Аймак

Салттуу кыргызчылыктын негиздери (Ой пикир, сунуш)

 13,364 Бардыгы /

Жандуу дарт менен күрөшүүнүн жолдору
1.Жандуу илим – кыргыздан чыккан касыйдачы молдо Асанбайдын айтканына таянсак, жандуу дарт менен жандуу илим гана күрөшө алат деген. Жандуу илим касыйда илими курандагы аят сүрөөлөрдөн жана ар кыл замандарда жашаган пайгамбарлар олуялар жана тажрыйбалуу молдолор колдонгон дубалардын жыйынтыгы.
Оорулуу адамды бир эле окуганда касыйдачы молдо оорусун аныктап алат да оорунун түрүнө карап, атайын дубаларды окуйт. Жандуу илимдин күчү менен дарт жылып барып токтоп калат же жок болуп кетиши мүмкүн. Эгерде дуба жакшы таасир кылса бир эле окуганда оорулуу адамда өзгөрүштөр пайда болуп, уйку калыбына келип, көңүлү ордуна түшүп иштейи да ачылып, бирөө жүктү мойнунан алып салгандай жеңилдеше түшөт. Ишке да жөндөмдүүлүгү арта баштайт. Оорунун түрүнө карап “Чилясин” окуса да болот. Оорулуу адамды ортого алып, курандагы Ясин сүрөөсүн билген намаз окуган адамдар болсо он чакты болушуп, ар кимиси төрт жолудан окуса, жалпы жыйынтыгында Ясин сүрөөсү кырк жолу окулуш керек.
Чил – фарс тилинде кырк дегенди билдирет. Ясин – курандагы сүрөөнүн аталышы. Оорулуу адам даарат менен болуп, ыклас кылып олтурса, окуган адамдарга жеңил болот. Окуп жаткан адамдардын күүсү менен кээде оорулуу өзүн билбей оозун кыбыратып ийиши мүмкүн. Бул учурда кайрадан түшүндүрүп тынч олтуруусун айтып коюш керек. Оозу тынбай кыбыраса, окуган дубаны кайтарып жиберет. Бир адам өзү деле кырк жолу Ясин сүрөөсүн окуп ийиши мүмкүн, бирок окуган адамга оор келип калат, ошондуктан он адам окуса жеңилдик болот.
2.Акыйка – салттуу динибизде шарият жолу менен кантип аткарылышы диний китептерде толук көрсөтүлгөн, пайгамбар сүннөт болуп эсептелет. Биздин салттуу кыргызчылыкта колдонулушу ислам дининин таралуусу менен пайда болуп калган. Адатта акыйка жаңы төрөлгөн балдарга колдонулса кийинчерээк оорукчан жандуу дартка чалдыккан эркектерге, аялдарга да жасала баштаган. Аткарылуусу чоңдорго, кичинелерге деле бирдей эле. Уул бала төрөлсө эки кой союп, кыз төрөлгөн болсо бир кой союп, бала төрөлгөндөн жети күн өткөндөн кийин ат коюлуп андан кийин акыйка өткөрүп койсо болот. Бисмиллахи Аллоху Акбар деп союш союлат. Бардык мүчөлөрүн сындырбай бүтүн салынат. Он эки жилик толук бойдон. Башты каракуштан азыраак чаап койсо мээсин алганга жеңил болот. Жакшы кайнатып, сорпосун ичип, этин тиш тийгизбей мүлжүп, бардык устукандарды чогултуп, ак чытка оролуп мазарга коюлат. Баланча уулу бастанчага деп жакшы тилектерди кылышат. Ушул акыйкага союлган жандыктын башы баланын башына келе турган ар кыл жамандыктарга садака болсун, колуна кол, бутуна бут, канына кан, жанына жан деп бардык мүчөлөрү санап чыгылат. Куран окулуп, ак чытка оролуп мазарга коюлат. Жандуу дарт менен оруган чоң адамга же аялга ушул тартипте өткөрүп койсо оорудан сакайып кетишине жеңилдик болот. Кыскача түшүндүрсөк жаш балага же ар кандай адамга өмүрүндө бир жолу өткөрө турган “страховка”. Баланын ден соолугуна жакшы жардам берет, бала эркин өсүп жетилет, күтүлбөгөн кырсыктардан сактап турат, чыдамкай болуп өсөт. Акыйка жасалган адам союштун этин да жебейт, сорпосун да ичпейт. Акыйканын этин жеп болгондон кийин олтурган адамдар менен чогулуп, оорукчан адамга чилясин окуп койсо да болот.
3.Көчүрмө – жандуу дарт менен ооруган адамдын оорусун майда жандыкка көчүрүп окууну айтышат. Ооруган адамга жандыкты карматып, (кой, эчки) молдо дуба окуйт жана оорунун ушул жандыкка өтүп кетишин кудайдан суранат.
Оорулуу адамдын оорусу жандыкка өтүп калса ооруган адам жакшы болуп айыгып кетет. Ал учурда жандык эч нерсе жебей башын жерге салып шалдырап калат. Жандыкты көчүрмө кылгандан кийин бир колунда жок бала чакалуу адамга берип койсо сооп болот, же кудайы катары этин жиликтеп бышырып, элге таркатат. Акыйкадан айырмаланып, жиликтерди майдалап, чаап ийсе боло берет. Союшту соёрдун алдында ниет кылынат. Ушул көчүрмө кылынып жаткан жандык баланча уулу бастанчага жаны садака эти кудайы, Бисмиллахи Аллоху Акбар деп мууздаш керек. Көчүрмө жасалган адам союштун этин да жебейт, сорпосун да ичпейт.
4.Кам талаш – ошол эле көчүрмөнүн бир түрү, ооруган адамга аталган жандык кармалып, көчүрмө окуп болгондон кийин “Бисмиллахи аллоху акбар” деп мууздалат, эти чийки бойдон бышырылбай элдерге таркатылат, бир кг же жарым кг болсо да элдин санына карап, жиликтерин майдалап чаап салышат. Молдо дуба окуп, элдер жакшы болуп кетсин деп бата тартышат. Кам талаш жасалган адам союштун этин да жебейт сорпосун да ичпейтЖандуу дартты козгоочу жагдайлар
Эгелүү жер – көзгө көрүнбөгөн залалдүү жин перилер отурукташып калган жана жин-перилер көп жүрө турган айрым жерлердин аталышы. Азыркы учурда машиналар жүрүүчү чоң жолдордо да көп кездешүүдө, себеби совет заманында көп жолдор мазарлардын үстүнө салынып калган. Ошол жерлерде авариялар көп кездешет. Адамдар билбей жол кырсыктарына учурап жатышат. Жалаң эле жолдордо эмес эгелүү жерлер, тоолордо токойлордо, талааларда, түз жерлерде деле учурап калышы мүмкүн. Эгерде жөө адам жүрүп келе жатып эгелүү жерди басып алса, ага ошол замат эле билинет, бутунун таманынын ортосунан баштап, башына чейин эти дүрүлдөп кетет. Жандуу дартты илештирип алат да, өмүр бою кыйналып жашайт. Канча өмүрү болсо жашай берет, бирок уйкусу качып көзүнө бир нерселер көрүнүп, адамдын мүнөзү өзгөрүлүп, кичине нерсеге ойлоно баштайт да бара-бара жандуу дартка айланып калат. Эгелүү жерге билбей үй салып алса же эгелүү жерден үй сатып алса да кыйналып жашайт. Уйкусун качырат, эшигин бирөө ачкандай болот, кечке жуук жалгыз адамга үй ичинде отуруу кыйындай берет.
Эгелүү жерлер – бузулган дубалдарга, күл төккөн, туз төккөн жерлерге заара кылынбасын, жандуу дартты козгоп жиберет.
Эгелүү дарак – көзгө көрүнбөгөн жиндер ээлеп отурукташып алган өтө карыган эски дарактардын аталышы, аны билбей кыйып жиберсе адамга залал болушу мүмкүн, колу- буту иштебей калышы ыктымал. Эгерде ал даракты кыйыш зарыл болуп калса, даракты ким эккенин билбесе да ага атап куран түшүрүп, ыс чыгарып, башка бир адамга акысын берип кыйдырса ылайыктуурак. Эгелүү дарактын түбүнө заара ушатса, кээде билбей дарактын көлөкөсүндө каттуу уктап калса да жандуу дарт илешип калышы мүмкүн.

Жандуу дартты күч алдырып ийүүчү жагдайлар.
I. Арак ичимдиктерин кайсы түрү болсо да ичип, аны үзгүлтүксүз колдонуу.
II. Наркотикалык заттарды колдонуу.
III. Медициналык дарыларды узак мөөнөттө ичип өлчөмүн көбөйтүү;
Эгерде жандуу дарты бар адам жогорудагыдай зыяндуу адаттарды өнөкөт кылып алса, адамдын организми толук ууланып калат да, бара-бара жандуу дартты күч алдырып, айыкпас абалына жеткирип коёт. Адамдын туюу, ой жүгүртүү сезимдери катуу жабыркап, кушунан кете баштайт. Ошондуктан адамдын денесинде уулу заттар толук отурукташа элегинде кыргызчылыкты колдонуп, канчалык эрте тазаланып алса, ошончолук адамга пайда болот. Оору күч алып калганда ичкилик ичип же наркотикалык заттарды (наша, героин) чегип алса, өзүн токтото албай, өзүнүн жанын өзү кыйып асынып алат. Же тескерисинче агрессивдүү болуп, ар кыл мыкаачылыктарга барып жатышат. Жакын адамдарына да карабай майып кылып коюшу мүмкүн, зордук зомбулукка урунуп калат. Жүрөктү сыздатып үрөйдү учурган окуялардын көбөйүп жатышы жандуу дарттын көбөйүп бара жатканынан кабар берет.
Жакындан бери жандуу дарттын дагы бир жаңы түрү эл арасында пайда боло баштады. Ал эпкиндеп кеткен дарт – жандуу дарттын курч кармаган формасы, аны ооруган адам өзү да сезбей калат, жаш өзгөчөлүктөрүнө карабайт. Ооз кымтылбай, ичкен тамагы төгүлүп, бетинин бир жагынан кан качып кетет, бир жак көзү да жумулбай, азыркы медицинада «микроинсульт» деп атап жатышат. Кыргызда эпкиндеп кеткен дарт делет, жаңысында кыргызчылык менен айыктырса болот, алты айдан кийин адамдын эти катып калат да түзөтүү кыйын болот деген Асанбай молдо. Оорудан сакайган адам төмөндөгү эрежени кармашы зарыл:
1.Кара аш жебесин (өлгөн адамга тартылган тамак), күчтүү тамак, жылкынын этин, кулундун этин, шашлык, куурулган тамактарды жебесин.
2.Батага барганда өлүктү чыгарган күнү эмес, кийинчереек пайшанба, кыркына барып бата кылса болот.
3.Караңгыда жалгыз жүрбөсүн түн жарымына чейин, таңга жуук жолго чыкса боло берет.
Жогорудагы шарттар аткарылбаса дарт козголуп, ооруну татаалдаштырып, инсульт болуп калышы ыктымал.
Жандуу дартты козгоочу жагдайлар
I. Травманын бардык түрлөрү, кырсыктар, авариялар, каттуу коркуудан алган ички травмалар жандуу дартты, адамдын ичине «чөктүрүп» иет, бир кыйла убакыттан кийин татаалдашып, башка оорулардын пайда болушуна шарт түзөт. Травма алган адамдын эти каттуу үркүп, система (адам) толук жабылат, иши да жүрүшпөй калат. Эгерде жашында травма алган болсо, ал травмадан оору татаалдашып, узак жылдардан кийин буттары баспай калган адамдар турмушта кездешүүдө. Айрыкча капыстан болгон ички травмалар (каттуу коркуудан) да коркунучтуу, жер кыймылдаганда, жер көчкөндө, селдерде, өрттө калып калса жүрөк каттуу козголуп, талма дарты пайда болуп калышы мүмкүн. Ушул адамдарга сөзсүз кыргызчылыкты колдонуп, өз учурунда тазалатуу зарыл. Сел жүрүп жаткан жолдон жылаңайлак кечип өтүп болбойт, жаш балдарды жакындатпаш керек, кандай адам болсо да ооруну илештирет. Капыстан болгон кырсыктарда эс учун жоготуп койгон адамдарга бир жандыкты (кой, эчки, майда жандык) үч жолу тегеретип ийиш керек. Кез-кезде жандыкты тегеретип кырк күнгө чейин ушул жандыкты кармап туруш зарыл. Оорудан жакшы болуп калса, кайталанбаса жандыкты колунда жок көп балалуу адамдарга берип жиберсин. Эгерде андан жакшы болбосо, жогоруда айтылгандай ыкмалар менен жандуу дарт эскирип кете элегинде күрөшүп калуу керек.
II. Адамга жасалуучу ар кандай операциялар да жандуу дартты «чөктүрүп» иет. Бир кыйла убакыттан кийин татаалдашып оорунун башка түрүнө өтүп кетет. Себеби наркоз алган адамдын денеси үркүп калат да дубаны жакшы кабыл албай калат. Эгерде мүмкүнчүлүк болсо операциядан мурда тазаланып алса, операция жеңил өтөт, организмдин өз калыбына келиши жеңил болуп адам кыйналбайт. Операциядан кийин деле өзүн тазалатып койсо, дене жазылып, кушуна келип калышы ыктымал. Турмушта сейрек кездешет, бирок кээде радиацияга кабылган адамдар да кыргызчылыкка кайрылышат, ал адамдарда сезимдин жок болуп калганы байкалууда, кыргызчылык адамды азырак жеңилдетип койгону менен, радиациядан пайда болгон ак кандуулукка каршы аракет натыйжа бербестигин тажрыйба көрсөттү.
III. Телефон, компьютер оорусу кулакка таккан наушниктер, ужас кинолор жандуу дартты тез көбөйтүп жибере турган күчкө айланып, өспүрүмдөрдүн угуу, көрүү сезимдерин начарлатып, өзү менен өзү кылып кушунан кетире баштады. Бара-бара оорулуу коомго айланып келечекте өсүп келе жаткан жаштарыбызга жандуу дарттын жайылуусуна ыңгайлуу шарттар жаралып, коомубузга чоң көйгөйдү жаратуусу күтүлүүдө.
Жыйынтыгында айтарым сиздерге сунушталып жаткан салттуу кыргызчылык тууралуу жаңыдан башталган баяныбыз дагы жаңы толуктоолор, кошумчалар менен улантылышы мүмкүн. Элибизге белгилүү боло баштаган жаңы муундагы төлгөчү, тамырчы, табыптарыбыз, сыныкчы, жоймочу жана башкалар салттуу кыргызчылыкты калыбына келтирүү үчүн өз сөздөрүн айтышса келечек муундарга өтө баалуу мурас калтырат элек деген ойдомун. Алдыбызда эң чоң жоопкерчилик салттуу кыргызчылыгыбызды калыбына келтирүү милдети турат, ушул милдетти ийгиликтүү аткарып алсак, ошондо гана башка элдерге эл катары бааланабыз, биздин турмушубузга, тилибизге кызыгуу пайда болот деген ишенимдемин. Элибиздин жашоо турмушуна ылайыкташкан үрп адатыбыз, салтыбыз, нарк нускабыз бар эмеспи. Түпкүлүктүү эл болгонубуздан кийин ушул баалуулуктарды ыйык жана туруктуу сакташыбыз керек эле. Тилекке каршы, жазмачылыгыбыз начар өнүккөндүктөн оозеки түрдө муундан муунга өтүп келген кыргызчылыгыбыз, ал адамдардын көзү өткөндөн кийин акырындап унутула баштаганы өкүнүчтүү болуп жатат. Ошонун натыйжасында басма сөзүбүздө такай жарыялана баштаган астрологиялык төлгө, ден соолукка байланышкан кеңештер, башка элдердин салттуу медицинасы биздин кылымдардан бери калыптанып калган кыргызчылыкты сүрүп чыгарып койгону байкала баштады. Ошондуктан башка элдердин үрп адатынан, салтынан өзгөчө айырмаланып турган салттуу кыргызчылыкты калыбына келтирүү менен кыргыз элинин нарк нускасын, касиетин келечекте сактап калабыз деген ишенимдемин.

Рахманберди ОСМОНАЛИЕВ, Майуу-Суу шаары

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17