Аймак

КАНЫШ-КЫЯ – РЕСПУБЛИКАДА ЭҢ ЧОҢ БЮДЖЕТИ БАР, БАЙ АЙЫЛ АЙМАК

КАНЫШ-КЫЯ – РЕСПУБЛИКАДА ЭҢ ЧОҢ БЮДЖЕТИ БАР, БАЙ АЙЫЛ АЙМАК

 3,710 Бардыгы /

«Жери байдын эли бай». Бул макал дал ушул Чаткал районуна айтылгандай. Жеринин алды алтын, үстү токой. Республикада «Чаткал кымызы» деген бренд да бар. Ошондуктан да бул элдин пейили кенен, меймандос болсо керек. Биз бул ирет Чаткалдын борбору болгон Каныш-Кыя айыл аймагына сапар тарттык. Аталган айыл аймактын башчысы Нургазы Жолдошев  менен аткарылган жумуштар, алдыдагы пландар боюнча маектештик.

– Саламатсызбы Нургазы мырза, алгач Каныш-Кыя айыл аймагы тууралуу маалымат берип өтсөңүз. Канча калк жашайт, аларды тейлеген канча мамлекеттик мекеме иштейт?

– Каныш-Кыя айыл аймагында 5 элдик пункт,  9 мектеп, 6 бала бакча, 5 айылдык китепкана,  3 айылдык клуб, 2 үй бүлөлүк дарыгерлер тобу, 3 ФАП, 1 почта бар. Калктын саны 10 030. 2016-жылга салыштырмалуу 145 адамга өстү. Мындай демографиялык өсүүнүн негизги себеби биздин аймакка башка региондон келип иштеп жаткан мекендештер бар. Бизде кен иштетүүчү фирмалар иштейт, өзүңүздөр билесиздер. Андан сырткары айрым тармактар боюнча кадрлык таңкыстык болгондуктан коңшу райондордон, башка облустардан келип эмгектенип жаткан жарандарыбыз бир топ эле. Анан өзүбүздө төрөлгөн ымыркайлардын да саны өсүүдө.

– Чаткалдын жеринин бары эле алтын сыяктуу. Лицензия алгандар көп деп уктук. Алардын канчасы конкреттүү иштеп жатат?

– Чындыгында бизде лицензия алгандардын саны аябай эле көп. Бирок алардын ичинен биздин айыл аймактын бүгүнкү күндө иштеп жатканы 4-5 фирма болуп жатат. Калгандары лицензия алган боюнча иштебей турат. Балким учуру келип аларга да инвесторлор табылып, ишке кирет деген ойдобуз. Негизинен бизде иштеп жаткан фирмалардан «Чаарат» жабык акционердик коому бар. Жарандарыбызды жумуш менен камсыздап, казынабызга салыгын төлөп жатышат. 600-700 чамалуу киши эмгектенип жатат, алардын арасында үч жүзү кытай жарандары. Азыркы күндө ал жерде чалгындоо иштери дээрлик аяктап, алтын кендин фабрикасы бүтүүнүн, өндүрүш баштоонун алдында турат. Буйруса фабрика ишке кирип, өндүрүш башталса жергебиз үчүн өнүгүү башталат. Элибиз үчүн жумушсуздуктун кыскаруусуна шарттар түзүлмөк. Андан сырткары «Кичи Чаарат» фирмасы бар. Бул жерде дагы изилдөө жумуштарын жүргүзүп жатышат. Толук ишке кире элек. Келечекте иштеп баштаса өтө көп сандагы адамдар иш менен камсыз болот. Бюджетибиз дагы көбөйүп, айылдарыбыздын көйгөйлөрүн чечүүгө чоң өбөлгө болооруна ишенебиз. Мындан башка чачыранды алтын чайкоо деген да биздин айыл аймакта жолго коюлган. Аларда да жоопкерчилиги чектелген коомдор иш алпарып жатышат.

– Алтынды өндүрүү оңой жумуш эмес. Өндүрүштүн арты менен айлана чөйрөгө коркунуч жаралып жаткан жокпу?

– Бардык эле кен тармагын иштеткендер КРнын айлана чөйрөнү коргоо, токой чарба агенттигинен, экологдордон оң корутунду алгандан кийин анан иш башташат. Андан сырткары токой жоготуу, айыл чарба жоготуучу төлөмдөрүн төлөшөт. Кенди жер кыртышын бузуп алат да, албетте бул кейиштүү абалды жаратат. Бирок мыйзамга ылайык, рекультивациялык проекттер бар, ошол долбоорлордо калыбына келтирүү иштери жүрөт. Негизинен чачыранды алтын казып аткан учурда бак дарактар кыркылат, жер кыртышы бузулат. Бирок кийин талапка ылайык, жерди тегиздеп,  биологиялык рекултивацияларын жасап, үстүнө бак тигип, кайра калыбына келтирүү жумуштарын жасашат. Бизде бүгүнкү күндө казылып алынгандан кийин калыбына келтирилип, маданий токой эгилген аянттар бар.

– Алтын кендер төлөмдөрдү төлөп жатышат, элди жумуш менен камсыз кылышууда, бюджетибиз көбөйдү деп жатасыз. Аймакты өнүктүрүүгө кандай салымдары болуп жатат?

– Ошол кен тармагын иштеткендердин эсебинен көптөгөн жумуштар бүтүп жатат. Мисалы айыл аймакта 13 км жолго асфальт басылып, үч көчө жаңырып, бүтүп калды. Анын ал бир километри 6 миллион сомго түшүп жатты. Чакмак-Суу  айылында жакында ачылышы боло турган 150 орундуу заманбап мектеп курулду. Былтыр ушул айылга 8,5 млн сомго спорт зал курулган эле. Эки жыл мурда Башкы-Терек айылына  10 млн сомдон ашык акча каражатына күрөш залын салып беришкен. Айыл башчыларга контор салып беришти. Пландарыбыз бар, буйруса фирмалар зарылчылык болгон айылдарга бала бакчаларды куруп беребиз деп жатышат. Коргон-Сай айылында кошумча корпус курулуп жатат.??? Аскарт Тоо кен фирмасы тарабынан. Негизинен айылдын инфраструктурасын өнүктүрүп, элге керектүү жардамдарды берип жатышат.

– Саламатыкты сактоо тармагына канчалык көңүл  бурулуп жатат. Анткени айыл өкмөттүн борборунан 60 км алыстыктагы айылдар да бар экен. Кышы 6 айга созулган бул айылдарда ФАПтар абдан керек эмеспи?

– Ооба, азыр Чакмак-Суу айылына ФАП куралы деп долбоорун даярдап, келерки жылы тендерге берүү алдындабыз. Башкы-Теректеги ФАПты капиталдык оңдоого бергенбиз, жакынкы күндөрү бүтүп калат. Коргон-Сай айылындагы ФАПка болсо 400 миң сом бөлүп, оңдоп түзөөдөн өткөрдүк. Андан сырткары Айгыр-Жал айылындагы ФАПтын айланасын тосмолоп, сарай салуу зарылчылыгы бар экен аны куруп 2018-жылы бүтүрөбүз. Көйгөй чечилип калды дегенден алысмын. Албетте көп, бирок акырындык менен аны кыскартуунун, жоюуунун аракетиндебиз.

 – 9 айдын жыйынтыгы менен кандай жетишкендиктер бар?

– 9 айдын жыйынтыгы менен пландар 107%га аткарылды. Быйылкы жылдагы бюджетибиз 53 млн сом.

 – Эмненин эсебинен бюджетти толтурасыздар, көпчүлүгүн эле алтын кендер толтурат окшойт?

– Биринчиден райондун борборунда жайгашкандыгыбыздан. Анан эки баскычтуу бюджетке өткөндөн кийин ушундай илгерилөөлөр болуп жатат. Андан сырткары алтын кендеринен лицензияны кармоо  үчүн деген төлөм бар. Кен өндүрүмүнүн 2% кирешеси районду өнүктүрүү фондуна, ошол эле эки пайыздын кирешенин 20% биздин айыл аймактын казынасына түшөт.

 – Алыскы, бийик тоолуу деген статусу бар айылда кадр жетишсиздиги канчалык көйгөй жаратууда?

– Бизде юристтер, курулушчулар жетишсиз. Врачтардын жетишсиздиги айкын маселебиз. Райондун жетекчилиги саламаттыкты сактоо министрлиги менен сүйлөшүп эки дарыгер алып келишкен. Алардын батир маселесин чечип, көмүр отунун камдап берип жатабыз. Учурда район боюнча 25 студент медицина академиясында, университеттерде окуп жатышат. Алардын контракттарын фирмалардын эсебинен, соцпакеттин негизинде төлөп жатабыз. Алды келерки жылы бүтүрүп келишет. Келишим боюнча 3 жыл иштеп беришет. Ал ортодо биз да айылыбызга үйрөтүп, көндүрүп алсак дарыгерлер жетишсиздиги деген маселе бизде жоюлмак.

 – Алдыда кыш. Мектептерде даярдык кандай?

– Мектептерде жылытуу системасын жолго коюп жатабыз. Жылда кезек менен бирден экиден мектептердин жылытуу системасын оңдоп, заманбап кылып жасап келатабыз. Мисалы Башкы-Терек айылындагы орто мектептин жылытуу системасын 1,1 млн сомго заманбап кылып быйыл оңдоп бердик. Бүгүнкү күнү мектептердин бары кышка карата даяр, отун көмүр керектүү өлчөмдө алып койгонбуз.

 – Жакырчылык менен күрөшүү багытында кандай аракеттер көрүлүүдө?

– Быйылкы жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен элдин 18,9%ы өтө жакыр, 10,2%ы болсо орто жакыр үй-бүлөлөр деп аныкталды. Ал эми 85 атуул жардам сурап кайрылды. Аларды аныктап айыл акмайтын резервдик фонунан 682 миң сом жардам берилди. Андан сырткары

Андан сырткары быйыл Жалал-Абад Айылдык Кеңеш кызматы менен биргеликте 19 күнөскана жакыр үй-бүлөлөргө курулуп берилди. 2016-жылы 25 даана күнөскана курулган болчу. Бул да болсо жашылча жемиштердин баасы өсүп кетпөөсүнүн алдын алынат. Белгилүү болгондой тургундар жашылчаларды Ала-Букадан алып келип жүрүшчү, эми жалпы 2 гектар аянттагы жашылчалар айыл элинин керектөөсүн кандайдыр деңгээлде камсыздай алат деп ишенебиз. Эми жаңы, экологиялык таза жашылчаларды пайдаланып калдык. Андан сырткары элибиз да бирин көрүп экинчиси күнөскана курууну өздөштүрүп, кызыгуулары артып жатат. Кийинки жылы бала бакчаларга көмөкчү чарба катары күнөскана куруп берсек деген ойлорубуз бар.

 – Кийинки жылга кандай пландар бар?

– Бүгүнкү күндө Чаткал өнүктүрүү фондуна долбоор жазып МТС ачалы деп жатабыз. Айыл чарбасын өнүктүрөлү, колдойлу деп турабыз. Ал үчүн 6 трактор, 1 комбайнды керектүү шаймандары менен жакынкы күндөрү алып келген атабыз. Бул да болсо конкуренцияны жаратып, жер иштетүүдөгү бааны ооздуктоого көмөкчү болот. Муну менен айдоо жерлер көбөйөт. Үрөндү да алып берип фермелерге колдоо көрсөтөлү деген ойдобуз. Мал чарбасы багытында жасалма уруктандыруу пункту бар, бирок аны жакшы жолго коё албай жатабыз. Ошол жаатта сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Дагы бир жаңылыгыбыз бар. Бизде сүт алуу пункттары ачылды. Талас облусундагы «Үмүт», «Арашан» сүттү кайра иштетүүчү компаниялары келип келишим түзүп кетишти. Эми Таласка сүт экспорттоп баштайбыз.

Гүлмайрам Сабирбекова, «Аймак»

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17