Аймак

СУУК ТҮШСӨ ДАГЫ КАРА-СУУДА ПАХТА ТЕРИМИ ТОКТОЙ ЭЛЕК

СУУК ТҮШСӨ ДАГЫ КАРА-СУУДА ПАХТА ТЕРИМИ ТОКТОЙ ЭЛЕК

 2,999 Бардыгы /

 

            Түштүк жергесине быйыл кыш эрте баш бакты. Соӊку күндөрдө тоолорго кадимкидей кар жааса, а талааларды тегиз суук каптады. Ошого карабастан Кара-Суу районунун талааларында  пахта терими адаттагыдан тыш кызыды.

-Каран калгырдыкы, суук негедир быйыл Кара-Сууга дагы эрте түштү, – деп кабатыр Кара-Суу районундагы “Досматбек” дыйкан чарбасынын жетекчиси Алымжан Досматов.

– Айлам таптакыр куруганда моминтип өзүм дагы этек байланып, элге кошулуп агаттарды аралап пахта терип жүрөмүн. Күнүнө 100 килодон кем эмес жыйнаймын. Бул экинчи терими. Дыйкан чарбасы ушул тапта теримчилерге ар килосуна жети сомдон эмгек акы төлөп жатат. Биринчи териминде ар килосуна беш сомдон төлөгөнбүз. Азырынча он эки гана кишин жалдап иштетип жатабыз. Эгерде күн жакын арада азыркыдан бешбетер сууктаса, анда башка аракеттерди дагы аргасыз жасамакчыбыз.

-Үйгө атайын барып оокаттанып, таптакыр убара чекпейбиз, – деп кепке кошулду теримчи кыз Одина Досматова.

– Талаада эле даамдуу тамак-аштарды белендешет. Ошону кичине тынганча ичебиз. Күнүнө 120 килодон жөн эле терип таштаймын. Биринчи теримде килосуна беш сомдон төлөштү. Эми мобул экинчи теримде килосуна жети сомдон талаада эле төлөп жатышат. Шартыбызды көрдүӊүздөр го, кудайга шүгүр.

Кара-Суу райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчиси Кубаныч Мамедовду пахта талааларын жаӊы гана кыдырып бүтүп, кеӊсесине кирип эми көчүк басканда кармадык .

-Былтыр 5656 гектарга пахта эккенбиз. Анын ар гектарынан 30,1 центнерден түшүм жыйнаган элек, – деди Кара-Суу райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчиси Кубаныч Мамедов.

– А быйыл 7057 гектарга “ак алтын” эккенбиз. Ушул тапта дээрлик 70 пайызы жыйналып бүттү. Эсептегенде гектарынан 27.8 центнерден топтолууда. Быйыл пахтаны жылдагыдан көп эктик. Биринчиден, баасы кыйла эле жогорулады. Экинчиден, суулуу аянттардын көбү ээн калгандыктан, бош жерлерге бүт пахта эктик. Учүнчүдөн, дыйкан жана фермердик чарбалар пахта заводдору менен алдын ала сүйлөшкөндүктөн, тигилер аларды чигит, урук, техникалар менен күн мурунтан жана зарыккан мааалда үзгүлтүксүз камсыз этишти. Эми алар бизге берген жардамдарын – чыгымдарын “ак алтынды” пахта заводдоруна тапшырганда гана чыгарып алышат.

Айтмакчы, ушул тапта Кара-Суу районундагы Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүндөгү “Коттон-Текстил Фентори”, Жоош айыл өкмөтүндөгү “Кум-Арык” жана Ош шаарындагы “Ак-Текс” пахта заводдору дыйкандардын түшүмүн үзгүлтүксүз кабыл алып жатышат.

-Бирок, биз деле орчундуу көйгөйдөн куру эмеспиз! – деп кайрадан кепке аралашты Кара-Суу райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчиси Кубаныч Мамедов. – Ар жакка чапкылап, баш дагы оорутпай, дыйкан чарбаларды Кыргыз Өкмөтү түздөн-түз жетиштүү жана сапаттуу үрөн, минералдык жер семирткичтер, күйүүчү-майлоочу заттар менен арзандатылган баада гана толук бойдон камсыз этсе, албетте, чоӊ соопко калмак.

Сапарыбыз карыганда кечке маал Ошко кайттык. Кара-Суу районунун пахта талааларында дагыле иӊирде теримчилер баш көтөрбөй иштеп жүрүшөт. Буларды көрүп, дыйкандарга көӊүлүбүз ыраса жылыды. “Кудай булардын мээнетин кайтарса экен?” деп тиледик.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз, Каара-Суу району

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17