Аймак

ЖАШЫЛДАНДЫРУУ ЧАРБАСЫ ЖАЛАЛ-АБАДДЫ ЖАШАРТА АЛАБЫ?

ЖАШЫЛДАНДЫРУУ ЧАРБАСЫ ЖАЛАЛ-АБАДДЫ ЖАШАРТА АЛАБЫ?

 4,504 Бардыгы /

Жаз мезгили келгенде албетте көзүбүзгө жашылданган айлана-чөйрө, кооз гүлдөр урунат эмеспи. Мындай жашылдануу, көрктөндүрүү багытын Жалал-Абад шаарында атайын 67 курамдан турган бир мекеме аткарарын билебиз. Алардын жасаган аракетинен майнап чыкпай, гүлдөрдүн соолуп калганы коомчулук тарабынан сын-пикирге алынган. Ушул себептен учурда аталган ишканадагы аткарылып жаткан иштер, мурунку жана азыркы жетекчилерден жумуштун жүрүшү боюнча пикирлерин сурап, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү чарбасынын ишмердүүлүгүнө баам салып көрдүк.

Закир САРЫМСАКОВ, “Лесик-Юг” экология коомунун адиси: “ЭГЕР ЖЕТЕКЧИНИН ГҮЛДӨРГӨ СҮЙҮҮСҮ БОЛСО, АЙЛАНАНЫ ГҮЛДӨТҮП САЛАТ”

– Мен 1990-1998-жылдары Жалал-Абад шаарындагы жашылдандыруу жана көрктөндүрүү чарбасын жетектеп турганмын. Ал убакта жалпы 31 адам иштейт эле. Учурда жашылдандыруу иштери туура жүрүүдө деп айтыш кыйын. Азыр мурункуга караганда ишканага каражат жакшы бөлүнүп калды. Бирок каражатты туура пайдаланганын көрө албай жатам. Биздин учурда  90-жылдары зеленхоздун өзүнүн питомниги бар эле. Анда шаарды көрктөндүрүүгө керек болгон көчөттөрдү чыгарчу элек. Жалал-Абад климаты ысык жана кургак болгондуктан шаарга салкындык бере турган дарактарды көп эккенбиз.

Жашылдандыруунун кайрадан тикеленгени шаар үчүн жакшы. Бирок азыр теплицасы бар, көчөтканасы жок. Гүлдөрдү чыгара беришет, ал эми көчөттөрдү башка жактан сатып алып жатышат. Алар кымбат сатып алып, акча башка жакка кетип жатат. Негизги нерсе зеленхоздун питомниги болушу керек. Көчөттөрдү өстүрүп сатса деле ишканалар, элдер алат. Бул ишкана көчөттөрдү сатуу менен өзүн өзү камсыздаса болот.

Эгер жетекчинин гүлдөргө кичине болсо да сүйүүсү болсо, айлананы гүлдөтүп салат. Тажикстандын президенти гүлдөргө жакын экен. Дайыма барганда гүлдөр гүлдөп, көчөлөрү бир укмуш болуп турат. Биз учурунда кооз гүлдөөчү япон айвасын, магнолия, франзиша, сакураларды Анжиян, Ташкенттен алып келип эккенбиз. Алардын сулуулугуна көп адамдар суктанышчу, тилекке каршы алар азайып кетти. Пушкин, Эркиндик көчөлөрүнө эккендер каралбай, азыр аз калды. Мэриянын ичинде 5 түп сакура эккенбиз. Аны өзү жөнөкөй эле декоративдик алча деп коёт, япондор болсо “сакура”  деп эле жанынан чыкпай калат. Ошондой алардын брендин биз өстүрдүк. Анын жанына 5 магнолияны отургузган элек, андан эки эле түп калыптыр. Шаарыбызга ушул гүлдөрдү кайрадан өстүрүп жандандырсак  жакшы болот. Биздин шаарда көрктөндүрүүгө жакшы көз караш менен карай турган адамдар аз окшойт. Мисалга, Совет-Абадды алалы, кооз дарактарды көргөнү барып, таң калабыз. Алар Жалал-Абаддан алып кетип, сонун кылып өстүрүп алышкан. Көңүл буруп, ишти сүйүп иштесе эле шаар кооз болуп, көркүнө чыгат.

Биздин учурубузда шаардагы азыркы Барпы-Сейил, Токтогул, Манас көчөлөрүн 26 күн ичинде жашылдандырганбыз, ошо менен бирге асфальтталып бүтүрүлгөн. Ушул көчөлөрдө кандай болсо дагы көзгө көрүнө турган көрктөндүрүү иштери болду. Шаарда азыр көбүнчө арчага көңүл бөлүнүп баратат. Арча сулуулук гана берет, шаар үчүн салкындык берген дарактар керек. Азыр адамдар 1930-50-жылдары эгилген дарактардын көлөкөсүндө жүрүшөт.

Айта кетчү нерсе, азыркы учурда туура эмес болуп жаткан жагдайлар да бар. Шаардын көчөлөрүндө эрте жазда жана кеч күздө дарактарды кыркуу башталат. Мен даракты кырккандарга көп айттым, токтоттум, урушуп дагы кеттик. Туура, дарактарды дагы кырка турган мезгили жана ыкмасы бар. Мейли электр зымдары өткөн жерлерди кыркуу керек. Бирок зым өтпөгөн жерлерди да кыркып коюшат. Мисалы, Жусупбек Бакиев көчөсүн алалы, дарактардын көлөкөсү жок, мектеп окуучуларына, тургундарга салкын жерлер керек эмеспи?

Жашылдандыруудагы кызматкерлерге ыраазы болом, адис жетишпесе дагы умтулуп жатышат. Бир агроном жигит бир шаарга жетише албайт. Жашым жетимишке таяп калса дагы 50 жыл өмүрүмдү жашылдандырууга арнаган адаммын. Агроном болгондуктан менден пайдаланып калышсын, алардан айлык сурабайм. Болгону кеп-кеңешим керек болсо, сурап биргелешип масилеттешсек  жакшы болор. Мурунку мэр Салайдин Авазов “кайра зеленхозго иштебейсизби”- дегенде, мен карып калдым кеңештерди сурасын деген элем. Жалал-Абадда мен төрөлүп, өсүп, жашап келе жатам. Ал үчүн жүрөгүмдү дагы бергенге даярмын.

 

Шерболот АШАНБАЕВ, Жалал-Абад шаарындагы “Жашылдандыруу жана көрктөндүрүү” ишканасынын жетекчиси :

УЧУРДА ЖАҢЫ ИДЕЯЛАРДЫН ҮСТҮНӨН ИШТЕП ЖАТАБЫЗ

-Быйылкы жылга шаардык бюджеттен биздин ишканага 21 миллион 697миң 300 сом акча бөлүндү. Анын ичинде, тактап айтканда жашылдандыруу жана көрктөндүрүүгө  2 миллион сомдун тегерегинде акча каралган.  Бюджет кабыл алынганга чейин биз долбоорун өзүбүз даярдап, бир жылга керектелчү каражаттын эсебин чыгарып алып барабыз. Негизи жаңы бир идея, жаңы ойлор болсо, бюджетти бир жылда эки жолу караса болот. Ошол экинчи кароосунда дагы алымча-кошумчалар болушу мүмкүн.

Быйыл биз 5-апрелден 15-апрелге чейин шаар аймагына гүлдөрдү отургузуп бүтөбүз деп пландаганбыз. Аба ырайы ачык болгонуна байланыштуу жумушту эрте баштадык. Бүгүнкү күндө Нагима Айтматова көчөсүнө, “Мир” кинотеатрынын алдына, Ленин көчөсүнө, Осмонов жана Манас көчөлөрүндө гүлдөр эгилип жатат. Андан сырткары Мамыр Баатыр көчөсүндө жол четиндеги аллея курулуп, гүл эгүүгө даярдоо иштери жүрүүдө.

Быйыл гүлдөрдүн  9 түрү Чехиядан жаңы алынды. Андан сырткары өзүбүздүн питомниктен чыккан розалардын 3,5 миңдейи, 2018-жылдан калган кань гүлүнүн уругунун 2,5 миңдейи шаар аймагына эгилди.

Ленин көчөсүндөгү темир тосмолорго былтыркы жылы гүлдөрдү койгон элек. Быйыл да алар боюнча ойлонуштурабыз. Бизде дизайнер бар, ал менен дагы сүйлөшүп, балким жаңыча форматта гүлдөрдү алып чыгууну пландап жатабыз. Учурда жаңы идеялардын үстүнөн иштеп жаткан кезибиз. Жаңылыктарыбыз көп, учуру келгенде күбө болосуздар.

Жалпы жааматыбызда 67 адам эмгектенет. Алардын айлык акылары орто эсеп менен 11 миң 500 сомду түзөт. Ал эми үй-бүлөсүндө майып же Ооган согушунун катышуучусу болсо, айлыгынан кармалбай, кыскартылбай толук берилет. 10 техникабыз бар, абалы канааттандырарлык, тийиштүү тетиктери жана майлоочу майлары жетиштүү. 3 суу себүүчү, 1 ЗИЛ самосвал, 1 автовышка, 1 портер, 1 лабо, 1 таштанды ташуучу, 1 кызматтык унаабыз бар.

Жалал-Абад шаарындагы Ленин, Пушкин, Н.Айтматова, Ж.Бакиев, Эркиндик, М.Баатыр көчөлөрү негизги жолдор болгондуктан күндө бир маал машина менен жуулуп турат. Ал эми Б.Осмонов, Кыргыз Республикасы, Абдырахманов, Курманбек, Жеңижок, Токтогул жана башка көчөлөр эки күндө бир жуулуп турат. Бир күндө жалпы 13 көчөгө суу себилет.

2018-жылы 31-август Эгемендүүлүк күнүнө карата  6 жашыл инсталляцияларды алып чыкканбыз. Бул  Жалал-Абад шаарынын тургундары үчүн жаңылык болгон. Быйылкы жылы саны 10го барабар, аларды чыгаруу үчүн кызуу иштер жүрүп жатат.

Сакура, липа, каталпа жана карагайлар шаарыбыздагы эс алуу бактарында тигилген. Алардын 70-80% былтыркы жыл эсебинен көктөдү.

 

Акылай КАРАБАЕВА, “Аймак”

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17