Аймак

“Өмүр бизден өтүп кетсе, эл эмгектен эскерсин” (Аалы Токомбаев) ЭЛ ЭЛДИК УУЛДУ УНУТПАЙТ

 19,819 Бардыгы /

“Өмүр бизден өтүп кетсе, эл эмгектен эскерсин” (Аалы Токомбаев) 											 ЭЛ  ЭЛДИК  УУЛДУ УНУТПАЙТМыкты жигит эле дешти. Азамат болчу деп көптөрү айтышты. Жаназага келгендер ушунтип каңырыгы түтөп жатышты. Эл жөн жерден эле мыкты адам эле деп айтпай калганына көп болду. Элге кызмат кылган, эл башкарган адамдарды эмгегине жараша айтып калышат. Ал эми Аксы районунун эли Жүнүсалы Базарбаевдин эмгегин, адамкерчилигин, ишке кылган ак кызматын унутпай айтып келишет.
Демек Жүнүсалы жаман адам болбоптур деп калам. Чындыгында Жүнүсалы Базарбаев шаар башчылыкка мурдагы союздун учурун дагы система талкаланып, баардык элдик байлык тонолуп, таланып бүтүп, эл кыйналып турган учурда келип калды. Ушундай учурда элди жерди мыкты билген, эл менен тил табыша билген жетекчи керек болчу.
Ошол учурда эл Жүнүсалы Базарбаевди татыктуу деп табышты. Бир добуштан шайлашты. Жүнүсалы шаардын социалдык жана экономикалык көйгөйлөрүн чечүүдө чыныгы уюштуруучу экендигин көрсөттү. Мэриянын жааматында ынтымак чыңдалды. Жолдор оңдолуп, ФАПтар салынып, шаарды жашылдандыруу-көрктөндүрүү иштери жолго коюла баштады. Кербен шаарынын Токтогул атындагы эс алуу багы тартипке келтирилди. Көчөлөргө тротуралар салынып, таштанды таштоочу урналар орнотулуп, жаңы техникалар алынып келине баштады. Кары картаң, турмуш шарты начар адамдарга жардамдар берилип, шаардын инфрастуруктурасы өзгөрө баштады. «Кыргыз Туусу» газетасы жарыялаган «Мыкты айыл аймагы» сынагында Кербен шаары жеңүүчү болуп табылды. Жүнүсалы Базарбаев шаар башкармалыгында иштеп турган мезгилде эки жолу «Жылдын мыкты» жетекчиси наамына татыктуу болгон.
Жүнүсалы Базарбаев кесиби боюнча жогорку билимдүү инженер-механик болуучу. Ал эмгек жолун союз мезгилиндеги Ленин атындагы колхоздо башкы инженер болуп иштөө менен баштаган. Мыкты иши менен таанылган адисти ал кездеги жетекчилер райондогу эң чоң чарбалардын бири болгон Фрунзе атындагы колхозго башкы инженер кылып алып келишти. Бул жерде да мыкты адис экендигин көрсөтүп, эмгектенип бир нече ирет сыйлыктарын алууга татып, эмгектенди. Кийин союз жоюлгандан кийин «Көк-Сарай» техсервисин түзүп, элге кызмат кыла баштады. Мыкты адис катары шаар мэриясына мэрдин орун басары болуп келип беш жыл иштегенден кийин эл аны шаар башчылыгына шайлашып, эл ишенимин актай алды.
Ишинде жараткан ийгиликтери үчүн «Мунципиалдык кызматтын отличниги» деген ардактуу наамга республикада алгачкылардан болуп Жүнүсалы Базарбаев татыктуу болгон. Райондук, областтык, республикалык бир нече Ардак грамоталардын ээси болду.
Жүнүсалы Базарбаев өмүрлүк жары Гүлнарахан экөөсү эки уул, бир кызды тарбиялап өстүрдү. Гүлнарахан Базарбаева да райондук санэпидстанцияда көп жылдардан бери жемиштүү эмгектенип келет. Өз кесибинин устаты катары жамаатта кадыр-барктын ээси. Учурда уул-кыздары да элге кызмат кылып, атанын татыктуу улдары экендигин көрсөтүүнүн аракетинде ак нитет, таза иштеп келет. Чоң уулу Азамат «Бакай» банктын Аксыдагы бөлүмүнүн башчысы, ал эми Ыманалы болсо Аксы райондук ички иштер бөлүмүндө иштеп келет. Кызы Гүлсара Улуттук университеттин 4-курсунун студенти. Уул-кыздарын окутту, тарбиялады, үйлөп-жайлады, эми уул-кыздын урмат сыйын көрө турган учурунда катуу оорудан 54 жаш курагында кайтыш болуп кетти.
Жүнүсалы Базарбаев Кербен шаарынын эле эмес, Аксы элинин чыгаан уулдарынын бири экендиги эми билинип жатат. Ал Аксы элинин эсинде уюштургуч, иш билги, ак көнүл, элим жерим деп жашаган чыныгы жетекчи катары кала берет.
Элге кылган кызматы менен Жүнүсалынын ысмы шаардагы чоң көчөлөрдүн бирине ыйгарылды. Мектепте бир классты жасалгалашып, Жүнүсалы Базарбаев атындагы класс кабинетке ысмы коюлду. Ал көзү тирүү болгондо быйыл 55 жашка чыкмак, ажалга айла жок экен, арабыздан мыкты, чыгаан азаматты алып кетти. Жүнүсалы Базарбаевдин жаркын элеси элдин эсинде түбөлүк сакталып кала берет.

Абдымомун Калбаев,
журналист, Аксы району, Кербен шаары

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17