Аймак

Кыргыз улуттук “Манас Ордо” комплексинин башкы директору Ормошбек ЧОЮНБАЕВ: “МАКСАТБЫЗ – “МАНАС” ЭПОСУН, УЛУТТУК РУХИЙ ДӨӨЛӨТТӨРҮБҮЗДҮ НАСЫЙКАТТОО”

Кыргыз улуттук  “Манас Ордо” комплексинин башкы директору Ормошбек ЧОЮНБАЕВ: “МАКСАТБЫЗ – “МАНАС” ЭПОСУН, УЛУТТУК РУХИЙ  ДӨӨЛӨТТӨРҮБҮЗДҮ НАСЫЙКАТТОО”

 3,593 Бардыгы /

 

 ТАЛАС:

-Ормошбек Жетигенович, улуттук комплексте “Манас” эпосун элге насыйкаттоо иштери туурасында кеп баштасаңыз?

-Кыргыз Республикасынын Өкмөтү-нүн астындагы  Кыргыз улуттук “Манас Ордо” комплекси республикабыздагы атайын  мамлекеттик макамы  бар 5 чоң музейдин катарына кирет жана  ага дүйнөдө эпикалык өнөрдүн туу чокусу болгон “Манас”  эпосун,  жалпы улуттук руханий дөөлөттөрдү  насыйкаттоо, улуттук каада салттарды даңазалоо, эл аралык туризмди өнүктүрүү милдеттери жүктөлгөн. “Манас Ордонун” жалпы жамаатты  мына ушул жооптуу жана сыймыктуу озуйпаны орундатууда ийгиликтүү иштеп жатат деп айта алам.

“Манас” эпосун элге насыйкаттоодо улуттук комплекстин “Манас”  эпосу музейинин    кызматкерлери изденип иштешет. Анда илим изилдөө борбору  жана экскурсоводдор тобу бар.  Экскурсоводдор  келген элге улуу дастаныбызды кыска-нуска, так-таамай  жеткирүүгө далалат кылышат.

“Манас Ордого” 1 жылда 120 миңден ашык зыяратчылар жана туристтер келишет.  Ошончо  адамдын баары туташ “Манас” эпосу музейине кире беришпейт. Музейге улуу дастаныбызга, элибиздин,  жерибиздин эзелки тарыхына, маданиятына кызыккан адамдар киришет.  Алар экскурсоводдордун  баяндамасын угушуп, өздөрүн кызыктырган түрдүү суроолорду беришип,  түшүнбөгөн маселелерин тактап алып жатышканын көп көрүүгө болот.  Андыктан биз   илимий кызматкерлерибиздин жана экскурсоводдорубуздун билим деңгээлин жогорулатууга, кесиптик даярдыктарын арттырууга  үзгүлтүксүз кам көрөбүз. Алар музей иштери боюнча   республикалык,  эл аралык семинарларга катышып,  региондорубуздагы  музейлерде болушуп, көрүп, билип, үйрөнгөндөрүн  иш практикабызга киргизип  келатышат. “Манас “ эпосу  боюнча таанымал окумуштуулар: Кыргыз эл мугалими Бектур Исаков,  профессор  Советбек Байгазиев, академик Абдылдажан Акматалиев, “Кут билим” гезитинин башкы редактору Кубат Чекиров, жазуучу, публицист Кален Сыдыкова,  Талас мамлекеттик университетинин  “Манас” эпосу  боюнча  илимий   иликтөөлөрдүн үстүндө иштеп жатышкан илимпоздору  менен байланышыбыздын  тереңдиги экскурсоводдорубуз, илимий кызматкерлерибиз үчүн абдан пайдалуу болууда. Ашымова Мээрим, Исаева Чолпон, Үмөталиева Наргүл деген экскурсовод  кыздарыбыздын баяндамаларына ыраазы болгон эл көп. Алардын баяндамаларын угушуп, көздөрүнө жаш алышкан адамдарды көрүүгө болот. “ Айкөл Манас  боюнча эң сонун,  көркөм, терең, нуска баяндама угуп,  жүрөгүбүз толкуп, ушундай  дүйнөдө теңдешсиз улуу эпосубуздун болгонуна, аны жараткан кыргыз элибизге ыраазы болуп, сыймыктанып чыктык” деп айтышат алар.   Жунушалиев Асан облустагы эңкүчтүү музей кызматкери болуп саналат. Колунан көп иш келет. Өрөөнүбүздүн эзелки тарыхын жакшы билет. Илимий багытта жазгандары баалуулугу менен айырмаланат.

-Элдик мураскерлер менеништө-өнү  жакшы жолго коюп алдыңыз- дар. Ушул маселеге токтолуп кетсеңиз?

-Музей фондубузда көп  экспонаттар чаң басып туруучу. Археологиялык-этнографиялык музей ачып,  анын баарын ошол жерге койдук. Абдан баалуу экспонаттарыбыз бар деп айта алабыз. Музейдин экспонаттары  толукталып, байып турушу керек. Ошону камсыздоо үчүн эл арасындагы археологиялык,  этнографиялык табылгаларга кызыккан  адамдар-элдик мураскерлер менен бекем байланышта иштейбиз. Алар менен бир жылда эки жолу жолугушуп, аткарган иштерибиздин жыйынтыгын чыгарып,  алдыдагы пландарыбызды белгилеп алабыз. Элдик мураскерлер бизге  Карахандар доорунан берки экспонаттарды   таап берип жатышат.

Талас өрөөнү- тарыхка бай жер. Орто кылымдагы Атлах, Күл, Сус, Текабкет  шаар чалдыбарлары бар. Текабкет  шаар чалдыбары- бул эле  Орто-Арыктын ылдыйындагы Ак-Дөбө. Союздун убагында анын маданий  катмарын  сактоо, коргоо иштери колго алынган. Эгемендик жылдарында бул маанилүү ишке тиешелүү деңгээлде көңүл бурулбай,  шаар чалдыбарынын аймагы  майыт коюу жайына айланып       кетти. Аны токтотууга көргөн аракетибизден азырынча жыйынтык чыкпай келатат.  Ак-Дөбөгө майыт коюуда бир эле жайдын  казанагын казуудан эзелки ата- бабаларыбыздын буюм- тайымдары топ- тобу менен чыккан учурлар бар. Өнүккөн мамлекеттердеги  бүтүндөй илимий институттар  бир жыл бою иштесе да мындай сандагы экспонаттарды таба алышпайт экен. Бизде болсо жамгыр жаагандан кийин Ак-Дөбөдөн эзелки тыйындар  жылтырап көрүнүп калып жатпайбы. Тарыхый жерлерибиздин алдында ата- бабаларыбыздын   эзелки баалуу мурастары катылып  жатат. Аны сактап калышыбыз керек. Аларды казып алып изилдей турган  мезгил келет. Ушул багыттагы илимий иштерибизди белгилүү археолог Кубат Табалдиев   менен биргеликте жүргүзүп келатабыз.

-Археологиялык-этнографиялык музейдеги “Талас жазуусу”бөлүмү көрүүчүлөргө чоңкызыгууну жаратат. Республикабыздын башка тарых музейлеринде кыргыз жазуусуна  арналган бөлүмдөржок деп айтышат…

-Чынында, бул биздин ишибиздеги бир чоң жаңылык болуп калды. Таалай Алыбаев деген окумуштуу Орхон- Енисей жазууларын изилдеген чыгыш таануучулардын  эмгектерине таянып, Орхон-Енисей жазууларынын  түбү Таластан чыкканын белгилейт.  Мына ушундай илимий пикирлерге таянып, биз  музейибизде  кыргыз тамгасына  арналган  бөлүмдү түздүк. Көрүүчүлөр,  өзүбүздүн илимпоздор, Россиянын Сибиринен келишкен  белгилүү окумуштуулар жакшы баасын берип кетишти.  Бул биздин  илим багытындагы иштерибиздин жакшы көрсөткүчү болуп калды деп айта алам.

Аскадагы петроглифтерди изилдөө боюнча кыйла иштерибиз бар. Бул багытта Кең-Кол өзөнүнтолук изилдеп жатабыз. Өтмөк ашуусунун  Чаар-Төрүндөгү аска таштардагы петроглифтерди изилдеп, картага түшүрдүк. Анын баары  илимий фондго коюлду.

-Үйлөнгөн жаштарыбыз үчүн Манас атабыздын  күмбөзүнө зыяратка келүүбекем салтка айланды. Бул абдан жакшы. Ошол эле учурда айрымдар ыйык мазарга зыярат жасоонун маданиятын сакташпай, айыл элинин нааразылыгын жаратып келатышканы бизге маалым…

-Туура кеп. Мен бул туурасындагы ой-пикирлеримди  облустук телеберүү аркылуу айткан элем. Үйлөнүү үлпөтүн коштогон жеңил автомашиналар Талас шаарынан чыкканы бапылдатып сигнал басып келишет. Таш-Арык айылына киргенде 10-15 автомашина жолго 3 катар болуп тизилип алып, зуулдап, сигналды болушунча басып, көчөдөн өтүпжатышпайбы.

Айылда карыган адамдар бар, балдар бар. Аны ойлошпойт. Алардын  сигналынан   уктап жаткан кичине балдар  чоочуп ойгонуп жатышат. Айыл адамдары  “Ушул жорукту токтотсоңор боло?” дешип бизге кайрылышат. Биз тартип сакчыларына айтабыз. Алар түшүндүрүшөт. Бирок жыйынтык жок. Ушул маселени жолго коө албай жатабыз. Укук коргоо органдары менен тыгыз иштеше албай жатабыз. Мазарлуу жерден тилеген ак тилегиң Аллага түз жетет дешет. Андыктан  жакшы ниет , тилек менен зыяратка келип жаткандан кийин жаштарыбыз ичимдик ичпей келишсе, айыл элинин тынчын албай, маданияттуу келишсе деген тилек.  Зыяратты эс алууга, оюн-күлкүгө айландырышпаса. Пенденин оозундагы сөз Кудайдын кулагында болот  дегендей, мына  ошондо тилеген ой максаттары аткарылып, жакшылыктын кучагына оролушаары шексиз деп ойлойм. Эзелтен элибиз Манас атабыздын күмбөзүнө табынып, жакшылык көрүп, оорудан айыгып, бак-дөөлөткө жетип, бала чака көрүп келатканы буга  күбө. Каныкей апанын булагынын суусу көп ооруларга дары болууда. Бала көрбөгөндөр ушул жерге зыяратка келип балалуу болушууда. Мазардын касиетин айтып отурсаң түгөнгүс.

-“Манас Ордодо” айрым учурда бир күндө 23-24 түлөө өткөнүн угуп жүрөбүз. Ар бир түлөөгө 25-30 адам катышат десек, ошончо адамды тейлөөдө маселе жаралбайбы?

-Бир жылда орточо эсеп менен алганда “Манас Ордодо” 1500  түлөө өтөт. Жакында эле бир күндө  24 түлөө өттү. Кудайдын кулагы сүйүнсүн дейлик. Бирок айрым адамдар түлөөсүн мейманын күтүүгө айландырып жиберишет.  “Тигиним келе элек, мунум келе элек” деп, очокту, казан -аякты бошотпой туруп алышат.  Артында  өзүндөй болуп дагы бир адам түлөө өткөрүүгө кезек күтүп турганын ойлобойт.

Мурдатан кабыл алынган тартип боюнча, түлөөгө келген  автомашиналарды ичкери киргизебиз. Кээде түлөөкананын айланасына машина батпай кетет. Кенен автостоянкабыз турат. Машинасын ошол жерге коюп деле  түлөөгө барса болот да.

Тамак ичилип  жаткан жерде  идиш- аяк сынбай койбойт. Айрым адамдар “ыйык жердики” деп ырымдап, идиш- аяктан катып алып кетишет. Анын баарын четинен толуктап турушубуз керек. Бир түлөө  өткөрүүнүн баасы – 450 сом. Бул үч жыл мурда коюлган раценка.  Ал бүгүн өзүн актабай калды. Андыктан муну да караштырып көрөбүз.       -Кароол-Чокуга жол салынууда. Зыяратчылар, туристтер үчүн Кароол-Чокуга чыгуу, түшүү оңой, ыңгайлуу болуп калды…

-Сметалык баасы 6,5 миллион сом. Каражатты Өкмөт берүүдө. Былтыркы жылы башталган. Быйылкы жарым жылдыкта толук бүтөбүз деп  турабыз. Мурда адамдар туш тарабынан чыгып,  түшө бергендиктен, тоонун бети кыйма-чийме  жол болуп калган эле. Эми жол салынып Кароол -Чоку көркүнө чыгып калды.

-Улуттук статустуу комплекске бюджеттик каражаттардын каралышы туурасында айта кетсеңиз?

-Акаевдин доорунан бери республикабыздын бюджети корголгон жана корголбогон болуп  экиге бөлүнөт. Корголгону айлык, соцфонд, электр үчүн төлөөлөр. Корголбогону курулуштук,  чарбалык  иш аракеттер. Муну көбүнчө кесип салышат. Ошондон улам, бизге 1 жылга 2,5- 3  миллион сом каралса,  анын дээрлик жарымын ала албай калабыз.

Мен “Ордого” жетекчи болуп келгенге чейин бир  жылда 300 миң сомдун тегерегинде өздүк каражат түшчү экен. Кийин биз анын көлөмүн өстүрүп отуруп, бүгүн 3 миллион сомго чейин көтөрдүк. Башкача айтканда  10 эсеге чейин көбөйтүүгө жетиштик. Муну мактануу менен  баса белгилеп айта кетишибиз  керек. Ошол өздүк  каражаттарыбыз “Ордонун” жакшыртуу, өнүктүрүү иштеринин керегине жарап жатат.

225 гектар жерибиз бар. 4 гектардан ашык жерге “Манас Ата” гүлзар багы жайгашкан. Анда  ар түрдүү тал-теректер, жемиш бактары,  бадалдардын түрлөрү, миңдеген түп розалар  көйкөлүп өсүп турат. Өзүнчө дендра парк болуп калды. Анын баарын кароого алып, жыл сайын дарылап турабыз. Болбосо бак-дарактар, гүлдөр дартка чалдыгып ооруйт, куурайт. “Манас Ордого” келип,  аралап баскандар кубанып, рахмат айтышат. Биздегидей өсүмдүктөрү дартсыз, таза парк башка жерде жок деп айтышат келген адамдар.

Көз жоосун алган розаларыбыз 7 миң түптөн ашат. 6-7 жыл көрк берип өсөт. Картайганын алмаштырып, жаңылоо иштери жасалып турат. Розаларды сактап, көбөйтүү иштери чоң күч аракеттерди талап кылат.

Атмайданга, түлөөканага алып барган асфальт  жолдор жыртылып бүттү. Убагында эптеп, жукалап төшөп, будамайлап бүтө салышкан жол. Көк-Мойнок деген жердин топурагын алып келебиз. Анын составында цемент болсо керек. Ошол топурак менен жыртык тешигин тегиздеп,  таптап бүтөп келатабыз. Ансыз жолдорубуз бүгүнкү күнгө чейин  сакталмак эмес, небак жарактан чыгып калмак.

Четтен келгендер камерасын алып тартып киришкенде жолдорубуздун абалынан уялабыз. Күнүнө  мусор чыгарабыз. Тракторубуз эски. Эптеп пайдаланып келатабыз. Трактор бузулганда мусорду ат араба менен чыгарууга туура келет. Четтен келген туристтер мунубузду да камерасына  тартып жатышкан учурлар болот. Трактор сатып берүү өтүнүчү менен өкмөткө кат жолдоп кайрылганбыз. Буюруса  чечилет деп турабыз.

“Манас Ордо” Талас шаарынан 15 километр алыстыкта, Таш-Арык  айылында, тоо этегинде жайгашкан.  Бишкек шаарында 1,5 миллиондон ашык калк жашайт. Ош облусунда 900 миңге жакын калк жашайт.  Ошого карабай Бишкек шаардык мамлекеттик тарых музейине,  Ош шаарындагы “Сулайман- Тоо” тарых музейине салыштырмалуу “Манас Ордодо” өздүк каражат кыйла арбын  чогултулат. Өздүк каражаттарды мыйзам чегинде  “Ордону” өркүндөтүүгө  пайдаланып, ишибизди илгерилетип келатабыз.

“Манас Ордодо” республикалык, облустук, райондук деңгээлдеги массалык маданий иш-чаралар өтөт. Ошонун баары арендасыз өткөрүлөт. Бул рынок экономикасынын талаптарына ылайык келбейт. Иш-чараларды өткөрүүгө  акы төлөнүшү керек.

Азыркы Президентибиз өткөн жылы Премьер -министр болуп иштеп турган кезинде “Манас Ордого” зыяратка келбедиби. Мүмкүнчүлүктөн  пайдаланып муктаждыктарыбыз туурасында айтсам, 7 миллион сом бөлүп берген. Ал сумма жыл этегинде бөлүнүп, биздин баланска түшмөк. Пайдалана албай калсак, Өкмөт кайра алып коймок. Андыктан биз финансы министрлиги менен сүйлөшүп, бөлүнгөн  каражатты капиталдык салымдарга калтырдык. Эми ошол каражат менен  Кароол-Чокуну жарыктандыруу, асфальт эмес жолдорду оңдоо жумуштарын  жасап жатабыз.

-Маегиңизге  рахмат.

 

Н.СЕЙДАЛИЕВ.

 

 

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17