Аймак

Ч. АЙТМАТОВДУН ЧЫГАРМАЧЫЛЫГЫНДАГЫ ГЕРМЕНЕВТИКА ЖЕ ТЕКСТИК ПСИХОЛОГИЯНЫН ӨЗГӨЧӨЛҮГҮ

Ч. АЙТМАТОВДУН ЧЫГАРМАЧЫЛЫГЫНДАГЫ  ГЕРМЕНЕВТИКА ЖЕ ТЕКСТИК ПСИХОЛОГИЯНЫН ӨЗГӨЧӨЛҮГҮ

 6,019 Бардыгы /

Ч. Айтматовдун чыгармачылыгына байкоо жүргүзүп көрсөк ал өзүнүн каармандарынын гана эмес, бүтүндөй чыгармаларынын  структурасын  карап көрсөк андагы бир өзгөчөлүк Айтматов  сүрөткер катары текстик психологияга   жана тилдик философияга өзгөчө маани бергендиги көрүнүп турат  .

Ачыгын айтыш керек Ч. Айтматов адабият айдыңына келгенде эле б.а., “Жамийла”, “Биринчи мугалим”, “Саманчынын жолу” деген эң мыкты чыгармаларында герменевтикага же текстик психологияга өзгөчө маани берүү менен заманындагы жазуучулардан айырмаланып турду.

Герменевтикалык жана текстик психологиядан алганда Ч. Айтматов өзүнүн темасындагы окуяларды, көрүнүштөрдү, кубулуштарды тим гана көркөм сюжеттик линиялар менен гана берип койбостон ошол окуялардын, проблемалардын, көрүнүштөрдүн жана окуялардын психологиясын, окуяга катышып жаткан адамдардын ички психологиясын бир бүтүн нерсе катары кароо менен, аларды коомдун психологиясына дал келтирип, аң-сезимди гана эмес, социалдык абалдын да өнүгүшү аркылуу баяндап, реалдуу дүйнөнүн улуу портретин же образын ачып, Айтматов адабиятты башкаларга окшобогон стилин, мотивин таба алды.

Ч. Айтматовдун герменевтикасы деген эмне? – деген суроо пайда болот. Герменевтика деген түшүнүктүн негизин – тил түзөт. Бул терминди немец философу Ф. Шегель киргизип герменевтиканы – “тилдин философиясы же тил аркылуу түзүлгөн чыгармадагы текстин жандуу жана обүективдүү образы катары караган. Башкача айтканда Герменевтика – бул текстин маанисин, мазмунун түшүнүүнүн чеберчилиги жөнүндөгү окуу – деп түшүндүрөт. Дагы бир немец философу Гадомер.

Ч. Айтматовдун чыгармачылыгындагы дагы бир өзгөчөлүк – бул текстин психологиясына өзгөчө маани бергендигинде. Анткени Айтматовдун текстке жана анын психологиясы окурмандарды өзүнө тартып алууга мүмкүндүк бере турган негизги фактор экендигин абдан жакшы түшүнгөн.

Ч. Айтматовдун ар бир чыгармасын окуп олтурсаң дайым эки чоң нерсеге абдан көңүл бурат.

1) Коомдун проблемасынын психологиясы – реалдуу форма катары.

2) Коомддогу адамдын психологиясы – социалдык көрүнүш катары.

Дал ушул реалдуу форма менен социалдык көрүнүштү көркөм сүрөттөп берүүдө, б.а., коомдун мазмуну болгон тил искусствосу Айтматов үчүн өтө маанилүү болуп саналат. Демек тилдин философиясын түзгөн герменевтика менен коомдун психологиясын түзгөн объективдүү образдар дүйнөсү Айтматовдун ой жүгүртүүсүндөгү негизги блоктору болуп саналат. Башкача айтканда ой жүгүртүүнүн социалдык деңгээли – тилдик психологиянын берилишине түздөн-түз көз каранды экендиги табыгый иш.

Тексттик психология – Айтматовдун чыгармачылыгындагы башкы кредо болуп саналат. Себеби текстик психологияга – бул адамдын коомдогу же адам турмушундагы көптөгөн проблемаларга болгон кубанычы, кайгысы, щкънъъсъ, адамгерчилиги жана зомбулугу, айкөлдүгү жана жапайычылык мүнөзү сыяктуу моралдык сапаттарды турмуштук облик  катары сүрөттөп бергендиги менен да өзгөчөлөнүп турат.

Ч. Айтматовдун көркөм чыгармаларындагы эң башкы проблема – бул адамдын адамдык сапаты жөнүндөгү проблема –  – эң башкы орунда турат. Чындыгында адамдык проблема – бул коомдун социалдык психологиясына тыгыз байланышкан. Маселен “Жамыйла” повестин алып көрөлү.

“Жамийла” повести – бул айыл турмушунан алынган чыгарма. Чыгарма согуштун психологиясында жашаган айыл адамдарынын көркөм образдары биринчи орунга коюлган. Алсак башкы каарман Жамыйла да согуштун психологиясында жашаган айылдын бир мүчөсү, тагыраак айтканда бир үй бүлөөнүн келини.

Повестеги тексттен биз Жамыйланын адамдык психологиясын фронттон келген күйөөсү Садыктын катынан улам даана байкайбыз. Анткени фронттон кат келгенде бала катты ата-энесине дайыма угуза окуп берчү. Ошондо Жамыйла катта мен жөнүндө эмне деп айтты экен депдалиске жөлөнө калып, кыйгач ачылган эшиктен акырын уурдана карап каттагы сөздү угуп турчу. Күйөөсү адатынча Жамыйланы катынын акырында гана берип “Жамыйла да жүрөбү?” – деп бүтүрүп койчу – деп сүрөттөп  Айтматов текстин психологиясын абдан чебер колдонгондугун биз даана байкайбыз.

“Жамыйла” повестиндеги Жамыйланын ички психологиясы айылдагы колхоздун жетекчисинин сунушу боюнча жайында жыйналган үрөндү согуша жөнөтүүчү жайга жеткирүү үчүн атка арабакеч катары ишке кабыл алгандан кийинки окуялар чыгарманын психологиясына б.а., чыгарманын тилдик психологиясы аркылуу чагылдырып берүүсү – бул бүтүндөй чыгарманын башкы леймотивине айланган. Тагыраак айтканда китептеги окуяны, көрүнүштү, адамдык мамилелерди сүрөттөп берүү менен Ч. Айтматов өзүнүн герменевтикасын түзө алган.

Маселен Жамийланын Даниярды  арабакеч катары эмес, аны адам катары абдан аяп, ал ички санаркоосу, аны аяоо сезими кайдан келгенин байкабаган Жамийла да Даниярдын оорулуу буту менен бир чоң капты трамп менен жогору көтөрүп бара жаткан оор абалдан улам, аны аяп – ташта! Данияр, капты ташта! – деп кыйкырып, чебелектеген калыбында турганын Айтматовдук тил абдан мыкты сүрөттөп берүү менен Жамийланын адамдык психологиясын ачып бере алган.

“Жамийла” повечтинде Ч. Айтматов окуянын психологиясын эмес, окуяга катышкан Жамийла менен Даниярдын психологисын дайыма алдыңкы планга коюп караган.

Ч. Айтматовдун өзү тил маселесине кайрылып, тилди аң-сезимди өнүктүрүүнүн негизги каражаты катары караган. Ошондуктан тилдин факторлору аркылуу тилдин философиясын жана психологиясын мыкты өздөштүрүп, текстти жана анын сюжеттерин ыктуу колдонуу менен чыгармаларынын таасирдүүлүгүн бийик көтөрө алгандыгы менен айырмаланып турат.

Анын “Бетме-бет” чыгармасы башынан аягына чейин курч сюжеттер коштоп жүрөт.Маселен Ысмайылдын поездден түшүп калышы, анан  айылына жакын жердеги мүрзө аркылуу үңкүргө киргени, кеч болуп калганда мындан үч күн мурда апасы узаткан үйгө кирип келиши, кайрадан үңкүргө кетиши сыякьуу чыгармадагы өзгөчө мотивдер чыгарманын герменевтикасын жана текстин психологиясын камсыз кылуу менен эң башкысы Ысмайылдын жан дүйнөсүндөгү катаклизмди аялы Сейде сезүү менен, бирок аялдык сезим менен аны аяп кетиши жана коргошу, а бирок бирөөнүн уюн уурдап кетип союп алган жерине келгенде аялы Ысмайылдын адамдык түшүнүгү ыплас экендигин сезгенден кийин ага болгон мамилеси өзгөрөт.

Дегинкисин айтканда Ч. Айтматов өзүнүн “Бетме-бет” повестинде адамдук сапатка адамдык мамиленин дал келбегендиги – бул адам үчүн өтө опурталдуу дүйнө экендигин башкаларга ушул повесть аркылуу эскертип жатпайбы.

Көркөм адабиятта “Адам – окуя – мамиле жана образ” деген формула бар. Бул формула – адабият үчүн түбөлүктүү болуп көрүнөт. Бирок окуяны баяндап берүүдө тилдик каражаттардын, айрыкча адамдагы Сүйүү, өкүнүү, жаңылануу, өзүн жазага тартуу, кыйналуу сыяктуу психологиялык абалдарды, эгер жазуучу чебердик менен колдонсо, анда чыгарманын негизги образы пайда болот. Бул жагынан алганда Ч. Айтматов башка жазуучулардан айырмаланып чыгармага сюжет катары мифологияны, элдик уламыштарды, жомокторду, байыркы элдик үрп-адат, салттарын, эң башкысы Адам менен жаратылыш – бул бир бүтүн гармония экендигин, эгер ушул гармония тең салмактуулугун жоготпосо, анда сөзсүз катаклизм боло тургандыгын өз окурмандарына идея катары тартуулап келет.

Ч. Айтматовдун тексттик психологиясы герменевтика (тилдин философиясы) катары анын “Ак кеме”  повестинде өзгөчө мыкты мотив катары берилген. Китептеги башкы каарман Нургазы эң алгач адамдарды баардыгы бирдей, боорукер Момун чалдай мыкты сапаттагы адамдар болот турбайбы деп бекем ишенген. Бирок бара-бара Момун чалдын күйө баласы Орозкулдун аялына, кайнатасына болгон орой жана жек көрүндү мамилелери, эң башкысы Орозкулдун начар жүрүм-туруму, эң начар мамилеси баланын жүрөгүн оорутса, экинчиден Момундун кемпиринин аялдык  сапатынын начардыгы Нургазыны экинчи жактан абдан кыйнап, ал кыйноону сыртка чыгарбай, бардык көрүнүштү ичинде калтырып келгендиги белгилүү.

Китептеги токойго бугулардын келиши Нургазынын кыялын өзгөрттү. Себеби Момун ага Бугу эне жөнүндө жомок айтып бергени, баланын жаратылышка болгон ишенимин күчөткөн. Ошондон улам бир жолу Момунга бала мынтип кайрылат.

  • Чоң ата, эмне үчүн Орозкул байке Бекей эжемди уруша берет?
  • Ээ, алар балалуу болбой жатышпайбы!
  • Анда неге Орозкул байке Бугу энеден бала сурабайт?
  • Ээ, балам ошол Бугулар эчак эле кетип калышкан деген жерлер бар.

Ошондой болсо да баланын көңүлүн иренжиткен бир чоң окуя – бул райондун чоңдору келип алып токойдогу бугунун этин бөлүштүрүп, ал эми Орозкул Бугунун башын балта менен талкалап жатканда бул көрүнүштү, окуяны өз көзү менен көрүп турган бала да Орозкулга окшогон адамдарга болгон ыйык, таза сезими жоголот. Адамды адам кылып баккан, өстүргөн биздин тукумубуздун башаты болгон Бугунун башын талкалап жаткан көрүнүштөн кийин бала абдан каттуу ооруп калып, аягында балык болуп деңизге кетүүнү ойлонот.

Ч. Айтматов бул повестинде ар бир окуяны, турмуштук деталды, каармандардын мүнөзүн сүрөттөп, аларды образга айландырууда текстик психологияны абдан мыкты колдонгондугу үчүн китептин ар бир окуясы адамдын жан дүйнөсүнө өзгөчө таасир берип турат. Эң башкысы герменевтика катары сөздүн психологиясын туура тапкандыгы китептин деңгээлин бийикке көтөрүп кеткен.

  • Ч. Айтматовдун чыгармачылыгындагы эң башкы баалуулук – бул Адам таануу жана Адам философиясынын – проблема катары берилиши болуп саналат.
  • Адам жана коом коомдук чөйрөдө Абалга, шартка, мезгилге жана окуяга жараша өзгөрүп турат. Маселен Ч. Айтматовдун көптөгөн чыгармалары согуш темасына арналгандыктан ошол эле Ысмайыл, Толгонай (“Саманчынын жолоу”), (“Эрте жаздагы турналар”), сыяктуу каармандар жана алардын мүнөздөрү согуштук шартка жараша таптакыр өзгөрдү. Алардын мүнөздөрү гана эмес, коомдук өнүгүшкө жасаган мамилелери да бир топ өзгөрдү. Айрыкча “Саманчынын жолу” повестинде Толгонайдын эл ичинде катылып жаткан данды жыйнап жүргөн жери бар. Ошондо анын:
  • Эмнеге тикирейип карайсыңар?! – Эмне, ушул жарым мүшөк данды өзүнө алат деп жатасыңарбы?! Тиги жакта согуш жүрүп жатат! Солдаттарга кийим, аш керек! – аа, биз болсо бир өлбөстүн күнүн көрөөрбүз! – деген текстте эмне деген психология жатат? Бул психология – мезгилдин психологиясы болчу. Айтматов дал ушул сыяктуу сюжеттердин психологиясын ачык, так сүрөттөп берүү менен адамдардын жүрөгүнө адам жакшылык менен жамандыкта кандай болуш керек экендигин образдар, окуялар аркылуу көрсөтүп жатпайбы. Демек текстик Герменевтика башкы орунда турат.

Ч. Айтматовдун чыгармаларындагы тексттик психологиянын негизин эмне түзөт? – деген суроо бергенде, тартынбай эле баарыдан мурда Адам философиясы түзөт деп жооп берсек болот.

Себеби Адам философиясы – бул коомдук чөйрөдө да, коомдук аң-сезимде да өтө татаал турмуштук процесстер менен өткөн обүективдү жагдайлар менен бирге карайбыз.

Батыштын жана Чыгыштын философтору Адам – бул баарыдан мурда Руханий субстанция. Себеби адам адам болуп туулуп, адам болуп өлөт. Бирок анын жашоосу, мазмуну жагынан бирдей болгону менен формасы жагынан бирдей боло албайт. Себеби адам – монотондуу көрүнүш эмес.

Байыркы философтор Адамды 2 топко бөлүп карайт:

  • Салттуу адам.
  • Идеалдуу адам.

А) Салттуу адамга – карапайым, жөнөкөй, туруктуу аракети бар, турмушту өзгөртүүгө умтулган адамдар кирет.

Б) Идеалдуу адамдарга – бийлик башчылары, баатырлар, окумуштуулар, акылмандар, сейрек таланттуу адамдар, белгилүү спортсмендер.

Ал эми Ч. Айтматов – өзүнө руханий жана духовный баалуулуктарды, жогорку моралдык  сапаттарды, демократиянын жана гуманизмдин сабактарын мыкты өздөштүргөндүгү үчүн – анын чыгармаларын дал ушул баалуулуктар структура катары кармап турат.

Ачыгын айтыш керек Ч. Айтматов өз чыгармаларында Адам философиясын башкы орунга коюп, адам өзүнүн өнүгүүсүндө тээ мифологиядан тартып, глобализация менен интеграциянын шартында  жашап жаткан менен, айрым учурда жөнөкөй эле көрпенделик  чектен чыга албай кандай гана катачылыктарга жол берип жаткандыгын, ал катачылыктар тим гана жекеликтин катаклизми болбостон, ал жалпы адамзатка тийешелүү трагедияларды жасап жаткандыгын текстик психология  менен берип жаткандыгы менен өзгөчөлөнөт.

Буларды биз Ч. Айтматовдун “Кылым карытаар бир күн” жана “Тоолор кулаганда” романдарынан көрүүгө болот.

“Кылым карытаар бир күн” деген романында символикалык түрдө коюлган “Поезддер батыштан чыгышка, чыгыштан батышка байма-бай каттап турушту”  деген текст бар. Бул текст Айтматовдун өзгөчө ой жүгүртүүсүнөн улам жаралып, бул фраза – Батыштын акыл эси, түшүнүгү, тили, технологиясы – Чыгышка, ал эми Чыгыштын философиясы Батышка улам-улам бири-бирине кирип, дүйнөлүк глобализация менен интеграциялык процесстер жүрүп жатат деген ойду айткан.

Дал ушундай шартта бир топ чөлдү аралап өткөн темир жолдо бекетчи болуп иштеген Эдигей деген адамдын жашоосу, адамдык философиясы – анын туруктуу образы аркылуу коомдо Адам кандай болуш керек деген идеяны Айтматов алдыңкы планга алып чыккандыгы кокусунан эмес. Себеби, Эдигей байлыкка умтулбаган, бирок өзүнүн турмушу бар, өзүнүн турмушка болгон ой жүгүртүүсү бар, чынчыл, эмгекчил, таза адам. Анын Казгангап өлгөндө аны адам катары жерге берели деген аракети Казгангапка болгон мамилеси, кошуна кыштарга бул жөнүндө кабар бериши жана өлүктү көмүүгө даярдык көрүшүн баяндаган толгон сюжеттер – текстин психологиясы менен коштолгондугу үчүн текст чыныгы текстик философияга (герменевтикага) ээ болуп олтурат.

Романдагы дагы бир идея – бул дүйнөлүк масштабда токтобогон согуштук  аракеттер, зордук, зомбулуктун күч алышы, жарыша куралдануу, ракеталардын көптүгү – бул келип-келип бир мезгилде жалпы адамзатка чоң трагедия алып келээрин текст аркылуу эске салышы – бул Айтматовдун текстик философиясынын артыкчылыгы болуп саналат.

 

Аким Акжолов, Жалал-Абад мамлекеттик университетинин профессору, филология факультетинин кыргыз, дүйнөлүк адабият кафедрасынын окутуучусу.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17