Аймак

Жедигер Саалаев: “Кыргыз Туусу” 90 жылдыкка кызуу даярданып жатабыз

 9,874 Бардыгы /

Жедигер Саалаев: “Кыргыз Туусу” 90 жылдыкка кызуу даярданып жатабыз

–Жедигер мырза, быйыл кыргыздын төл башы гезити “Кыргыз Туусу” өзүнүн 90 жылдыгын белгилейт эмеспи. Ушуга байланыштуу сизди жана сиз жетектеген жамаатты алдыдагы торколуу тоюңуздар менен чын жүрөктөн куттуктайбыз! Тойго карата даярдыктар кандай?

–Ырахмат. Быйыл биздин гезиттин туулган күнүнүн урматына жылыга “Улуттук басма сөз жана маалымат күнү” катары кесиптештерибиз майрамдап келе жаткан 7-ноябрь күнү “Кыргыз Туусу” 90 жашка толот. Бул майрамга даярдык өткөн жылы эле башталган. Кыргыз Өкмөтү 2013-жылдын 13-декабрындагы № 489-б буйругу менен “Кыргыз Туусунун” 90 жылдыгын жалпы улуттук деңгээлде майрамдала турган маараке катары бекиткен. Демек, жалпы жамаатыбыз менен бул майрамга жыл башынан бери даярданып келүүдөбүз. Гезиттин сайтын жаңылап, кайра жасап, башка материалдарыбыз менен бирге эле майрамдык иш-чараларыбыздын программаларын да ага жайгаштырдык. Редколлегиябыз менен кеңешип, мааракебизге карата жыл башынан “Кыргыз Туусунун” 90 жылдыгына карата – 9 сынак жарыяладык. Алар:

1. «Кыргыз Туусу» гезитинин тарыхы, коомдогу ролу тууралуу басма сөздө жана интернетте (маалымат агенттиктеринде) жарыяланган мыкты материалдар үчүн ЖМКлар арасындагы сынак;
2. «Жылдын мыкты облусу»;

3. «Жылдын мыкты району»;

4. «Жылдын мыкты шаары»;

5. «Жылдын мыкты айыл аймагы»;

6. «Жылдын мыкты мекеме-уюму»;

7. «Жылдын мыкты ишкери»;

8.«Кыргыз Туусунун сулуусу»;

9. “Кыргыз Туусу» гезитинин ураан ыры” деген сынактар.

Булар эмне сынактар экендигин ар биринин аталыштары эле айтып турбайбы. Андыктан чечмелебей эле коёюн. Сынактардын жеңүүчүлөрү алган ордуна жараша ар кандай суммадагы акчалай сыйлыктар, «Кыргыз Туусунун» өтмө Кызыл Туусу, эстелик вымпели, Ардак грамоталары, дипломдору менен сыйланышарын гана эскерте кетсем болот. Алардын баардыгын жеңүүчүлөргө өкмөттүн катышуусундагы мааракелик салтанатта, Токтогул атындагы Улуттук филармониябызда тапшырабыз деп турабыз.

–Мындан 90 жыл мурдакы “Кыргыз Туусу” менен азыркы “Кыргыз Туусунун” окшоштугу, айырмасы кайсыл деп ойлойсуз? Таржымалына кыскача токтоло кетсеңиз.

–Биз жыл башынан бери “Кыргыз Туусуна” – 90 жыл: “Гезит саптарындагы тарых” деген туруктуу рубрикада андагы “Эркин Тоонун” алгачкы сандарында, кийин “Кызыл Кыргызстанда” жарык көргөн кабар-макалаларды, фельетондорду араб алфавитинен азыркы кириллицага оодарып, жарыялап келдик. Биздин туруктуу окурмандарыбыз ошол материалдар аркылуу сиз айткандай, мурдагы жана азыркы «Кыргыз Туусунун» окшоштук, айырмачылыктарын байкай алышты го деп ойлойм. Бул жарыяланмалар эң башкысы “Кыргыз Туусу” – бул кыргыз өлкөсүнүн “летописчиси”, тарых-таржымалын каттоочусу болуп келе жаткандыгына ынанат.

Биздин гезит 1924-жылдан 1927-жылга чейин “Эркин Тоо”, 1927-жылдан 1956-жылга чейин “Кызыл Кыргызстан”, 1956-жылдан 1991-жылга чейин “Советтик Кыргызстан”, 1991-жылдын 26-февралынан 27-августуна чейин “Кыргызстан Туусу” деп аталган. Андан бери “Кыргыз Туусу” деген аталышта жарык көрүп келет. “Эркин Тоонун” алгачкы сандарынан баштап, бүгүнкү “Кыргыз Туусуна” чейин барактап көргөн окурман гезит бетинен Кыргызстанда кайсы жылы эмне окуя болгондугун, тээ колхоздоштуруу, индустриялаштыруу мезгилинен баштап, Улуу Ата мекендик согуш жылдарында, бүгүнкү күнгө чейин кайсы мезгилде кандай социалдык-экономикалык, маданий өзгөрүүлөр жүргөндүгүн, эл башынан эмнелер өткөндүгүн толук биле алат. Анын бАардыгы гезит беттериндеги материалдарда, аргументтер, фактылар менен кашкайып жазылып турат.

Болгону мезгил, гезиттин жасалгасы, жазуу стили, жанры ж.б. айырмаланбаса, “Кыргыз Туусу” элдин үнүн бийликке жеткирип, терс көрүнүштөрдү сындап, ийгиликтерди даңазалап, эл менен бийликтин ортосунда көпүрөлүк милдетти аткарып келе жаткандыгы чындык.

Кыргыздын улуттук гезити болгондон кийин элибизди түйшөлткөн кандай маселе болсо да “Кыргыз Туусу” кыя өтпөйт. Өлкөбүздүн тарыхы, улуттук салт-санаа, көркөм дөөлөттөрү сыяктуу маселелерге быйылкы мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылында айрыкча көңүл бөлүндү. Расмий адабий, маданий басылмалар жарык көрбөй калган азыркы шартта гезитибиздин ар бир санында “Адабият бетин” ала жүрүп, акын-жазуучуларыбыздын чыгармаларына, адабий сын менен адабият таануу маселелерине да гезит бетинен орун берип келебиз. Атайын адабий басылма болбосо да жаш калемдерден тартып, кыргыздын көрүнүктүү эл акындары менен эл жазуучулары да чыгармаларын (эч болбосо үзүндүсүн) “Кыргыз Туусуна” жарыялоону самашат. Бул өтүнүчтөрдү да колубуздан келишинче орундатып келе жатабыз. Анткени, алардын баардыгы – биздин окурмандарыбыз. Бизге ар бир автор, ар бир окурманыбыз кымбат.

–“Кыргыз Туусунда” И.Арабаев, К.Тыныстанов, А.Токомбаев өңдүү залкарлар иштеген, гезит менен кызматташкан. Алар тууралуу кандай макалалар жарыяланды, дагы кандай материалдар басылат?

–Туура. “Эркин Тоонун” биринчи санын кыргыздын төрт залкар кулуну: Осмонкул Алиев, Сыдык Карачев, Кусейин Карасаев жана Мустапа Акматов чыгарышкан. Алардын эң улуусу Сыдык Карачев 24 жашта, ал эми калгандары болгону 20-21 жаштарда болушкан. Ал эми “Эркин Тоонун” биринчи редактору, ошондо 21 жаштагы Осмонкул Алиев 1938-жылы, болгону 35 жашында “совет бийлигин кулатууга катышкан буржуазиялык улутчул” катары атылып кеткени кандай өкүнүчтүү!

“Эркин Тоо” (“Кыргыз Туусу”) элибиздин туташ сабатсыздыгын жоюуда “Алиппе” катары да кызмат кылган. Биздин гезит улуттук чыгармачыл интеллигенциянын, акын-жазуучулардын бүтүндөй муундарын тарбиялап чыгарган.

“Кыргыз Туусуна” ар кайсы жылдары кадимки Касым Тыныстанов, Төрөкул Айтматов, Баялы Исакеев, Аалы Токомбаев, Молдогазы Токобаев, Курмангали Каракеев, Турдакун Усубалиев, Асанбек Токомбаев, Тургунбек Суванбердиев, Насырынбек Жаналиев, Жаныбек Турсунов, Тилектеш Ишемкулов, Абдиламит Матисаков, Курманбек Раматов сыяктуу көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, жазуучулар редактор болушкан. Булардын ар биринин ким экендиги комментарийлөөнү талап кылбайт! Баардыгы кыргыз өлкөсүнүн өнүгүүсүнө өз салымын кошкон, сиз айткандай, залкар инсандар. Алардын ичинен Аалы Токомбаев жана республикабызды 25 жыл жетектеген Турдакун Усубалиев аксакал гезитибиздин туулган күнүндө төрөлгөн. Быйыл 7-ноябрда, гезитибиздин 90 жылдыгы менен бирге мурдагы редакторлорубуздун бири Турдакун Усубалиев аксакалдын 95 жылдык мааракесин жалпы кыргыз эли менен тойлогону турабыз.

Албетте, жогоруда аталган рубрика алдында гезитибиздин башатында турган атактуу инсандар, кийинки кызматкерлер, редакторлор, деги эле “Кыргыз Туусунун” 90 жылдыгы ичиндеги айрым урунттуу учурлар жөнүндө ар түрдүү материалдар жарыяланды. Аларды жарыялоону дагы деле улантмакчыбыз. Кийин бул материалдардын негизинде өзүнчө китеп чыгарсак деген ниетибиз бар.

–Гезиттин материалдык абалы кандай, жазылуу кандай болду?

–Гезитибиз “өкмөттүк” деп аталганы менен көптөр ойлогондой, өкмөттөн, мамлекеттик бюджеттен бир тыйын албай, өзүн-өзү каржылайт. Бул жагынан абалыбыз эркин гезиттер менен эле бирдей. Бирок, биз мамлекеттин маалымат саясатын жүргүзөбүз. Биздин таянганыбыз – окурмандарыбыз. Кудайга шүгүр, “Кыргыз Туусунун” бүгүнкү күндө жазылып окуган 7 миңге жакын окурманы бар. Алардын саны улам көбөйүп бара жаткандыгы бизди кубандырат.

Учурда гезит “Кыргыз Туусу” Басма үйү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 15-июнундагы № 352 токтомунун жана өз уставынын негизинде иш алып барат. Улуттун тарыхы, учурдагысы, келечеги, салт-санаасы, нарк-нускасы, маданияты, адабияты, “Манас” баш болгон көөнөрбөс дөөлөттөрү – “Кыргыз Туусу” чагылдырган негизги темалардан экендигин дагы бир ирет баса белгилеп кетким келет. Ошондой эле өлкөнүн бир дагы көйгөйү гезиттин көңүлүнөн сыртта калбайт. Эң башкысы гезит – мамлекеттик саясаттын элге жеткирилишин, жайылуусун жана өз убагында түшүндүрүлүүсүн камсыздап, кайра элдин үнүн бийликтегилерге жеткирип, эл менен бийликтин ортосунда көпүрөлүк милдетти аткарып келет.

–Өзүңүздүн жеке чыгармачылыгыңыз кандай болууда?

–Ээ досум, жүрөктөгүнү айтып, жүрөгүмдү оорутасың да. “Касапчыга мал кайгы, кара эчкиге жан кайгы” дегендей, өзүң жакшы билесиң, гезит деген тегирмен “күндө тууса күндө жеп”, колу-буттан тушап аларын. Журналистика менен адабият ушул ыкчамдыкка келгенде өмүрү элдешкис душман, бирок бир орус жазуучусу жазгандай “өмүрүндө бир мыкты китеп жазууну көксөбөгөн журналист чыныгы журналист эмес экендиги” да ырас болсо керек. Өткөн жылы жарык көргөн “Арыбагын, Күн!” китебимден кийин дагы бир ырлар жыйнагымды басмага даярдап койдум. Бирок, азырынча демөөрчү таба элекмин (чиркин заман дебейсиңби!). Ара-чолодо анча-мынча ырларды жазууга үлгүрүмүш этем. Бирок, ойдогу жазчу чыгармаларым али алдыда, дыңы бузулбай жатканына күйөм. Азыркы максат – “Кыргыз Туусунун” 90 жылдыгын татыктуу өткөрүп алсак, анан аманчылык болсо, көздөгөн, тилеген тилектерибизге да жетербиз.

Мамат Сабыров

Булак: Азия Ньюс

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17