Аймак

КАЗАКСТАН МАЖИЛИСИ «ТЫНЧ ЖЫЙЫН ӨТКӨРҮҮ» ЖӨНҮНДӨГҮ МЫЙЗАМ ДОЛБООРУН БИРИНЧИ ОКУУДА КАБЫЛ АЛДЫ

КАЗАКСТАН МАЖИЛИСИ «ТЫНЧ ЖЫЙЫН ӨТКӨРҮҮ» ЖӨНҮНДӨГҮ МЫЙЗАМ ДОЛБООРУН БИРИНЧИ ОКУУДА КАБЫЛ АЛДЫ

 1,052 Бардыгы /

Казакстан парламентинин мажилиси 26-мартта «Тынч жыйын өткөрүү» жөнүндөгү мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды. Бул документти укук коргоочулар эл аралык стандарттарга туура келбейт деп сындап келишкен.

Долбоорго ылайык, көп кишинин катышуусунда жыйын өткөрүү үчүн уруксат алуу керек, жергиликтүү бийлик сунуштаган жерде гана митинг уюуштурууга болот жана тынч жыйынга чогулуу эрежеси бузулган учурда жаза катаалдаштырылат.

Мажилисте мыйзам долбоорун талкуулоо пандемия өкүм сүрүп, өзгөчө абал жарыяланган учурда талкууланды. Ага коомдук уюмдар, активисттер чакырылган жок. Пленардык жыйындарга депутаттар жана мыйзам долбоорун иштеп чыккан негизги баяндамачылар гана катышты.

Межилистин төрагасы Нурлан Нигматулин мыйзам долбоору жарандардын укугу менен катары митингдерди өткөрүү учурундагы жоопкерчиликти камсыздай турганын айтты.

Касым-Жомарт Токаев былтыр жайында президент болуп шайлангандан бери тынч жыйындар тууралуу мыйзамды жакшыртуу тууралуу бир канча жолу убада берген. Ал ”митинг өткөрүү маданиятынын коомчулуктун аң-сезимине сиңирүүгө мезгил жетти” деп айткан.

Ушул тапта казакстандыктар массалык иш-чараларды өткөрүү үчүн жергиликтүү бийликтен уруксат алышы керек. Бирок бийлик ар түрдүү шылтоолор менен митингдерди өткөрүүгө тыюу салып келет.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17