Аймак

Дамир КУШБАКОВ: «КЕСЕПЕТИ ЧОҢ УРАН КАЛДЫКТАРЫН ТОЛУК РЕАБИЛИТАЦИЯЛООГО ОЛЧОЙГОН КАРАЖАТ, ОНДОГОН ЖЫЛДАР ТАЛАП КЫЛЫНАТ»

Дамир КУШБАКОВ: «КЕСЕПЕТИ ЧОҢ УРАН КАЛДЫКТАРЫН ТОЛУК РЕАБИЛИТАЦИЯЛООГО ОЛЧОЙГОН КАРАЖАТ, ОНДОГОН ЖЫЛДАР ТАЛАП КЫЛЫНАТ»

 5,012 Бардыгы /

 

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Бириккен Улуттар Уюмунда чыгып сүйлөп, эл аралык абройлуу мекеменин эң бийик трибунасынан Кыргызстандагы уран сактоочу аймактардын дагыле кооптуулугун баса белгилеп, бул жерлерди чукул арада зыянсыздандырууга ири өлчөмдөгү каражат дагы сурады. Бул туурасында өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу калдык сактоочу жайлар менен иштөө агенттигинин директору Дамирбек КУШБАКОВдон кең-кесири сураштырдык.

 

Дамир мырза, Кыргыз Президенти Алмазбек Атамбаев Бириккен Улуттар Уюмунун эң бийик трибунасынан пайдаланып Кыргызстандагы уран сактоочу аймактардын дагыле кооптуулугун ачык эле айтпадыбы. А түгүл бул уулуу заттарды жакынкы жылдарда толук бойдон зыянсыздандырууга дагы ири өлчөмдөгү каражат сурабадыбы. Бул демилге канчалык даражада чындыкка жакын, ыя?

Чындыгында, Президентибиз Алмазбек Шаршенович Атамбаев 2017-жылдын 20- сентябрында Нью-Йорк шаарында Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) башкы Ассамблеясынын алкагында, Европа Биримдигинин (ЕБ), Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) жана Кыргыз Республикасынын катышуусунда Борбордук Азияда мурунку уран өндүрүштөрү менен байланышкан көйгөйлөр боюнча жогорку деӊгээлдеги отурумга катышып, уран мурас экологиялык көйгөйлөрүнө дүйнөлүк көнүл буруу максатында, ошондой эле ЕРӨБ тарабынан ачылган экологиялык фондго донорлордун жардамын  байма-бай тартуу үчүн эл аралык тилектештиктерди “Адамдар жана планета” аттуу колдоо чакырыгы менен чыгып сүйлөдү. Бул отурумга 48 мамлекеттин өкүлдөрү жана эл аралык уюмдардын жа, ошондой эле каржы институттарынын өкүлдөрү дагы катышышты.

Борбор Азияда уран калдыктары менен байланышкан экологиялык көйгөйлөр ушул кезге дейре БУУнун алкагында кең-кесири талкууланып, 2013-жылы БУУнун башкы Ассамблеясында Кыргыз Республикасынын демилгеси менен Борбор Азияда кооптуу кырдаал жөнүндө жана ошондой эле экологиялык коопсуздукту камсыздоо үчүн эл аралык колдоого ээ болуу максатында № 68/218 Резолюциясы кабыл алынган. Ушуга улай акыркы жылдарда бул көйгөйлөрдү чечүү максатында, Борбор Азиянын мамлекеттери жана ошондой эле КМШ, ЕРӨБ, ЕБ, Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиги (МАГАТЭ), Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасы (БУУӨП) эл аралык өнөктөштөрү тарабынан болуп көрбөгөндөй иш-чаралар көрүлдү. Маселен, бизге  түздөн-түз жардам көрсөтүү максатында, ЕРӨБда каржы ресурстарын эффективдүү аккумуляциялоо үчүн атайын жана ырааттуу каржылык механизм дагы түзүлүп, стратегиялык мастер-планы иштелип чыкты. Ошентип, өз убагында экономикалык эффективдүү, туруктуу жолу менен уран обьектилерин рекультивациялоо бекем каралды.

БУУнун бул отурумунда мындан тышкары жогоруда айтылган орчундуу көйгөйлөрдү ыкчам чечүүдө Борбор Азия мамлекеттерине туруктуу колдоо көрсөтүү жана ошондой эле мындан ары Борбор Азиядагы уран калдыктарынын көйгөйлөрүн чечүүгө эл аралык коомчулукту чакыруу жөнүндө БУУнун башкы Ассамблеясынын жаӊы Резолюциясын кабыл алуу зарылчылыгын талкулоо дагы пландалууда.

Сиздерге бөлүнчү каражатты дегиңкиси кандай максаттарга жумшамакчысыздар? Адатынча бул акчалар дагыле бей-жай таланып-тонолуп, акырында желип кетпес бекен?

  • Зыяндуу уран калдыктарын сактоочу жайларды калыбына келтирүү- абдан чоң масштабдагы ондогон жылдарды жана көптөгөн чыгымдарды талап кылуучу жумуш. Кыргызстандын бюджетинен бөлүнгөн каражаттар жыл сайын эн көйгөйлуу жерлерди калыбына келтирүүгө гана сарпталат. Тилекке каршы, бул каражаттар дагыле жетишпегендиктен, президентибиз Алмазбек Атамбаев айткандай, биз эл аралык донорлордун туруктуу жардамына абдан муктажбыз.

Ушул тапта Өнүгүү жана кайра куруу европалык банкында түзүлгөн Экологиялык реабилитация Эсебине акча бөлүп берүү максатында донорлорду байма-бай тартуу жумуштары абдан кызыды. Бул эсеп, донорлордун акчасы, Сиз айткандай, таланып-тонолуп, желип кетпеши үчүн ачылбадыбы.  Ошентип, банкка тушкөн донордук жардамдар Өнүгүү жана кайра куруу европалык банкынын өзүнүн гана үзгүлтүксүз көзөмөлүндө болот. Андыктан, бул каражаттарды эч ким колуна дагы кармабайт. А тендер түрүндө  жумуш жасоого ишканалар тартылып, акча которуу жараяны дагы Өнүгүү жана кайра куруу европалык банкынын тарабынан гана ыкчам жана ырааттуу түрдө жүргүзүлөт.

  • Баса, тээ Союз маалында Жалал-Абад облусунун кайсыл шаарларында атом бомбасын жасоо максатында бул аймактардан уран алынчу экен? Эмнеге Союз ураганда аталган жерлер дароо эле көмүлүп, толук зыянсыздандырылган эмес? Ушул тапта булардын тегерегинде дагыле кишилер жашашабы? Аларга ушул тапта урандын кесепети канчалык деңгээлде тйип жатат?
  • Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарынын аймагында Союз маалындагы уран өндүрүшүнөн калган 23 калдык сактоочу жайлар жана 13 кен калдыктары жайланышкан. Шекафтар шаарчасында 8 тоо-кен калдыктары жана Сумсар шаарчасында 3  калдык сактоочу жайлар дагыле бар. Аталган обьектилерде негизинен 1946-жылдан 1970-жылдарга чейин өндүрүштүк иштер жүргүзүлгөн. Советтер Союзу кыйрагандан кийин көптөгөн ишканалар жабылып, алардын катарында  аталган шаардагы радиоактивдүү уран  калдык сактоочу жайлары жана кен калдыктар дагы таптакыр каралбай калып кеткен.

Ошентип, көптөгөн жылдардан бери аталган обьектилер учурунда туура тейленбегендиктен авариялык кейипти кийген. Калдык сактоочу жайлар жана кен калдыктары Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министрлигинин карамагына өткөрүлгөндөн бери булардын коопсуздугун толук бойдон камсыздоо, ага улай өзгөчө кырдаалдардан алдын алуу жумуштары улам жакшырып, үзгүлтүксүз жүргүзүлүп, жыл сайын кечиктирилгис калыбына келтирүү жумуштары убагында гана аткарылып жатат. Тилекке каршы, калдык сактоочу жайлар жана кен калдыктарды толугу менен реабилитациялоого өтө чоң каражат жана ондогон жылдар талап кылынат экен.

Мисалы, тоо-кендерин рекультивациялоо жана бардык калдык сактоочу жайларды реабилитациялоо абзел! Мындан тышкары бир нече калдык сактоочу жайларды жана кен калдыктарды коопсуз башка жайларга көчүрүү зарыл! Кудум ушундай иштерди ырааттуу түрдө жүргүзүү үчүн кошумча каражаттарга дагыле муктажбыз! Маселен, мамлекеттик бюджеттен акчалар ажыратылса, гранттар тартылса, донордук жардамдар көрсөтүлсө, мындан, албетте, утмакпыз!

  • Баса, аталган аймактарды токтоосуз түрдө ырааттуу зыянсыздандырып, атом калдыктарын коопсуз жайларга көмүүгө Кыргыз Өкмөтү мамлекеттик бюджеттен мурда каражат ажыратчу беле? Эмне үчүн? Же дагыле жетиштүү каражат сурабай жүрөсүздөрбү?
  • Өзгөчө кырдаалдар министрлигин алдындагы калдык сактоочу жайлар менен иштөө боюнча агенттиги тарабынан жыл сайын Агенттиктин негизги иш-чараларынын жеке Планы иштелип чыгып, калдык сактоочу жайларда жана кен калдыктарда авариялык кайра калыбына келтирүү жумуштары тынымсыз жүргүзүлүп келатат. Ушул тапта атайын иш-мерчемдин негизинде, өзгөчө кырдаалдар министрлигинин карамагындагы калдык сактоочу жайлардын жана кен калдыктардын коопсуздугун туруктуу камсыздоо максатында  Майлуу-Суу шаарынын жана Сумсар шаарчасынын аймактарында жайланышкан обьектилерде авариялык кайра калыбына келтирүү  жумуштары тынымсыз жүрүп жатат.
  • Калк арасында түшүндүрүү иштери жайында эмес өңдөнөт? Болбосо, неге алар коопсуз аймактарга дагыле көчүрүлбөй, абдан кооптуу тилкелерде бүгүн деле жашап келатышат? Же адаттагыдай көчүрүлгөндөр үчүн жер тилкеси чечилбей кендирди кесип жатты бекен?Ар бир долбоор, мамлекеттик болобу, эл аралык болобу жергиликтүү калк үчүн гана жүзөгө ашырылат. Мында, социалдык маселелер, албетте, ар дайым биринчи орунда турат. Ошондуктан бул тармакта дагы биз абдан көп иш алып баратабыз. Мисалы, БУУнун өнүктүрүү программасы менен биргеликте мамлекеттер аралык максаттуу программанын каржылоосу аркасында Ак-Тюз, Орловка, Кажы-Сай жана Миң-Куш аймактарында чакан бизнести каржылоо бонча долбоорлор ийгиликтүү жүзөгө ашырылды. Бул долбоордун алкагында уран калдыктары жайгашкан аймактарда жашаган калктын социалдык денгээлин көтөрүү максаты көздөлүп, мектептер, ооруканалар жана башка социалдык обьектилер заманбап ремонттолуп, абалы ого бетер жакшыртылды. Кичи долбоорлор дагы жазып, аны жактагандан кийин, БУУнун өнүктүрүү программасы тарабынан жактырылган кичи долбоорлор колдоо табып, тигүүчү цехтер, жер-жемиштерди сактоо үчүн атайын муздаткыч, нан жасалуучу чакан цехтер сыяктуу кичи ишканалар ачылып, жумуш орундары түзүлүп, жергиликтүү калктын жашоо деңгээли бара-бара жакшыртылууда. Айтмакчы, мындай болочоктуу долбоорлор калыбына келтирүү долбоорлору менен жарыша-паралелль жүргүзүлүүсү кажет!

Биз болочокто калыбына келтирүү иштерин жүргүзүп бүткөн соң, булардын үстүнөн ар дайым мониторинг дагы жүргүзүп турабыз. Себеби, мындай алкакта жашоо коопсуз болот. Мисалы, Словения өлкөсүндө кудум ушундай эле уран калдыктарын сактоочу жайды толугу менен калыбына келтирилип, анын үстүнө сейил бак  куруп коюшкан. Демек, дүйнөлүк  тажрыйбага таянсак, алар калдык сактоочу жайдын үстүнө эле сейил бак курушса, а биз өзүбүздүн калдык сактоочу жайларыбызды эл жашаган жерден алысыраак коопсуз жайгларга жайгаштырып, Агенттиктин туруктуу көзөмөлүнө алып жатабыз.

Дамир мырза, ошентип Бириккен Улуттар Уюму жетиштүү каражат ажыратса эле, маселе шыр чечилип кеткидейби?

Маселе, албетте, өзүнөн өзү эле шыр чечилип кетпейт. Баары өз убагында гана аткарылат. Анткени, бул абдан зор жана масштабдуу жумуштар. Мурда айтып кеткенимдей, муну үчүн дагы, биринчиден, донорлорду табышыбыз керек. Андан соң гана калган жумуштар өз агымында жүрө берет. Кудайга шүгүр, азыркы убакытта биз мындай калыбына келтирүү жумуштары боюнча Дүйнөлүк банк каржылаган Майлуу Суу шаарындагы жумуштарды аткарып жатып, айтаарлык тажрыйба күттүк жана топтодук.

Ошентип, Кыргызстан бул өңүттө Борбор Азиядагы эң тажрыйбалуу өлкөгө айландык. Долбоорлорду ыкчам жүзөгө ашыруу жагынан биз алдыда келе жаткан мамлекеттердин сабындабыз.

 

Кепке таркан: Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз

 

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17