Аймак

Ырдап жүр АПАКЕМ

 12,766 Бардыгы /

 АПАКЕМ

Сөзү:  Баян Акматов

Обону:  Кубаныч Алиев

Аткаруучу:  Ишен Назаров

Ойнотуп бизди жетелеп,
Оорутпай бактың бөпөлөп. 
Калкалайт мээрим жамалың, 
Карызбыз сизге эселеп.

          Кайырма:

Кайгымды тартың темселип,

Карыздар ким бар менчелик.
Жүк болгон күнүм эстесем,
Жүрөгүм ооруйт өйкөлүп.
Ааламды нурга бөлөйсүң,
Ак көйнөк кийсең көйкөлүп.
Ааламда бир да аялзат,
Ажарлуу эмес сенчелик,
Сулуу эмес апа сенчелик.
 

Үмүттүн отун жандырган,
Үй ичин майрам шаң кылган.
Өмүргө бизди алып келген, 
Энелер үчүн жан курман.
       Кайырма
Өмүрдө канча арман бар,
Өзүң бар демек майрам бар.
Бейиш деп сенин таманың,
Белгилеп айткан пайгамбар.

          Кайырма

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17