менен кубаттуу
ОШТО “АЛА-ТОО ЖАЗЫ” ФЕСТИВАЛЫ ӨТӨТ
МАНАС ШААРЫНДА ЖАҢЫ СОЦИАЛДЫК БОРБОР АЧЫЛДЫ
МАЙЛУУ-СУУ ШААРЫНА ЖАҢЫ МЭР ДАЙЫНДАЛДЫ
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
1,522 Бардыгы / Жалал-Абад областында жарым жылда эле 7 эл аралык, 6 өлкө чемпионаты, 5 республикалык, 7 областык, 21 окутуу машыгуу сбору жалпы 46 спорттук иш-чара өткөрүлдү. Аталган иш-чаралар кадимки календардык иш планы боюнча уюштурулгандар. Мындан сырткары эл аралык спортто мыкты жетишкендиктердин да саны өсүүдө. Ошондой эле, булардан сырткары көк-бөрү улуттук спорттук оюну да четте калган […]
1,523 Бардыгы / Жалал-Абад областында жарым жылда эле 7 эл аралык, 6 өлкө чемпионаты, 5 республикалык, 7 областык, 21 окутуу машыгуу сбору жалпы 46 спорттук иш-чара өткөрүлдү. Аталган иш-чаралар кадимки календардык иш планы боюнча уюштурулгандар. Мындан сырткары эл аралык спортто мыкты жетишкендиктердин да саны өсүүдө. Ошондой эле, булардан сырткары көк-бөрү улуттук спорттук оюну да четте калган […]
ЖАЛАЛ-АБАД СПОРТЧУЛАРДЫН КИЧИ МЕКЕНИНЕ АЙЛАНЫП БАРАТАБЫ?
26.08.2019 / Автор aymak

1,524 Бардыгы /
Жалал-Абад областында жарым жылда эле 7 эл аралык, 6 өлкө чемпионаты, 5 республикалык, 7 областык, 21 окутуу машыгуу сбору жалпы 46 спорттук иш-чара өткөрүлдү.
Аталган иш-чаралар кадимки календардык иш планы боюнча уюштурулгандар. Мындан сырткары эл аралык спортто мыкты жетишкендиктердин да саны өсүүдө.
Ошондой эле, булардан сырткары көк-бөрү улуттук спорттук оюну да четте калган жок. Мисалга, “Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү” жылына карата “Телтору” ат майданында “Кылымдап келген тарыхта, күчтүүлөр чыккан жарышка” аттуу ураандын астында эл арасындагы биримдикти, ынтымакты, достукту улуттук спорттук оюндар аркылуу бекемдөө жана чыңдоо максатында улуттук көк бөрү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Кубогун өткөрүлгөн. Мелдешке областтын район, шаарларынан 7 команда катышып, жеңүүчүлөр жана катышуучулар дипломдор гана эмес акчалай сыйлыктар менен сыйланган. Мындай колдоодон кийин эле көп өтпөй Нооруз майрамынын алкагында өткөрүлгөн республикалык көк-бөрү оюнунда Жалал-Абад областынан барган команда биринчи орунга жетишкен.
Областтык деңгээлде өткөн ири иш-чаралардын бири кол күрөш (армрестлинг) болду. “Курманбек” стадионунда уюштурулуп, район, шаарлардан 300 спортчу катышкан. Аталган мелдештен кийин, Бишкек шаарында аялдар арасында Кыргыз Республикасынын Чемпионаты болуп өттү. Мелдеште Айсулуу Домонова 65 килограмм салмакта III орунду камсыз кылды.
Жалал-Абад спортчуларынын акыркы жеңиштеринин бири Ысык-Көл облусунун Бостери айылында болду. “Региондорду өнүктүрүү жана санариптештирүү жылына” арналган “Дени сак улут-өнүгүп жаткан өлкө” аттуу ураандын алдында айыл тургундарынын арасында өткөрүлүүчү республикалык мелдешке областтан 97 спортчу катышып, жыйынтыгында волейбол боюнча команда I орун, тогуз коргоол боюнча I орун, футбол боюнча команда III орундарды ээледи.
Иш-чара өткөрүү менен гана чектелбей шарт түзүп берүү жагы да эске алынган. 2019-жылдын 6 айында Аксы районунда 10 миллион 600 сомго спорт комплекси курулган. 6 кичи футбол аянтчалары курулуп, пайдаланууга берилген. Алар: Ала-Бука районунун 1, Сузак районунда 1, Ноокен районунда 2, Тогуз-Торо районунда-1, Токтогул районунда 1.
Спортчуларга дагы да колдоо болуп турса ийгиликтер жарала берет деп ар дайым эле машыктыруучулар айтып келишет. Демек, Жалал-Абад спортчулар аталган такмактан результат көрсөтүп жатат. Аларды мындан ары да колдоо жагы кандай болот аны убакыт таразалайт.
Роза АКМАТЖАН кызы, “Аймак”
Автор aymak
-
-
-
22.12.2025 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ЖЫЛ МАЙРАМЫН ТОСУУДАГЫ ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТАҢЫЗДАР!
-
04.04.2026 / Автор anarkan_kg БИШКЕКТЕ СПОРТТУК КҮРӨШ БОЮНЧА АЗИЯ ЧЕМПИОНАТЫ ӨТӨТ
-
03.04.2026 / Автор anarkan_kg ОШТО “АЛА-ТОО ЖАЗЫ” ФЕСТИВАЛЫ ӨТӨТ
-
03.04.2026 / Автор anarkan_kg МАНАС ШААРЫНДА ЖАҢЫ СОЦИАЛДЫК БОРБОР АЧЫЛДЫ
-
-
18.04.2025 / Автор anarkan_kg МЭР ИЙГИЛИК ЖАРАТКАН ОКУУЧУЛАРДЫ КУТТУКТАДЫ
-
28.04.2025 / Автор anarkan_kg КЫТАЙ МЕНЕН ЧЕКТЕШКЕН ЧЕК АРАДА ӨТКӨРҮҮ БЕКЕТТЕРИ УБАКТЫЛУУ ЖАБЫЛАТ
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.