Аймак

ОРТОКТОН ЧЫККАН ОРОШОН ТАЛАНТ (Таланттуу акын Турдалы Алыбаевдин 80 жылдыгына карата)

ОРТОКТОН ЧЫККАН ОРОШОН ТАЛАНТ (Таланттуу акын Турдалы Алыбаевдин 80 жылдыгына карата)

 2,987 Бардыгы /

«Эмнеликтен, билбейм өзүн кандаймын,

Кабатталган тоолоруңду ар дайым.

Көргөн кезде элестетем көзүмө,

Атакемдин бырыш баскан маңдайын».

Ушул төрт саптан эле элеттен, болгондо да жаңак токойлору көк тиреген, жарымы күңгөй, жарымы тескей бете жайгашкан чакан айыл-ортокту элестетүүгө да, элесин көз алдыга да келтирүүгө дегеле мүмкүн эмес. Сынчы болбогон соң чыгармаларынын идеяларык – көркөмдүүлүгү, ой жүгүртүүсү жөнүндө ой калчаганым туура эместир. Андан көрө акын туурасында ага жолукканда айтканын (арадан 51жыл өтсө да) окурмандарга кенен-кесири айтып бергеним оңдур.

 

АЛГАЧКЫ ДА, АКЫРКЫ ДА ЖОЛУГУШУУ

Биздин үй жолдун боюнда. Ары-бери өткөндөр, көбүнчө Ортокко каттагандар жөө-жалаң катташчу. Айрымдары суу, кээлери айран сурайт. Болгону кайрылгандарга берип турчубуз. Тагам Баатырбек актив, Сары-булак, Кара-Булак айылдарындагы ишти тескейт. Эки айылдын «президенти». Чаң чоту бар эле аны дайым көтөрүп алчу. Күндөрдүн биринде, жаңылбасам 1967-жылдын август айынын акыркы күндөрүндө үйүбүзгө бир адам кирип келди.

– Иним, сууңар болсо бир чыны берип кой. Көз ирмемде айтканын аткардым.

-Ыракмат иним, ушул үйдө жашайсыңарбы?

– Ооба, тагдырдын жазмышы экен. Ата-энем жаштайымдан ажырашып кетиптир Ата ордуна да апа ордуна да акем (анда Батырбекти тагап деп оозанган да эмесмин) канатына калкалап келатат.

– Сөзүңө караганда чыгармачылыкка кызыгат окшоймуң?

– Ошондой, илимге кызыгам. Өткөн жылы Фрунзеге барып Университетке өтпөй келдим. Быйыл Ош пединститутуна да өтпөй калдым.

– Иним ага капа болбо. Ыр жазасыңбы?

– Жазам. Бирок, газеталарда жарыялана элек. Болгону райондук газетага бир кабарым, «Кыргызстан пионерине» бир макалам жарык көргөн.

– Жакшы экен. Ой жүгүртүң, көз карашың мага жакты.

– Мен сиздин атыңызды көп жылдардан бери угуп жүрөм.

– Ыракмат.

– Байкашыма караганда элеттен чыккан таланттуу акынсың?

– Көп эле агаңды көлөкөлөтө бербе иним…

 

ОРТОККО КАРАЙ САПАР

Жол абдан чаң Экөөбүз эгиз козудай ээрчишип алып баратабыз. Мен таланттуу акындан мурда өпкөлөнүп, бир жагынан мактаганыма өкүнүп сыр билдирбей баратам. Кош-Жаңгакка чейин токтолбой бардык. Кайрадан мен оозунуп:

– Ушул Кош-Жаңгакта төрөлгөн экемин. Абаларыңыз Далбай кучу, Омок абаңыз жардам бергендиги жөнүндө укканым бар.

– Жакшы. Көрсө, мага туулган айылыңды көрсөтөм деген турбайсыңбы? Башында илимге кызыгам дебедиңби? Балким мага окшоп келечекте акын болуп калбайсыңбы?

– ….. Бир мүнөттөй жооп бере албай. Бир жагынан сүрдөп, экинчи жагынан ийменип турдум. Алыбаев ачылып, беш алты ырын жатка айтып берди. Ошондо чабалдыгымды, чыгармачылык жактан бышып жетиле электигимди туйдум.Кош-Жаңгактан ары Ак-Терекке чейин аралыгы 500 метрден деле ашпайт. Булактын суусунан каалашыбызча ичтик, бир сааттан ашык божурашып олтурдук.  Азыр ойлосом туура эмес кадам таштапмын. Ортокко деле эки чакырымдай калган. Ошончо барып, Т.Алыбаевдей залкар таланты орто жолдо калтырып койгонума азыр да өкүнөм. Алгачкы да, акыркы да жолугушуум ошол болду. Канткен менен таланттуу, залкар акындын Т.Алыбаевдин атын мектепке ыйгаруу жөнүндө идея көтөрүп, ортоктуктардын намысын от алдырып койгонума чексиз ыраазымын. Ошол мезгилде менин демилгемди, сунушумду колдогондорго чын дилимден, ак пейилимден ыраазычылыгымды билдирем.

Азыр байкай койсом Т.Алыбаев кеменгер экен. Беш-алты ырын кагаз карабай эле чоң сахнада болгондой окуп берди. Мен ага чейин ушундай ыр окуган казак элинин залкар акыны Олжас Сулаймановду эфирден көрүп калганмын. Ошол себептен улам Т.Алыбаевди ошого окшоштурдум. Адегенде «Нандар келдесин» толук окуду, ага удаалаш «Акылдарын», «Оттогун», «Түшүмө токой киретин», «Көк-Артын», «Эне ырын» кагаз карабай жатка айтып берди. Аябай залкарлыгына дагы бир ирет кубандым. Терең ойго чөмүлүп жатып:

«Көргүм келип, көргүм келип дагылап,

Көкүрөктө жүрөк сыздап сагынат.

Аттиң дүйнө, арман дүйнө, кана айтчы,

Эркинимдей эркин кайдан табылат?

Ыр саптары сай-сөөгүмдүсыздатты. Жашыдым. Көздөрүмдүн жашы бетимди каптады. Балким буга чейин мынчалык кайгырбагандырмын. Үч жашар уулу Эркинбейтин, бир жашар кызы Гүлжамалдын элеси көз алдына тартылдыбы Т.Алыбаев аябай жашыды. Канчалык көңүл айтсам да кулак салбады. Бир саатча соорото албай шаштым кетти. Өзүнө келип калганда, айланага көз чаптырып:

«Оору деген болбос үчүн жаңыдан,

Мен өлүмгө эшик болуп жабылам.» деген эки сап ырын айтты. Акын өзү айткандай ошол алгачкы да, акыркы да жолугушуудан бир жыл өтүп өтпөй 30 жашында келгис сапарга жол тартты.

 

СУУК КАБАР

 

Жаңылбасам, 1968-жылдын февралы болсо керек. Отуз жаш курагында акын Турдалы Алыбаев а дүйнөгө кеткендиги жөнүндө кабар тарады. Маркумду таанып билгендер ошол кезде Ош шаарында саналуу эле. Ошол суук кабар угулган күнү Ош пединститутун алдында эскерүү митингис болду. Жазуучу Ш.Абдраманов, К.Ташбаев, окумуштуу, акын М.Керимбаев, С.Дүйшөналиевдер сүйлөшкөндүгү эсимде. Аны таанып билгендер, анын талантын баалагандар каардуу суукта, көздөрүнө жаш алып турушкандыктары далее болсо эсимден кете элек.

Ачык айтканда антик-минттик. Ыйламыш болдук, сыздамыш болдук. Отуз жашында о дүйнө салган Т.Алыбаевди көбүбүз унутуп койдук. Ал жөнүндө айтаар сөзүм аз эмес. Кезегинде айтармын. Т.Алыбаевдин «Нандар келди» китепчеси акындын көзү тирүүсүндө жарык көрдү:

Анда менин бала кезим,

Эс-эс биллем кичине:

– Нан! Нан! Ата – дедим,

От жүгүрүп ичиме,

Бекем кысып өөп беттен,

Сүйдү мени каранып,

Атам алыс жөнөп кеткен:

– Келем сага нан алып,

… Нандар келди дүкөн толуп,

Тойдум. Тойду эл деги…

Күттүм… Куса болдум,

Бирок, атам келбеди…

Маркум акындын көз тирүүсүндө жарык көргөн чакан китеби учурунда резонанс жараткандыгы кезегинде маалымат каражаттарында жарыяланган. Акындын жаңыча ой жүгүрткөнүнө, согуш темасын чагылдырууда буга чейинки акындарга окшошпогон өзүнө таандык аздыр-көптүр табылгасы бар экендигине таң калгандар да, тамшангандар да көп болгондугун ачык айтканда тарых тастыктайт. Мен дагы Сузак райондук «Пахтачы» газетасынын 1970-жылдын 31-октябрындагы санында жарык көргөн ырымды дагы бир жолу окурмандарга ыроолоп коюунун оңуту болуп турат.

 

Эскерүү

(Маркум акын Турдалы Алыбаевге)

 

Терең туюп поэзия сырларын,

Кенен сезип анын укмуш сырларын.

Окуган жан толкунданып тим эле,

Медер тутат Турдалынын ырларын.

 

Ким күткөн келбес жакка кетериңди,

Эл билет эмне белек биргениңди.

Жатсаң да кара жери жазданып,

Тирилтип алат сени «Нандар келди».

 

Арадан көп жылдар өттү. Кыргыз эл жазуучусу Шабданбай Абдрамановдун «Кийлигишүүсү менен Т.Алыбаевдин «Жүрөк оту» аттуу китеби 1971-жылы жарык көрдү. Чынында чыгармачылык жүзү окурмандарга ачык көрүндү. Адабиятчылар да, сынчылар да, калайыкка кеңири таанылбай 30 жашында көз жумган Т.Алыбаедин чыгармачылыгына жогорку баа беришти. (Айрымдары кейишти) Алардын арасында мен да барганмын. Колумдан келишинче тырбалаңдап, радио, теле, газета аркылуу маркум акынды калайыкка даңктадым. 2010-жылы аты мектепке коюлганда жети куплет ыр окудум.Ар ыр областык «Акыйкат» газетасына жарыяланган. 2016-жылдын апрель айында Кармышак Ташбаев маркум акын Т.Алымбаев жөнүндө жазган ырын берип жатып:  – Турдалынын балдарына берип кой. Менин керээзим сага ушул Рыспай инис дегенде: – Карымшак аке, турдалы Алыбаевдин балдары Нурбек менен Жеңишти, жубайы Арзыканы жакшы биллем. Байланышып да, кабарлашып да турабыз.

Ошол ошол болду. Кармышак акы өз колу менен берген ырды таба албай койдум. Балким табылып калар… Андан көрө устатым, бир жолу болсо да дидарлашып калган калемдешип Т.Алыбаевдин 80 жылдыгына карата жазган ырымды окурмандарга тартуулап коюуну өзүмдүн парзым, маркумдун шакирти катары жан дүйнөмө өчпөй турган чырагым десем туура болот.

 

Акын эле ачык айтсам жашырбай,

Аз төрөлөт Турдалылай акындар.

Аз жашары, саз жашады алп талант,

Алгалоого аз калганда жете албай.

 

Гүлдөп турган, бүрдөп турган чагында,

Гүлгүн курак буйрубаптыр тагдырга.

О дүйнөгө кете берди Турдалы,

Ойлорун бүт чулгап коюп кайгыга.

 

Отуз жашта тирүүлүктөн айрылып,

Орток калды сүйгөн улун сагынып.

Ажал чиркин арбабаса акынды,

Алоолонмок сезимден ыр ачгылып.

 

Орошондук жагын туура баамдаган,

Ортоктуктар чынын айтсам кайратман.

Атын коюп айылдагы мектепке,

Ар-намыска бардыгы тең караган.

 

Төгүлөөрдө ыр нөшөрү жаңыдан,

Турдалы элден, эл акындан айрылган.

Туулган жерби, же туугандар дешеби,

Туулду өңдөнөт кайран акын кайрадан.ю

Эл ичинде өмүр улап көккө бараткан!…

 

Рысбай Жумабеков, Ынтымак айылы. 23-январь, 2018-жыл.

 

Турдалы Алыбаев «Орток»

 

Сулап жатып, шибериңди салынып,

Бактарыңдын көлөкөмүн жамынып.

Булбул күүсүн, күкүк үнүн тыңшасам,

Жүрөгүмө ырлар кирди агылып.

 

Аскаларың асман челип, тик карап,

Көңүлүнө көп гүлдөрдү кыстарат.

Эргүү берип, толкун бүркүп көңүлгө,

Топурагың токоч, алма жыттанат.

 

Денем ысып, ток аралап канымды,

Карап турсам алтын өзөк кайыңды.

Илбиреңки ийилиши эстетет,

Өмүрлүккө сүйгөн кызым Айымды.

 

Булактарың үн чыгарып ар кандай,

Тентек, шайыр учкул кыял балдардай.

Мөмө төгүп кучак жаят жаңгагың,

Токтоо мүнөз, ток пейилдүү чалдардай.

 

Мезгил кууп бир да болбой каталык,

Кыркка баттың жылда кайра жасанып.

Жүрөгүмө сүртүп алып өңүңдү,

Жүргүм келет өзүңө окшоп жашарып!

 

Сулап датып, шибериңди салынып,

Бактарыңдын көлөкөсүн жамынып.

Карап турсам элжиреткен көркүңдү,

Жүрөгүмө ырлар кирет агылып….

Редакциядан:

Турдалы Алыбаев кыргыз эллине таанымал таланттардын бири экендиги талашсыз. Отуз жашында о дүйнө кеткен акын жөнүндө аздыр-көптүр кенчибиз бар. Ошону калайыкка кабардар кылуу максатында жогорудагы эскерүүнү жарыялап отурабыз. Эгер балдары, туугандары, айылдаштары, ачык айтканда Ортоктуктар колдоо көрсөтсө мүмкүн болушунча маркум акындын элесин көз алдыңыздарга келтирип, көптөгөн жанрдагы чыгармаларды, эскерүүлөрдү, эң башкысы жарыкка чыга элек ырларын жарыялоого, окурмандарга жеткирүүгө даярбыз. Ортоктуктардын деле ар-намысы бар экендигине бекем ишенебиз.

 

Рыспай Жумабеков, журналист

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17