Аймак

Абдрайм БӨКӨЕВ: “ТАРЫХЫЙ ЖИБЕК ЖОЛУ АРКЫЛУУ АЗИЯ ӨЛКӨЛӨРҮНӨ ТҮПТҮЗ ЭЛЕ КАТТООБУЗГА ДАҢГЫР ЖОЛ АЧЫЛАТ!”

Абдрайм БӨКӨЕВ: “ТАРЫХЫЙ ЖИБЕК ЖОЛУ АРКЫЛУУ АЗИЯ ӨЛКӨЛӨРҮНӨ ТҮПТҮЗ ЭЛЕ КАТТООБУЗГА ДАҢГЫР ЖОЛ АЧЫЛАТ!”

 3 Бардыгы /

Ушул тапта Кыргызстанда абдан кызуу жүрүп жаткан Аймактык-Административдик реформа бара-бара өз үзүрүн гана берээринде эч шек жок! Ал эми айтылуу Араван жергесинде курулуп жаткан Пахтадан кездеме токуу комбинатында жана “Ош-Глобал-Текстиль” кишканасында өндүргөн сапаттуу, ошондой эле бышык товарларды тарыхый Жибек Жолу аркылуу Азия өлкөлөрүнө ортомчусуз эле түптүз соодалоого өбөлгө жаралаары шексиз. Бул туурасында Араван райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчиси Абдрайм БӨКӨЕВ кабарчыбызга курган маегинде шардана кылды.

Абдрайм мырза, айып этпегейсиз. Өлкөдө абдан кызуу жүрүп жаткан Аймактык-Административдик реформага ылайык Араван районундагы 8 Айыл өкмөтү өз ара бирктирилип, жалпысынан 6 гана Айыл өкмөтүнө айландырылбадыбы. Дегеле бул жөрөлгөнүн сиздерге деле түз, же кыйыр кесепети тийбеди бекен?

– Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып мен адис сыңары айтып коюуга тийишмин. Бүгүнкү Аймактык-Административдик реформа – мезгилдин эч кечиктирилгис талабы. Кыскартуудан, анан дагы бириктирүүдөн эч кандай шылтоо – кынтык издегебегилечи? Ал натыйжасын гана берет. Эң башкысы: Аткаруу бийлигинин – жергиликтүү башкаруучулардын, мындайча айтканда, төбөлдөрдүн жоопкерчилиги мындан ары ого бетер жогорулатылат.

Ал эми биздин тармак Суу ресурстары, Айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине бириктирилип, бири-экинчисине эриш-аркак гана ийиндеше иштешип, оңуп эле калбадыкпы.

Араван жергеси тээтигил Союз (СССР) маалында “ак алтындын” жана дагы Социлаисттик Эмгектин Баатырларынын Мекени эле. Эмнеге азыр бул Аймактан Кыргыз Эл Баатырлары чыкпай калды? Анан дагы пахта аянты дээрлик кесикин түрдө азайып гана кеттти?

-Быйыл, кудайга шүгүр, 3000 гектар аянтка пахта эктик. Үч жыл абалы “ак алтындын” килосу 120-150 сомдон сатылган. А азыр баасы бир жаңсыл чечиле элек. Эгерде килосу 55-65 сомдон соодаланса, албетте, короткон чыгымды таптакыр эле актабайт! Ушул тапта Кыргыз Өкмөтү менен сүйлөшүүлөр жүрүп жаткан чагы. Албетте, жыйынтыгын сөзсүз ачыктайбыз.

Ал эми бизде тээ Совет доорундагыдай Эмгек алдыңкыларын шыктандырган сыйлык-наамдар дээрлик берилбей калбадыбы. Албетте, бул ириде өзүнчө ойлоно турган жана дагы кечеңдетпестен чечүүгө муктаж маселе.

Демек, бар деңиз. Анда “ак алтын” жергесинде катарынан чоң ишканалар курулат өңдөнөт?

-Илгиртпестен баамдапсыз. Районубуздагы Керме-Тоо Айыл өкмөтү Пахтадан кездеме токуу комбинатынын курулушуна атайын жер аянтын ажыратты. Ал ишке түшүрүлсө , заман талабына ылайыкташтырылган кездемелер чыгат. Мисалы, бир көйнөктүн наркы ошондо 3000 сом болот. Албетте, рынок шартында байып эле жатып калабыз. Буга улай Швейцария сыяктуу өлкөлөр менен макулдашылды. Буга кошумча үч демөөрчү дагы таптык. “Ош-Глобал-Текстиль” ишканасы дагы биздин өрөөнгө тикеленип атат. Эгерде бул демилге дагы ийгиликтүү ишке ашырылса, анда биз тарыхый Жибек Жолу аркылуу Азия өлкөлөрүнө түз эле каттообузга даңгыр жол ачылат.

Быйыл дегиңкиси алдыдагы кышка карата жетиштүү түшүм деле камдагандырсыздар?

-Ананчы! Быйыл районубузда 67 гектарга – кылкандуу дан эгиндери, 1702 гектарга – картөшкө, 2287 гектарга – жашылча-жемиш, 3181 гектарга – дан эгиндери. 1368 гектарга – бахча өсүмдүк, ал эми 50 гектарга – тамеки эгилди. Дан эгиндеринин ар гектарынан 24,4 центнерден буудай, 22 648 тонна картөшкө, 2288 тонна жашылча, 4419 тонна мөмө-жемиш жыйналды. Албетте, быйылкы түшүм жалпы жонунан жаман эмес!

Райондо дагыле мамлекеттик Фондунун жерлери бардыр?

-Ооба. Районубуз боюнча мамлекеттик Фондунун жери – 3323,2 гектар. А мунун 50 пайызы, тактап айтканда, 1661,6 гектар Араван райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын карамагында. Ушунун 335,64 гектарын атайын сынактын негизинде 44 дыйкан-фермерге, кооперативдерге 5 жылдык мөөнөткө ыроолонгон. Ошондуктан, бул жаатта биз дыйкандарыбызды жана фермерлерибизди атайылап окутуп, иштин көзүн билгенге үйрөтүп дагы жатабыз.

– Баса¸эт, сүт, жумуртка жана жүн өндүрүү унутта калбады бекен?

– Жо-жок! Мактангандык эмес, бирок, мен учурдан пайдаланып айтып коюуга тийишмин! Быйыл ушул күнгө карата 3322 тонна эт өндүрүлдү. Арийне, былтыркыга караганда, план дээрлик 100,3 пайызга ашыкча аткарылды. Мындан тышкары 2226 тонна сүт өндүрүлдү. Буга улай 8885 даана жумуртка жыйналды. Жүн дагы 124,7 тонна кыркылды. Чындыгында, былтыркыга караганда, кудайга шүгүрэр, көп.

– Заман талабына жараша мал-калдин пародасы (тукуму) деле олуттуу жакшыргандыр? 

– Жашырып не. Биз дал ушул тапта мал-жандыктарыбыздын асыл тукумдуулугун ого бетер арттырууга бекем ыктадык. Соңку кезде Ала Тоо, Гиссари тукумундагы эт багытындагы койлорду арбын асырап жатабыз. Бул өңүттө районубуздун аймагында эки жасалма уруктандыруучу бекет дагы уюштурулган.

– Абдрайм мырза, аткминерлер бүт эле кеңсесинин төрүндө кеменгер жетекчи Исхак Раззаковдун сүрөтүн тегиз илип, “Мен таза болсом, сен таза болсоң, коом дагы таза болот!” деген учкул сөзүн ураанга айландырып алышты. А Сиз антпепсиз го?

–  Алишер мырза, туура баамдапсыз. Өзү мен эс тартканымдан бери кошоматтчылыкты жана дагы бирөөнү кыңшаюусуз туураганды жинимдей жек көрөм . А чынымды айтсам, менин ушундай “талантым” – чымыным жок! 

Эсиңиздедир? Улуттук Кыргыз адабиятынын дөө-шаалары – кайталангыс жазуучу жана акын Чыңгыз Айтматов жана Жолон Мамытов, мындайча айтканда, эки залкар тең мал чарба, а чынында ветеринария адистери. Ошондуктан, мен ушул экөөнү тең эмидигиче туу тутам! 

Кепке тарткан: Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17