Аймак

Э. МАМЫРКАНОВ: «Электрондук Өкмөт түзсөк, ишибиз абдан жеңилдейт жана тапшырмалар дагы бат аткарылат»

 3,165 Бардыгы /

Э. МАМЫРКАНОВ: «Электрондук  Өкмөт түзсөк, ишибиз абдан жеңилдейт жана тапшырмалар дагы бат аткарылат»Кыргызстанда жакынкы жылдарда электрондук Өкмөт куралат. Ал бара-бара бутуна туруп, ЕвроАзиялык экономикалык биримдигинин (ЕАЭБнын) өз ара кең-кесири маалымат алмашуу түйүнүнүн маанилүү булагына айланат. Бул туурасында транспорт жана коммуникация министринин орун басары Эрнис МАМЫРКАНОВ кабарчыбызга курган маегинде ырстады.
Эрнис мырза, жалпыга маалым, ушул жылдын 18-августунда Евразиялык экономикалык комиссиянын чечими менен тышкы жана ич ара сооданын интеграциялашкан маалымат тутумунун (ТИСИМТ) мамлекеттер аралык сыноосун жүргүзүү боюнча комиссиясы уюшулбадыбы. Дегеле Электрондук Өкмөттү түзүү идеясы Кыргызстанда ушул тапта кандайча жүзөгө ашырылып жатты экен?
– Биз электрондук Өкмөттү түзүү туурасында 2001-жылдан бери эле канкшап келе жатабыз. Бирок, иш жүзүндө дээрлик эч нерсе жасалган жок. Буга дейре бул бизде ички зарылчылык катары гана эсептелсе, Кыргызстан ЕАЭБге мүчөлүккө киргенден тарта бул маселе жалпы биримдик үчүн абдан актуалдуу болуп калды.
Ошондуктан 2015-жылдын 18-августунда Евразиялык экономикалык комиссиянын чечими менен тышкы жана ич ара сооданын интеграциялашкан маалымат тутумунун (ТИСИМТ) мамлекеттер аралык сыноосун жүргүзүү боюнча комиссиясы уюшулган. Биздин делегация жакында эле аталган комиссиянын Москвада өткөн алгачкы отурумуна катышып кайтты. Комиссиянын жыйынында ТИСИМТини түзүү боюнча бир катар маанилүү чечимдер кабыл алынды.
Сиз айткан комиссиянын негизги вазийпасы кандайча? Дегеле интеграциялашкан маалымат тутуму дегенди карапайым окурмандарга кандайча түшүндүрөөр элеңиз?
– Комиссиянын милдети – интеграциялашкан маалымат тутуму расмий түрдө үзгүлтүксүз иштеп баштаганга дейре аны мамлекеттер аралык деңгээлде сынактан өткөрүү. Интеграциялашкан тутумду түптөөнүн негизги максаты – экономикалык биримдиктин аймагындагы ишкерлерге ыңгайлуу шарт жаратуу, унаа каражаттарынын, адамдардын ээн-эркин ары-бери жүрүүсүн толук кандуу камсыз кылуу. Биримдиктин алкагындагы маалыматтык ич ара аракеттенүү жөнүндө ЕАЭБнин келишиминин 23-беренесинде кенен жана даана айтылган. Аталган берененин талаптарын аткаруу максатында атайын чечим кабыл алынып, анда маалыматтык ич ара аракеттенүүнүн регламенти дагы бекитилди.
Жалпак тил менен айтканда, ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн электрондук системалары (алар улуттук сегмент деп аталат) чоң, бирдиктүү тармакка кошулушу кажет. Анын түзүмү төмөнкүчө: системанын борборунда ЕАЭБдин интеграциялык системасы, ал эми анын айланасында беш өлкөнүн системалары тыгыз жайланыштырылган. Маселен, унаа каражаттары, же жеке адамдар ЕАЭБдин аймагына киргенде ар кандай документтерди толтуруусу абзел! Бул маалыматтар бир эле убакытта беш өлкөнүн тең маалыматтык системаларына дароо барып түшөт. Мындайча айтканда, аталган унаа каражаттары, же жеке жарандар документтерин көтөрүп алып улам бир чек арадан өткөндө аны кайрадан толтуруп, тынбай убарагерчилик чегишпейт. Бир эле жолу толтуруп койсо, жетиштүү.
Жыйынтыгында электрондук маалымат тутуму кагаздын жана бюрократиялык тосмолордун кыскарышына дагы чоң жаратат. Кыргызстан үчүн, чынында, бул абдан эле маанилүүү, анткени бул жагдай өлкөнүн өзүндө да ички электрондук тутумду туруктуу калыптандырууга дагы абдан түрткү берет.
Ал эми ички электрондук тутумдун үзгүлтүксүз иштеши дагы бизге кыйла эле жеңилдиктерди тартуулайт. Маселен, насыя алуу максатында жаран кайсыдыр бир банкка кайрылган учурда, банк андан толгон–токой документтерди көрсөтүүнү талап кылып олтурбайт. Электрондук тутум базасына кирет дагы, аталган жаран туурасында керектүү маалыматтарды дароо жана толук бойдон алат. Мисалы, насыя алуучу жарандын башка жактарда карыздары жокпу, насыяны кайтарганга дарамети жетиштүүбү? Ушул өңдөнгөн жагдайларды абдан чукул арада аныктайт дагы, ошого жараша маселени ыкчам чечкенге шар түзүлөт.
Абдан жакшы турбайбы. Эми муну жүзөгө ашыруу жагы кантет?
– Муну ишке кийирүү үчүн биздин министрлик жылдын аягына дейре 35 мамлекеттик органдарды бирдиктүү тармакка киргизебиз. Бул биздин болочоктогу Электрондук Өкмөттүн негизи болуп калмакчы.
Биз ушул тапта топторду түзүү боюнча чечим кабыл алдык жана анын курамына беш өлкөдөн тең тажрыйбалуу эксперттер гана киришет. Бул беш жумушчу топтор ишке киргизиле турган темаларды улам-улам тестирлеп турушат. Эксперттердин саны чектелбейт, алар жүз, же миңден ашуун болушу дагы толук ыктымал. Мындай жумушчу топту уюштурууга болгону үч апта гана коротобуз.
Баса, негизи бул жумушчу топтун маани-маңызы эмнеде?
– ЕЭКтин апрелдеги чечимине ылайык өз ара маалыматтык иш-аракеттер боюнча 75 иш жараяны даана белгиленген. Бул сан чексиз улана бериши дагы толук ыктамал. Башкача айтканда, аталган электрондук системаны же кыскача айтканда. ТИСИМТны түзүүдөгү максат – жогорудагы беш өлкө бири-бирине документтерди электрондук түрдө гана жөнөтүп туруусу кажет.
Эми системанын кандайча иштешин кыскача чечмелей кетейин. Баштапкы маалымат Кыргызстандын өзүндөгү улуттук шлюзга келип түшөт. Муну кыргызча тосмо деп атасак деле жарашат. Андан-ары маалымат ЕАЭБнын интеграциялашкан шлюзуна жөнөтүлөт. Башкача айтканда, бул шлюзга, же тосмого бардык беш өлкөнүн баштапкы маалыматтары келип түшөт дагы, ЕАЭБнын тосмосу аталган маалыматтардын кимдер даярдап, кайсыл мамлекеттик органга багыттаганын аныктап, дароо тааныйт.
Ушуну менен гана чектелбестен, маалымат жайылткан адамдын буга укугу бар. же жок экенин кошо аныктайт да, маалыматтарды андан ары жөнөтөт. Мында өтүп жаткан ар бир документ аны түзгөн адамдардын ыйгарым укуктарын тастыктап жүрүп олтурат. Бул электрондук кол тамганын жана ишенимдүү үчүнчү тарап деп аталган системанын жардамы менен жүзөгө ашырылат. Башкача айтканда, муну кандайдыр бир электрондук нотариус деп койсок дагы жарашат.
Бул жагдай быйыл июнь айында Москва шаарында сыналды. Буга Кыргызстан катыша алган жок, анткени ал кезде биз ЕАЭБге мүчөлүккө кабыл алына элек болчубуз. Бирок, экинчи сынакка Кыргызстан ЕАЭБдин толук кандуу мүчөсү катары сөзсүз түрдө эми гана катышат.
Баса, документтердин канчалык даражада туура экендиги кандайча аныкталат? Анткени, адамдык фактор дегенди көңүлдөн чыгарууга мүмкүн эмес. Ошентип, автоматиканы алдаганга аракет кылгандар дагы болушу ыктымал да, туурабы?
– Ооба. Мындай учурлар күтүлөт. Документти ириде эки гана адам түзөт эмеспи. Биринчиси – аны даярдап берген киши, экинчиси – ага кол койгон жетекчи. Даярдап берген киши жетекчисинин колун койдургандан кийин аны өзүнө керектүү кылып тууралап, мисалы, Белорусияга жөнөтүп жиберди дейли. Бирок, система аны дароо эле аныктап коет. Система өзөртүлгөн документке укуктук баа бербейт, анын мыйзамсыз экенин гана тастыктайт. Бул процедура документке электрондук квитанция тиркелбей, аны кайтаруу менен гана аяктайт. Башкача айтканда, мыйзамсыз документ ким тарабынан берилген болсо, ошого гана кайтарылат. Биз мына ушундай татаал, бирок абдан зарыл жана ишенчиликтүү болуп турган системаны түзсөк деп жатабыз, буга кеминде бир, же ашып баратса, бир жарым жыл сөзсүз коротобуз.
Бул жерде баса белгелчү жагдай: чек араларга ачууга абдан керектүү болгон баштапкы системаларды түзүү боюнча биз Орусиядан тийиштүү жардам алдык. Тактап айтканда, бул мамлекеттин ветеринардык-санитардык инспекция, саламаттыкты сактоо, бажы, салык, каржы министрлигине, кыскартып айтканда, биздин улуттук шлюзга керектүү болгон баштапкы системаларына кайрылып, оң гана жоопторду алууга жетиштик.
Биздин министрлик буга чейин деле бул маселе боюнча айрым бир иштерди аткарып келди, эми бул ишти мындан ары абдан жанданталы деген ойдобуз. Ошондуктан бул маселени талкууга алуу бир эле жолку жолугушуу менен бүтпөйт, буюрса, жакынкы аралыкта Электрондук Өкмөт туурасында кенен-кесип пикир алышууга дагы бир жолу себеп болот деп ойлоймун. Анда улуттук сегменттин платформалары, маалыматтык коопсуздук жана башка толгон-токой жагдайлар сөзсүз эске алынат.
Кыскасын айтканда, Электрондук Өкмөт түзсөк, ишибиз абдан жеңилдейт жана тапшырмалар дагы бат аткарылат.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17