Аймак

СУУНУ ҮНӨМДӨӨ МЕНЕН ТҮШҮМДҮҮ ЖОГОРУЛАТУУ СЫРЫН WAPRO ҮЙРӨТҮП ЖАТАТ

СУУНУ ҮНӨМДӨӨ МЕНЕН ТҮШҮМДҮҮ ЖОГОРУЛАТУУ СЫРЫН WAPRO ҮЙРӨТҮП ЖАТАТ

 2,686 Бардыгы /

 

WAPRO долбоорунун алкагында “Био-Сервис” коомдук фонду тарабынан Ноокен районунун Шайдан айыл аймагына караштуу Бирдик айылында 16-октябрда акыркы окуу “Талаа күнү” өткөрүлдү. Аталган иш-чараны биздин редакция өз жеринде чагылдырып, таанышып кайтты. Деги эле WAPRO кандай долбоор? Анын ишмердүүлүгү тууралуу төмөндө кененирээк сөз болмокчу.

 

WAPRO – суунун ѳндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу долбоору. Бул долбоор (SDC – Swiss Agency for Development and Cooperation) Швейцария ѳкмѳтүнүн өнүктүрүү жана кызматташтык агенттиги, Helvetas Swiss Intercooperation Эл аралык уюмунун колдоосу менен Жалал-Абад областынын Базар-Коргон, Ноокен райондоруна караштуу суу пайдалануучулар ассоциацияларындагы (СПА) 1492 фермердин катышуусунда 2 райондун СПАларды колдоо бѳлүмү, жергиликтүү уюмдар – “БиоФермер” кооперативи, Жалал-Абад АКК (Айылдык Кеңеш Кызматы) , “БиоСервис” коомдук фонду тарабынан ишке ашырылып келет. Долбоордун эң негизги максаты – фермерлерге сугат сууну максаттуу пайдалануу боюнча билимин ѳнүктүрүү.

Исмаил АРАПОВ, WAPRO долбоорунун менеджери:

– WAPRO долбоору негизинен Жалал-Абад областына караштуу Базар-Коргон, Ноокен райондорунда иш алып барат. Негизги максаты суунун ѳндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу. Бул дегени, мисалы, 1 гектар жерге 5000 м куб суу кетирип, 3 тонна пахта ѳндүргѳн болсо, долбоордун алкагында ошол эле суу менен 3,5-4 тоннага чейин пахта ѳндүрүүгө жетише алат. Бул багытта бир топ иштер жасалды. Бүгүн ошол WAPRO долбоорунун алкагында акыркы окуу – Талаа күнү ѳткѳрүлүп жатат. Негизинен биз WAPRO долбоорун 2015-жылы баштаганбыз. Бирок ѳндүрүш иштери 2016-жылдан башталып, быйыл 2018-жылдын октябрь айынын аягында долбоордун биринчи фазасы ѳз ишин аяктап жатат. 2016-жылдан бери 36 жолу эксперимент жүргүзүп, жыйынтыгында жакшы ийгиликтерге жетиштик. Сууну үнѳмдѳѳ менен бирге фермерлердин түшүмүн да жогорулатууга салым коштук. Долбоорубуздун быйылкы планы аяктай элек, бирок ѳткѳн жылкы эксперименттин негизинде 3 багытта иш алып барганбыз. Эки түрдүү сугат технологиясын колдонуп (кыска жѳѳк жана узун жѳѳк),  бири-бири менен салыштырдык. Ошондой эле пахтанын жергиликтүү «Кыргыз-5» сорту менен «ВА-440» түрк сортун  да салыштырып кѳрдүк.  Жыйынтыгы ѳтѳ жакшы болду. Айрыкча фермерлер түрк сортуна ѳтѳ кызыгуу менен карашты. Тилекке каршы анын үрѳѳнүн табуу бир аз кыйынчылык жаратты. 1400 фермер болсо, анын 30%ы түрк сортунан эгишти. Калган үчтѳн эки бѳлүгү кыска жѳѳктүү суугаруу ыкмасын колдонушту. Үнѳмдѳлгѳн суунун эсебинен кошумча жерлерди суугарууга мүмкүндүк жаралды. Бул дегени фермерлер арасында бири-бири менен конфликтке барбай, жерди жакшы иштетип, мол түшүм алып ѳз үй-бүлѳсүн бакканга шарт түзүлдү.

 

Гүлзада КУДАЙБЕРДИЕВА, “БиоСервис” коомдук фондунун жетекчиси

-“БиоСервис” коомдук фонду айыл чарба ѳндүрүш тармагындагы органикалык секторду ѳнүктүрүү боюнча Борбордук Азия аймагындагы алдыңкы кеңеш кѳрсѳтүүчү уюм болуп эсептелет.  Биз айыл тургундарынын жашоо шарттарын жакшыртууда экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн көбөйтүүгө, айлана-чөйрөнү сактоого багытталган органикалык сертификация, сапат стандарттары, окутуу, кеңеш берүү боюнча кызмат көрсөтүп келебиз. Бүгүнкү иш-чарага айыл өкмөттөрдүн өкүлдөрү, суу пайдалануучулар ассоциациясы, райондук колдоо бөлүмүнүн өкүлдөрү, тажрыйба талаалары өткөрүлгөн фермерлердин тобу катышышты. Аба-ырайына байланыштуу Талаа күнү мектептин спорт залында өткөрүлдү. Негизинен долбоорду ишке ашырууда биз менен “Айкөл-Суу”, “Ноокен-К” СПАлары тыгыз иш алып барышууда. Суунун өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу долбоорунун негизинде 3 багытта тажрыйба талаалары уюштурулду. Алардын биринчиси, сугаруу ыкмаларын салыштыруу менен кайсы ыкма аркылуу суугарганда пахта талаасында эффективдүү жылыш болорун көрдүк. Экинчиси, пахтанын сортторун салыштыруу боюнча кайсы сорт биздин климатка, жергиликтүү шартка ыӊгайлуу экендигине да тажрыйба жүргүзгөнбүз. Үчүнчү багыт, өсүмдүктү өстүрүүдө же агротехникалык ыкманы сактоонун биринде органикалык жер семирткичтердин орду, аны сугат суу менен кошо кантип айкалыштырса болот деген  багытта да иш алып бардык. Мындан сырткары долбоордун алкагында пахта өндүргөн фермерлердин пахтасын сатып алуучулар менен, пахтаны кайра иштетип була кылып даярдоочу заводдор менен байланыштырганбыз. Бир гана жергиликтүү деңгээлде эмес, келечекте улуттук саясий тармагында дагы ушул фермерлерге колдоо болсо деген максаттарыбыз бар.

 

Эргешбай АЛЬЯРОВ, фермер:

-Бул долбоор менен быйыл иштешип баштадым. Кудайым насип кылып натыйжасы жакшы болду. Эгин эгүүдѳ кыска жѳѳк менен сугарууну пайдаландым. Фермерлер сугарсам эле болду, пахтага жетиштүү дешет, бирок сугаруу менен анын түшүмдүүлүгүнѳ таасирин тийгизерин билишпейт.

Эл түшүмдү кѳп алып, кирешеси жакшы болсун деп пахта ѳстүрүүнүн түрдүү ыкмаларын колдонуу менен атайын демо талаалар уюштурулган. Пахтаны кыска жѳѳк жана импульстук сугаруу методун колдонуу аркылуу сугарууда тѳмѳндѳгүдѳй натыйжаларга ээ болдук: 1 гектар аянттагы пахтаны узун жѳѳктѳр аркылуу сугарсак 2710 куб суу сарпталат экен. Ал эми кыска жѳѳктѳр аркылуу сугарууда 3760 куб суу керектелип, натыйжада 1050 куб суу үнѳмдѳлүп жатат. Ошону менен катар пахтанын ѳндүрүмдүүлүгү жылдагыдан бир топ жакшы. Бул долбоор менен иштешип, жакында эле Тажикстанга барып, тажрыйба алмашып келдим. Алардын методдорун үйрѳндүк. Эмдиги жылы алардын усулдарын колдонуп кѳрсѳмбү деп жатам.

 

Шарабидин БАКИРОВ, Ноокен районунун Суу пайдалануучулар ассоциациясын колдоо бѳлүмүнүн адиси:

– Суу – өлкөбүздүн айыл чарба өндүрүшүндө жана айыл эгиндерин өстүрүп, түшүм алууда эң зарыл ресурс болуп саналат. Кыргызстан сууга бай өлкө. Бирок ошентсе да, соңку мезгилдери суу ресурстарынын жетишсиздиги өлкөнүн көп жерлеринде байкала баштады. Көпчүлүк фермерлер өз участокторунда сугат суусун рационалдуу эмес пайдалангандыктан, эрежелерди, мөөнөттөрү жана технологиялык сугаруу схемаларын сактабагандыктан экологиялык көйгөйлөр чыгууда.

Сууну үнѳмдѳѳнүн жолдору ѳтѳ кѳп. Анын арасынан биздин региондо пайдаланылганы төмөнкүлөр:

– Жѳѳк аркылуу сугаруу;

– Кыска жана узун жѳѳк менен сугаруу;

– Импульстук сугаруу;

– Жамгырлатып сугаруу;

– Тамчылатып сугаруу деген сыяктуу жана башка.

Жогоруда айтылган ыкмалар менен ушул долбоордун негизинде окутуулар жүрүп жатат. Максат фермерлерди келечекте сууну үнөмдөөгө үйрөтүү. Долбоордун адистери менен биргеликте талааларда практикалык негизде окутуу иштерин жүргүздүк.

 

Кубанычбек ТУРСУНКУЛОВ, пахта сатып алуучу:

-Биз быйылкы жылдын азыркы күнүнө чейин WAPROнун 900 тонна пахтасын алдык. Беш-Жыгач, Рахманжан, Ленин Жол, Бирдик жана башка айылдары биригип чогулткан пахтабыз 900 тоннага жетти. Азыркы күндѳ биринчи-экинчи теримдери терилип жатат. Келишим баада элдердин акчасын берип жатабыз. 1 кг пахтаны 45-46 сомдон алуудабыз. Дыйкандардан алынган пахтаны кайра иштетип, була кылып аны Туркияга экспорттойбуз. Мындан сырткары Ташкент аркылуу Кытайга жѳнѳтүү иш аракеттерин да кѳрүп жатабыз.

Бүбүсара Орозалиева, “Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17