Аймак

САХАДЖА ЙОГА Сахаджа Йога боюнча усулдук (методикалык китепче) Жаныдан билим алуучулар үчүн

 7,606 Бардыгы /

САХАДЖА ЙОГА Сахаджа Йога боюнча усулдук (методикалык китепче) Жаныдан билим алуучулар үчүн«Сизди жараткан кудурет (энергия) менен сиз байланышмайынча же Жараткандын кудуретин таанымайынча өз жашоонуздун маани-манызын таанып биле албайсыз». «Кубаныныз жана кубанычтын Сиз аркылуу таркалышына көмөк болунуз. өз Рухунузду сезиниз жана ушул керемет жашоодон… руханий кайра жаралуу (реализация) жашоосунан ырахат алыныз». Шри Матаджи Нирмала Деви

Сахаджа Йога
Сахаджа Йога – медитация (сүкүт) же ойсуз андоо аркылуу өзүндү таануу, өзүндү өркүндөтүү, өзүндү сакайтуу, айыктыруу жана өзүндү реализациялоо же агартуу-көгөртүү. Шри Матаджи Нирмала Деви тарабынан иштелип чыккан бул усул адамдын жана коомдун сабырдуулук, мээрим, айкөлдүк өнүтүнөн он жагына өзгөрүүсүнө өбөлгө болот.
«Сахаджа» деген сөз тубаса же туулгандан эле, ал эми »Йога» деген сөз «байланыш-союз» дегенди билдирет. Демек «Сахаджа Йога» өзүндүн «Менин» Жараткандын Кудурети – мээрими жана кайрымдуулугу менен байланышта болуу абалын шарттайт. Мындай байланыштын болушу үчүн биздин, адам баласынын омурткасынын сегиз көчүк (крестцовая кость) бөлүгүндө (бул бөлүктү гректер сакрум деген) «Кундалини» (санскрит тилинде – оромдон турган) деген энергия жайгашкан. Бул энергия бизде туулгандан эле кошо болот, ал кичинекей урукту чон бир даракка жетилткен энергия сыяктуу кубат. Ошол Кундалини энергиясын ойготуу адам баласынын руханий жактан толук агаруусуна – адамдын өзүнүн чыныгы «Мен» экендигин туюусуна карата жолдун башталышы. Кундалини энергиясы адамды өзү менен өзүнүн жана курчап турган чөйрө менен эриш-аркакта (гармонияда) болуусуна алып келет.
Сахаджа Йога – бул мета илим же орусча метанаука (мунун маанисин өркүндөтүү илими десек болот го), дүйнөнүн бардык диндеринин чыныгы өзөгүн бириктирген, иш жүзүндө жана илимий изилдөөлөр менен тастыкталган Рух жөнүндөгү илим. Сахаджа Йога усулдарын медицинада, билим берүүдө (педагогикада), айылчарбасында, адамзаттын азыркы жашоо-турмушунун бардык башка чөйрөсүндө колдонууда натыйжалуулугу жогорку денгээлде көрсөтүлгөн. Дүйнөлүк медициналык практикада традициялык медицина дарылоого алсыз болгон, мисалы, рак, эпилепсия сыяктуу оорулар Сахаджа Йога усулу менен айыктыруу боюнча тажрыйбалар ого эле көп.
Учурда дъйнөнүн 100дөгөн өлкөсүнүн көптөгөн адамдары Сахаджа Йога усулун колдонуунун жагымдуу шарапатын сезип жатышат. Бул адамдар бардык улуттардын, бардык рассадагалардын жана курактагылардын өкүлү. Алар ар күн сайын Жараткан насип кылган керемет дүйнөнүн ажырагыс бир бөлүгү экенибизге ырахат менен шүгүрчүлүк келтиришет.

Шри Матаджи Нирмала Деви

Нирмала Шривастава (же бүткүл дүйнө боюнча миндеген адамдар ага Шри Матаджи деп кайрылышат) 1923-жылы 21-мартта түштө, жазгы мезгилдеги күн-түн тен болгон маалда, Индиянын борборундагы Чиндвар шаарында теги мартабалуу христиан үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Нирмаланын ата-энеси байыркы Шаливахан королдук династияга таандык жана жогорку билимдүү болушкан. Шри Матаджи Эненин атасы Сальве мырза кесиби боюнча юрист болуп, 14 тилди билген жана Индияда биринчи жолу Куранды хинди тилине которгон. Жавахарлал Нерунун жана Маулан Азаданын соратниги болуу менен ал Махатма Ганди жетектеген көзкарандысыздык үчүн күрөшкө катышкан. Шри Матаджи Эненин апасы коледжде сабак берген жана математика боюнча кандидат деген окумуштуулук даражага ээ болгон.
Нирмала бала чагында Махатма Гандинин чөйрөсүндө (ашрам) көп болгон. Анын курагы жаш экенине карабай, Ганди Нирмала менен көптөгөн руханий маслелер боюнча кенешип турган.
Шри Матаджи кийинчерээк, медициналык колледждин студенти болуу менен Индиянын улуттук конгрессинин жаштар канатын жетектеп, Индиянын көзкарандысыздыгы үчүн күрөшкө активдүү катышкан.
Нирмала 1947-жылы Шривастава мырза экөө баш кошушат, ал Индиянын боштондугунан кийин Индиянын премьер-министри Л.Б. Шастринин жеке катчысы болгон. Андан кийин ал Индиянын Мамлекеттик дениз компаниясын жетектеген. Шривастава мырза ООНдун астындагы Эларалык дениз уюмунун Генералдык катчылыгына бир нече ирет шайланган. Ал ошондой эле Швециядагы дениз университетинин уюштуруучусу болуп саналат. өз иш-аракети үчүн ал сыйлыктардын рекорддук санына жетип, Улуу британиянын королдугунун рыцарь наамын алган теги индиялык биринчи адам болгон.
Шриваставалардын эки кызы, неберелери жана чеберелери бар.
1970-жылдын 5-майында Шри Матаджи Нирмала Сахаджа Йоганы ачкан жана иштеп чыккан. Сахаджа Йога бул – адамдын табигый руханий жетилүүсү аркылуу анын нукура агаруусунун болуп көрбөгөндөй (уникалдуу) ыкмасы (методу). Бул процесс адамдын омурткасынын түпкү бөлүгүндө үргүлөгөн абалда жайгашып турган анын өздүк Кундалини энергиясын ойготуу менен ишке ашат. Купуя денгээлде ойгонгон Кундалини адамды Жараткандын кудурети менен байланыштырат, адамга йога – байланыш же аян берет. Бул усул (метод) инсандын жана бүтүндөй коомдун Ырыймдуулук, Тынчтык жана Мээримдүүлүк шарапатында он жакка өзгөрүшүнө алып келет. Адамдагы жашоо энергиясынын активдешүүсү анын жанынын жана тулку боюунун бардык күчтөрүн кыйла тен салмактуу абалга алып келет да, кубанычка батырат. Ички энергиянын активдешүүсүнүн жардамы менен жаман адаттардан, дарылоого болбойт деген оорулардан арылууга болот.
Шри Матаджи Эненин жашоосу Сахаджа Йоганы таркатууга арналган. Бул максатта Ал бүт дүйнө жүзүн кыдырып чыккан, анын натыйжасында Европа, Түндүк жана Түштүк Америка, Австралия, Индия жана Россияны кошо алганда, көптөгөн өлкөлөрдө Сахаджа Йога практикасына карата олуттуу кызыгуу ойгонгон.
Шри Матаджи эненин кажыбаган эмгеги көп сандаган эларалык сыйлыктарга татыктуу болгон, бирок анын аруу кызматынын эн башкы натыйжасы – дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүнүн мин-миндеген адамдарынын саламаттыгы жакшырып, кубанычка ээ болуп, руханий жактан тазарып, агарып, өркүндөп, мээрим кубатын алгандыгында жана өз жашоо-турмушунун чыныгы маани-манызын сезе, туя алгандыгында болду.
Нирмала Шриваставаны адамзатка руханий кайра жаралууга жол көрсөткөн зор эмгеги тынчтык, сабырдуулук өзөгүн орнотуудагы иш-аракети үчүн Бириккен Улуттар Уюму Дүйнө Медалы менен сыйлаган. Илимдин өнүгүүсүнө, Руханий жактан агарууга олуттуу салым кошкондугу үчүн Бирдиктүү Эларалык фонд 1997-жылы Нирмала Шриваставаны планетанын улуу инсандары тизмесинин катарына кошкон.
Шри Матаджи Эне бъткъл дүйнөнүн дипломаттары үчүн Сахаджа Йога программасын өткөрүү максатында Бириккен Улуттар Уюму тарабынан бир нече жолу чакырылган.
Анын иш-аракети боорукердик, ырайымдуулук, сабырдуулук жана мээрим деген сапаттар менен коштолуп турат, ага жардам сурап кайрылгандар анын иш-аракетинде эч бир финансылык кызыкчылык же пайда табуу жок экендигин терен сезүү мнен тастыктай алышат. Анын үмүтү Сахаджа Йога тажрыйбасын элдерге, адамдарга түшүндүрүп берүү жана убактысы менен бул илим, бул ачылыш бардыгы адамдар үчүн жеткиликтүү экендигине жетишүү.
Суперэго
(жамааттык (коллективдъъ) подсознание, өткөн учур)

Чакралар
1. Муладхара (кънөөсъздък, пакизалык)
2. Свадистан (чыгармачылык)
3. Наби (Манипура) (канааттануу)
4. 3а. Войд (Вхавасагара)
5. Анахата (мээримдүү-лък, боорукердик)
6. Вишуди (жамааттык, адамгерчилик)
7. Агия (кечирүү, толук кечиръъ)
8. Сахасрара (биригүү) Эго (жамааттык надсознание, келечек)

Каналдар

I. Ида Нади (ай каналы) –сол жак
II. Пингала Нади (кън каналы) –он жак
III. Сушунма Нади –борбор

Энергетикалык тело

Биздин денебизде купуя кубат тутуму (тонкая энергетическая система) бар, ал негизги жети борбордон (чакрадан) жана үч каналдан турат.
Чакралар физикалык, психикалык жана руханий жашоого энергия –
кубат берип турат, ал эми каналдар адамдын организминин ичиндеги ушул энергиянын айланып турушун камсыз кылат. Кайсы болбосун көйгөй жеке же жамааттык денгээлде болсун иштеп турган ушул тутумдагы жабыркоолордун натыйжасы болуп саналат. Чакралардын жана каналдардын тазалыгы жана саламаттыгы – руханий өнүгүүнүн негизи, анткени бул Кундалини энергия сын көтөрүүгө көмөк болот.
Физикалык денеде чакралар тиешелүү органдарды тескөөчү нервдик кан тамырлар катары көрүнсө, каналдар парасимпатикалык жана симпатикалык нерв тутумдары болуп саналат.

Кундалини Энергиясы

Ар бир адам туулгандан эле купуя руханий энергияга ээ болот, ал
Жараткандын кудурети болуп саналат. Аны Кундалини деп аташат. Санскрит тилинен которгондо «Кундал» деген сөз «ором» дегенди билдирет. Агарууга жол ачылганга (самореализация алганга) чейин бул энергия биздин омурткабыздын түпкү негизинде (кресцовая кость) 3,5 түрмөк ором түрүндө, үргүлөгөн абалында жайгашып турат.
Кундалини ойгонгон учурда (Кундалини биринчи жолу
көтөрүлгөндө бир же эки жипчелери гана көтөрүлөт), ал омуртка аркылуу көтөрүлөт жана беш энергетикалык борбор (2 борбордон 6 борбор боюнча) аркылуу өтөт. Кундалинин иштөөсүнүн шарапаты менен адамдын белгилүү бир органдарынын иштеши үчүн жооп берген борборлору тазаланат жана алардын иштеши нормалдашат. Андан кийин Кундалини баш мээнин лимбикалык областына кирип, баштын эмгегинде жайгашкан жетинчи энергетикалык борборду–Сахасрараны ачат жана бизди Жараткандын кудурети менен байланыштырат.
Кундалини энергиясы – бул тазалык, аруулук, акылмандык, өзүндү урматтоо, таза мээрим, боорукердик, чексиз кубаныч жана сабырдуулук.
Касиет деми- желаргы (Вибрациялар)
Кундалини энергиясы ойгонору менен биз колубуздун алаканында, денебизде жана башыбыздын төбөсүндө касиет демин (вибрацияны) сезебиз. Бул касиет деми Жараткандын кудуретинин биздеги жана биздин тегерегибиздеги күчү болуп саналат. Касиет деми – бул Ааламды гармонияда кармап турган жана бътъндөй жандуу иштерди жасап турган Жараткандын кудурети менен болгон биздин байланыштын сырткы көрүнүшү, сезилиши. Бул энергия менен жасалгандын баарысы касиет демине ээ, бирок аларды Агарууга жол ачылгандан (самореализация алгандан), Кундалини энергиясы Сахасрара чакрасына жеткенден кийин гана сезүүгө болот. Касиет деми (вибрациялар) – желаргы муздак же ысык болуп сезилиши мүмкүн. Муздак жел аргы денеде тен салмак –баланс бар учурунда сезилет. Ал эми ысык, сайышкан желаргы кандайдыр бир тен салмактуулук болбой жатканда сезилет жана ал терс мүнөзгө ээ.
Кундалинини көтөрүүнүн биринчи тажрыйбасы
Ынгайлуу отурунуз, бут кийимди чечип коюнуз. Денени чымырканбай, бош коюп, эч бир нерсе тууралуу ойлонбоого аракеттениниз. Шри Матаджи Эненин сүрөтүн караныз. Каалоону билдирген же символдоштурган сол колунуздун алаканын жогору көздөй ачып, Шри Матаджи Эненин сүрөтүнө карата тизениздин үстүнө коюнуз. Он колунузду дененин сол тарабында утуру жылдыруу менен сүрөткө ылайык тастыктоолорду айтып турасыз.

Жамааттык (коллективдүү) программалар
Качан адамдар бир максатка жетүү үчүн бириктирип күч жумшоо менен аракеттенгенде гана кайсыл болбосун иш өз жемишин берет. Демек Сахаджа Йогада: жамааттык медитация (сүкүт) терен жана натыйжалуу болот, бири-бирине катар турган Сахаджа Йогдор бири – бирине энергетикалык жактан жардам берип турат. Муну Сиздер өзүнүздөр деле сезсенер болот. Ошондуктан, Сахаджа Йогадагы өнүгүүнүн эн зарыл шарты болуп жамааттык программаларга үзгүлтүксүз катышуу саналат.
Руханий Кайражаралуунун же Агарууга жол ачуунун тартиби (протоколу)
Он колду жүрөккө (Жүрөк чакрасы 12 энергетикалык валенттүүлүккө ээ) коюунуз жана өз алдынызча 12 жолу мындай деп айтыныз: «Эне», менин Рух экендигим чынбы? (1-сүрөт).
Он колунузду сол кабырганын бираз төмөн жагына коюп, алакан менен катуурак басыныз жана 10 жолу мындай деп сураныз: «Эне» мен өзүмө өзүм кожоюн экендигим чынбы? өзүмө өзүм мугалим экендигим чынбы? (2-сүрөт).
Он колду андан ары төмөн жылдырып, алакандын кабыргасын тулку менен сол буттун санын ортосуна катуу басып коюнуз жана 6 жолу мындай деп сураныз: «Эне», мага таза билимдерди бериниз? (3-сүрөт).
Он колду сол кабырганын төмөн жагына (алакандын борбору кабыргадан бираз төмөн болсун) катуураак басып коюнуз жана толук ишеним менен тастыктоо сөзүн 10 ирет мындайча айтыныз: «Эне», мен өзүмө-өзүм кожоюнмун, мен өзүмө-өзүм мугалиммин!» (2-сүрөт).
Он колдун алаканын жүрөктүн тушуна коюнуз жана тастыктоо сөзън мындайча айтыныз: «Эне», мен Рух боломун, мен Таза Рух боломун.» Бул сөздү 12 жолу айтыныз.
Он колдун алаканын моюндун сол тарабынын төмөн жагына (далы менен моюндун ортосуна) коюнуз, ынгайлуу болуш үчүн башты он тарапка бираз буруп алыныз. Мындай абалда 16 жолу өзалдынызча төмөнкүдөй сөздү айтыныз: «Эне», мен эч кандай күнөөлүү эмесмин.» (4-сүрөт).
Эми он колдун алаканын мандайдын, пешенин борборуна, так ортосуна катуу басып коюнуз жана кимдир бирөөнү даана эстебестен, бир нече жолу, каалашынызча төмөндөгүдөй сүйлөнүз: «Эне», мен баардыгын кечиремин, мен баарына бардыгын кечиремин, мен өзүмдү кечиремин.» (5-сүрөт).
Он колдун алаканын желкенин борборуна, так ортосуна катуураак басып коюнуз, башты жогору көтөрүнүз жана асманга кароо менен, Кудурети күчтүү кудайдын мээримине кайрылуу менен (күнөөлүү сезбестен, тек гана өзүнүздүн канагат алуунуз үчүн) кечирим сураныз: «Эне, мени билип, билбей туруп жасаган бардык катачылыктарым жана жасаган иштерим үчүн кечирүүнүздү чын дилимден суранам.» Канча кааласаныз, ошончо сураныз (6-сүрөт).
Он колдун алаканынын борборун баштын эмгегине (жаны төрөлгөн баланын эмгеги согуп турган жер) манжаларды жогору көтөрүп, башка тийбегидей абалда ныктап басыныз жана алакан менен бирге баштын териси айлангыдай кылып, саат жебеси боюнча (мында саат алдынкы бети асманды карап турган абалда сиздин башынызда жаткандай сезип) жайбаракат айландырасыз. Бул кыймыл учурунда 7 жолу мындай деп сураныз: «Эне», Сизден мага Руханий Кайражаралуума жол ачуунузду чын ыкласымдан суранам». (7-сүрөт).

Үйдө сүкүт (медитация) жасоо

Сүкүт (медитация) Сахаджа Йоганын практикасы. Сүкүт (медитация) – бул качан Кундалини Сахасрара чакрасына жетип, биздин оюбуз токтогон абалга жетүүбүз.
Сахаджа Йоганын усулу (методикасы) боюнча сүкүт (медитация) учурунда ойлонуп турган акылыныз эс алат жана тынч абалда болот. Сиз абсолюттук жымжырт, тынч, ойсуз абалга дуушар болосуз. Ошол эле учурда сиз кайсыл жерде отурганынызды, айлана чөйрөнүздү жалпы абалынызды туюп эле турасыз. Сиздин мээниз жана денениз энергия менен толукталып, кубат алып тургандай сезесиз.
Медитация жасоо үчүн үйдөгү шарттарды да эске алып, эч бир кимге тоскоол болбогудай, кандайдыр бир дипломтиялык жагдай түзгөнүнүз он, ошол эле учурда сиздин айлананызда тынч, бейкапар болоруна да ишеним болуусу зарыл.
Столго ынгайлуу отуруп, бутунузду полдун үстүнө коюунуз же килем, палас төшөлгөн жерге малдаш токунуп отурсаныз дагы болот. Колдун алакандарын бошон түрдө тизенин үстүнө ачык коюнуз. Шри Матаджи Эненин сүрөтү Сиздин бет мандайынызда коюлуп, анын сол тарабында шам жагылып турууга тийиш. Шамдын жалыны илээшкендерди (негативность) таркатып, жоюуп туруу күчүнө ээ.
Кундалинини көтөрүп, Бандан жасаныз. Баштын төбөсүндөгү жана колунуздагы өз желаргыны (вибрацияны) сезүүгө ынтаа коюнуз. Эгер саламаттыгыныз жакшы болсо, колдорунуздан муздак желаргы агымын сезесиз. А эгерде ысык, сайышуу же дагы бир башка белгилер сезилсе, сиздин организмде кандайдыр бир проблемалар бар экенин көрсөтүүдө. Бул проблемалар Сахаджа Йоганын техникасы –жол-жоболору менен арылышы мъмкън.
Сиз тынч абалга жеткенде көзүнүздү жумунуз да, ойлорго байкоо салыныз. Ойлорду бир жакка багыттоого же аларды токтотууга далалат жасабаныз, тек гана аларга байкоо салыныз. Качан Кундалини энергиясы көтөрүлүп, энергетикалык борборлор аркылуу пешене, мандай тушуна (Агия чакра) жеткенде сиздин ойлорунуз токтойт жана сиз ойсуз магдыраган абалга батасыз.
Купуя тулкуну (тонкое тело) тазалоо жана өөзүндү тен салмактуу абалга алып келүү үчүн Руханий кайра жаралуу протоколундагы тастыктоолорду айтып, кайталоого, ошондой эле Сахаджа Йоганын жамааттык программаларда өзүнүз тааныш болгон башка дагы усулдарын пайдаланууга болот.
Кечки сүкүт (медитация) жасоонун алдында буттарды туздуу сууга салып, 10 минут отуруу абдан пайдалуу (суунун ысык, муздактыгы сиз үчъүн жагымдуу абалда болгону дурус, тепшиге куюлган суу кызыл ашыктан жогору болуусу зарыл жана ал сууга 1-2 аш кашык туз салуу керек). Буттарды тепшиден чыгаргандан кийин (бир чөгүн таза сууну жана чачыкты буттарды сууга салганга чейин даярдап, жанынызга коюп алышыныз керек) таза суу менен чайкап, чачык менен таза сүртүү керек. Тепшидеги сууну (айыл жеринде болсо эч ким баспаган жерге) туалетке төгүп салуу, колду жана тепшини жакшылап жуу зарыл. Суунун жана жердин элементтери (туз – жердин элементи) аркылуу илээшкендерден (негативность) арылуу техникасы абдан натыйжалуу.
Сүкүт (медитация) аяктагандан кийин Шри Матаджи Энеге ыраазычылык билдириниз, Кундалинини көтөрүп, Бандан жасаныз. Сүкүттү кайсыл болбосун, сизге ынгайлуу учурда жасай берсениз болот. Бирок, эн жакшысы эрте менен эрте жана кечинде уктоонун алдында жасасаныз пайдалуу. Сүкүттүн убактысы – 10-15 мүнөт.
Сүкүттү үзгүлтүксүз жасоо өтө мааниге ээ. Сүкүттү Сиз тамак жеп, суу ичкен зарылдыктай жасап жүрсөнүз, жылыш (прогресс) тез болот. Эгерде сүкүттү үзбөй жасап жүргөн болсонуз, ал абдан терен жана натыйжалуу болот.

«Эгерде кандайдыр бир нерсе сизди капа болууга, бактысыз абалга түртүп жаткан болсо, тек гана жымжырт абалда болууга аракеттениниз, мына ошол жымжырт абал гана сизди, чынында, капарсыз, опкоолжубаган, бейкапар абалга алып келет жана кайраттандырат…»

(Шри Матаджи Нирмала Деви)

Кундалинини көтөрүү жана Бандан
Кундалинини көтөрүү
Сол колдун алаканы өзүнүз тарапка каратылып, көөдөндүн төмөн жагына коюлат. Сол кол ар бир чакранын тушуна түз жылып отурган сайын он колду саат жебеси боюнча сол колду тегерете кыймылдатып турасыз. Эки колду тен, утуру өөдө көздөй, баштын төбөсүнө (Сахасрара чакрасына) чейин көтөрүнүз. Баштын төбөсүнө жеткенде сол колдун алаканын төбөнү каратып кармап туруп, аны он кол менен тегеретип, түйүн байлагандай байлайсыз, кайра эки колду тен төмөн түшүрөсүз. Бул кыймыл үч жолу жасалат. Биринчи жолу бир, экинчи жолу эки, үчүнчү жолу үч тъйън байлайсыз.

Бандан
Бандан – бул Жараткандын коргоосу.
«Бандан бул Сизди тазалайт. Сиздин колунузда Улуу Күч бар экенин, ал сизге гармония, мээрим жана назик сезим берерин жана толук коргой турганын түшүнүнүз жана аны сиз башка адамдарга да бере аласыз. Сиз эми Жараткандын кудуретинин ажырагыс бөлүгү экенинизди билиниз. Сиз эми Кудайдын коргоосундасыз, эми сиз эмнени жасай турганды каалап жаткан болсонуз, Кудайдын кудурети менен жасалып калган болоор…» (Шри Матаджи Нирмала Деви)

Бандан биздин көнүлүбүздү алагды кылбай, оюбузду Жараткандын кудуретине бурууга жардам берет, биздин купуя тулкубузду ички жана сырткы терс таасирлерден коргойт.
Ким үйдөн сыртка чыгаарда, уктаар алдында, дагы бир маанилүү ишти аткараарда бандан жасайт? Канча адам бандан жасайт? Сиздер көп учурда бул тууралуу унутуп каласыздар. Саякатка чыгаарда, жолго чыгаарда бандан жасоо зарыл, сизде баары жайында, сизге эч нерсе болбойт, мага Эне кам көрөт деп коююга болбойт. Сиз жогоруда айтылган учурларда бандан жасап туруунуз зарыл.
(Шри Матаджи Нирмала Деви)
Сол колдун алаканы ачык түрдө тизенин үстүнө коюлат. Он кол менен көөдөндүн түбүнөн тартып өөдө көтөрүп, баштын үстүнөн ашырып, кайра ылдый көөдөндүн он тарабындагы түбүнө чейин түшүрөбүз. Кайра ушул эле жол менен он колду артка сол жакка, мурда башталган жакка алып келебиз. Мындай, аттын такасы формасындагы кош кыймыл 7 жолу жасалат.
Купуя көөдөндүн каналдарын тазалоонун ыкмалары, жолдору
Сол канал – Сол колдун алаканы Шри Матаджи Эненин сүрөтүнө карата ачык каралат, он колдун алаканын жерге коюнуз.
Борбордук канал – Эки колдун тен алакандары Шри Матаджи Эненин сүрөтүнө карата ачык коюлат. Ушундай абалда жърөктън тушуна коюга болот.
Он канал – Он колдун алаканы тизенин үстүндө Шри Матаджи Эненин сүрөтүнө карата коюлат, ал эми сол кол чыканактан бүктөлүп, алакан арт жакты көздөй карап турат.

Буттарды туздуу сууга салып тазалануу

Жагымдуу шарттагы жылуулукта сууну тепшиге куюп, 1-2 аш кашык туз салыныз. Ынгайлуу отурунуз, буттарды тепшидеги сууга салыныз. Эки колдун тен алакандарын Шри Матаджи Эненин сүрөтү жакка каратып ачык коюнуз. 10-15 мүнөт сүкүт жасаныз. Буттарды таза суу менен чайканыз. Тепшидеги сууларды (айыл жеринде эч ким баспаган жерге) туалетке төгүп, тепшини чайкап, колду таза жууп алыныз.

Даярдаган Зирек Асанова

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17