Аймак

ТАРЫХЫБЫЗ, МАДАНИЯТЫБЫЗ ЭГЕМЕНДИККЕ ЖЕТКИРДИ

ТАРЫХЫБЫЗ, МАДАНИЯТЫБЫЗ ЭГЕМЕНДИККЕ ЖЕТКИРДИ

 9 Бардыгы /

Эгемендүүлүк күнү – өлкөбүздүн эркиндикке жеткен күнү. Мына быйыл эгемендүүлүктү алганыбызга 34 жыл болуптур. Тактап айтканда Кыргызстан 1991-жылдын 31-августунда Эгемен өлкө статусун алган. Буга чейин Кыргызстан СССРдин курамында болгон.

Эгемендүү күн республикалык деңгээлде Жалал-Абад облусунда белгиленмекчи. Эркиндикке жеткен суверендүү эл катары дүйнө жүзүнө Кыргызстан деген ажайып мамлекет бар экендигин билдирип, өзүбүзчө түндүгүбүздү көтөрүп, туубузду желбиретип жүрүп, алдыга кеткен, артка кеткен учурларыбыз болду. Канткен менен 34 жыл ичинде чыйралдык, эми өнүгүүнүн туруктуу жолуна түштүк десек болот. Эгемендүүлүк эмне берди? Кандай сабактарды алдык? Кандай кемчиликтер, кандай алгылыктуу иштер жасалды? Эми мындан ары кантип өнүгүүгө жол алабыз? –деген суроолор менен облустагы тарыхчы, тилчи, улуу муундардын пикирин уктук.

Үпөл АСАНАЛИЕВА, Жалал-Абад шаарынын ардактуу атуулу, КРдин “Кыргыз тили” коомунун Жалал-Абад облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү:

“КЫРГЫЗСТАН БУЙРУСА ШВЕЙЦАРИЯГА АЙЛАНАТ”

-Кыргыз эли өз эркиндиги, көз карандсыздыгы үчүн күрөшүп, кырылып барып кырдалып, түгөнүп барып түтөп, өчүп барып тутанган эл экендигибизди тарых барактарынан жакшы билебиз. Кээ бир элдер сыяктуу өчүп калбай, бүгүнкү күндө дагы түтүнүбүздү булатып, желегибизди желбиретип, тегибизди коргоп, эркиндигибизди жактап, эгемен элдүүлүгүбүздү сактап, жашоону улантып келебиз. Кыргыз эли эгемендүү мамлекет катары өзүбүздүн салтыбызды, маданиятыбызды, тарыхыбызды сактап келатабыз.

Акыркы 5 жылда жасалган ийгиликтерибизге токтолгум келет. Биз ушул аралыкта мурда болуп көрбөгөндөй зор ийгиликтерге жетиштик. Учурда биздин Президентке дүйнө жүзү суктанып турган убагы. Анткени кыска убакытта жемиштүү жетишкендиктерди багындыра алды. Чынында эле өлкөбүздө билим берүү, саламаттыкты сактоо, спорт тармагындагы курулуштар жетишээрлик деңгээлде курулду. Пенсия, жөлөк пул, маяналар жогорулады. Жолдордун оңдолушу, кадр саясаты, чек ара маселелери, элдин коопсуздугун коргоого аскердик техникалардын, айыл чарба техникаларынын камсыздалышы, аэропорт, автовакзалдар курулуп, айрыкча туризмге басым жасалып жатат. Мындан сырткары коррупцияга бөгөт коюу, калкты үй менен камсыз кылууда көп кабаттуу мамлекеттик ипотекалык үйлөрдүн курулушу тынымсыз жүрүп жатат. Мына ушундай дүркүрөп өнүгүп-өсүү, жетишкендик эгемендүүлүктүн жемиши эмей эмине!?

Эгемендүү Кыргызстан чакан мамлекетибиз буйруса ушул өсүү темпи менен барса, Швейцарияга айланат деп толук ишенем. 

Айтмамат ОМОРОВ, Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад Мамлекеттик университетинин окутуучусу, филология илимдеринин кандидаты, доцент:

“ӨНҮККӨН МАМЛЕКЕТТЕРДИН ООЗУНА АЛЫНА БАШТАДЫК”

-Эгемендүү мамлекет деген – бул башка мамлекеттер менен тең ата мамиледе болушу, өзүн-өзү башкаруусу болуп мамлекеттин келечегин аныктай турган категория. Дүйнө жүзүндө көптөгөн миллиондогон калктуу эрдердин бүгүнкү күнгө чейин өзүнүн мамлекети жок. Мамлекеттүү боло албай кайсы бир мамлекеттин алдында автоном алып жүргөндөрдүн саны көп. Мисалы, 30 миллион калкы бар уйгурлар, 60 миллион калкы бар күрттөрдүн мамлекети жок.

Кыргызстандын эгемендүүлүк тарыхына токтолуп өтсөк, бир кылымга жакын СССР деген чоң державанын курамында турган. Бардык мүмкүнчүлүктөр Россия Федерациясы тарабынан чектелип, бардык иштер алардын көрсөтмөсү менен аткарылып турган. Чыңгыз Айтматовдун “Кылым карытар бир күн” чыгармасындагы маңкуртчулукту чагылдыруу менен ошол эгемендүүлүктүн алгачкы кадамдарындагы мезгилди туюндурган.

СССРдин курамындагы 15 республика тарап, Кыргызстан 1991-жылдын 31-августунда өзүнчө мамлекет катары өзүнүн эгемендүүлүгүн жарыялады. Бирок дайыма Россиядан көз каранды болуп, анын көрсөтмөсүн угуп келген Кыргызстан мамлекети ошол инерция менен 10 жылдан ашык жашап келди. Кыргызстан мамлекетин башкарган жетекчилик курам, жалпы атуулдар эртең СССР деген мамлекет кайрылып келе тургансып мурунку тартип менен жашашкан. Биздин эгемендүүлүктү алганыбыз менен алгачкы жылдарында өнүкпөй келгенибиздин себеби да ушунда болгон.

Толук кандуу Эгемен мамлекет болгондон кийин Кыргызстандын өз алдынча жашап кетүүсүнө ар тараптуу кыйынчылыктар болгон. Мисалы, саясат, илим, билим, саламаттыкты сактоо, дипломатия жааттарындагы маселелер, ошондой эле мамлекеттин ички структурасын уюштуруу маселелерин чечүүдө көп эмгек жана убакыт талап кылган. Өзүнчө мамлекет катары алган статусун ишке ашыруу маселесине карата чоң иштер 2010- жылдан тарта башталды. Мисалы, энергетикага болгон көз карандылыктын жоюлушу, ички инфраструктура, жол маселелери бир топ жолго коюлду. Бирок абсалюттуу эгемендүүлүк болбойт окшойт деген ойдомун. Себеби экономикалык маселелер дайыма көз карандысыздыкты, өзүнчө эгемендүүлүктү жолго койгон категория катары эсептелинет. Анткени мамлекетте элдин көп болушу, территориянын чоңдугу, географиялык шарты, жаратылыштык ресурстар эгемендүүлүктү жолго сала турган көрсөткүч болуп саналат. Бүгүнкү күндө Иран менен Израил мамлекеттери ортосундагы согушта Ирандын согуштук потенциялы, экономикасы бир топко дурус. Бирок, Израил союздашы Америка аркылуу Иранды чөгөлөтүп койду. Демек, ушул сыяктуу нерселерди карап туруп абсалюттук эгемендүүлүк болбойт экен деген ойдо калдым. Ошентсе да эгемендүүлүктү сактап калуу үчүн дипломатия маселеси негизги орунда турат экен. Бүгүнкү күндө Кыргызстандын экономикасынын өнүгүшү эгемендүүлүк статусунун жогору болушуна алып келет.  Акыркы жылдары Кыргызстан мамлекети дүйнө жүзүндөгү өнүккөн мамлекеттердин оозуна алына баштады. СССРдин курамындагы өзү менен тең мамлекеттердин алдыңкы сап катарында. Демек, мамлекеттин эгемендигин сактап калуу мамлекеттин өсүп өүгүшүнө көз каранды экен деген жыйынтыкка келесин. Кыргызстан экономикасын өнүктүрүү менен башка улуу державаларга тең ата болуууга мүмкүнчүлүктөрү бар жагдайы – бул өлкөнүн байлыгы. Өлкөнүн жаратылышынын кооздугу, өзгөчөлүгү таасир эте турган көрүнүш. Бүгүнкү күндөгү эгемендүү Кыргызстан мамлекетинин башка күчтүү мамлекеттер менен тең ата болууга мүмкүнчүлүктөрү кеңейди.

Жеңишбек АБДРАХМАНОВ, жеке ишкер:

“ЧАКАН БИЗНЕС ӨСҮП ЖАТАТ”

– Эгемендүүлүк биз ишкерлер үчүн эле эмес, кыргыз эли үчүн да тарыхый чоң белек болду десем жанылышпайм. Эркин рынок түзүлүп, ар бир ишкер өз идеясын, максатын ишке ашырууга шарт алды. Жеке менчикти коргоо укуктук деңгээлде камсыздалып, бизнеске ишеним пайда болду. Ички рынокту жана өндүрүштү өнүктүрүү менен катар, экспортко да жол ачылып, дүйнөлүк базарга чыгуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү.

Финансылык институттардын түзүлүшү (банк, камсыздандыруу, инвестициялык компаниялар) ишкерлерге капитал топтоого шарт берди. Жаңы технологиялар жана инновациялар кирип, өндүрүштүн сапаты жогорулады. Жаш ишкерлерге колдоо көрсөтүлүп, стартаптар жана чакан бизнес өсүп жатат. Бүгүнкү күндө эгемен мамлекетибизде миңдеген ишканалар ачылып, калкка жумуш орундары түзүлүп, экономикабыз көтөрүлүп жатат. Буйруса мамлекетибиз азыркы өнүгүү темпи менен кетсе, өнүккөн мамлекеттердин катарына аз эле аралыкта жетебиз.

Бакыт ЖУМАЛИЕВ, Жалал-Абад облустук Барпы атындагы кыргыз драма театрынын сахна чебери, КРдин эл артисти:

“ЭГЕМЕНДҮҮЛҮК — БУЛ ЭРКИНДИК”

– Кайсы бир улуттун мамлекеттүүлүгү болгондон кийин анын эң маанилүүлүгү – бул эгемендүүлүк. Эгемендүүлүк – бул эркиндик. Эгемендүүлүктүн шарданы менен Кыргыз мамлекети өзүнө өзү ээ болуп, өз алдынча башка өнүккөн мамлекеттер менен тең ата сүйлөшүүгө укук алды. Мурда биз Россиянын курамында болуп, алардын башкаруусу, мыйзамы  менен жашап, кандайдыр бир кысым бар экени сезилет эле. 1991-жылдан бери өзүбүзчө мамлекет болуп, Кыргыз мамлекети деген дүйнө жүзүндө ордубуз бар. Эгемендүүлүктүн мааниси ушунда жатат. Дүйнө жүзүндөгү адамзат жашоосундагы философиялык көз караш менен алып караганда өзүбүздүн көз карашыбыз бар. Биз кыргыз улуту Кыргызстан мамлекети болгондон соң өзүбүзгө таандык баалуулуктарыбызды пайдаланып жашайбыз. Кыргыз элинин өткөн тарыхында бир нече жолу чоң империя болгон учурлар өткөн. Кыргыздар ушунчалык дүркүрөп өнүгүп, башка элдер биздин маданиятыбызды үлгү катары өздөрүнө сиңирген мезгилдер болгонун тарых барактары тастыктайт.

Көптөн күткөн максатыбызга жеттик. Эми биздин эл башчыларыбыз эл аралык мамилелерде өтө кылдат болушу керек. Биз келечекке кандай өнүгүү жолун тандап алсак, багытты туура коюп, өнүгө беришибиз керек.

Акыркы 5 жылдыкта Кыргызстан эгемендүү мамлекетибиз өсүп-өнүгүүнүн жолунда баратат. Эч жок дегенде курулуш тармагынан өнүгүүдөбүз. Президентибиз Садыр Жапаров келгенден бери мамлекетте чукул бурулуш болду десем жаңылышпайм. Өнүгүүнүн жолуна түшкөнүбүз көзгө көрүнө түштү. Өнүгүү жолу ушул темп менен кете турган болсо, буйруса алдыда мындан да жакшы өсүүлөр болот.

Нургул АБДЫЛДАЕВА, “Аймак” 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17