Аймак

Чаткалдагы КыргызГидроМеттин башчысы Ойгонбай Андашев: «ЖУМУШУМА ФАНАТ АДИСМИН»

Чаткалдагы КыргызГидроМеттин башчысы Ойгонбай Андашев: «ЖУМУШУМА ФАНАТ АДИСМИН»

 2,326 Бардыгы /

Аба-ырайын ӨКМ акыркы жылдары так берип жатышат деген сөз эл арасында байма бай айтыла баштады. Бул ошол гидреметеорологиялык станция кызматкерлеринин эмгеги. Алар тоо кыркаларында атчан, лыжа менен жүрүп аныктап, маалымдашат. Мына ушул багытка өмүрүн арнаган, жумушун сүйгөн Чаткал районунда бир кызматкер бар. Ал өмүрү, жумушу тууралуу буларды айтып берди.

«АТЫМДЫ АТАМ ЫЙГАРЫПТЫР»

Мен 1956-жылы 2-декабрда жарыкка келгем. Өзү илгери кыргыздар мындай болгон экен да. Буудай бышканда, орукчулукта, кыштоого түшкөндө деп туулган күнүнө маани берген эмес. Анан атам да мен туулгандан 3 жылдан кийин күбөлүк алганы барыптыр. Сельсовет болсо «атаңдын көрү, ушул бала Малинковдой болуп жүрсүн» деп 8-январь деп жазып бериптир. Ошол жылдары Малинков Хрущевден кийин СССРди башкарып турган экен. Анын туулган күнү 8-январь окшойт ко. Коргон-Сайлыкмын. Чаткалдын азыркы Каныш-Кыя айыл аймагына карайт.  Атам ыраматылык метеориологиялык станцияда ат багуучу болуп иштеген. Кар өлчөгөнгө жылкы минип баруу керек. Атам ошол станцияда иштеген кызматкерлерди жылкы менен жетелеп кошо жүрчү экен. Коштоочу катары. Ушул тоолордо  эле 6 жаан чачын өлчөөчүаппарат бар эле. Алты айда бир ченешчү. Күзүндө сентябрдын этегинде бир, анан жазга маал майдын аягында. Чаткалдын жарымынан өйдө, Талас кырка тоосу, бул жагы Аксынын Авлетим, Токтогулдун кырка тоолорун 10 күндө тегеренип келишчү. Атымды акем койгон. Мен чоң энемдин колунда өстүм да. Анан атамды аке деп калыптырмын. Чоң аталарыбыз колунда бар бай болгон экен. Ал убакта кой-мал караган кызматкерлерди кул деп айтпай, караарлар деп коюшчу экен. Менин чоң атам арапча окуй алган кат тааныган молдо болгон. Ага совет өкмөтү келгенде бир туугандарың, караарларыңар менен бир колхоз болгула дейт экен. Чоң атам бир туугандарынын арасында эң кичүүсү болгон. Анан ал улууларына акыл салса макул болушпайт. Калгандары малды өкмөткө бергенден көрө деп жылкыларын, малдарын союп тоолорго алып чыгып муздун жаракаларына таштап коюшуптур. Кийин алабыз деген го. Чаткал ичине совет бийлиги орногондо алар Терек-Сайга качып, аяктан кууса биякка качып жүрүп анан менин чоң атама сөз тийип калыптыр. Аны кулакка тартабыз деп калышыптыр. Кулакка тартылып бирок кутулуп кетиптир. Ал убакта деле тааныш билиш деген болгон экен. Абдырахман чочко деген Кызыл-Токойлук бий  болгон экен ошол алып калыптыр. Кийин 1943-жылы Жданов колхозунда алынган түшүмдөн планга тапшырып, артканын колхозчулар жашырып коюшкан экен. Ал кампа менин чоң атамдын үйүнө жакын болгон экен. Бир күнү түнү ошону бөлүп алалы деп чырак менен келип кампада жүрүшсө, чоң энем шайтандай болуп аларды көрүп калат. Тээ тиги кишилер чырак көтөрүп жүрү деп айтып кириптир. Ал да тура калып барыптыр. Койгула камалып кетип уят болуп жүрбөгүлө десе, бул кагаздан чыккан буудай дешет. Башка бирөө аны көрүп калып бийликке жеткирет. Ал убакта Чаткалдын ичинде почта иштеп, ар бир 10 километрде 5-6дан ат камдалып турчу экен. Атты чаап барып тиги жерден башка атты минип ушинтип кетишчи тура. Ошентип олтуруп кабарды бирөө жеткирген. Келип кармап кетишкен. Чоң атамды кошо айдаган. Сотто шериктеш деген статья коюп, орукка айдап жиберет. Чоң энем 2 бала менен  калып калат. Оор турмуштун айынан атам жаш кезинен колхоздун малын багып калат. Бир таар, бир көрпөчө, бир кийиз менен жашашат экен. Түнү таарды алдына салып, көрпөчөнү башына жазданышып, кийизди жамынып алышканын айтып берчү. Ошентип атам чоңоюп, үйлөнүп анан мен туулганда ошол чоң аталарымдын байлыгы ойгонуп келсин деп Ойгонбай деп атымды коюптур. Менин атымдын, ата-бабаларымдын тарыхы менен байланыштуу. Атам малга жакын киши эле, союз кезинде эле 40-50 малы болчу. Апам да иштерман жан эле. Бизди тарбиялап, иштебеди. Апам азыр биздин төрүбүздүн көркү. Анын бешбармагын жакшы көрөм. Азыр келиндер палоону келтире басат бирок биз кыргыздар гүлчөтай менен беш бармактан баш тарта албайбыз го. Окуп жүргөн кезде келип калганда апамдан гүлчөтай жасап бериңизчи колго жайып деп эле калчум.

«МУГАЛИМДЕРДИН БЕТИН ӨӨП»

Беш бир туугандын улуусумун. Жаш кезден улуусу катары жоопкерчиликти эрте эле мойнума алып алгам. Ысык суук болуп ооруп калышса да кыйнала берем. Төрт бир туугандар Шакафтардагы интерната окуп калганбыз. Мен мектепте гуманитардык сабактан жакшы окучум. Математика, химиядан орто билчүм. Интернатта байлыкка кызыкпоого, жаман жолго барбоого, мыкты билим алууга, бири биринен ашпоого жулунбоого үйрөтүп коёт экен. Азыр классташтарымдын көбү эле мамлекеттик кызматта, бизнеске бир экөө эле кетишти. Бала экенбиз да ошол окуп жүргөндө айрым мугалимдер катуу талап койсо «ии ушудан тажадык» деп калчу элек. Кийин билсек алар биздин келечегибиз үчүн аракеттенген экен. Аны түшүнгөндө бетинен өпкөнбүз ошол мугалимдердин. Азыр да барып учурашып турамын. Ошол агай эжейлердин ар кимисинин тажрыйбасына карата окутуу тактикасы болот экен. Биздин интернатта ар бири окуучу бирден  кабинада олтурчубуз, бири бирибизден көчүрүп алмай жок. Мугалим менен наушник микрафон менен түз байланыш болоор эле.

«ЛЕНИНГРАДДАН ОКУУНУ АЯКТАДЫМ»

Мен интернатта шок болчум. Анан окууну бүтөөрдө бир гана Шакафтар интернатына чектөө киргизип коюшуптур. Себеби бир энергетикалык факультетте 17 бала экен, баары Шакафтардын бүтүрүүчүлөрү дейт. Анан бүт эле Шакафтардын балдары окуй береби дешип бизге чектөө коюшуптур. Анан мугалимдерге квота келгенде алар «мунун тартиби начар каякка барса ошол жакка барсын» дешкен экен мени. Бирок ошого туш келгениме өкүнбөйм.  Шакафтардан окууну бүтүп келгенде атам бир жыл окууга жөнөтпөй койду. Ал өз жумуш ордун министрликтей көрсө керек, ушул жерге ишке киресин деп туруп алды. Жакшы жумуш, мал кылсаң болот, тамак-ашын, кийимин берет, туруктуу айлыгы бар дейт. Ошентип мени эптеп жумушка киргизди. Бир жыл иштеп анан окууга тапшырам деп Ленинградка кетип калдым. Метеориологиялык институтка тапшырып үчүнчү экзамен физикадан бир нерсе болуп кулап калдым. Кабыл алуу комиссиясына барып документимди алайын десем ал жердеги бир кызматкер документимди бир карап Кыргызстандан келген турбайсынбы деп калды. Колумдан жетелеп жетекчилигине алып барды. «Бул кыргызстандык экен, окууга өтүшү керек»,- деди. Мен анда бала экем түшүнбөптүрмүн. Көрсө Кыргызстан Ленинградды эт менен камсыз кылат экен. Ошондуктан кыргызстандан баргандын окууга токтоосуз кабыл алынышы керек экен. Якут же чукча деп ойлоптурмун орусча жакшы сүйлөп турса, бул кыргыз турбайбы деди. Өз ара макулдашышып, кайра тапшырууга шарт түзүштү. Анын ортосунда бир окууга өтпөй калган орус балдар менен таанышып калып, алар айтып калышты. Ушул жерге жакын эле шаарда бир жакшы училище бар экен ошол жакка кеттик деп. Макаров атындагы Антик-Антарктик жогорку училищеси деген жерде 2,5 жыл окудум. Студенттик күндөрү математикадан аябай кыйналдым. Анткени синоптикада шамалдын ылдамдыгын, жаан чачындын ыктымалын баарын математикалык жол менен чыгарабыз. Кийин 6 ай практикада болдум. Тээ түндүк муз океанындагы Ушакова деген аралда дуденко деген порт бар, Енисейден деңизге куяр жеринде. Вертолёт менен барсаң 1,5 миң км ыраакта. Арал аппак эле муз экен. Кээ бир жеринде эле карайып таш көрүнбөсө. Алты ай ошол жерде болдук.

«3 СОМ ПАРА БЕРБЕЙ ИШИМДЕН АЙРЫЛДЫМ»

Кийин практика бүтүп Кыргызстанга келдим. Өз каалоом менен аскерге кеттим. Забайкальеде кызмат өтөдүм. Мекен алдындагы милдет да бүттү. Бул жерде Ярмухамедов деген жетекчи бар эле. Атам аны менен көп жыл иштешиптир. Анан ал киши мени жумушка алмай болуп калды. Мен ага макул болбодум. Ал кезде ГГП деген партия бар эле. Союз учурунда кар көчкү боюнча илимий иштер жүргүзгөн атактуу кызмат ошол партияда болчу. Техникалардын бары жетиштүү болоор эле. Кар өлчөгөнү вертолёт менен каалаган жакка уччу элек. Анан ошол жерде иштеп, медкомиссияда бир жылда бир өтмөкпүз, мен кийинки жылы өтпөй калдым. Көрсө 3 сом «желкиси» бар экен. Мен аны кайдан билем. Анан каякка барам деп ойлонуп башкармалыктан бирөөлөр менен сүйлөшүп калдым. Анда Манас аэропортунда иштер жакшы башталып калган. Москвага түз каттоо ачылган. Ошол жакка зандировщик болуп иштесең болот дешти. Ал деген шарларды учурасың, анын түбүндө аппарат болот. Шарды гелий газына толтурасың. 30 км бийиктикке чейин көтөрүлөт. Кайсыл жакка шамал болсо ошол жакка учуп кетет. Жанагы аппарат болсо шамалдын ылдамдыгын, абанын булганышын, күндүн нурун өлчөйт. Андан сырткары туманды, көз көрүү аралыгын, булуттулукту, чагылган, жамгыр-карды кабарлайт. Аппарат болсо маалыматтарды автоматтык түрдө жерге маалымдап турчу. Ошону менен шар кайдадыр кетип, жок болот. Күнүгө 5-6 шар учуруп турчубуз. Кийин башкармалыктын жетекчиси чакырып Чаткалга барасын деп калды. Баргым келбей айласыз келдим. Ошол, 1981-жылдан бери бул жерде башчы болуп эмгектенип келатам.

«ҮЧ КИШИ КӨЧКҮ АЛДЫНДА КАЛСА СУРАК БЕРЕБИЗ»

Биздин Кыргыз Гидрометериологиялык агенттик Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдында. Жумушубуз абдан кызыктуу, ошол эле учурда жоопкерчиликтүү.  Кээде коркосуң, туура эмес аба-ырайын айтсаң ал бирөөгө зыян келтириши мүмкүн. Мисалы үч кишиден ашык кишини көчкү басып калса сурак берип, мындай тигиндей болду эле деп түшүнүк кат жазып калабыз. Бирок кудайга шүгүр, мындан ары да ушундай болсун дейм, бизде киши өлүмү катталган эмес. Эки үч жылдан бери Чапчымадан бери өзүмө кошуп алгам. Жакамды карманам, бир өлүм бербедик. Бул иште биринчиден жергиликтүү бийлик, жарандык коргонуу өкүлдөрү менен  тыгыз иштешибиз керек. Мисалы мен маалыматты берем, аким буйрук чыгарат «жол жабылсын» деп. Милиция болсо жолду тосот. Кыргызстан боюнча биздин район абдан ынтымактуу иш алпарабыз. Мунун сыры бири бирибизди туура түшүнүүдө. Убагында, так аба-ырайын алып, эртең бүрсүгүнү жаан чачын болот, көчкү түшөт деп жеткирип турабыз. Көчкү эми кыргыздар айтмакчы беш эле нерседен түшөт. Күн жылуулаганда, кардын бийиктиги 10 см-ден көтөрүлгөндө, бороон болгондо, температура өйдөлөп, ылдыйлаганда, тикелиги 45 градус болсо 5 см жааганда эле түшө берет. 20-25 градустук жантык жерлер бар, алар түшпөгөн менен өтө коркунучтуу. Анткени көп болуп жыйылып анан түшөт. 3 күн жылуу болсо 4-күнү сөзсүз көчкү түшөт. Андайда билдирүү берем, анан аким буйрук чыгарат. Ар жагы Терек-Сайдан, бер жагы Курулуштан жол бекилет. Айрымдар түшүнбөй шашылып атабыз, өтүшүм керек дешет. Жаңжалдар болот. Өткүзгүлө, коё бергиле деп чыр салгандар бар. Постто турган балдарга эле кыйын. Ошончо кишини кармап туруш чынында оор. Аларга тамак уюштуруу керек. Ооруп кетип жаткан, өлүмгө батага бараткандарды коштоочу менен өткөрөбүз.  Анан алдын алуу иштери боюнча жер, кар көчкү түшүү коркунучу бар үйлөрдү мониторинг кылып, маалымат беребиз. Башка станциялардагы нормаларды телефон аркылуу сурайбыз. Эгер жаандын өлчөмү 300 пайыздан ашса тынчсызданууну жаратат. Ал сиңип жерди былкылдатат, анан жазында жер көчкү жүрөт. Аба-ырайын акыркы 5 жылдан бери так, жакшы берип жатабыз. Кышында кар көп жааса, жазында сөзсүз Өзгөн, Сузак райондорунда көчкү кетет.

«КАДР ЖЕТИШСИЗДИГИ БИЗДЕ ДА БАР»

Эми азыр союз кезинде топтолгон тажрыйба менен иштеп жатабыз. Элдер да «Ойгон айтса туура айтат, ӨКМ билдирүү жиберсе туура эмес чыгат» деп тамашалап коюшат. Анан фирмаларга айрыкча алтын кендерге көчкү боло тургандарын, аба-ырайы тууралуу маалыматтарды берип турабыз. Бир жолу өзүм демилге көтөрүп Эркеш-Тамга бардык. Аларга кай жерден көчүшү мүмкүндүгүн жазып бердик. Алар эми кытайдын жеке фирмасы экен. Кээде биздин бийлик өкүлдөрү да туура эмес түшүнүп булар биздин жаран эмес дешет. Бирок мен айтам, ошол жерде биздин жарандар иштейт деп. Ошентип быйыл ошол Эркеш-Тамда көчкү түштү. Так мен айткан жеринен көчкү басып калды. Эскертүү берилгенде бир кытай ашканада калып калган экен, ал көчкү астында калды. Бирок аман калды. Ошондо да бир саат калганда телефон чалып баарын чыгаргыла дегем. Күн жаай берди, ички туюмум тынч албай олтура албай калдым. Азыр эми эң көчкү көп түшө турган жер «Кичи Чаарат» кенинде. Тоодо иштөө ушундай жоопкерчиликтүү, кооптуу дагы.

Азыр эми аппараттарыбыз заманбап эле. Бирок канчалык автоматташтырылбасын адам фактору болбоюн маселе чыгат. Свет өчүп калат дегендей. Табыйгый татаал шарттан улам айланчуу вертушка деген бөлүгү сукка тоңуп калат. Анан аны ургулап түшүрөбүз. Өлкөдөгү финансылык тартыштыктан улам мурда 12 киши иштеген жерде учурда 5 кызматкер эмгектенебиз. Бирок бул болбойт экенин бары көрүп атышат.

Кадр жагынан да бир топ аксайбыз. Орусия бир эки ирет биздин жаштарга квота берди. Бирок сынактан өтө алышпай жатышат. Айрымдар окууга өтүп, аякташса да тоолуу шартка келишпейт экен. Айлык канча жакшы болсо да келишпейт. Бизде кезметтегилер 8 күн эле иштейт бир айда. 15-20 миң айлык алышат. Көмүр, тамак аш азыктарын, кийим кече берилет.

«МЕТОДИКАМДЫ МИНИСТРЛИК КОЛДОНУП ЖАТАТ»

Негизи биз көчкүнү жолго түшүрбөөгө аракет кылабыз. Айрыкча декабрдан-мартка дейре. Аба суук, күн кыска. Жолду тазалап жетишпей калышыбыз мүмкүн. Көчкүнү атууда өзүнүн методикасы бар. Снарядды тандайбыз. Ар он беш күндө атып карды олтургузуп турабыз. Союздун методикасын колдончубуз, улам тажрыйбам арткан сайын менин методикам да чыга баштады. Быйылкы кышта Ош-Бишкек жолундагы Чоң-Сайдагы көчкүнү түшүрбөдүк. Жылда 4-5 км болуп миллион кубдан ашык кар түшчү. Чычкандын суусун бөгөп калчу. 45 метр бийик болгон карды 15 машина бир жума тазалачу. Менин ыкмам мындай, эки жагын аткылайбыз, анан пресстелип калат. Ортосун ар 15 күндө аткылай беребиз, ал олтуруп кала берет. Ошону менен кар көчкү түшпөйт. Ушул методиканы эми ӨКМ колдонобуз деп жатат. Мамлекет сыйлап жатат, жакында эле президенттин грамотасын алдым. Мен жумушуна фанат болгон адаммын. Мага сыйлык да, башка да кызык эмес. Өзүм чуркабайм, ылайык көрүп беришсе алып коём. Тоолордо кээде жөө, кээде атча, лыжачан жүрөм. Мамлекет кол каптан тартып тамак-ашыңа чейин берип жатса, жатып алгандан уяласың.

Жумушунду так билсең сөзүң да өтүмдүү болот. Эч кимден коркпойсуң. А ишти жакшы алпара албасаң көрүнгөнгө көз карандысың. Ошодон кой алпарып бермек, кымыз ташымайлар башталат.

«УЛУУ БАЛАМ ЖОЛУМДУ ЖОЛДОДУ»

Мен 25 жашымда үйлөндүм. Төрт уулум, бир кызым бар. Азыр улуу балам менин жолумду жолдогон. Кичинечинде менин артыман калбай ээрчип алып, вертолёт келсе чыгып алчу. Түш десем болбойт, учкучтар алып алышаар эле. Ошондо эле кызыгуусу козголгон го. Азыр Чычкандагы Итагарда кар көчкүнү көзөмөлдөөчү бөлүмдүн жетекчиси. Алардын кызматы жолду убагында жабуу, көчкүнү түшүрүү, алдын алуу болуп саналат. Ал  Новосибирдеги гидрометеориологиялык окуу жайга өз күчү менен окуп келди. Кийинки уулум Ноокатта кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы. Дагы бир уулум тоо-кен өндүрүү багытын да билим алып, учурда Чаарат фирмасында иштеп жатат. Кичүү уулум ӨКМде. Кызым болсо оштогу У.Салиева мектебинде окуйт. Үйдөгү прокурорум, келинчегимди кабыргам деп коём. Аны министрликтегилер да билишет. «Кабыргаңыз аманбы?» деп сурап калышат. Телефонума да ошентип сактап алгам. Өзү кадамжайдын кызы. Мен Манаста иштеп жүргөндө таанышкам. Гезитти көп окугандыктан, «Известиени» сатып алып аэропорттун залынан келатсам билет алууга эл жык жыйма экен.  Ал учурда авиабилет алуу да кыйын эле, арзан болгон менен. Анан улам эле чоң эле адамдар бир арык, жакшынакай кызды кезекте турса да жөөлөп түртүп жатышат. Анан жанына барып «паспортуң менен акчаңды бер, билет алып берейин» десем колтугуна кысып алган паспортун бербейт. Бир кезде берди. Билет саткан коллегалар тааныйт да мени, беришти. Кийин каникулдан келээрине билет алып койдум, телеграфтан билдирдим. Ошентип таанышып калып, бир жылдан ашык сүйлөшүп жүрүп анан баш коштук. Үйдө тамак-аштан, балдардын кийимине чейин аял киши билет, көзөмөлдөйт экен. Мен өзүм эч акча кармабадым. Аялыма алып келип берем, баарын өзү бөлүштүрөт. Сенин кызматың чоң, анан да кыйын экен деп коём.

Гүлмайрам САБИРБЕКОВА, «Аймак»

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17