Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
2,138 Бардыгы / Ош шаарындагы легендарлуу 12-кесиптик лицей акыркы жылдарда заман талабына ылайык тың адистерди гана кыска мөөнөттө белендегенге абдан бекем ыктады. Бул окуу жайын бүтүргөндөрдү Кыргызстандан эле эмес Европа өлкөлөрүнөн дагы байма-бай жолуктурасыз. Андыктан, аталган лицейдин директору, педагогика илимдеринин кандидаты Бакалбай КАЛМАМАТОВду иш үстүндө капы-тапыл кепке тарттык. – Бакалбай мырза, ыркыраган рынок талабына туруштук бере […]
2,139 Бардыгы / Ош шаарындагы легендарлуу 12-кесиптик лицей акыркы жылдарда заман талабына ылайык тың адистерди гана кыска мөөнөттө белендегенге абдан бекем ыктады. Бул окуу жайын бүтүргөндөрдү Кыргызстандан эле эмес Европа өлкөлөрүнөн дагы байма-бай жолуктурасыз. Андыктан, аталган лицейдин директору, педагогика илимдеринин кандидаты Бакалбай КАЛМАМАТОВду иш үстүндө капы-тапыл кепке тарттык. – Бакалбай мырза, ыркыраган рынок талабына туруштук бере […]
БАКАЛБАЙ КАЛМАМАТОВ: “БИЗДИН ЛИЦЕЙДИ БҮТҮРГӨНДӨРГӨ ЖУМУШ ОҢОЙ ТАБЫЛАТ”
26.08.2019 / Автор aymak

2,140 Бардыгы /
Ош шаарындагы легендарлуу 12-кесиптик лицей акыркы жылдарда заман талабына ылайык тың адистерди гана кыска мөөнөттө белендегенге абдан бекем ыктады. Бул окуу жайын бүтүргөндөрдү Кыргызстандан эле эмес Европа өлкөлөрүнөн дагы байма-бай жолуктурасыз. Андыктан, аталган лицейдин директору, педагогика илимдеринин кандидаты Бакалбай КАЛМАМАТОВду иш үстүндө капы-тапыл кепке тарттык.
– Бакалбай мырза, ыркыраган рынок талабына туруштук
бере албастан көптөгөн кесиптик-техникалык окуу жайлары (КТОЖдор) биротоло жоюлуп кетпедиби. А Сиздер бул атактуу 12-кесиптик лицейди деги кантип сактап калдыңыздар?
– Мунун анчалык деле сыры жок. Биз дагы эле Өкмөттүн
алдындагы Кесиптик билим берүү агенттигине карайбыз. Андыктан, адегенде жетекчилигибиз менен кеңешип-таңашып, анан дароо эле эмгек рыногуна ылайыкташкан кадрларды ыкчам жана абдан сапаттуу белендегенге өтө катуу кириштик.
– Маселен?
– Мисалы, Ош шаарындагы 12-кесиптик лицейде электр жана
газ ширетүүчүлөр, чач тарачтар, ашпозчулар, сантехниктер, слесарлар, электр жабдыктарын оңдоочу жана тигүүчүлөр үстөккө-босток даярдалат. Быягы Баткен, тиягы Жалал-Абад облустарынан, ал эми Ош облусунун бардык район-шаарларынан кыз-уландар биздин лицейде көбүрөөк билим алып жатышат. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып айтып коюуга тийишмин, 12-кесиптик лицейди бүтүрөндөргө жумуш оңой табылат.
– Кантип?
– Быйыл эле 260 окуучуну уябыздан учурдук эле. Баары тең
ушул тапта өздөрүнө ылайык иш таап кетишти. Биздин дипломубуз КМШ өлкөлөрүндө бүт жарактуу. Ал эми бүтүрүүчүлөрүбүз а түгүл тээтигил Европа мамлекеттеринде дагы абдан ийгиликтүү иштеп жатышат. Демек, биз белендеген адистерге азыркы эмгек рыногунун талабы абдан күч!
– Бакалбай мырза, дасыккан жетекчи сыңары Сиз
Кыргызстандын келечегин деги эмнеден көрөсүз?
– Байкап жаткандырсыздар, Кыргызстанда акыркы жылдарда
жеңил өнөр жайы жана курулуш тармактары бара-бара бутуна туруп, ыкчам түрдө өнүгүп баратат. Ага жараша өндүрүш дагы улам оожалуу жолунда. Демек, ушундай шарттарда биз даярдаган адистерге таңкыстык мындан дагы күчөйт. А биз ошол таңкыстыкты басаңдатуу үчүн гана иштемекчибиз.
Кепке тарткан: Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор aymak
-
-
-
22.12.2025 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ЖЫЛ МАЙРАМЫН ТОСУУДАГЫ ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТАҢЫЗДАР!
-
30.04.2026 / Автор anarkan_kg МАНАС ШААРЫНДАГЫ №12 БАЛДАР БАКЧАСЫНЫН КУРУЛУШУНА СТАРТ БЕРИЛДИ
-
-
30.04.2026 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНДАГЫ ЖОЛ КЫРСЫКТАРЫН АЗАЙТУУ АРАКЕТТЕРИ ТАЛКУУЛАНДЫ
-
22.05.2025 / Автор anarkan_kg “ЖАЛАЛ-АБАД” САНАТОРИЯСЫНДА МИНЕРАЛДЫК СУУ АРАЛАШКАН БАССЕЙН АЧЫЛДЫ
-
12.06.2025 / Автор anarkan_kg БАТКЕНДЕ МИЛИЦИЯНЫН МАЙОРУ АКЧА ТОПТОП ЖАТКАНДА КАРМАЛДЫ
-
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17






You must be logged in to post a comment.