Аймак

Эмил БАКАНОВ: «АЙЫЛ ЧАРБАНЫ ӨНҮКТҮРҮҮГӨ БИЗДЕ ТОЛУК МҮМКҮНЧҮЛҮК БАР»

Эмил БАКАНОВ: «АЙЫЛ ЧАРБАНЫ ӨНҮКТҮРҮҮГӨ БИЗДЕ ТОЛУК МҮМКҮНЧҮЛҮК БАР»

 3,881 Бардыгы /

Эмил Баканов –Ноокен районуна караштуу Достук айылынын 26 жаштагы тургуну. Кесиби боюнча тарых мугалими. “Жети, сегиз жашымдан бери атамды ээрчип жүрүп дыйкан болгонмун” деген жаш каарманыбыз 3 гектарга жакын жер иштетет. Буйруса июнь айларынан өтүп, түшүм жыйноо алдыда турат. Редакциябыздын каарманы дыйканчылыктагы өз ишмердүүлүгү менен ой бөлүштү.

БИЗДЕ АР БИР ҮЙ-БҮЛӨ ЖЕР ИШТЕТЕТ

-Биздин үй-бүлө союз мезгилиндеги коллективдүү чарба таркагандан бери эле дыйканчылык менен алектенип келет. Негизи Кыргызстандын түштүк аймагы географиялык жактан да дыйканчылык кылууга бүт шарттар бар. Жалал-Абад облусунун Ноокен районуна караштуу Достук айылы былтыркы жылы айыл чарба тармагындагы эң мыкты айыл өкмөт деп табылган. Бизде ар бир үй-бүлө жер иштетет. Жок дегенде бир гектардан кем эмес жер пайдаланышат. Бул бизде салттуу эле көрүнүш. Мындан улам жашоочулар көп киреше табат. Базарда кайсы азыкка суроо-талап күч болсо ошону өндүрүүгө басым жасайбыз. Учурда биздин үй-бүлөлүк дыйканчылыкта помидор, кызыл болгар, ачуу калемпир, дарбыз, коон, баклажан өндүрүлөт. Буйруса июнь айларына өтүп, түшүм жыйноо алдында турабыз.

“ЭГИНГЕ СУУ КОЮП, ҮШҮКТӨН САКТАП КАЛДЫК”

-Жалпысынан учурда үч гектарга жакын жерге эгин эгебиз. Анын эки гектарына жашылча, жер-жемиштер эгилет. Калган жер мал-жандыкка тоют үчүн беде, жүгөрү сыяктуу эгиндерди эгебиз. Биз ачык эгин талаасында өндүргөндүгүбүз үчүн көп убакытты талап кылат да, түшүмдүүлүгү жогору болот. Болжолдуу түрдө айтсам, жылына 100 тоннага чейин азык өндүрүп алабыз. Быйылкы жылы дыйканчылык жылдагыдан эрте башталды. Бирок, апрелде жааган кар кээ бир аймактардагы эгиндерге таасирин тийгизип, үшүк алып кетти. Ал эми биздин чарбада Кудайга шүгүр, зыяны тийбеди. Себеби, ошол күнү эгиндерге суу койгон элек. Ушундай ыкма бар, кар жааган учурда эгинге суу коюп жиберсе, үшүк албайт. Ушул жол менен сактап калдык.

Жер семирткичтер тууралуу айта кетсем, ар түрдүү азоттор, калий, фосфор жер астынан берилет. Эгиндин үстүнөн кошумча даяр органикалык каражаттар бар, ошолорду эгиндин жалбырагына беребиз. Түшүмдүүлүгүн жогорулатуу, сапатын жакшыртуу үчүн химиялык каражаттардан баш тартып, көбүнчө органикалык жер семирткичтерди колдонобуз.

“БЫЙЫЛКЫ ЖЫЛДЫН ДЫЙКАНЧЫЛЫГЫ ӨЗГӨЧӨ”

-Быйылкы жылдын дыйканчылыгы өзгөчө болуп жатат. Пандемиянын таасири сатыкка чыккан азыктардын базар баасына да өзгөчө таасир берди. Андан сырткары табигый апааттар да түздөн-түз таасирин берип өттү. Алгач апрелде жааган кар көп дыйкандардын шаштын алып, бир топ чыгымга учуратты. Ал ортодо сел келип, сел түшкөн чекиттерде эгинди жууп кетип, бир топ мүчүлүштүктөр орун алды. Ошондой болсо да адамдардын эмгекчил мээнети менен ал жоготуулар учурда калыбына келтирилди.  

Мен апрель айынын башында: быйыл базарда айыл чарба продуктыларына тагыраагы ун, май, картошка, пиязга болгон суроо талап жогору болот деген прогноз койдум болчу. Ал эми калган азык-түлүктөргө болгон муктаждык мурдагыдан бир топ азыраак болушу мүмкүн деп айткам. Чындыгында бүгүн көрүп турабыз базарда капуста өтө арзан. Бул дегени дыйкандарды кайра чыгымга учуратып жатат. Анткени биринчиден жашылчалардын эң негизги чоң керектөөчү болуп чайкана, кафе, ресторандарга кетчү. Ал эми карантин режиминде алардын иштөөсүнө да чектөө коюлгандыктан базарда мен айткан продукциялар өтпөй калды. Ошондуктан да капустага окшогондордун баасы арзандады. Анан дагы карантин учурунда көпчүлүк эл эки айдан ашык убакыт жумушсуз калды. Жалпы элдин колунда каражат жетишсиз болуп, ашыкча соода кыла албай, эл минимумдук эле нерселерди (ун, май, картошка, пияз) алганга акчасын коротуп калышты.

 “ЭҢ ЧОҢ МАСЕЛЕ БАЗАРДА ТУРУКТУУ БААНЫН ЖОКТУГУ”

-Биздин айыл чарба импортко болгон көз карандуулуктан чыгып, бул тармакты кайрадан тикелеп, ордуна алып келиши керек. Калкты толук кандуу айыл чарба азыктары менен камсыздай ала турган деңгээлге алып чыгуубуз абзел. Себеби, буга чейинкидей кырдаал жаралганда элде азык түгөнөт деген коркунуч болбошу керек.

Бүгүнкү күндө дыйкандардагы маселе чыгашалардын көптүгү. Дыйкан эгинин эгип, өндүрүп базарга алып чыкканга чейин өтө көп чыгаша кылышат. Эң чоң маселе, биздин базарларда дыйкандар өндүргөн азыктарга туруктуу баанын жоктугу. Коңшу өлкөлөрдөн келген азыктар баага таасирин тийгизбей койбойт. Мындай учурда көп дыйкандар өндүргөн азыктарын айласыздан арзан баада сатууга мажбур болушат. Дыйкандар киреше тапмак түгүл чыгашаларын жаба албай калышат. Мамлекет дыйкан, фермерлер үчүн жергиликтүү базарларда туруктуу бааны коюп бериши керек. Алардын мээнети, чыгымдары актала тургандай баа зарыл.

“АЙЫЛ ЧАРБА ТАРМАГЫ НЕГИЗГИ КАРАЖАТ БУЛАГЫБЫЗ

-Мен өзүм эс тартып калганымдан бери атамды ээрчип жүрүп бул тармакта тубаса билимим бар десем болот. Жогоркуокуужайда окуп жүргөндө да теориясын да окуп-үйрөндүм. Биздиндыйкандаргабереркеңешим, жериштетсин. Бош жаткан эгин талаалары бизде аябай көп. Ошол жерлерди айдоо багытындагы талааларга айлантышыбыз керек. Ар бир үй-бүлө өзүнүн материалдык абалын жакшыртуу үчүн жер иштетиши зарыл. Жумуш орундары жок болгону үчүн айыл чарба тармагы негизги каражат булагыбыз. Минималдуу чыгым коротуп, максималдуу киреше табуу ыкмаларын ойлоп табышыбыз керек.

Негизи союз учурунда кыргыздардын айыл чарбасы эң алдыңкы тармак болчу. Башка мамлекеттер менен да тең тайлаша алчу.  Бирок союз ыдырагандан бери  бардык өнөр жайлар өлгөндөй эле айыл чарба дагы талкаланып, күчүн жоготту. Учурда айыл чарба жаатында көйгөйлөр өтө көп. Азыркы алдыңкы мамлекеттердин тарыхына карай турган болсок, алар гүлдөп өнүккөнгө чейин анын артында айыл чарбасы турган. Бизде негизи өнүккөнгө айыл чарбадан башка мүмкүнчүлүгүбүз аз. Ошондуктан бул тармакты өнүктүргөнгө, кайра жандантканга бизде толук мүмкүнчүлүк бар.

 “ДЫЙКАНДАР ӨКМӨТТӨН КӨП НЕРСЕНИ КҮТӨТ, БИРОК…”   

Дыйкандар өкмөттөн көп нерсени күтөт, бирок мамлекеттин азыркы реалдуу жагын алып караганда дыйкандарга жардам колун суна албайт. Жардам бергенге мүмкүнчүлүк да жок. Өкмөт өзү пенсия, жөлөк пул, мамлекеттик кызматта иштегендердин айлыгын араң төлөп берип жатат. Ал да мүмкүн алдыңкы айларда бюджетте дефицит болуп, жөлөк пулдар төлөнбөй да калышы мүмкүн деген сөздөр да чыгууда. Өкмөт банктардан дыйкандарга жеңилдетилген пайызда узак мөөнөткө кредиттерди бериши керек.

Даярдаган: Бүбүсара ОРОЗАЛИЕВА, “Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17