Аймак

АЗЫРКЫ ЖУРНАЛИСТИКА ЖАНА БҮГҮНКҮ ЖУРНАЛИСТТЕР

АЗЫРКЫ ЖУРНАЛИСТИКА ЖАНА БҮГҮНКҮ ЖУРНАЛИСТТЕР

 6,747 Бардыгы /

Журналистика тармагы Жалал-Абад облусунда салыштырмалуу өнүккөн деп айта алабыз Анткени башка облустарга караганда жергиликтүү ММКлар көбүрөөк. Ар бир кесип катары ардактуу бирок, түйшүгү түмөн, ары кызыктуу болгон журналисттик кесип тууралуу кеп кылсак. 7-ноябрь Кыргызстанда басма сөз күнү катары белгиленип келет. Бул күндү басма сөз кызматкерлери өздүк майрамындай сүйүнүч менен тосушат. Анда Жалал-Абад облусунда иштеп жүргөн жаш журналисттер жумушу жөнүндө айтып беришти.

Руслан КАЛМАТОВ, Журналистер союзунун Жалал-Абад облусундагы төрагасы, Азаттык радиосунун облустук кабарчысы:

“КАМЕРАГА АСЫЛЫП КОРКУТКАН КҮНДӨР БОЛГОН”

2010-жылы КТРдин облустагы өздүк кабарчысы болуп иштеп турган маал мен үчүн абдан оор учурлардын бири болду. Анткени 2010-жылдын июнь окуясына күнөлүүлөрдүн соттук ишин чагылдыруу аябай оор болчу. Базар-Коргон районундагы соттук иш ал учурда коопсуздукка байланыштуу Ноокен райсотунда өтүп жаткан. Жакындарын коогада жоготкондор күйүттүн күчү менен ар түрдүү катуу сөздөрдү айтып интервью беришкен. Бирок алардын баарын ТВ эфирге кое бере албайт болчук. Аны түшүнгүсү келбеген жабырлануучулар жана алардын туугандары кийинки күндөрү бизге жана камерабызга асылып, коркутууга чейин барышкан. А түгүл айрымдары менин жашаган жеримден бери тактоого аракет кылышты. Кийинки соттук отурумдарга биз милициянын күчү менен тосулган айыпталуучулар кирчү жак менен каттап калдык. Эң оор учур ошол болду десем жаңылышпайм. Бир күнү операторум менен Ноокендеги соттук иш бүгүн жыйынтыкталып, өкүм чыгарат экен деп калды. Сот имарат ичине арт тарабынан кирип, сот башталганда операторум мени карап тартканга кассета бересиңби деп калды. Менде кайдагы кассета, өзүң ала келбейт белең десем ал да, мен да унутуп калыпбыз. Бул жакта процесс башталган. Анан камераны милиция кызматкерлерине таштап, экөөбүз Ноокендин борбордук базарына көздөй чуркадык. Эки катар базарды экөөбүз бирден чуркап кыдырып кассета издеп жүрөбүз. Эң акыркы катарларында бирөө сатчу, экен ага дароо акчасын берип, кайра сотту көздөй жөнөгөнбүз. Ошентип келсек өкүмдү эми окуп баштаган экен. Араң жетишип, ситуациядан чыкканбыз.

Жумагүл ШАЙЫКОВА, Турмуш.кж сайтынын кабарчысы:

“ЖУМУШ САПАРЫНДА ЭШЕК МИНИП ЭКИ УЧАСТКА КЫДЫРЫП, ДАРЫЯНЫН ТОЛКУНУНДА КАЛДЫК”

Чынында айрым органдарга караганда да маалымат каражаттарынын өкүлдөрү маалыматты бат угушат жана учурунда жетип барышат. Журналисттердин маалыматтуулугуна маалымат каражаттардын өкүлдөрү коомчулук менен тыгыз иш алып баруусунун жыйынтыгы, калктын менен ишенимдүү байланышы деп ойлойм. Мисалга былтыркы жылда көчкү жүргөн аймактардагы жашоочулар кырсык орун алары менен журналисттерге байланышып кабар беришкен. Бул да мисал боло алат. Дагы бир окуя Жалал-Абад шаарында тез татым бышыруучу жайлардын биринде газ жарылып, анда иштеген 3-4 адам ичинде калып кеткен. Бул окуяда милициядан, өрт кызматынан да биринчи маалымат каражаттары жетип барганбыз. Ичинде калган бала кыздарды эптеп чыгарып өзү чыга албай калган экен. өрт кызматынан барган кызматкерлер болсо кирүүдөн кооптонуп айланып жүрүшкөнү мени өкүндүргөн. Райондорго өз алдыбызча чыккан учурлар көп болот. Мен үчүн эң эсте калган окуя Аксынын электр жарыгы жете элек Кызыл-Бейит айылына биринчи жолу барганым десем болот. Жолдо баратсам жүргүнчүлөр “Кызыл-Бейиттик бир келинди ат сүйрөп кетиптир, бүгүн тажиясы болуп жатыптыр. Ошол суудан өтөбүз деп мурда 10 адам өлгөн экен” деп сүйлөп баратышат. Мен бара турган жерге жетейин деп калгам. Адамдын оюна жаман нерсе бат келет го. Жүргүнчүлөрдүн сөзүнөн улам Мен Кызыл-Бейитке эмес өлүмгө бараткандай корктум. Унаадан түшүп кайыкка көздөй бара жатып жаштыгымды, ата-энемди, бир туугандарымды көз алдыман өткөрүп, ыйлап алдым. Коркуудан аркага кайтуу эске да келбептир. Жетекчилик айттыбы барыш керек деген түшүнүк менде көбүрөөк жашап калган го. Мени айылдагылардын беш алтоосу дарыянын аркы бетинде күтүп олтурушуптур. Аларды, кайыкчы жубайы экөөнүн жайдары тосуп алганы мени коркуудан бир аз алыстатты. Катараманга салышып дарыянын аркы бетине жөнөштү. Алар жаштайынан үйрөнүп калышкандыктан бейкапар баратышат. Мен сууда чөгүп баратканымды элестетип көзүмдү жумуп кайра ачып олтуруп, суудан да өттүм. Жеттим деп сүйүнсөм дагы 20дан ашык кечүү кечебиз дешти, анысайын корко баштадым. Ат минейин десем, аттан катуу жыгылып анын азабын бүгүнкү күнгө чейин тартып келгендиктен мингим келген жок. Коркуу сезими дале кете элек. Анда эшек миниңиз дешти. Ошентип эки участканы эшек минип айланып, айылдын жашоосун жон терим менен тартып келдим. Такташтырсам чын эле келинди ат сүйрөп каза болгон экен. 1993-жылдары кайык оодарылып 10дон ашык адам суу астында калышкан тура. Кайрадан кайтып келе жатканда кайыкчы катамаранда майы түгөнүп калып кайык менен келди. Өтөлү десек бир аз толкун болуп, жаан себелеп баштады. Кайыкчы шашылыш жылганы аракет кыла баштады, ортодон өтүп калганда кайыкчы бала “толкунга каршы да сүзгөн туура келет окшойт, өзү мындай учурда каттабайт болчумун” деп дагы бир жүрөктү түшүрдү. Дагы көздөн жаш кете баштады. Ага “Сүзгөндү билесиңби? Куткаруучу кийимиң барбы? Деген сыяктуу суроолорду жаадыра баштадым. Ал “сууда сүзүштү билем, кудай сактасын деңиз” – деп жатып дарыядан өткөнбүз. Ал кыштакка барган учурумду өмүр боюнча айтсам керек… Биздин тармакта албетте көйгөй жок эмес. Биздин тармакта экономиканы, экологияны казып иликтеген, ушул жааттарда күчтүү макалаларды, сюжеттерди даярдаган журналисттер жок. Экономика, медицина тармагын чагылдырууда бир топ эле аксайбыз. Эч ким кайрылбаган тема тапкыбыз келет бирок тажрыйба билим жетишпейт. Бул нерсени жаш журналисттер мойунга алышыбыз керек. Журналисттер тууралуу ар кандай тамаша сөздөр анегдоттор бар. Алардын арасынан мага эң жакканы. Журналисттерди “ушакчылар”, “узун кулактар”, “жер тыңшаар мамытсыңар” – деп калышат. Мени өзгөчө биз тарапка айтылган “Ушакчы” деген кеп кыжырдантат. Бул сөздү айткандар биринчи аңдап алышы керек. Ошол ушакты кимдер таратып жатат? Журналисттер маалыматка таянышат,  жеке пикири менен иштебейт.

Элиза АКЖОЛТОЕВА, Марал радиосунун кабарчысы:

“ДИКТОФОНУҢ ӨЧҮКПҮ ДЕП КООПТОНУШАТ”

Журналисттер коомдо адамдын оюн өзгөртүүчү куралга ээ болушат. Эл менен бийликтин ортосундагы көпүрө. 2008-жылдан студент кезимден эле практикада жүргөм. адис болгонумдан башкача айтканда 2012-жылдан бери журналистиканын казанында кайнап келем. Мисалы айылдарга барсак, бир эле нерсе менен чектелип калбай бардык көйгөйлөрүн изилдегенге аракет кылабыз. Чындыгында калк арасында элдик журналисттер көбөйүп баратышат. Адамдар чөнтөк телефонго тартып эле маалымат таратып коюшат. Бирок журналист изилдеп, тактап туруп жазат. Элдик журналисттер болсо туура эмес маалымат берип коюшу мүмкүн. Ошондуктан да журналист маалыматты ошол фейктерден биринчи толук берүүгө шашылышы керек. Журналистика да изденүү биринчи орунда турат. Өзүмдү кесиптик өнүктүрүү үчүн бир айда төрт китеп окуп келем. Бир айылга журналист барып  калса, аксакал менин үйүм бир жылда эки жолу тууйт. Жакшы сүт берет. Аны телевидениеге тартпайсыңбы деп суранып калыптыр. Анда журналист аксакал уйларыңыз өздөрү тууйт да, эгер букаңыз тууганда анда тармакпыз дейт имиш. Андыктан маалымат каражаттарынын өкүлдөрү көйгөйлөрдү чагылдырып, кээде жакшы нерселерге анчейин көңүл бурбай калабыз. Отуруштарга барып калсак, кызыктуу маектерге катышып калсак эле тааныштар диктофонуң өчүкпү, эртең бул жердеги сөздөрдү да жазып чыгып алба деп тамашалай беришет. Айрымдар кооптонуп сүйлөшөт. ушул жагы бизге минус.

Медер АБДУКЕРИМОВ,  “Аймак”, “Взгляд”, “Ноокен жаңырыгы”, “Мыйзам мейкини” гезиттеринин, “Нурбилим” журналынын дизайнери:

“ЖУРНАЛИСТ ӨЗҮ ДИЗАЙНЕР БОЛУШУ КЕРЕК”

Мен билгенден Жалал-Абад шаарында алты дизайнер бар. 4 дизайнер туруктуу иштер жүрөт. 2 дизайнер башка тармактарга өтүп кеткенине 10 жыл болду. Жалал-Абад облусунда гезит жасоочу дизайнерлер жетиштүү эле. Бирок бара-бара гезит журналдар азаюуда Менимче гезит тармагы 5-10-жылдан кийин балким токтойт. Кызыккан шакирттер бар бирок ар кандай турмуштук себептер менен үйрөнө албай келишүүдө. Мурда союздан калган типографиялар күнү -түнү иштечү. Гезиттер күнү түнү чыга берчү. Басма канадагылар эрте менен гезитти даярдаш үчүн түнү да иштешчү. Журналисттин катасы дизайнерге тосколдук жаратпайт. Журналист өзү дизайнер болуш керек. Сүрөттөр тема текст кандай жайгашуусун пландап алыш керек. Өзүнүн материалына өзү кызыктар болсо дизайнер менен журналисттин ортосунда пикир келишпестик болбойт. Себеби дизайнер журналисттин көз карашы менен жасап берет. Чындыгында дизайнерлердин жинин келтирчү жагдай бул жасап даяр болгон гезитти кайра баштан жасоо. Анткени маалымат алмашып же дизайн өзгөртүлүппү айтор даяр болуп калган гезит жокко чыгарылганы жиниңди келтирбей койбойт.  Фото корреспондент деген штат бар. Ал журналисттин чыгармасы боюнча сүрөттөрдү тартып бериши керек. Бизде андай штат жок. Деген менен жалдап иштетсе болот. Азыркылар интернеттен эле алып сүрөттөрдү колдонуп жатат. Бул штат Бишкектеги республикалык гезиттердин көпчүлүгүндө эле жок. Азыр гезиттердин баары Бишкектен чыгып калды. Ага байланыштуу типография менен редакциянын келишими боюнча белгиленген убакта гезитти жөнөтүш керек. Эгер материалдар даяр болсо анда эч кандай кыйынчылык жок. Баары тегиз. Материалдар убагында даяр болбой калса, анда түнү менен отуруп иштеп, белгилеген убакытта гезитти даярдоого туура келген учурлар болот.

Кулпунай СУЛТАНОВА, окурман:

“ГЕЗИТ ОКУП АТАМ ООРУСУНАН АЙЫККАН”

Газета, журналдарды ар дайым эле окуп келем. Күн сайын интернет сайт аркылуу жаңылыктарды, маалыматтарды окуп турам. Сайттарга караганда гезиттин артыкчылыгы бар. Кээде интернетке чыкпаган жакшы макалаларды гезиттен окуп калам. Азыркы заманда ММКлар кылмыш-кырсыктар жөнүндө көп жазып калышты. Ачсаң эле өлтүрүп кетти, союп салды га толуп кеткен. Ушундай жаңылыктарды көп бербей пайдалуу маалыматтарды, позитивдүү жаңылыктарга басым жасашса жакшы болмок. Анткени азыр бардык эле жаштар телефон колдонот, кечке интернетте отурушат. Балдардын да психологиясына терс таасир берет. Мен “Аймак” гезитин калтырбай окуйм. Андан сырткары “Супер-Инфо”, “Дабагер” жана айымдар үчүн болгон журнал гезиттерди окуйм. Ден-соолукка пайдалуу маалыматтарды, элдин көйгөйлөрүн алып чыккан макалалар жагат. Ал эми азыр гезиттен жол коопсуздугу тууралуу жазып чыгуусун күтөт элем. Анткени кырсыктар көп болуп жатат. Айрым айдоочулар эреже баш ийбейт же катуу ылдамдыкта айдашат. Мисалы азыр №3 мектептин алдында турсак, жолдун аркы бетине өтүүчү жол сызыгы турса да айдоочулар токтобойт. Мектептен улуу адам чыгып окуучуларды жолдун аркы бетине өткөрүп коёбуз. Мына ушундай коомдогу чоң көйгөйгө алып келчү майда маселелерди көтөрүп чыгып жазышса демекмин. Газетага кызыгып окуп калышыма бир тарабынан атам себепчи болгон. Атам көп жылдар ооруп, дарыгерлер айыкпас деп калышкан эле. Бирок ал адам “Дабагер” деген ден соолук гезитин окуп, анда жазылган пайдалуу кеңештерди жасап жүрүп айыгып кеткен.

 

Роза АКМАТЖАН кызы, “Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17