Аймак

Бакытбек Анаркулов, КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад областы боюнча ыйгарымдуу өкүлүнүн орун басары “Жалал-Абадда парник алдында өстүргөн бакча өсүмдүктөрүнө көбүрөөк көңүл буруп жатышат”.

 7,628 Бардыгы /

Бакытбек  Анаркулов, КР  Өкмөтүнүн Жалал-Абад областы боюнча ыйгарымдуу өкүлүнүн орун басары   “Жалал-Абадда   парник алдында өстүргөн   бакча өсүмдүктөрүнө көбүрөөк  көңүл буруп жатышат”.

-Бакыт Кочкорович, сиз бул кызматка келгениңизге аз эле убакыт болду, кайсы тармактарды тейлеп жатасыз?

-Мен өкүлдүн орун басары катары айыл чарба, социалдык тармак, чекара жана транспорт тармагы боюнча иш алып барам. Жаңы жылдын алдында тиешелүү жетекечилер, социалдык тармакты жетектеген акимдердин орун басарлары,вице-мерлер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. Ал эми айыл чарбасы боюнча 24-декабрда райондук администрациянын 1-орун басарлары, департаменттин башчылары, аталган чарбаны тейлеген жетекчилерин чогултуп штаб өттүк. Жаздын камын кыштар көр демекчи анда жазга карата даярдыктардын жана мал жандыктарынын оорууларынын алдын алуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. Өзүңүздөргө маалым, жазда Аксы, Ала-Бука райондорунда кара чегирткелер көп чыгып кетет. Ошого байланыштуу ага кандай чара көрсөк, андан сырткары дагы кандай көйгөйлөр бар, аларды кандай чечсек деген талкууларды жүргүздүк. Бул боюнча өкмөткө атайын кат жолдоп, кече жакында өзүм Бишкекке барып келип, Жогорку Кеңештин депутаты, агрардык саясат экология боюнча комиттеттин төрагасы Сайдилла Нышановго дагы кирип чыктым. Жазгы талаа иштерин эрте баштоо максатында министирликтин агрардык комплекстин бөлүм башчылары менен ошондой эле жазгы талаа иштери боюнча Өкмөттүн Жалал-Абад облусу боюнча куратору менен да сүйлөштүк. Негизинен алганда иш башталды. Жазгы талаа иштеринде кандай нерселер кете тургандыгы тууралуу иш структурасы түзүлгөн.

-Жыл жыйынтыгы жакшы эле болдубу?

– Жакшы жыйынтыктадык. 2014-жылдын жыйынтыгы менен сүт өндүрүү 104%га, эт өндүрү 105, 8%га, жүн өндүрүү физикалык салмагы менен 104%га жалпысынан алганда 2013-жылга салыштырмалуу 0.7%га көп өндүрдүк. Быйылкы жылы да коюлган пландан ашыгы менен толтурабыз деген ойлор бар.
-Айыл чарбасы демекчи пайдалуу болгон сугат жерлер жер участокторуна бөлүнүп, келечекке кесирин тийгизбейби?
-Чындыгында бул нерсе бүгүнкү күндүн эң көйгөйлүү маселеси. Илгерки түшүмдүү буудай, пахта өндүрүлгөн жерлер жер участкаларына бөлүнүп кетти. Бул маселелр боюнча мамлекеттик каттоо органдары¸ аким, айыл өкмөттөр менен иш алып барыш керек. Эгерде ушул темп менен кете турган болсок балдарыбыздын келечегине зыяны тийип калат. Жакшы түшүм ала турган жерлер участокторго бөлүнүп кеткени аябай өкүндүрөт. Биз аракет кылып жатабыз,атайын мараторий да жарыяланган, бирок моюнга алыш керек бир кыйла кечигип калдык жана 100 пайыз жолго коюлду деп айтуудан алысмын.

-Өткөн жылы пахта эккен дыйкандар пахтасын жакшы баага сата албай жатабыз деп көңүлдөрү сууп жатты эле. Бул маселе кандай чечилип жатат?

-Пахта боюнча чындыгы, баасы төмөн. Ошондуктан бул боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.Бирок баа бизге көз каранды эмес. Пахтанын баасы Ливерпулда аныкталат. Эгерде баасы жогоруласа учурда сактап жаткан пахталарын жакшы баада сатышат. Бирок бүгүн эртең анын баасы жогорулап кетет дегенден алысмын. А негизинен ага аракет көрүлүп жатат.

-Талас облусундагы кара буурчакты биздин райондордо да эгип көрдүңүздөр эле, натыйжа бердиби?

-Эми чындыгын алганда былтыр эксперимент кылып Ноокенде, Базар-Коргон, Ала-Букада эгилди. Түшүм биз ойлогондой болбой калды. Анын себеби, Таластын климаттык шарты менен биздин климаттык шарттын туура келбей калгандыгы болуш керек. Ошондонбу, айтор түшүмдүүлүк аз болду.

-Аксы районунун Кош-Дөбө айыл өкмөтүндөгү “ Иринжит каналы толук курулуп бүтө электе эле ММКда бир топ каршы пикирлер айтылды эле, ал боюнча каналдын курулушунда жетекчи катары кандай жооп бере аласыз?

-“Иринжит каналы көп жылдан бери чечилбей келе жаткан маселе болчу. Өткөн жылы ал каналдын экинчи этабы, тагыраагы “Беш-Батман” каналы 7 км. 900 метр жери бүткөрүлдү. Өзүңүздөр билгендей мамлекеттик бюджеттин эсебинен бүткөрүлгөн бир чоң проект мын ушул “Иринжит каналы болду. Ал канал бүткөн, ачылдышы болуп, ага Президент да катышып кетти. Бирок, техникалык көйгөйлөрү бар экени чын. Канал учурда толугу менен бүткөрүлүп, эксплуаттациялоого бериле элек. Ал жерде бүтүндөй эле көйгөйлөр бар деп айтуудан алысмын. Канчадыр пайызда көйгөйлөр болушу мүмкүн. Бул жерде эл айткандай саясатташкан көйгөй жок.

-Кыргызстан сууга бай өлкө. Бирок кээ бир учурларда көпчүлүк жерлерге суу жеткире албай кыйынчылык болот. Келечекте дагы ушундай каналдарды куруу пландары барбы?

-Бизде 2000-жылдан бери дүйнөлүк банктын ички каналдарды куруу долбоору жүрүп келе жатат. Облуста учурда 18 долбоор ишке ашкан. Ал деген кичинекей эмес, чон долбоорлор. Ал учурда көптөгөн каналдарды оңдоп түзөөдөн өткөрүп алдык. Чарбалар аралык суу тосмолордун да да көйгөйүн чечкенге үлгүрдүк. Бул ички чарбанын дүйнөлүк банктан келип жаткан инвестициянын негизинде. Андан сырткары, көптөгөн инвестициялар келип жатат. Ал проектилер боюнча балдар иштеп жатышат. Мен буйруса инвестициянын жардамы менен суу чарба багытын бүгүнкү күндүн талабына ылайыкташтырып даярдап алабыз деп ойлойм. Бул боюнча проектилер даярдалыр жатат. Эгер өтүп кала турган болсо аны жасоого биз дагы, эл дагы даяр.

-Быйылкы жылы жазгы талаа жумуштарында облусубузда дыйканчылыктын кайсы түрлөрүнө басым коюп жатасыздар?

-Акыркы 5 жылда элдин буудайга болгон талабы начарлады. Себеби базарда 15 сомдон ашпай жатат. Пахта өткөн жылдары 40 сомго чейин чыкты эле ал дагы мына баасы түшүп элдин талабын аткара албай жатат. Учурда элдин көпчүлүгү парник алдында өстүргөн болгар калемпипи, помидор, бадыраң жана башка бакча өсүмдүктөрүнө көңүл буруп жатышат. Алар жыл бою өстүрүлүүдө жана жакшы баада сатылууда. Эгерде бажы биримдиги ачылып калган болсо экспорттогонго да мүмкүнчүлүгүбүз ачылат. Баасы дагы жылдан-жылга көтөрүлүп жатат. Жакында биз ал продуктуларды эл канча пайдаланат, элден ашканын канчасын экспорттой алгаарбызды эсептеп чыкканбыз. Ошого жараша иш алып барабыз.

-Биз көбүнчө Өзбекстан менен чектешип турат эмеспизби. Ошого байланыштуу мал жандыктарын өтүп кетүүсү, уурдалуусу, пикир келишпестиктер көп болот.

-Чындыгында бул эң оор маселе эң оор десек болот. Чек арада жайгашкан айылдарда да көйгөйлөр көп. Насостор менен суу ичишет. Шаардан алыс, мүмкүнчүлүктөрү аз. Өзүбүздүн жарандарыбыздын жашоо шартын ойлошубуз керек. Ал жерде бир эле өзек жарандары эмес, аларга кошулуп биздин жарандар да мал уурулугу менен аракеттенген көрүнүштөр жок эмес. Анын үстүндө тартип сакчылары да иш алып барып жатышат.

-Бажы биримдигине кирип калсак биздин кайсы продукцияларыбыз экспортко көбүрөөк кетет деп ойлойсуз?

-Бажы биримдигине киргенге чейин эле жарандарыбыз бир катар айыл чарба продуктуларды экспорттоп жатышкан. Бирок учётко алынган эмес. Ошого байланыштуу биз аны көзмөлдөп, канча продукция кайда кетип датканын аныктап, учётко алып турабыз. Өзүңүздөр билгендей көбүнчө кайналы, алма, пияз, болгар калемпири , помидор жана ушул сыяктуу жашылча-жемиштер. Мындан сырткары жаңгак, маңыз, көөл жана башка продукциялар кетип жаткан. Ошого байланыштуу өткөн жолку штабда продукциялардын экспорттолушу жана учётко алынышы тууралуу тиешелүү адистерге тапшырма бергенмин. Мындан сырткары биз ал продукциялардын сапатын текшерип, көзөмөлдө турушубуз керек. Андан сырткары элге шарт түзүп берүү зарыл. Себеби элдерге да баары ишенчиликтүү болуусу үчүн аларга шарт керек.

Маектешкен Орозалы Карасартов,”Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17