Өлкө аймактары менен кубаттуу
МАНАС ШААРЫНДА 150 КАРЫЯГА БЕЛЕК ТАПШЫРЫЛДЫ
- ticket title
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ОБЪЯВЛЕНИЕ О ПРОВЕДЕНИИ ТЕНДЕРА
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
1,546 Бардыгы / Жалал-Абад областында жарым жылда эле 7 эл аралык, 6 өлкө чемпионаты, 5 республикалык, 7 областык, 21 окутуу машыгуу сбору жалпы 46 спорттук иш-чара өткөрүлдү. Аталган иш-чаралар кадимки календардык иш планы боюнча уюштурулгандар. Мындан сырткары эл аралык спортто мыкты жетишкендиктердин да саны өсүүдө. Ошондой эле, булардан сырткары көк-бөрү улуттук спорттук оюну да четте калган […]
1,547 Бардыгы / Жалал-Абад областында жарым жылда эле 7 эл аралык, 6 өлкө чемпионаты, 5 республикалык, 7 областык, 21 окутуу машыгуу сбору жалпы 46 спорттук иш-чара өткөрүлдү. Аталган иш-чаралар кадимки календардык иш планы боюнча уюштурулгандар. Мындан сырткары эл аралык спортто мыкты жетишкендиктердин да саны өсүүдө. Ошондой эле, булардан сырткары көк-бөрү улуттук спорттук оюну да четте калган […]
ЖАЛАЛ-АБАД СПОРТЧУЛАРДЫН КИЧИ МЕКЕНИНЕ АЙЛАНЫП БАРАТАБЫ?
26.08.2019 / Автор aymak

1,548 Бардыгы /
Жалал-Абад областында жарым жылда эле 7 эл аралык, 6 өлкө чемпионаты, 5 республикалык, 7 областык, 21 окутуу машыгуу сбору жалпы 46 спорттук иш-чара өткөрүлдү.
Аталган иш-чаралар кадимки календардык иш планы боюнча уюштурулгандар. Мындан сырткары эл аралык спортто мыкты жетишкендиктердин да саны өсүүдө.
Ошондой эле, булардан сырткары көк-бөрү улуттук спорттук оюну да четте калган жок. Мисалга, “Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү” жылына карата “Телтору” ат майданында “Кылымдап келген тарыхта, күчтүүлөр чыккан жарышка” аттуу ураандын астында эл арасындагы биримдикти, ынтымакты, достукту улуттук спорттук оюндар аркылуу бекемдөө жана чыңдоо максатында улуттук көк бөрү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Кубогун өткөрүлгөн. Мелдешке областтын район, шаарларынан 7 команда катышып, жеңүүчүлөр жана катышуучулар дипломдор гана эмес акчалай сыйлыктар менен сыйланган. Мындай колдоодон кийин эле көп өтпөй Нооруз майрамынын алкагында өткөрүлгөн республикалык көк-бөрү оюнунда Жалал-Абад областынан барган команда биринчи орунга жетишкен.
Областтык деңгээлде өткөн ири иш-чаралардын бири кол күрөш (армрестлинг) болду. “Курманбек” стадионунда уюштурулуп, район, шаарлардан 300 спортчу катышкан. Аталган мелдештен кийин, Бишкек шаарында аялдар арасында Кыргыз Республикасынын Чемпионаты болуп өттү. Мелдеште Айсулуу Домонова 65 килограмм салмакта III орунду камсыз кылды.
Жалал-Абад спортчуларынын акыркы жеңиштеринин бири Ысык-Көл облусунун Бостери айылында болду. “Региондорду өнүктүрүү жана санариптештирүү жылына” арналган “Дени сак улут-өнүгүп жаткан өлкө” аттуу ураандын алдында айыл тургундарынын арасында өткөрүлүүчү республикалык мелдешке областтан 97 спортчу катышып, жыйынтыгында волейбол боюнча команда I орун, тогуз коргоол боюнча I орун, футбол боюнча команда III орундарды ээледи.
Иш-чара өткөрүү менен гана чектелбей шарт түзүп берүү жагы да эске алынган. 2019-жылдын 6 айында Аксы районунда 10 миллион 600 сомго спорт комплекси курулган. 6 кичи футбол аянтчалары курулуп, пайдаланууга берилген. Алар: Ала-Бука районунун 1, Сузак районунда 1, Ноокен районунда 2, Тогуз-Торо районунда-1, Токтогул районунда 1.
Спортчуларга дагы да колдоо болуп турса ийгиликтер жарала берет деп ар дайым эле машыктыруучулар айтып келишет. Демек, Жалал-Абад спортчулар аталган такмактан результат көрсөтүп жатат. Аларды мындан ары да колдоо жагы кандай болот аны убакыт таразалайт.
Роза АКМАТЖАН кызы, “Аймак”
Автор aymak
-
-
-
19.09.2026 / Автор anarkan_kg ОРТОК ТОКОЙ ЧАРБАСЫНДА ЖЕҢҮҮЧҮЛӨР ВАЗ-2107 АВТОМАШИНА МЕНЕН СЫЙЛАНЫШТЫ
-
04.10.2026 / Автор anarkan_kg КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
-
02.10.2026 / Автор anarkan_kg ЖЭТИде ӨРТКӨ КАРШЫ ТАКТИКАЛЫК МАШЫГУУ ӨТТҮ
-
02.10.2026 / Автор anarkan_kg 5-ОКТЯБРДА БИШКЕКТЕГИ МАМЛЕКЕТТИК МЕКЕМЕЛЕР ОНЛАЙН ИШТЕЙТ
-
-
04.02.2026 / Автор anarkan_kg АЙЫЛДЫК МОЛДОГО К.ТАШИЕВ ҮЙ КУРДУРУП БЕРДИ
-
17.02.2026 / Автор anarkan_kg МАНАС ШААРЫНДА БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК ЭНЕ ТИЛ КҮНҮНӨ КАРАТА ФЕСТИВАЛЬ ӨТТҮ
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.