Аймак

Тыныбек ТОКТОСУНОВ: “НАРИМАН БАРА-БАРА ШААРЧАГА АЙЛАНАТ”

Тыныбек ТОКТОСУНОВ: “НАРИМАН БАРА-БАРА ШААРЧАГА АЙЛАНАТ”

 8,787 Бардыгы /

          Ош Эл аралык аэропорту Кара-Суу районуна караштуу Нариман Айыл Өкмөтүнүн аймагында – нак ордосунда жайланышкан. Тилекке каршы, бул мекеме салыктардын бардык түрлөрүн Ош шаарынын казынасына гана  төгүп келатат. Ошого карабастан Аймактын инфратүзүмүн азыркыдан дагы жакшыртуу дагыле аталган Айыл Өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Тыныбек ТОКТОСУНОВдун көңүлүнүн борборунда турган чагы.

  • Тыныбек мырза, соңку тапта Нариман Айыл Өкмөтүнүн инфратүзүмүн заман талабына жараша жакшыртууга бекем ыктапсыздар?
  •  Ооба. Туура баамдапсыздар. Тээтигил тоо таянган Лаңгар жана Каратай айылдарынын көчөлөрүнөн бери тегиз жарыктандырдык. Бул максатта жалпысынан 876 миң сом сарптадык. А мобул Арипжан кыштагынын дээрлик алтымыш пайызын кыдырата газдаштырдык, мындайча айтканда,  “көгүлтүр от” менен камсыз эттик. Булардын баарын тең Айыл Өкмөтү сапаттуу газ түтүктөрү менен камсыз этти.

          Мына ошентип, жердештерибиздин жашоо-шартын бүгүнкү заман талабына жараша ыраса ыңгайлаштырып жатабыз. Ушинтип элибизге социалдык камкордукту мындан ары дагы күчөтсөк, ал акырында үзүрүн берээрине мен дагы бөркүмдөй ишенем!

  • Ушуга улай башка дагы бир катар социалдык маселелер катарынан чечилип жаткан турбайбы?
  • Нариман Айыл Өкмөтүндөгү бардык мектептер жана бала бакчалар дээрлик кыш бою жетиштүү көмүр менен толук кандуу камсыз этилген. Мындан тышкары аймагыбыздагы 8350 метр жерге катарынан асфальт дагы төшөдүк.
  • Айыл Өкмөтүнүн калкынын саны дагы улам көбөйүп баратыптыр. Буга жараша турак жай маселесин деги кантип жайгарып жатасыздар?
  • Ушул тапта үй куруу – турак жай көйгөйү биздин кендирибизди куп гана кесип жаткан чагы. Анткени, калкыбыздын саны жыл өткөн сайын улам калыңдап гана баратат. Маселен, жер тилкесине ушул тапта алты миң адам кезекке тизилди.

          Жалпыга маалым. Кыргыз Өкмөтү суулуу жерлерди турак жай куруу үчүн транформациялоого таптакыр мораторий жарыялаган. Ал эми кайрак жерлерге эл таптакыр көчүп барбай жаткан маалы. Айлабыз чындап эле куруду, эй!

  • Ош Эл аралык аэропорту, карасаңыз, Сиздердин Айыл Өкмөттүн ичинде эле жайланышкан. Бул мекеме эмне үчүн Сиздерге сокур тыйын дагы салык төлөбөйт?
  • Абдан туура баамдапсыздар. Ош Эл аралык аэропорту жайланышкан аймак Кара-Суу районуна караштуу Нариман Айыл Өкмөтүнүн аймагында, тактап айтканда, ичинде эле жайланышкан. Тилекке каршы, булар салыктын бардык түрлөрүн Ош шаарынан казынасына  гана төгүп келатышат. Абсурд! Анткени, жергиликтүү жана Жогорку соттор Ош Эл аралык аэропортунун пайдасына жогорудагыдай бүтүм чыгарышкан. Бул боюнча барбаган мекемебиз, какпаган эшигибиз дагы калган жок. Бири деле калыстык кылып, мыйзам чегинде бизге боор тартышпады…
  • Анда Сиздердин Айыл Өкмөттөгү киреше булагы ушул тапта эмнелерден куралууда? Жылдык бюджетиңиздер деги канча сом? Табылган каражаттарды көбүнэсе эмнелерге сарптап жатасыздар?
  • Нариман Айыл Өкмөтүндө жалпы жонунан 300 чакты чоң-кичине  ишкана бар. Булар биздин бюджетибизге жыл сайын кур дегенде 15-20 миллион сом которуп турушат. А биз мынча каражатты сарамжалдуу гана пайдаланып, аймагыбыздагы өтө орчундуу маселелерди чекесинен жайгарганга сарамжалдуу жумшап келатабыз.
  • Тыныбек мырза, дегиңкиси Сиз өзүңүз жетектеген Нариман Айыл Өкмөтүнүн болочогун кандайча элестететсиз?
  • Карасаңыз? Нариман Айыл Өкмөтү Кыргызстандын Түштүк башкалаасы – Ош шаарына ирегелеш жайланышкан. Ошол себептүү ал дагы бара-бара, жылдардын бир жылдарында кадимкидей заманбап шаарчага айланаарында менин эч кандай шегим жок! Буга Айыл Өкмөтүнүн бүгүнкү экономикалык акыбалы дагы чоң өбөлгө түзөөрүнө мен бекем ишенем!

МААЛЫМАТ ИРЕТИНДЕ

          Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Нариман Айыл Өкмөтү чачыранды 16 айылдан куралган. Аймакты ондон ашык улуттун өкүлдөрү туруктуу байырлашат. Калктын саны бүгүнкү күндө 53 миң кишини  чапчыды. Ал эми Нариман Айыл Өкмөтүнүн башчысынын милдетин аркалаган Тыныбек ТОКТОСУНОВ 53 жашта. Үч баланын атасы. Келинчеги – чет тили мугалими. А өзү – зоотехник жана инженер-технолог кесиптеринин ээси.

          Кепке тарткан: Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17