Аймак

Тоо булбулу Токтогул Сатылгановдун 150 жылдыгына карата.

 16,045 Бардыгы /

Тоо булбулу Токтогул Сатылгановдун 150 жылдыгына карата.
Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, төкмө акын Ысак Барпиев менен журналист Абдымомун Калбаев жакында маектешип, Токтогулдун алдыда өтүүчү юбилейи тууралуу ой бөлүшкөн . Анткени акын агабыз Токомдун 100 жылдык мааракесине да катышкан. Сиздерге ушул маекти сунуш кылабыз.

-Ысак аке, мына сиз Токтосун Тыныбеков, Эстебес Турсуналиев, Ашыралы Айталиев, Мамбет Таранчиев, Болуш Мадазимов сыяктуу залкар менен бирге жүрүп, алар менен кези келип калганда бирге ырдашып да жүргөнүңүздү билебиз, андан сырткары Кыргыз элинин залкар уулдарынын маарекелерине жана республикалык маанидеги маарекелерде да ырдап келдиңиз. Мына жакында элибиз тоо булбулу Токтогул Сатылгановдун 150 жылдык маарекесин белгилөөнүн алдында турат. Мен билгенден сиз Токомдун 100 жылдык жана 125 жылдык мааракелерине катышкандыгыңыздан кабарыбыз бар.

– Туура айтасын иним. Анда:
Жылым ит, жыйырма тогузда,
Жашоого өттүм отузга.
Жакшы эле ырчы болмокмун,
Жай билги бирөө окутса.
Такалбай таптак сүйлөсөм,
Төксөм деп жүргөм орусча,-деп эч нерседен айбыкпай, аңга-дөңгө урунуп жүргөн кезим болчу. Бул 1965-жылдын июль айынын акыры болсо керек эле. Токтогулдун 100 жылдыгын белгилөө тою райондун мурдагы борборунда өткөн. Ал жер азыр көл алдында жатат. Негизинен той 1964-жылы өтмөк болсо, андагы союздун шартына (көрсөтмөсүнө) ылайык 1965-жылы өткөрүлгөн. Ал кездеги СССРдин составындагы 15 союздук республиканын өкүлдөрү катышкан. Салтанатты ЦКанын секретары Асанбек Токонбаев ачып, башчылык кылган. Эсимде калгандары куттуктоо сөзгө биринчи болуп, улуу жазуучу түркмөнстандык Берды Кербабаев чыккан, өзү да өтө бойлуу катма кара чал экен. Кашка тиштери күрөктөй, токтоо, сөздөрү салмак менен чыккан инсан болчу. Көп адам куттуктоо сөзгө чыкты. Дагы бир көңүлүмдө калганы казактын катма арык чырай кара акыны болду. Аты жөнү 50 жыл ичинде эсимден чыгып кетиптир. Ал трибунага келип, көкүрөк чөнтөгүнөн чакан баракка жазылган бир куплет ыр окуп, куттуктоо сөзүн айтып чыгып кетти.

Ал ыр:-
«Теңир тоо менен Алайдан,
Даңкын уккам далайдан.
Кем көрбөйм бабам Абайдан,
Абайдай Током улуу адам!» деген. Ошондогу оюм:-Куурган казак эки куплет кылып да койбоптур дегем. Көрсө бул куплет бир поэмадай турбайбы?!.
Андан ары сөз уланып олтуруп Темикеме (Уметалиевге) жетти. Ал киши бактагы дарактардын башындагы кара чыйырчык болуп олтурган балдарды мисал кылып:-

-Мен Токомду айылга биринчи барганда, мына ушул бак шактын башындагы олтурган балдарга окшоп, короодогу 3-4 тыттын башына кочурап балдар менен чыгып олтуруп көргөнмүн. Эл ушунчалык көп болгон,-деп Токомдун ырларынан мисал келтирип айтып токтоду. Салтанаттын аягы концерт менен коштолду. Чоң акындар куттукташты. Эстебес менен Токтосундун арааны ачылып, гүлдөп турган кези эле. Мага куттуктап кошуп ырдоого чоңдорум болбоду. Ал кезде жекече лирикалык ырларды ырдоодо көрүнүп калган кезим эле. Жетекчибиз Абакир Изибаевич «Сенин үнүң жакшы. Мусанын «Сагынамын» деген ырын ырдайсың деп»-көшөрүп туруп алды. Мен ал ырдын обонун билгеним менен текстин билчү эмесмин.Ошондуктан Чабалдаевдин репертуарындагы Мидиндин «Сага»сын ырдоого уруксат берди. Ырдадым. Кайра суранышканда Тыныбековдун ырынан дагы бирди аткардым. Ошентип ал жагы да ийгиликтүү болду эле. Андан ары тойдун экинчи күнү улуттук спорттук оюндар башталды. Ошол эски борбордо аэропорту бар экен, аттуу-жөөлөр болуп түмөндөгөн эл болду. Күрөштөн ташкөмүрлүк Дербиш Текеев менен Караван автобазасынын шоферу (аты эстен чыгыптыр) осетин жигит өз салмактары боюнча биринчиликти алышты. Эр оодарыш боюнча Үч-Теректен ак жуумал, ак боз атчан толоюн жигит чыкты. Ага каршы узун куйрук жондуу карагер атчан, өзү да узун бойлуу шадылуу кара тору жигит чыкты. Атынын куйругу да түйүлбөгөн. Ак боз атчан өктөмдүк кылып, ат салып,турду. Беркиси жайма жай эле улам колун берип тигил тартууга аракет кылганда улам колун сууруп алып турду. Бир эки жолу ушундай аракеттер кайталангандан кийин тигил каргер атчан чоочун колун берип туруп, тигил колдон алып тартууга аракет жасаганда, ат боз атчандын колун кош колдой кармай калып ээрге бир уруп алгансыды эле. Ак боз атчан сөгүнүп, кыйкырынып калды, экөөсү ажырашты. Жанагы көрүнүш дагы кайталанганда ак жуумал жигит тайсалдап калды. Баш судья генерал Эргеш Алиев чаап барып эңишти токтотуп койду. Көрсө тигил кара тору узун Кадыркул уулу Тургунаалы балбан экен. Тургуналы улуттук ат оюндары боюнча, улак тартыш боюнча Азербейжан, Өзбекстандын атынан Москвада улак чапкан жедигерлик Тургуналы ошол экен. Ошол тойдон дагы бир жарым кылымдан бери оюмдан кетпеген нерсе бул Торгой аңчы болду. Кудайга кырк жолу тооба келтирейин, бул адамдын эки буту жамбашынан төмөн карай жок. Ачасынан тооруп таштагандай болуп денеси гана бар. Өзү дасыккан аңчы экен. Анын баянын Тууганбай Абдиев айтып берди. Капкан салып карышкыр уулайт экен. Токулуу узун карагер аттын үстүндө шахматтын тактайынын бетиндеги фигурадай болуп атта олтуруп эл катары чапкылап жүрөт. Канжыгасында капкан, жип-шуу байланган. Тууганбай «Тигил ээрдин кашына байланган жоон тумак жипти көрдүңбү?»-деди.
-Ии,- көрдүм десем.
-Ошол жип менен тартынып атка минип, түшөт,- деди.
-Кечке чейин улам улам Торгойдон көзүмдү албай жүрдүм. Эл катары ал деле ат чапканда чаап, бастырганда бастырып жүрө берди. Эркине, бышыктыгына балли дегенмин. Ошентип Токомдун 100 жылдык маарекесине да катышканмын.

– Ысак аке, Токомдун 125 жылдык маарекеси белгиленгенден бери мына 25 жыл канаттуу куштай учуп өтүп кетиптир. Ал кезде союздун учуру болгон. Токомдун ушул маарекесине өзүңүз катышып төгүп ырдап, салтанатты ачкан элеңиз, ал учурду бир эскерип бербейсизби?

-Чын айтасын иним, мезгил деген канаттуу куш. Күз айлары эле. Партиянын райкомунун биринчи секретары Виктор Дмитриевич чакырып, ушул маарекеге катышып келели деп калды. Жөнөдүк. 4-5-октябрь, 1989-жыл. Кетмен-Төбө. Токтогул районунун борбору Миң-Дөбө. Шаар тибиндеги кыштак. Көркү, маданияты жагынан азыркы доорубуздун талабына толук жооп бере алат. Анын үстүнө Токомдун 125 жылдык тоюна карата адаттагыдан өзгөчө мааниси менен шөкөттөлгөн. Биринчи күнкү маареке салтанат борбордон жогорку, Ош-Фрунзе жолунун сол тарабында, Чычкан суусунун ары жагында беде пая аралда башталды. Ал аралга Токомдун ар бир жашына атап 125 боз үй тигилген. Жүз миңдеген калк. Орто Азия республикалары менен Россиянын бардык жерлеринен келген коноктордон башка, чет элдин 9 мамлекетинен өкүлдөр катышты. Коноктор тосулуп алынган соң, улуттук оюндар өткөрүлүүчү зор аяттын ортосуна орнотулган трибунага Кыргызстан Компартиясынын Бобордук Комитетинин катчысы Медеткан Шеримкулов, Ош обкомунун биринчи катчысы Кульматов Ренат Сатарович, Токтогул райкомунун биринчи катчысы Осмонов Бекмамат чыкты. Медеткан Шеримкулов Токомдун тоюн баштоону жарыялады. Осмонов элди, конокторду куттуктады. Төкмөлөр төгүп жар салды, улуттук оюн башталды. Тирүүлүктүн түйшүгү мээсинен алыс кетип, эл магдыроодо. Көрүп туруп балбандар менен ар бир күлүк аттарды, тай чабышта таасын чыккан Ала Тай, түбөлүккө эстен чыкпай нак калды. Эр сайыш менен жамбы атыш, эстен чыккан неме эле, урпактары Токомдун аны да аткарды. Кыргызга таандык болгон улуттук оюндар көз алдынан түгөл өткөрүлдү.

4-октябрь өз күнүн аяктады.
5-октябрь Токомдун айылы Чолпон-Атага сапар уладык. Токомдун мүрзөсүнө Саз-Жийдедеги турак жайына баруудан кийин, акындын музейин ачуу салтанаты башталды. М.Шеримкулов ачты. Өлкөнүн жана чет элдин өкүлдөрүнө куттуктоо сөз берилип жатты.
Биз Жаңы-Жолдон: «Атка салган дилдейсин, ачылган кызыл гүлдөйсүн» деген Токомдун ырынын өлбөс каарманы болгон Алымкандын айылынан Райкомдун биринчи катчысы Линский Виктор Дмитриевич, маданият бөлүмүнүн башчысы Мазирбаев Оңолбек, ырчы сыпатында мен болдум, үч адам катыштык. Ошол салтанатта мага 3-болуп Медеткан Шеримкулов тарабынан сөз берилди. Анда сөз алганыма ыраазы болуп Током сөздү ыр менен сүйлөөчү экен деп тойдун катышуучуларына кайрылып турган жерим:
Комузду алсам колума,
Токомду алам оюма.
Токомду алсам оюма,
Ой кошулат оюма.
Топ менен келдим илешип,
Торгоюм Током тоюна.
Эскиче куран билбеймин,
Ыр сунам куран ордуна.
Жаңы-Жолдон мен келдим,
Жез таңдай улуу акынга,
Куттуктоо айтып коюуга.
Тоюңуз Токо кут болсун!
Жериңизге кут консун.
Кадырлап сизди эстээрге,
Калдайган Кыргыз журт болсун!
Токтогул деген ысым көп,
Тоолук Кыргыз калкымда.
Атыңда эмес маселе,
Адамдык асыл затында.
Кемибей турган баркында,
Кылымды кезген даңкында.
Калк канына сиңеби,
Током,
Карк болсо керек акылга.
Акыл керек акынга,
Азыр мен айта турганым,
Сатылган менен Бурманын
Токтогулу жаатында.
Бул Токоң башка Токтогул,
Алмашпас тоодой алтынга.
Эмики заман болгондо,
Эчак Током үлгүрмөк,
Эки жолку Баатырга!
Кылымдан кылым кессе да,
Кыйла жылдар өтсө да,
Калк кадырлап Токо,- деп,
Кары-жаштын оозунда.
Кайталанып ошо кеп,
Акындар айтты ата,- деп.
Аталыгы төгүнбү..?
Ким айтат аны ката деп.
Муундан муун эскерет,
Мындан да кийин эстелет.
Окумуштуу эмесмин,
Отура албайм чечмелеп.
Же болбосо эсмелеп,
Ак жоолук берген кештелеп.
Акыным Токо эсте деп,
Көк жоолук берген кештелеп.
Күкүгүм Токо эсте деп,
Алымкан биздин айылдан,
Ал үчүн:
Айбыкбай ырдайм ЖЕЗДЕ деп!
Токомдун өмүр баянын,
Окусам ойдо каламын.
Атасы экен Сатылган,
Атын байкап карагын.
Ырымдан койгон аты окшойт,
Абалкы ата-бабанын.
Токтобой жүргөн баланын,
Баамдап көргөн адамга,
Билдирип турат кабарын.
Ал кезде кимдер билиптир,
Сатылган, Бурма,Токондун,
Түбөлүк болуп каларын.
Ал эми Бурма энеси,
Көп кыздын окшойт кенжеси.
Бурулуп эркек болсун деп,
Бул аттан,
Үмүттүн турат элеси.
Болсо дагы эмнеси,
Сатылган, Бурма Токтогул,
Кудайдын ыйык пендеси.

Келгенде кептин учуру,
Кошкум келди ушуну.
Чак болот окшойт турмушта,
Чыныгы кыраан тукуму.
Жандаган адам жарыган,
Током:
Жан экен кыдыр даарыган.
Кармалган Током айдалган,
Калыссыздыктын айынан.
Жазанын оор шарттары,
Жандырылбаган табынан.
Омбуда жүрүп күү черткен,
Ого бетер күчөткөн.
Комузун үзбөй жанынан,
Ыймандай чындык көрүнгөн.
Ырларынын сабынан,
Ойлосом Током тубаса,
Окумуштуу экен таанымал.

Аргымак аттай ташташы
Током:
Акындын экен Падышасы.
Таңдайга тилин бүлөгөн,
Таалайга элди сүрөгөн.
Кызылдап ырдын кырманын,
Кызыл тил менен шилеген.
Алтын казык Аксы деп,
Меймандос эли жакшы деп.
Тоо булбулу Токобуз,
Бизде далай түнөгөн.
Өрүк комуз күүлөгөн,
Ойногон, күлгөн, гүлдөгөн.
Ошентип жүрүп Токоңор,
Эжебизди үндөгөн.
Эки жыл бизде жашаптыр,
Экинчи келип түрмөдөн.
Анткени абам Жеңижок,
Нияз акем кошулуп.
Батпайсың барсаң болушка,
Биздикинде жүр деген.
Кайран гана асылдар,
Кадырлашып өтүптүр,
Кайтканчакты дүйнөдөн.
Акылман Кыргыз кеп айтат,
Ар адамдын артында,
Жоктору болсун деп айтат.
Карачы:
Ак калпак Кыргыз топтолук,
Акынды бүгүн жоктодук.
Арбак деген чын болсо,
Көрүнбөгөн сыр болсо.
Ак тойго келип тургандыр,
Алар дагы козголуп.
Эсенаман, Эшмамбет,
Коргоол, Жоомарт, Бекназар.
Кулукелер баш болуп,
Өзүнчө жоон топ болду.
Баарысы бүгүн кошулуп,
Биз билбеген дайынсыз,
Ордуктарга отуруп.
Ыйбаа кылып Токомдон,
Сүйлөбөй эч ким оозунуп.
Коргоол эгер болбосо,
Коң берчү оолугуп.
Осмонкул, Калык, Алымкул,
Отургандыр момоюп.
Ортодо Током отурса,
Сейдимканы жанында.
Сол жагында созулуп,
Менин эжем Алымкан.
Дейби деп бир сөз Сейдимкан,
Далдасында көп элдин,
Турса керек корунуп.
Корунба эже, корунба,
Конушуң элдин оюнда.
Сейдимкандан сезгенбе,
Дагы эле Током колуңда.
Сиз үчүн ырдап турамын,
Торгоюм Током тоюнда.
Эскерип жатам бул жерде,
Эжемдин келип элеси.
Алымкан деген ыр эмес,
Ал сүйүүнүн умай энеси!

Өтсө да мезгил ай жылып,
Турасың Токо жаңырып.
Элүү алты жыл болду,
Элибиз сизден айрылып,
Таппадык такыр кайгырып.
Көңүлдө баккан сөздөр бар,
Айталбай жүргөн айбыгып.
Көңүл бур Токо кулак сал,
Айтайын бир аз кайрылып?
Какшыганга тамагы,
Калпалар айткан баягы.
Моюну узун жанагы,
Молдолор айткан баягы.
Элден болгон тамагы,
Эжелер айткан баягы.
Колунда бар таягы,
Кожолор айткан баягы.

Тигил дүйнө бар бекен,
Тигил дүйнө бар болсо,
Телегейи тептегиз
Жыргай турган жай бекен?
Комуз чертип, үн созуп,
Ырдай турган жай бекен?
Көңүлдөштөр көрүнсө,
Ымдай турган жай бекен?
Кожо менен молдону,
Сыйлай тураган жай бекен?
Кошо отурган байларын,
Жегени казы, жал бекен?
Мусулман менен каапыр деп,
Ылгай турган жай бекен?
Калк катмары анда да,
Кедей менен бай бекен?
Кожо, молдо, эшендин,
Конушу бейиш жай бекен?
Тозок деген жеринде,
Алардан дагы бар бекен?
Пирлерден чыгып жактаган,
Паракорлор бар бекен?
Биздегидей анда да,
Кожоюну ооруса,
Кошо жатчу бар бекен?
Кесиби кеп ташыгыч,
Кошоматчысы бар бекен?
Мыкты акын ак таңдай,
Маркум Мидин айкандай.
Кожоюндун уулуна,
Оюнчугунун уулунун,
Жулуп берген бар бекен?
Бирөөлөрдүн сөздөрүн,
Буруп берген бар бекен?
Буруп берген сөздөрдү,
Угуп көргөн бар бекен?
Ушундайлар бар болсо,
Биз жашаган дүйнөдөн,
Айырмасы кайсы экен?

Биз жактан билип абалды,
Уккуң келсе кабарды.
Жакында эле кетти эле,
Саясатчыл киши эле.
Толук айтып баргандыр,
Токомбаев Аалыкем,
Баса:
Эстегенде сурайын,
Барган кезде Алыкем,
Сагынбай менен Саякбай.
Кандай тосуп алды экен?

Биздеги чоң жаңылык,
Баарыбыз тегиз жабылып.
Коомду кайра курууга,
Көпчүлүк көңүл бурууда.
Мындай чындык болбогон,
Биз жашаган кылымда.
Буга мисал кечеги,
Депутаттардын сьезди.
Москвадагы жыйында,
Башчыбы же кошчубу,
Баарысы элдин сынында.
Эч ким жок алган сыгымга.
Бирок:
Бул турмуш тегин корлорго,
Жакпай жатат чынында.
Баарынан эмес ар жерден,
Бут тосуп каршы чыгууда.
Айла жок тура шылуунга,
Алп Токо сизден өтүнүч,
Ал жакка өтсө сөзүңүз,
Суранабыз күтөбүз,
Чакыруу кагаз жибертиң
Аларды алып чыгууга.

Булбулум Токо угуңуз,
Бир азга чыдап туруңуз.
Калкымдын айтсам турмушун,
Калптанып өстү кыргызың.
Өзүңүз менен Манасты,
Дүйнөгө даңктап таратты,
Чыныгы Чыңгыз уулуңуз.
Жазмабыз жакшы болсо да,
Жапыздап кетти төкмөлүк.
Төкмөлөрдүн алптарын,
Өзүңүз жака өткөрдүк.
Турабыз бир аз бөксөрүп,
Өнөрү болгон кыргыздын.
Өзүңдөй төксө кыргыз бул,
Төкмөлөр кайдан көбөймөк,
Токо:Түгөнүп жатса кыргыз тил.
Кетсе да өнөр алптары,
Куру кол эмес арт жагы.
Эстекем менен Ашыкем,
Эмикилердин айыптары.
Тукукем менен Замирдин,
Кыргызга маалым аттары.
Эстекемдин даңкы бар,
Эл журтуна баркы бар.
Союздук болду масштабы,
Алыска кетти даркааны.
Кыскасы төкмөлөрдүн маршалы,
Жыйынга ырдап биз дагы.
Жайынча элге кайтайлы,
Токомдун тоюн көрдүк,- деп,
Тобубузга айтайлы.
Токобуз дайым көөнөрбөз,
Тоолук кыргыз ардагы.
Куттуу болсун дагы айтам,
Кубанычтуу майрамы!
Билгенимче мен айттым,
Ыраазы болсо болгону,
Булбулум Током арбагы!-деп аяктап,
Айтылуу Аксы жеринен,
Алымкандын элинен.
Жаңы-Жолдо жашаган,
Жалпы эмгекчилеринен!- деп тапшырып коюуга уруксат этиңиздер,- деп Токомдун элеси чегилген эстелик сүрөттү Бекмамат Осмоновго сунсам: «Жээндердин белегин албасак болбос»- деп тамашага алып, кабыл алган. Той андан ары уланды.
Ошонтип ырдап келгенбиз. Токомдун андагы салтанатынын өтүшүнө маркум Бекмамат Осмоновдун аракети чоң болгон.

-Рахмат Ысак аке, сизге да бактылуу карылыкты тилейбиз. Токомдун арбагы колдоп, элиңиздин эрмеги болуп жүрө бериңиз.

-Сага да рахмат.

Абдымомун Калбаев, акын –жазуучу, Аксы району

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17