Өлкө аймактары менен кубаттуу
ОШТО “АЛА-ТОО ЖАЗЫ” ФЕСТИВАЛЫ ӨТӨТ
МАНАС ШААРЫНДА ЖАҢЫ СОЦИАЛДЫК БОРБОР АЧЫЛДЫ
МАЙЛУУ-СУУ ШААРЫНА ЖАҢЫ МЭР ДАЙЫНДАЛДЫ
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
6,752 Бардыгы / Бул макала “Окурмандан ой пикир” рубрикасына окурман тарабынан жазылган. Аймак редакциясынын көз карашын билдирбейт. Урматтуу окурмандар Сиз да коомдо болуп жаткан окуялар тууралуу ар кандай ой-пикирлериңизди жазып калтырсаңыздар болот. Эртең 23-сентябрь кыргыз тили мамлекеттик тил макамын алганына 28 жыл толот. 28 жылдан бери бул күн салтанаттуу майрамдалып келет. Бүгүн Жалал-Абадда шаардык деңгээлде тил […]
6,753 Бардыгы / Бул макала “Окурмандан ой пикир” рубрикасына окурман тарабынан жазылган. Аймак редакциясынын көз карашын билдирбейт. Урматтуу окурмандар Сиз да коомдо болуп жаткан окуялар тууралуу ар кандай ой-пикирлериңизди жазып калтырсаңыздар болот. Эртең 23-сентябрь кыргыз тили мамлекеттик тил макамын алганына 28 жыл толот. 28 жылдан бери бул күн салтанаттуу майрамдалып келет. Бүгүн Жалал-Абадда шаардык деңгээлде тил […]
ЖАЛАЛ-АБАДДАГЫ КЫРГЫЗ ТИЛИ МАЙРАМЫ КАНТИП ӨТТҮ
22.09.2017 / Автор aymak

6,754 Бардыгы /
Бул макала “Окурмандан ой пикир” рубрикасына окурман тарабынан жазылган. Аймак редакциясынын көз карашын билдирбейт. Урматтуу окурмандар Сиз да коомдо болуп жаткан окуялар тууралуу ар кандай ой-пикирлериңизди жазып калтырсаңыздар болот.
Эртең 23-сентябрь кыргыз тили мамлекеттик тил макамын алганына 28 жыл толот. 28 жылдан бери бул күн салтанаттуу майрамдалып келет. Бүгүн Жалал-Абадда шаардык деңгээлде тил майрамы өткөрүлүп жатат деп угуп, бардым. Иш чара алгач жарманке менен башталды. “Ариет” балдар чыгармачылык борборунун кол өнөрчүлүгү коюлуптур. Жасагандары кыргызча ою-чийүүсү тимеле укмуш бирок жан кейитип, орус тилинде “папа-мама” деп сайма сайып койгонун көрүп, ичимден оор үшкүрдүм. Жаштарыбыздын “чала кыргыздыгы” кол өнөрчүлүгүбүзгө да жеткен экен. Шаардагы беш аймактык башкаруу тамак-аштан жарышыптыр. Аш, Беш бармактан тарта, козу гриллге чейин коюшуптур. Азаматтар. А бирок “Спутник” аймактык башкаруусу тоготпогонбу беш алты нан менен алма, жүзүм мөмөлөрүн гана эптеп алып чыгыптыр. Башкалардын жетекчилери кошо бапырап чуркап жүрүшсө булардан түзүк бир өкүл да көрүнбөдү. Жап жаш эки кызды кароол кылып коюптур. Андан соң, Барпы театрында концерттик иш чара болду. Эң жакшы башталды десем болот. Кыргыз тили гимни жаңырып, баары ордунан туруп, колун жүрөгүнө коюп ырдашты. Шаардын жүзүн “Ариеттин” жаш таланттары жабат бейм, жалаң эле алар ырдап бийлеп жатышты. Жалал-Абадда ырчы-чоорчулар абдан көп эле. Аттиң бирөөсү да келбептир. Ким билет балким шайлоолоп кетишкендир. Облус жетекчи, шаар башчылардын өздөрү тургай жардамчы, орун басар, жок дегенде алар менен кай жакка барса эрчип алчу мекеме жетекчилеринин карааны да көрүнбөйт. Көрүүчүлөрдүн баары жаштар, студенттер. Алар да студенттигин кылышты. Кимдир бирөө бар деп айласыз жөнөткөндүгүн билдирип коюшту. Майрам сайын ардак грамоталар аябай берилип, алган кызматкерлер чыкыйып келишет да, колуна сыйлык тиер менен артын карабай жөнөчү эле. Концерт иш чарага киргенден кийин сый үчүн да, этика үчүн акырына чейин отуруу маданияты алда качан унутулган го. Анын сыңары бул майрамда сыйлыгын колуна алып жөнөгөндөр менен көрүүчүлөр кошо жөнөп калышты. Зал бир оодарылып алды окшойт. Байкуш сахнага жаңы эле көркөм окууга чыккан кыз, бир аз оңтойсуз абалда токтоп калды. Театрдын кызматкери эшикти жаап студенттерди чыгарбай койду. Ошентип кете албай кайра отуруп баштаганда көркөм ыр окулуп баштады. Шаардык деңгээлдеги кыргыз тили майрамы жетекчилерсиз, эл сыйлаган маданият кызматкерлерисиз өттү. “Айт сени шайлоо” – деп аны күнөөлөп койдум. Эл дүрбөсө эшек кошо дүрбөйт болуп жүрүшөт окшойт.
Элдик сынчы
Автор aymak
-
-
-
22.12.2025 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ЖЫЛ МАЙРАМЫН ТОСУУДАГЫ ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТАҢЫЗДАР!
-
04.04.2026 / Автор anarkan_kg БИШКЕКТЕ СПОРТТУК КҮРӨШ БОЮНЧА АЗИЯ ЧЕМПИОНАТЫ ӨТӨТ
-
03.04.2026 / Автор anarkan_kg ОШТО “АЛА-ТОО ЖАЗЫ” ФЕСТИВАЛЫ ӨТӨТ
-
03.04.2026 / Автор anarkan_kg МАНАС ШААРЫНДА ЖАҢЫ СОЦИАЛДЫК БОРБОР АЧЫЛДЫ
-
10.04.2025 / Автор anarkan_kg КЫЗ-КЕЛИНДЕР АРАСЫНДА ВОЛЕЙБОЛ ОЮНУ БОЮНА СПОРТТУК МЕЛДЕШ ӨТТҮ
-
23.04.2025 / Автор anarkan_kg АВТОЭЭНБАШТЫК ЖАСАГАН АЙДООЧУГА 15 МИҢ АЙЫП САЛЫНДЫ
-
29.04.2025 / Автор anarkan_kg ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.