Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
4,242 Бардыгы / «Уулумдун үйлөнүү тоюна өңчөй кымбат шоколаддардан койдум»,- деп калды бир күнү кесиптешим. Эмне болгон шоколаддар экен алар десем, – Оой, эже аябай сонун шоколад жегенге окшойсуң, аталышы эмнээ, элэээ…, мындай да, фантиги золотистый, кара түстөгүсү да бар мага золотистый жагат, бир күнү я вас угощу,- деди. Бул эстен деле чыгып кеткен экен, чындап […]
4,243 Бардыгы / «Уулумдун үйлөнүү тоюна өңчөй кымбат шоколаддардан койдум»,- деп калды бир күнү кесиптешим. Эмне болгон шоколаддар экен алар десем, – Оой, эже аябай сонун шоколад жегенге окшойсуң, аталышы эмнээ, элэээ…, мындай да, фантиги золотистый, кара түстөгүсү да бар мага золотистый жагат, бир күнү я вас угощу,- деди. Бул эстен деле чыгып кеткен экен, чындап […]
АНДАН КӨРӨ, ШОКОЛАД ӨНДҮРБӨЙЛҮБҮ? ЖE, ДАЙМОНД ШОКОЛАДЫНАН ЧЫККАН БИР ДАЛАЙ СӨЗ…
29.07.2019 / Автор aymak

4,244 Бардыгы /
«Уулумдун үйлөнүү тоюна өңчөй кымбат шоколаддардан койдум»,- деп калды бир күнү кесиптешим.
Эмне болгон шоколаддар экен алар десем, – Оой, эже аябай сонун шоколад жегенге окшойсуң, аталышы эмнээ, элэээ…, мындай да, фантиги золотистый, кара түстөгүсү да бар мага золотистый жагат, бир күнү я вас угощу,- деди.
Бул эстен деле чыгып кеткен экен, чындап эле ошо бир күнү иш убактысы башталып, компьютерди ачып-ача электе “мына, эже, помните, баягыда мен сизге алып келем деген шоколад ушул. Кечээ атайын сатып алып, тойгончо жедим. Ичинде 1 фундук, 3 чернослив бар, деп сунуп, жылуу маанай менен маңдайымда айтып да турду.
Адатта, жумушумду 200г кружкеге мелт-калт куюлган кара кофе менен баштаган мен, макул эми деп, кагаз оромун ачып жейин десем, так эле кесиптешим айткандай экен.
Жеп жибергенден да, мага дароо эле мунун ичи толгон кургак кайнаалы болсо, сөзсүз түрдө ал бизден-Кыргызстандан сатылып алынды. Андан көрө кайсы компания, кимдер өндүрдү деген суроону ачык эле кесиптешиме кайра узата баштадым.
Билбейм Россия же Украина болсо керек, деп экөөбүз тең кагаздан даректи издеп калдык. Карабайсызбы, адатта жөнөкөй эле карамель конфетинде толгон-токой жазуу болсо, бул шоколаддын кагазында товардык белгинин жанында DIAMOND жазуусу гана көзгө урунбаса, бир четиндеги жарыбаган майда жазууну лупа менен араң окуйсун. Аны телефонго тартып алып, окуганда изготовитель: кондитерский дом Diamond, ОсОО “КД Diamond” Diamond01R@mail.ru. Кесиптешим, дүкөнгө эле барып коробкадагы жазууну карасаңыз болот кеңешин да айта кетти.
Ошентип, бүгүн бир чыгынып дүкөнгө барып, сатуучулардын бул каяктан келген шоколад деген суроомо, алар телефон аркылуу дагы бир чоңуна чалып Орусияныкы экен, деп тастыкташты.
Жаш, татынакай сатуучу кыз бул эже кымбатынан сатып алат экен деп сүйүнө караганда, баасын, сыртын сүрөткө тартып алууга уруксат сурадым. Бул аз келгенсип, сатуучу кыз кичи пейилдик менен менин өтүнүчүмдү аткарып, 1 даана шоколадды тартып, 14 сом деди, анан грамы канча дегенде 25 г. экенин айтты.
Ушул маалыматты алганыма эле кудуңдап, чооң кагаз коробкасындагы жазууну карап көрүүнү сурабай калганымы кийин эстеп, кайра барбадым.
Айтмакчы, бул кленка пакетинде без ГМО деген да жазуусу бар, составы да жакшы, Бельгия шоколады 55,5% экени көрсөтүлгөн.
Үйүмө келип, интернет аркылуу караганда бул ишкана Ростов- на-Дону тарапта маалыматы жүрөт.
Эми экономикалык эсеп-кысабын (расчеттор) так болбосо да, өздүк наркын, чыгашалары, таза пайданы, анын бизге окшогон акыркы керектөөчүгө сатылган бааны болжол менен чыгарып деле көрсө болот болуш керек.
Мага мындай учурда Кыргызстанга шоколад сырьесу каяктан, канча сом же доллар менен кандайча импорттолуп келери кызыктуу болуп калды.
Ал эми, кургак как кайнаалыларды айылдан 50-60 сомдон, базардагы алып-сатарлардан 1 кг 80-100 сомдон алууга болот, аа, фундукчу, аны да эсептеш керек, фундук болбосо, жер жаңгак деле бар, аны деле түштүк тарапта өстүрүүгө болот.
Демек: 1 шоколад 25г, анда 3 кайнаалы бар; 40 даана шоколад 1 кг; 40 Х 3 = 120 кайнаалы. Эми, 120 даана кайнаалы канча гр, кг же 1кг да канча кургак кайнаалы бар суроосу ачык бойдон калып турат. Айтор, мен деген, кыйын экономист же ишкер бир заматта эле эсептеп кое турган нерсе болуп жатат.
Мен наалыган маселе – азыр болбосо да, жакынкы келечекте “биздин уул-кыздарыбыздын ак тойлорундагы ак дастаркондорго өңчөй өзүбүздөн өндүрүлүп чыгарылган шоколаддарды койдук, ай”,- деп айтканга жараар бекенбиз!
Зирек АСАНОВА,
Бишкек шаары
Автор aymak
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
21.11.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна САК БОЛУҢУЗДАР, КЫШКЫ ӨРТ КООПТУУ МЕЗГИЛ БАШТАЛДЫ
-
-
17.07.2025 / Автор anarkan_kg АКСЫЛЫК УЛАН АЗИЯ ЧЕМПИОНУ АТАЛДЫ
-
17.07.2025 / Автор anarkan_kg ЭРКИН КҮРӨШ БОЮНЧА АКСЫДАН ЧЫККАН БАЛБАН
-
-
16.09.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна КРИМТӨБӨЛ КАДЫР ДОСОНОВГО БАЙЛАНЫШЫ БАР ЖАРАН КАРМАЛДЫ
-
24.09.2024 / Автор anarkan_kg ОШ ШААРЫНДА “БИЛИМ АЙТЫШТЫН” ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ АНЫКТАЛДЫ
-
28.09.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна КЫРГЫЗ-КЫТАЙ ЧЕК АРАСЫ УБАКТЫЛУУ ЖАБЫЛАТ
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.