Аймак

Ч. АЙТМАТОВ ЖАНА КӨРКӨМ АДАБИЯТТАГЫ АДАМДЫН АДАМ ТААНУУ ФИЛОСОФИЯСЫ

Ч. АЙТМАТОВ ЖАНА КӨРКӨМ АДАБИЯТТАГЫ АДАМДЫН АДАМ ТААНУУ ФИЛОСОФИЯСЫ

 10,739 Бардыгы /

 

Адабият теориясында көркөм адабияттын негизги обүектиси жана предмети болуп Адам жана анын жашоо  турмушу, тагдыры башкы орунда турат деп баса белгиленген. Чындыгында эле ар бир көркөм чыгарма жана андагы башкы окуялар адамдын катышуусусуз өнүкпөйт жана коомдук аң-сезимге таасири болбойт. Ошондуктан Адам адабияттагы башкы – фигура.

Ч. Айтматовдун түшүнүгүндө адам бул дүйнөгө келип анан кайра кете бербеши керек. Айтматов айтат: – Адам коомдук турмушта Адам катары татыктуу жашашы керек. Ошондуктан Адам – бул  субстанция гана эмес, адам онтологиялык (болмуш) жактан да, гносмелогиялык жактан алганда (таанып билүүчүлүк)  да адам  коомдук чөйрөдө өтө татаал система болуп саналат.

Албетте Ч. Айтматовдун жазуучу катарында Адамдын адам болуп калыптануусунун чегинде  адамдагы тарбиялык  жана моралдык  процесстердин бирдей өнүкпөй калышы, мамилелердин ар түрдүү формада болушу Адамдын коомдогу ордун так аныктоо абдан кыйын.Бул үчүн Адам жөнүндө Айтматовдой түшүнүк, Айтматовдой мамиле керек.

Адамдын адамдык сапаттарын ачууда Ч. Айтматов эң оболу чыгарманын темасын, б.а., өзөгүн туура тандап алуу жана аларга турмуштук шарттарды, окуяларды,  чыграмадагы окуяларга дал келтирип, адамдын адамдык касиеттерин, мүнөздөрүн, ой жүгүртүүсүнүн деңгээлин жана моралдык облигин туура тандап алуу менен адамдын адамдык сапатына карай бет алышы, б.а., образдар системасын иштеп чыгуу, Сөздүн контекстерин туура пайдалануу – бул Ч. Айтматов үчүн эң маанилүү көрүнүш болуп саналат.

Ч. Айтматовдун “Жамыйла”, “Бетме-бет”, “Ак параход” сыяктуу романдарында жазуучу катарында адам таануу философиясын ачып берүүнү эң башкы планга коюп, анан ошол каармандар менен бирге болуусу, б.а., адамдын кубанычы, кайгысы, өкүнүүсү, азабы жана сүйүүсү – булардын бардыгы адам катары эң алгач өзүнүн жүрөгүнөн өтүп, андан кийин б.а., образдар системасынан ?? Айтматовдун каармандары коомдун адамдары болуп чыгып келип жатпайбы.

Маселен “Жамыйла” повестиндеги Жамыйланын адам катары коомдук чөйрөдө кандай жашады?  Өзүнүн адам катары көрүнгөнүн кай жерден сезди? Деги эле Жамыйла коомдук чөйрөдө Адам катары эмнелерди жасай алды?  – деген суроолор өзгөчө бир жоопторду күтүп жатты.

Чындыгында Жамыйла ким? – Айтматов өз повестинде Жамыйланын ата-энеси, туулган жери, теги, кесиби, социалдык абалы жөнүндөсөз кылбайт.Тек гана күйөөсү согушка кетип, бир чакан үй-бүлөдө жашаган жаш келин. Орустарчасынан “медовой” айын да өткөргөн эмес. Тек гана бир үйдө түнт жашаган жаш келин. Бул үйдө ал эч качан ээн-эркин каткырып да күлгөн эмес. Качан гана фронттон келген катты үйдөгү кичинекей бала окуп жатканда мен жөнүндө качан жана эмне деп айтаар экен деген? – чоң санаркоонун кучагынан чыга албай, бир аз ачылган эшиктин далисине сүйөнө калып кулак тыңшап, каттын аягында айтылган “Жамыйла жүрөбү? ” – деген сөздү укканда каңырыгы түтөп, бир азга мукактанып, анан бутулуп кеткен Жамыйланын жан дүйнөсү ачыкка чыкпаган адам болгон.

Бир жолу бригадир келип, Жамыйланы араба айдап, пристанга дан ташысын деген сунушунан кийин Жамыйланын жан дүйнөсү улам-улам ачыкка чыга баштайт.

Араба айдап, кайниси экөө кечинде аттарды тушап отко коюп, эртеси пристанга кызыл дан ташып жүргөндө фронттон майып болуп келген Даныяр (тек түбү казактар жактан) деген солдат да араба менен кызыл ташып, бирок экөөнүн ортосунда эч кандай өзгөчө окуя болгон эмес. Ушундай  күндөрдүн биринде Жамыйланын мүнөзү өзгөрө баштайт. Ал кыздар сымак шаңкылдап күлүп, тамаша сүйлөп, шайдоот болуп кетет.

Ч. Айтматов Жамыйланын адамдагы адамдык мүнөзүн ачууда повестте 3 чоң учурга токтолот. – Биринчи учур – бул Жамыйланын пристандан келе жатканда мүнөзү оор Даниярдын арабасын  айланып өтүп, Даниярды чаңга калтырып, анан ушул жоругунан Жамыйла өзүнө-өзү канаат алып, шарактап күлүп алган жери бар.

Экинчи чоң учур –  бул Жамыйланын тамашалап эң оор капты Даниярдын арабасына салып коюп, анан Даниярдын трампка кантип  чыгаар экендигине тамаша көргөн жери бар. Бирок Данияр оор капты бутунун ооруганына карабастан намыс үчүн жогору көтөрүп, бирок абдан кыйналган жерге келгенде Жамыйла тамашасын унутуп, Данияр да адам да деп түшүнгөн калыбында аны жүрөгү менен аяп, өзүнүн кылган тамашасына өзү өкүнгөн окуя бар.

Үчүнчү эң чоң учур – бул Жамыйланын саманда жаткан Даниярга келип: – Чеччи алдагы көйнөгүңдү жууп берейин! – деген мурда болуп көрбөгөн мамилеси – бул Жамыйланын Адамдык сапатынын ачыла баштаган, болгондо да бир чоң ыйык сезим менен кайрылышы – бул анын адамдык касиетинин өзгөчө бөлүгү эле.

Дал ушул сыяктуу мотивдер “Жамыйла” повестиндеги эң башкы каармандын – Жамыйла менен Даниярдын ортосундагы Адамдык мамиле – алардын турмуштагы адамдык философиясынын келип чыгышына шарт түзгөн.

Повесттин аягындагы Жамыйла менен Даниярдын белгисиз жакка кетип калышы, кийин бир катар адабиятчылар (өз учурунда) – бул Адамгерчиликтин иши эмес – деген пикирлерин билдирген.

Бирок ошол мезгилде сынчылар Айтматовдун эң башкы логикасын – адам өзүнүн Адамдыгын, адам дайыма бактылуу болуш  үчүн күрөшүш керек экендигин, адам – бул бирөөнүн көлөкөсүндө жашаган адам эмес, адам турмушта чыныгы адам болушу үчүн зарыл шарттарга барганда гана өзүнүн мүдөөсүнө жете ала тургандыгын Жамыйла менен Даниярдын  турмушка жасаган мамилесинен улам көрсөтүп жатпайбы.

А. Чехов туура айтат: – Адам бардык жагынан сулуу болушу керек. Керек болсо анын кийими да, акылы да сулуу болуш керек – деп.

Ч. Айтматов туура айтат: – Адам – күндө адам болушу керек – деп. Буга “Жамыйла” повестиндеги Жамыйла менен Даниярдын адамдык сапаттарын көрсөтө алды. Эң башкысы бул повестте тажатма сюжет, тажатма окуя, тажатма сүрөттөөлөр жок. Тек гана пристанга эгин ташыган эки адамдын ички көз караштары, жумшак ички  мамилелер, биринин тагдырын бири аяоо, ошол аяоо сезимин жумшак кыймыл аракеттер аркылуу жеткирүү – бул адамдагы адамдык сапаттарды ачыкка чыгаруу менен эки адам тең бир убакта бактылуулукка умтулуп кетишти. Бул чыныгы адамдык сапаттын ачыкка, жашоого  жетелеп кетти. Повесттин артыкчылыгы ушунда турат.

Чындыгында Ч. Айтматов адамдын моралдык сапаттарын айтып берүүгө абдан чебер жазуучу болуп саналат. Айрыкча адамдын адамдык философиясын ачып берүүдө анын моралдык – психологиялык  ыкманы абдан билгичтик менен колдонуп, коомдо адамдын морлдык ордун аныктоодо анын “Ак кеме” повестинде абдан так мотивдер пайдаланган.

“Ак кеме” повести – чыныгы адамдагы моралдык психологиялык касиеттер аркылуу адам болуп калуунун ролун так көрсөтө алган. Айтматов өзү айткандай адам – бул табышмактуу сыр. Ошондой болсо да Айтматовдун идеясы – бул адамдын коомдо чыныгы адам болуп жашоосу – бул эң башкы лейтмотив болуп саналат.

Бирок “Жамыйла”  повестине караганда “Ак кеме” повести коомдо адам болуп жашоонун философиясы өтө катаал, татаал окуялар, процесстер менен коштолот. Ошондон болсо керек Айтматов бул повестин эң алгачкы жолу  “Трагедия в тесном коридоре” деп кокусунан атабаса керек. Б.а., “Токой курчоосундагы трагедия” – деп аталат.

Аталган повестте каармандар абдан аз. Бир чакан токойдо 5 адам гана жашайт. Алар үйдүн ээси. Момун чал, кемпири, күйөө баласы Орозкул жана анын аялы. Мындан тышкары 7 жаштагы небереси Нургазы катышат.

Китепте бардык окуя Нургазынын көзү менен өтөт. Момун чал – өтө жоош, эч качан чырга барбаган, бардык окуяны сабырдуулук менен кабыл алган карыя. Ал эми анын кемпири – тилдүү, күйөөсүн башкарган, өзүнүн жеке оюн бирөөгөө бербеген, кээде эки жакка жүз үйүргөн сыйкы кемпир.

Ал эми “Ак кеме” повестиндеги башкы каармандын бири – бул Орозкул. Ал жашы бир топко барып калса да балалуу болбогон, ошонун айынан арак ичип, күндө үйдө жаңжал чыгарган, улууну урматтабаган, чоңдор келсе жагына калган мүнөзү бар, зомбулукту жакшы көргөн адам.

Повестте зордукчул, араккеч Орозкулдун оор мүнөзүнө кайыл болуп жашаган Момун аксакалга Орозкулдун кол көтөрүп, керек болсо зордук менен Момун чалга арак ичирген жери бар. Повесттеги жети жашар Нургазы дал ушундай чаң-тополоң турмушту өз көзү менен көрүп Адам деген эмне деген суроого дайыма жооп издеп келет.

Бул суроону кичинекей Нургазы мектепке бара жатып Момунга берет.

  • Ата, эмне үчүн Орозкул байке эжемди сабай берет?
  • Ээ, алар балалуу болбой жатышпайбы. Мунун баарын тиги эжеңден көрүп жатпайбы?
  • Анда эмнеге Орозкул байке Бугу энеден бала сурабайт?
  • Ооба, бирок бугулар эчак эле бул жерден кетип калышкан да – деп жооп берет Момун чал.

Повестте кичинекей Нургазынын чоң атасы Момун экөөнүн сумка алып келген жери бар. Сумка – бул бала үчүн өзгөчө дүйнө болуп көрүнөт. Үйгө келип аттан түшөөр менен эле чоң энесине сүйүнчүлөп, чоң балалык кыял менен кемпирге сумкасын көрсөткөндө, кемпир жаш баланын кубанычын улабай , тескерисинче Нургазыны кагып коет. Көкшүнү сууган Нургазы Орозкулдун аялына көрсөтөт. Ал да жылуу сөз айтпайт. Анан ал сумкасын көтөрүп тоого чыгып кетип, сууга киринип келет да, сумкасын койнуна катып уктайт. Ошондо да кемпир сумканы алып, сандыктын илгичине илип коет. Дал ушундай мотивдер жаш баланын көңүлүнө жаман таасир тийгизет. Эртеси да Нургазы сумканы алып жатканда кемпир анын колунан сумканы жулуп алып, музоону тоого чыгар деп, ал турмак тилдеген калыбында Нургазыны кемсинтет.

Ч. Айтматовдун сүрөттөөлөрү адамдын адам таанууга болгон ой жүгүртүүсүнүн ортосундагы ажырымдын  деңгээлин көрсөтүшү – бул адам жөнүндөгү философиясынын негизги багыттарын аныктап берет. Ошонтсе деле  бала Момунду, Кемпирди, Орозкулду жаман деп айтпастан, тескерисинче алардын Адам экендигин мактайт. Бирок адамгерчилигине шек келтирбейт. Бул Нургазынын адам таануу философиясы болчу.

  • Адамдын адамдык философиясы – бул субстанция эмес, ал өзгөчө формадагы чыгармачылык процесс болуп саналат. Ч. Айтматов адамдын адамдык философиясынын негизи катары – адамдын турмушта кантип жашаганынан эмес, адамдын акыл эси менен жан дүйнөсүнүнмүмкүнчүлүктөрүнүн кантип пайдаланып жатат деген суроо менен жооп берет.

Ч. Айтматовдун түшүнүгүндө Адам – бул коомдук чөйрөнүн эң башкы ресурсу жана фигурасы болуп саналат. Коомдун өнүгүшү да, анын экономикасы да, маданияты да искусствосу да Адамга байланыштуу.

Бирок адамдын адам болушу – өнүгүшү, жашоосу бирдей эместей эле, адамдын акыл-эси да бирдей эмес. Себеби, адамдын адам болушу – бул анын чөйрөсүнө, тарбияланышына, билим деңгээлине жана мамилесине байланыштуу болгондуктан адамдын өнүгүшү эч качан бирдей болбой тургандыгын, ошондуктан коомдун мазмунун камсыз кылууда ага тийешелүү формаларды пайдалануу зарыл экендигин Айтматов өзүнүн “Кылымга тете бир күн” жана “Деңиз бойлоп жорткон ала дөбөт” деген   романдарында көрсөтө алган. Буга мисал катары – темир жолчу Эдигейдин  образын айтсак болот. Айтматов үчүн Эдигей – бул адам болуунун эң сонун парадигмасы. Себеби, ал дайым жупуну, калп сүйлөбөгөн, ар бир ишке, кыймылга, мамилеге акыл-эсти калчап мамиле кылган адам. Эдигейдин моралдык табитин көргөн сайын мен А. Чеховдун, адам жөнүндөгү айткан сөзү – адам ар тараптан сулуу болушу керек деген сөзүн эстейм.

Ч. Айтматов жазуучу катары адамдын адам таануу философиясынын негизин кайдан алды? – деген суроо берип, ага жооп издесек. Айтматов көптөгөн идеяларды байыркы мифологиядан алгандыгы көрүнүп турат.

  • Себеби коомдук чөйрөдө көркөм адабият калыптанганга чейин элде турмуштагы өмүр менен өлүмдүн, жамандык менен жакшылыктын, айкөлдүк менен зомбулуктун, мамилелердин келип чыгышын жомоктордон, уламыштардан, миштерден алгандыгы даана көрүнүп турат. Буга мисал катары Айтматовдун бир катар романдарындагы Маңкурт, Бугу эне, эмбрюндун (түйүлдүк) асманга учуп кетиши, же болбосо “Ак кеме” повестиндеги баланын балык болуп кетиши жөнүндөгү уламыштары – бул Айтматов үчүн реалдуу дүйнө катары коомдук чөйрөгө кирип, ал аркылуу адамдын социалдык абалы  менен социалдык образынын  артыкчылыктарын көрүп жатышы – бул Айтматовдун фономени болуп саналат.

Дагы бир айта кетчү нерсе – бул байыркы гректердин мифологиясында Адам жөнүндө мындай деп айтылган; “Адамчындыкка айланышы үчүн, ал өзүнө адамдай мамиле кылыш керек” – деп баса көрсөтүлгөн. Демек адамдын адам болушу – бул өзүнө адам катары мамиле кылганга байланыштуу болот.

Маселен Ч. Айтматовдун “Бетме-бет” повестиндеги Ысмайылды алалы. Ысмайыл – бул реалдуу адам.

Бирок согуш – Ысмайылды таптакыр өзгөрттү. Болбосо үч күн мурда айыл, үй бүлөсү Ысмайылды фронтко узатканда – ал башка, адам Ысмайыл болчу. Качан Ысмайыл согушка бара жатып, вагондон мылтыкчан качып, айылга келип, үңкүргө качып киргенде – биз башка Ысмайылды, чыныгы адам эмес, качкын, элин, жерин, үй-бүлөсүнүн тагдырын ойлобогон Ысмайыл болуп чыга келди. Бул болсо адамдык сапаттан ажыраган Ысмайыл болчу. Повестте Ысмайылдын үңкүрдө качкын катары жашоосу, окуя чыңалып, бирөөнүн жалгыз уюн уурдап келип союп алышы, бир үй бүлө сүт менен жашап жаткан жеринен, биротоло ачкачылыкка кабылышы, алардын ууруну каргашы, жек көрүшү – бул Ысмайылды адамдык закон-ченемдүүлүктөн биротоло  ажыратты.

Акырында аялы Сейденин жаш баласын бооруна кысып алып, үңкүргө барышы – бул Сейденин адам катары бийик турганын көрсөтүлүшү – бул Чыңгыз Айтматовдун адамдын адамдык философиясын дагы бир жолу тастыктады.

Байыркы грек философу Сократ айткандай адам – бул татаал процесс. Дал ошол адам өз акыл-эсин туура  пайдаланбаганда гана адам – моралдык жактан да, психологиялык жактан да трагедияга кабылат.  Буга мисал катары Айтматовдун “Кызыл жоолук жалжалым” повестиндеги Ильястын образын айтсак болот. Ильяс  чындыгында эле көңүлү таза, шайдоот, өз эркин башкара билген адам катары көрүнүп, ал турмак сүйүүгө да туруктуу, үй-бүлөгө камкөргөн ата катары көрүнөт.

Бирок Ильястын диспетчер Кадчанын тилине кирип, анын үйүндө түнөп калбаганда бир үй бүлө бузулбайт болчу. Бир үй бүлөнүн талкаланышына  Ильястын эркинин боштугу, ишенчээктиги жана ак көңүлдүгү, автобазадагы ага болгон сый-урматтын, ишеничтин бардыгын, ал турмак ак сүйүүсүн да  жоготуп алып, ал абалды канчалык түзөйүн десе да, анын стихиясы жаңы нукка түшө албады. Мына адам деген эмне? – Адам – бул татаал сезимдердин обүектиси.

Ошондуктан Ч. Айтматов баса белгилеген “Адам болуу кыйын, ал эми күндө адам болуу андан да кыйын” –  деген сөзү Айтматовдун адамдын адам таануу философиясынын башкы лейтмотиви болуп саналат жана бул сөз  акылман сөз катары тарыхта кала берет.

 

Аким Акжолов,

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин профессору,

кыргыз, дүйнөлүк элдер адабиятынын

жана журналистика кафедрасынын окутуучусу.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17